8 сентября, 2024

Эл өкүлдөрүнүн шаар тургундары менен жолугушуулары башталды

4-декабрь. Ош шаардык Кеңешинин депутаттары №1 “Туран” муниципалдык аймактык башкармалыгына барышты

Үстүбүздөгү жылдын 4-декабрынан баштап, Ош шаардык кеңешинин депутаттары шайлоочулар менен болгон жолугушууларын баштады. Депутаттар бекитилген график боюнча, алгач №1 “Туран” муниципалдык аймактык башкармалыгынын жашоочулары менен жолугушту. Жолугушууга Ош шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басары Ш. Нуранов, депутаттар Д. Абдуллаев, Э. Арзиев, Х. Исамова жана Ош шаарынын мэриясын өкүлдөрү менен мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.

Шаар тургундары жол, таза суу, жылуулук, курулуштар жөнүндө көйгөйлөрүн айтып, мекеме-ишканалардын жетекчилеринен жоопторду ала алышты. Ошондой эле, келерки 2024-жылы аткарылуучу иш-планга киргизиле турган бир нече орчундуу көйгөйлөрдү кат жүзүндө беришти.

5-декабрь. Эл өкүлдөрү “Сулайман-Тоо” аймактык башкармалыгында

Жолугушууга Ош шаардык кеңешинин төрагасы С. Назылбеков, депутаттар Абдибаева Д. Р., Зайнидинов А.Т., Ормонова Ж.А., Раимов Э.Ж., Каримов Н.А., Жоошбаева Р.К., Токтоназар уулу Ч. жана Ош шаарынын мэриясынын өкүлдөрү, мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.

Алгач мыйзамсыз курулуштан үй алып алган тургундар арыз-муңун айтып, суу, свет, жылуулуктан көйгөй болуп жатканын билдиришти жана айласыз калган үй ээлерин эске алып, көп кабаттуу үйдү мыйзамдаштыруу сунуштарын айтышты. Мындан сырткары таштанды, канализация, жол, маршруттук каттамдардагы көйгөйлөр айтылды. 

6-декабрь. “Керме-Тоо” муниципалдык аймактык башкармалыгынын тургундары менен жолугушуу

Ош шаардык Кеңешинин №178 токтомуна ылайык, депутаттар Керме-Тоо муниципалдык аймактык башкармалыгынын шайлоочулары менен жолугушуп, тургундардын көптөн бери ар кандай себептер менен чечилбей келе жаткан көйгөйлөрүн, ой-пикирлерин жана сунуштарын угушуп, суроолорго жооп беришти. Жергиликтүү тургундардан бош жаткан жерлерди туура пайдалануу, жол тыгындары, тамак-аш, тротуар, тазалык, свет, курулуштар, жылуулук жөнүндө ар тараптуу көйгөйлөр айтылып, депутаттар аларды чечүү үчүн бардык аракеттер жумшаларын билдиришти. Жолугушууга Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Салман Назылбеков, архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын төрагасы Шахназар Бакир уулу, депутаттар Максатбек Маматкулов, Гулсара Турдубаева, Эльмира Шатманова, Аскат Токтосунов, Ош шаарынын мэринин орун басары Замир Юсупов жана мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты. Жыйынтыгында, 2024-жылы аткарылуучу иш планга киргизе турган бир канча маселелер кат жүзүндө берилди.