8 сентября, 2024

Сырдуу сʏйʏʏ – сезимдердин мурасы

Бири-биринин кɵңʏлʏн оорутпай, таарыныч, кек сактабай, биринин кызыкчылыгын экинчиси андан жогору коё билсе, мына ушул чыныгы сʏйʏʏ. Жашоонун жакшы кʏндɵрʏн бирге ɵткɵзʏп, каршылыктарга карабай баш кошкон жубайлар Меңди Мамазаирова   жолдошу  айтылуу акын  Жолон Мамытов экɵɵнʏн суйуу баянын баяндайт.

Акын Жолон Мамытовдун жубайы Меңди Мамазаирова:

“Биздин сʏйʏʏбʏздɵ чоң купуялуулук бар эле…”

-Жолон экɵɵбʏздʏн чоң урууларыбыз бир. Той-топурда, жамандык-жакшылыкта туугандарыбыз катташып жʏрчʏ. Таанышкан деле эмеспиз. Мен 4-класста окуп жатканда, ал 7-класста окучу экен. Наркы ɵйʏздɵгʏ мектептен, Жолон жана башкалар биздин мектепке концерт коюп келип калышты. Ошондо баланын ролун аткарып эсимде калды. Ошол мезгилден баштап бири-бирибизди таанып калдык. Мен 9-класста окуп жатканымда расмий тʏрдɵ, официалдуу кыз кɵргɵнʏ келип, мени менен, ата-энемдердин туугандары менен таанышып кеткен.

Сʏйʏʏ, ашыктык сезими, махабат деген ар бир инсандын башынан ɵтʏʏчʏ нерсе. Бул сʏйʏʏдɵн ɵтпɵгɵндɵр да болот. Бирок биздин башыбыздан чоң сʏйʏʏ ɵттʏ. Каршылыктан уламбы, бири-бирибизге болгон сʏйʏʏбʏз кʏндɵн-кʏнгɵ кʏчɵдʏ. Бирок биздин ошол кездеги тарбиябызга жараша, эч качан “мен сени сʏйɵм”, “мен сен ʏчʏн ɵлɵм” деген сыяктуу сɵздɵр айтылган эмес. Ɵзʏбʏз дагы эч качан бири-бирибизге “сʏйɵм” деп айткан эмеспиз. Айтылса дагы кийин убагы келгенде айтылды. Бизде кат жазуу, кат аркылуу сезимдерди билдирʏʏ, купуялуулук, сырдуулук бар эле. Кɵңʏлʏң жаккан жигитке же кызга кат менен сезимиңди билдирип, аны ата-энебизден жана жоро-жолдошторубуздан абдан бекитчʏ элек. Деги эле купуялуулук аябай укмуш эле. Ар бир доордун ɵзʏнɵ жараша мезгили болот эмеспи, азыр бардык нерсе ачык. А биздин убакта сенин сʏйлɵшкɵнʏң эмес, катың эле ата-энеңдин колуна тʏшʏп калса, биз ʏчʏн ɵлʏм менен барабар нерсе болчу. Купуялуулуктанбы, тарбияданбы, айтор, биздин сʏйʏʏбʏз сырдуу жана кʏчтʏʏ болду.

«Баш кошконго чейин каршылыктар болду»

-Мен жеңем аркылуу агама айттырып, Жолон экɵɵбʏз баш кошук.  Башында ата-энем бербейбиз, алар албайбыз дешти. Себеби эки жактын тууган катары келишпестиктери болгон экен. Ошонун залакасы бизге тийди деп ойлойм. 1-2 жыл сʏйлɵшпɵй, жолукпай жʏрсɵк дагы, кат аркылуу бири-бирибизге атыбызды жазбай, жакшы сɵздɵрʏбʏздʏ, ырларыбызды арнап жʏрдʏк. 1963-жылы 3-курсту бʏтʏп айылга келгенмин. Жолон “Асыл тукум ɵстʏрʏʏ” совхозунда башкы ветеринардык врач болуп жʏрʏп, жайлоосуна кетип калат. Айылга барсам, башкага кудалап коюшуптур. Мен ʏйдɵгʏлɵргɵ нааразы болуп, таарынычтан улам  Фрунзеге (азыркы Бишкек) кетип калдым. Ал кезде почтодон кат алышып кабарлашып турчубуз. Жолон бир кʏнʏ менин кетип калганымды угат. Ошондон улам “издɵɵ” тууралуу ырлары жазылган экен.

Кɵрбɵй туруп, кɵз тие элек, кɵркɵмʏңдɵн сʏрдɵймʏн,

Кɵрбɵй туруп кирпигимди ирмеймин,

Билем кʏндʏн чыгыш жактан чыгаарын,

Сенин кайдан чыгарыңды билбеймин.

“Жɵн эле жолугуубуз ɵзʏнчɵ тарых болчу”

-“Улуулуктун музасы” деген китебим чыкты. Ошол китепте дагы мен бир тобун айттым. Биздин мамилебиз, сʏйʏʏбʏздʏн улуулугу жɵнʏндɵ. Киного барып, сейилдеп, айланганыбыз эле эмес, жолугуубуз ɵзʏнчɵ бир тарых, чоң окуя болор эле. Биз сʏйʏʏбʏздʏ аздектей алдык. Анын натыйжасында 3 уул, 1 кыздын ата-энеси болдук. Жолон экɵбʏз бири-бирибизди ар дайым сыйлап жашадык. Сʏйʏʏ деген ушул эмеспи, сыйлоо, кам кɵрʏʏ, бири-бирин кыя албоо. Бири-биринин чыгармачылыгын, кызыкчылыгын колдоо. Биз дагы бири-бирибизди  ар дайым колдодук. Ошонун натыйжасында балдарыбыз акыл-эстʏʏ, ыймандуу болуп чоңоюшту. Калп айтпаган, бирɵɵнʏн акысын жебеген балдар болушту.

«Жолондой инсан тагдырда кездешпеди»

-Биздин тунук жана бийик сʏйʏʏбʏздʏн дагы бир далили, бул менин экинчи турмуш курбаганым. Жолондой адамды тагдырда жолуктура дагы алган жокмун. Балким, жолуктурсам кандай болор эле билбейм. Ал нерсе менин оюма да келген жок. Себеби, 4 баланын тагдыры, жалгыз керт башымда калган эле. Ɵз жоопкерчилигимди мойнума алып, балдарымды чоңойттум.

Психолог Акылай Тилебалдиева:

“Сʏйʏʏ – эмоциялардын комплекси”

-Сʏйʏʏ дегенде биз кандайдыр бир сезимдердин, эмоциялардын комплексин тʏшʏнɵбʏз. Сʏйʏп калган адам сезимдерин билдирет, аны далилдейт. Азыркы кʏнгɵ чейин сʏйʏʏнʏн конкреттʏʏ аныктамасы жок. Окумуштуулар дагы изилдеп кɵрʏп, ар кимиси ар кандай аныктама берип келишкен. Ал эми психологияда сʏйʏʏ темасын эки категорияга бɵлʏп кароого болот. Биринчиси патологиялык сʏйʏʏ, ал эми экинчиси дени сак сʏйʏʏ.

Патологиялык сʏйʏʏ психологияда эмнени тʏшʏндʏрɵт?

-Кɵз карандылыкка, жеке муктаждыктарды канааттандырууга, ээлик кылуу каалоосуна негизделген сезим. Кɵп учурда кыянаттык кылуу, трагедия менен аякташы мʏмкʏн. Коркуунун натыйжасында пайда болот. Ɵнɵктɵштʏн сезимдерин толугу менен четке кагат. Биз айтабыз,сʏйгɵн адам эч кимге кетпейт, эч кимге бербейт, сʏйʏп турган болсо тырышып жʏрʏп жетет деп. Бул бизге тааныш эле учур. Кʏнʏмдʏк жашоодон деле кɵрɵбʏз, бир бала бир кыздын артынан чуркап жʏрʏп жетип алат. Ал ʏчʏн сʏйʏʏсʏн далилдеш керек болот. Кандайдыр бир эрдик жасап, кыйын учурда жардам берип, ɵзʏн кɵргɵзʏʏсʏ керек болот. Акырында жигит жасаган эрдикке айым багынып берет. Бул жерде акыры жигит кызга жетти, экɵɵ бактылуу болуп калышты деп ойлойбуз. Бирок кыздын сезимдери, жигитти кантип сʏйɵɵрʏ тʏшʏнʏксʏз болуп калды. Ал эми балада сʏйʏш керек, жетиш керек, алыш керек  деген максат роль ойнойт. Бул сʏйʏʏ эмес, жɵн гана далилдɵɵ, багынып берʏʏ.

Дени сак сʏйʏʏбул — чыныгы сʏйʏʏ

-Чыныгы сʏйʏʏ, чыныгы мамиле – ɵзʏн-ɵзʏ камсыздоо. Урмат-сыйга, колдоого жана сʏйʏктʏʏ адамдын жашоосун жакшыраак кылууга негизделген. “Мен сенсиз жакшы болмокмун, бирок сен менен мен мындан да жакшыраакмын” деген фразаны алсак болот. Бул жерде эч кандай кɵз карандылык, басымдуулук, басуу каалоосу жок. Эки тарап тең бири-биринин кызыкчылыгын кɵрʏп жатат. Сʏйсɵ аракет кылсын, кʏрɵшсʏн, жаңы таанышып, жолугуп эле “эч нерсе алып келбептир, гʏлʏ жок экен, азыр ушундай болсо, кийин кандай болот” деп алгачкы жолугушуудан эле сындаган туура эмес. Ал адам сенин жашооңо жолукканга чейин сен ɵзʏңдʏ-ɵзʏң камсыздандыра аласың, эптей аласың, каалооңду фобияңды башка адамдарга чагылдырбайсың. Дени сак мамиледе ɵнɵктɵштɵр бири-бирине ʏстɵмдʏк кылбайт. Экɵɵнʏн максаты бир, чогуу жʏргɵн бири-бирине ыңгайлуу. Экɵɵ жашоону улантып кете алат.

 Таңсулуу Сʏйʏнали кызы