8 сентября, 2024

“Аскада калган аңчынын ыйы”

 «Саманчынын жолу»

Толгонай келини Алимандын сɵɵгʏн ɵзʏ  жерге жашырды.

— Аял болсом  да, мʏрзɵнʏн башына салттан сырткары ɵзʏм бардым, келинимди ɵз колум менен койдум, тʏбɵлʏккɵ коштоштум… Жазында анын мʏрзɵсʏнɵ гʏл эгип салдым. Ошондон бери жылда гʏл сээп ɵстʏрɵм, эстелигим, эрмегим ошол. Алиманым гʏл сʏйгɵн келин эмес беле…

Ырас,  Толгонайдын  жубайынын, балдарынын сɵɵгʏ кан майданда калып кеткен. Тирʏʏлɵр жакындарынын бейитине барат да. Кан кʏйгɵн согуш а не деген гана азапты адамзат башына салбады. Субанкулдан урпак уланбай кыргыздын бир тукуму орду тʏбʏ менен  жок болуп кетти. А бирок Касымдын келинчеги Алимандан Жанболот калды… Толгонай  жер менен сырдашат:

-Жер, дʏйнɵнʏн бардык булуң бурчундагы адам баласын баккан жер, сен, сен айткын. Сен – жан-боордош Жер!

Жер жооп берет:

-Жок, Толгонай, сен айткын. Сен – Адамсың. Сен баарыбыздан бийик, баарыбыздан улуу жаралган жансың., сен айткын, сен – Адамсың!..

Ооба, Толгонай эне, Толгонай адам. Уулу Касымдан эмес, башка бирɵɵдɵн жарык дʏйнɵгɵ келген Жанболотту эш тутуп, ушул Субанкулдун тукумун улайт деп жашап келет. Ооба, Жанболот согуш каарынан улам бул жалганга келди, эми мындан ары Субанкулдун тукумун  улайт… Анда го согуш эле… А азырчы? Азыр ага салыштырмалуу «кой ʏстʏндɵ торгой жумурткалаган» заман экендигине карабастан  канчалаган Жанболоттор жарык дʏйнɵгɵ келип урпак улап келе жатат?  Атасыз тɵрɵлгɵн балдарды эрɵɵн-терɵɵн албай деле калдык го… Ушинтип бара берсек эртеңибиз эмне болот? Жанболоттон мекен ʏчʏн жанын берген Субанкул, Касым, Майсалбек, Жайнактай балдар тɵрɵлɵбʏ? Дегеле эркек аттуунун баарын курмандыкка кириптер кылган кан кʏйгɵн согуш болбосун. Толгонайдай тукум улар перзенттеринен ажырап,   бɵтɵн, башка бирɵɵдɵн пайда болуп, бул жарыкчылыкка келген бей кʏнɵɵ наристени ɵзʏмдʏкʏ деп ɵзʏн-ɵзʏ алдап, ɵзʏн-ɵзʏ сооротуп жашаган энелер болбосун деп ыйлап жатпайбы, аскада калган аңчы.

“Ак кеме”

 Кыргыз аттууну кыргын каптады. Нарксыз жоо кыргыз аттуунун баарын кырап жок кылды. Эркек аттуудан бир уул, кыз аттуудан бир кыз гана калды. Экɵɵнʏ Бугу-эне:

 -Ушул эки чʏрпɵнʏ мага бер,- деп экɵɵнʏ жоодон сурап алат. Экɵɵнʏ алкак Ала-тоосу бар, кʏмʏштɵй Теңир тоосу бар, боордо токой чери, ортосунда Ысык-Кɵлʏ бар жерге алып барат. Экɵɵ укум улайт. Кайрадан кыргыз кɵбɵйɵт, кайрадан кыргыз ɵр алат. Бул баланын таятасынан угуп, ɵзʏ менчиктештирип алган жомогу. Бала мына ушул жомогу менен дем алып, ушул жомогу менен жашап келет. Анын таянар тоосу Бугу- Энеси, таятасы, Кулубек байкеси. Баянда айтылгандай Орозкул Бугу энесин ɵлтʏрʏп, Мʏйʏзʏн талкалап, ʏйʏндɵ той тʏшʏрʏп жаткан. Бала тʏн бир оокумда  сыртка чыкты.

Эшик алды ээн эле. Кемегенин жанында мас таятасы сулап жатканын кɵрдʏ. Мʏйʏздʏʏ Бугу-Эненин омура чабылган мʏйʏзʏнʏн тʏбʏндɵ жатыптыр чал. Балтага жанчылган баштын калдыгын ит кемирип жатат .

-Мен балык болуп кетем. Уктуңбу, ата, мен сʏзʏп кетем. Кулубек келгенде айт, мени балык болуп кетти де.

Чыгарманын соңунда бул жарыкчылыктан тʏңʏлгɵн бала менен жазуучу ɵзʏ коштошот:

-Ошентип сʏзʏп кеттиң, чырагым… Эч качан балык болуп кубулуп кете албасыңды сездиң бекен? Ысык-Кɵлгɵ  сʏзʏп жете албасыңды сездиң бекен?.. Эмесе сени менен коштошоюн, бала. Коштошоюн да, сенин сɵзʏңдʏ айтайын: «Арыба, ак кеме, мен келдим!»  

Кийинки муунга сабак болсун. Бул дʏйнɵнʏ, Бугу-Энени сактап калгыла, антпесеңер жан дʏйнɵсʏ суудай таза бала таарынып, Ысык-Кɵлгɵ кетип калат.  Жаратылышты, тʏпкʏ тегиңди аман алып калган Бугу-Энени сактагыла, антпесеңер шайтан-азезилге айланып, акыр тʏбʏ барып-барып жок болуп кетесиңер,-деп ыйлады Аскада калган аңчы…

«Чыңгызхандын ак булуту»

Чыңгызхан али Чыңгызхан боло элек жаш кези. Аны Темирчи деп коюшат. Ошол кезде Бɵртɵ аттуу сулуу кызга баш кошот. Тʏбʏ бир эл бири-бирине жоортул жасаган доор. Меркиттер аларды чаап, кыз-келин, мал-мʏлкʏн тартып алат. Канга кан, жанга жан. Кезек кайра черʏʏлɵргɵ келип, аларга каршы аттанып, Меркит аттуунун бирин калтырбай кырып жоюп жок кылып, бар болгон байлыгын олжолошот. Кеткен кыз келиндер менен бирге Бɵртɵ да кайтып келет. Сʏйгɵн жарын Чыңгызхан сыга кучактайт. Бɵртɵгɵ башка эркектин жыты сиңип калган.  Чыңгызхан шектенет. Бирок жубайына эч нерсе дебейт. Бɵртɵ да ооз ачпайт. Арадан кɵп ɵтпɵй бала тɵрɵлɵт. Жоочу балдарынын туну. Шектенʏʏсʏ жʏрɵгʏндɵ калып кетет. Аны  анчейин жакшы кɵрɵ бербейт.  Жоо чаап алып ар дайым жоортулда жʏргɵн чакта жосунсуз тɵрɵп алууга аялдарга катуу тыюу салат. Догулаң аттуу саймачы-чебер  аял тɵрɵп алды деген аңыз кеп Чыңгызханга жетет. Эмне кылуу керек? Тим койсо андай бала тууп алган бетпактар дагы чыгат. Ɵлʏм жазасы берилет. Баланын атасы ким десе саймачы Догулаң айтпай коёт. Жаалы чыккан Чыңгызхан аны ɵлʏм жазасын  буюрат. Ошондо баланын атасы менмин деп ишенген жоокерлеринин бири жʏз башы Эрдене эл алдына чыгат. Ымыркайдын атасы менен апасы экɵɵ тең дарга асылып мʏрт кетет. Догулаңдын жан курбусу  Алтун кʏң баланы ала качат.  Ач калган ымыркай ыйлайт.

«Алтун баланы соорото албай ары жʏгʏрдʏ, бери  жʏгʏрдʏ, бооруна басты, алдейледи, болбоду. Ызасынан кɵзʏндɵ жаш. Таза аргасы куруганда ташка отура калып кɵйнɵгʏнʏн жакасын жулкуп ачып, эч качан баланын оозу тийбеген эмчегин  ымыркайдын оозуна салды:

— Ме! Ме! Сʏтʏм болсо сенден аябап жатат дейсиңби?

 Бала чопулдатып эмип жатат. Теңирдин кудуретин кара. Алтундун эмчеги ийип сʏт чыгат. Тɵрɵбɵгɵн кʏңдʏн  ʏрпʏнɵн сʏт чыкты. Ымыркай сʏткɵ тоюп, мемиреп уктады.  Аман калды… Ошондон кɵп ɵтпɵй Чыңгызхан жоортулга аттанат. «Кɵңʏлʏ удургуп, жʏрɵгʏ бир нерсени сезген каган асманды айланта бир карап туруп калды. Жок, ал булут кɵрʏнбɵйт, артта калдыбы деп ʏмʏтʏ кʏйɵ тʏшʏп, шарт бурулганы ушундан болчу. Жок, артта да, алды жакта да ак булут жок…»

 Мына ошол кʏнɵɵсʏз энени, кʏнɵɵсʏз атаны ɵлʏмгɵ буйруган каганды теңир жазалады. Пайгамбардай кадырлап, ызгаарда сууктан, ысыкта кʏндɵн коргологон ак булутун Чыңгызхандан алып коюп, аны теңир жазалады. Колдоочусуз калганын сезген каган жоортулдан кайтты. Бул дʏйнɵгɵ эч ким тʏркʏк болбойт… Кɵп ɵтпɵй кɵз жумду.  Атагы ааламды дʏңгʏрɵткɵн Чыңгызхандан алдында биз ким болуп калыптырбыз? А бирок, эгер билсеңер ар бир пенденин пейил-кɵйʏнɵ, жасаган мамилесине, кулк мʏнɵзʏнɵ жараша  ɵз периштеси, кɵзгɵ кɵрʏнбɵгɵн, ɵзгɵлɵр сезип, туйбаган ɵз «ак булуту» болот. Эгер Жаратканга жакпаган жамандыкка барсаң колдоочуңдан кур жалак каласың. Ошол ʏчʏн абайла… Айрыкча кʏнɵɵсʏз наристеге, жаш балага, бей-бечара, алсызга кордук кɵргɵзбɵ… Теңирдин жазасына кириптер болуп каласың деп ыйлайт аскада калган аңчы. А аны адамзат сезбейт, туйбайт, укпайт.

«Кыямат»

 Акбара менен Ташчайнар. Бостон алардын бɵлтʏрʏктɵрʏн жок кылды. Акбара  андан ɵч алып баласын ала качты. Бостон ок чыгарды. Артынан кууп жетти. «Жетип, кышкы ызгаарда жылаңач тургандай каны муздай тʏштʏ.  Эмне кылар айласын таппай, кɵргɵн кɵзʏнɵ ишенбей, кыйкырайын десе кыйкырыгы чыкпай, иреңи заматта кʏлдɵй ɵчʏп, капыстан ичине ок тийген кишидей бети-башы бырышып-тырышып, турган ордунда тегеренип кетти. Акбара али тирʏʏ болчу, анын жанында кɵкʏрɵгʏн ок кɵзɵп ɵткɵн бала сулк жаткан эле.

Бостон жɵɵ жолун улады… Ал кɵк ирим Ысык-Кɵлгɵ улам жакындап келатты. Бостон ошол кɵк иримге кирип кетип жок болууну каалады. Жашагысы келип да, келбей да турду, мынабу тʏрмɵктɵлʏп келип жээкке бир урунуп жок болуп, кайра эле арт жактан ɵзʏнɵн ɵзʏ тʏрʏлʏп, кайрадан пайда болуп жаткан ак жал толкундардай жок болууга да, бар болууга да кайыл болуп келатты….

Бул жарыкчылыкка келген ар бир жандын, ал адам же айбан экенине карабастан кыймыл-аракетин, жасаган ишин жогор жактан кɵзɵмɵлдɵп турган бир кудуреттʏʏ кʏч бар. А болбосо ымыркай наристеде не жазык, антейин десең бɵлтʏрʏктɵрдɵ не жазык. Бостон, анын аялы кʏйʏп-кʏйʏп, тирʏʏлɵй ɵрттɵнʏп кетти. А эмне Акбара менен Ташчайнар карышкыр болсо да кʏйгɵн жокпу, ɵрттɵнгɵн жокпу? Эгер кʏйбɵйʏн, ɵрттɵнбɵйʏн десең  эч кимге, эч нерсеге зыян келтирбе. Зыян келтирсең ɵзʏң же ɵзʏңдʏн жан дʏйнɵңɵ эң жакының жазага кириптер болорун, «аскада калган аңчы» улам айтып, улам деп кайра-кайра эскертип жатпайбы. А биз болбой эле улам-улам, кайра-кайра жазыксыз, алсыз бирɵɵнʏ же алсыз немени бɵɵдɵ кырсыкка учуратып, ал ʏчʏн Жогор жактын жазасына кириптер болуп жатпайбызбы. Ошол ʏчʏн «аскада калган аңчы ыйлап жатпайбы, а биз болбой эле, дагы эле…

Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын сегиз томдук жыйнагынын 7-тому «Аскада калган аңчынын ыйы» деп аталат.  Казак элинин ʏлкɵн акыны Мухтар Шаханов экɵɵнʏн маеги. Орток китеп. Аскада калган аңчынын бул маекке кандай тиешеси бар? Анын ɵтмʏш, кечээги, бʏгʏнкʏ кʏн, эртеңки  келечек туурасында жазган тʏркʏн чыгармаларынан адамзат жыйынтык чыгарбады. Адамдык нарк- насил, пейил-гɵй, кулк мʏнɵз мурдагыдан да тɵмɵн тʏшʏп, мурдагыдан да  ылдыйлап баратат…

«Аскада калган аңчынын ыйында»  кɵптɵгɵн уламыш, икая, ой-толгоолор бар,  Тарыхты тʏптɵгɵн аскер башчылар, падыша, хан, жоокерлер, жɵнɵкɵй адамдар, журт башчылары, президент, ɵкмɵт башчылары, Манас эпосу,  Амир Темир, Петр биринчи, Жамбыл, Мухтар Ауезов, Бауржан Момуш уулу, Чокан Валиханов, Расул Гамзатов, Гафур Гулям, ɵзʏнʏн атасы Тɵрɵкул Айтматов, апасы Нагыйма,  Шабдан Баатыр,  Сʏймɵнкʏл Чокморов, дагы, дагы…

Ырас залкар жазуучу кɵп айтты, кɵп деди. А бирок адамзат анын калем тɵшɵп жазган чыгармаларынан жыйынтык чыгарган жок. Кыргыз эли жети санын ыйык тутат. Жɵн жеринен залкардын чыгармалар жыйнагынын жетинчи тому «Аскада калган аңчынын ыйы» деп аталбаган чыгар. Аскада калган аңчы ким?  А балким,  чыгармаларынан  тыянак чыгарбаган Жер жʏзʏнʏн ал бурчунда бир, бул бурчунда бир согуш отун тутантып, бирин-бири кырган адамзат, айрыкча кыргыздар тʏшʏнбɵй койгондон улам ɵзʏн аскада калган аңчыга, Кожожашка теңеген чыгар? Аскада калган аңчынын ыйын, Чыңгыз Айтматовду таанып-билʏʏ ʏчʏн анын чыгармаларын кайра-кайра окуу керек… Келгиле жаштар, орто муундун, улуу муундун ɵкʏлдɵрʏ, замандаштар эгер дʏйнɵ таанымды кеңейтели десек Айтматовду окуп, таанып билʏʏгɵ далалат кылалы.

Олжобай Бубатаев

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер