18 октября, 2024

АДАМЗАТ АЖАРЫ ЖАНА ЭВОЛЮЦИЯ

Окумуштуулардын эсебинде адам тʏзʏмʏ тʏрʏ суук жагына эволюцияланып баратат, башкача айтканда, адамзаттын ар бир мууну мурункусуна салыштырмалуу азыраак жагымдуу кɵрʏнʏшкɵ ээ. Мындай бʏтʏмдʏ мисалы, ɵң-тʏспɵлдʏн эстетикасына адистешкен Сиднейлик команиянын негиздɵɵчʏсʏ Шаффи Хасан чыгарууда. Бул албетте, жагымсыз жана жалгандай угулат: кɵчɵгɵ чыксаң, канчалаган сулуу жаштардан башың адашат. Бирок,  окумуштуулар май чача турган отту таап алышкандай: жашоонун азыркы интенсивдʏʏ мʏнɵзʏнɵн улам адам конституциясы дурус жагына эволюцияланып бараткан жок. Эксперименттердин биринде изилдɵɵчʏлɵр адамзаттын отузунчу кылымындагы урпагынын Минди ысымдуу кызынын болжолдуу моделин  тʏзʏштʏ. Нерви жукалар кɵрбɵй эле кое турган кɵрʏнʏш: ийри бел, кыпкыска моюн, желкеде мʏйʏз сыяктанган сɵɵк ɵсʏмʏ, ийри кол жана анча деле жазыла бербеген манжалар. Тʏрʏ суук дегидей бул тʏспɵлдʏ тʏзʏʏчʏлɵрдʏн эсебинде  смартфондор менен “тамырлашып” кетʏʏнʏн эволюциясы ушундай акыбалга алып келʏʏгɵ тийиш.

“АЗЫРКЫ 50 ЖАШТАГЫЛАР МУРДАГЫ 30 ЖАШТАГЫЛАРДАН СУЛУУ”

Эски кинофильмдердин каармандары,адамдары менен азыркы учурдагыларды тыкыр  салыштырган соцтармактардагы ышкыбоздор болжолдуу тʏрдɵ ушинтип жыйынтык чыгарышат. Ооба, аларды мындай кой, Дʏйнɵлʏк медициналык уюм деле балким, обьективдʏʏ негиздерге таянуу менен жаштык деген тʏшʏнʏктʏ “жашартып” салганы маалым. Ал маалыматка таянсак, 44 жашка чейинкилер жаштар, 59 жашка чейинкилер орто жаштагылар, 70-74 жаштагылар карыялар, 75- 89 жаштагылар аксакалдык курактагылар, ал эми 90 дон ашкандар узак жашоочулар деп эсептелет.

Курактын азыркы классификациясынан алганда жетилген курак 45 жаштан башталат.

Ошондо эми эмне кылуу керек?

Эволюция адамды барган сайын ажарынан ɵчʏрɵбʏ же  илим жана медицинанын шарапаты менен ар бир муундун сулуулугу жана  жаштыгы узарабы?

СУЛУУЛУК ГЕНИ ƟЗГƟРƟБY?

Балдардын кулк-мʏʏнɵз, жʏрʏм-турумдарынын кɵпчʏлʏгʏ алардын ата-энеси берген генге кɵз каранды экени белгилʏʏ. Тукум куучулук адамдын сырткы ɵң-келбетине канчалык таасир этет жана “сулуулуук” ДНКсы муундан муунга карай кандайча ɵзгɵрɵт?

“Адамдын ден соолугу  генетикага орто эсеп менен 25 пайызга кɵз каранды болсо, калганы жашоо мʏнɵзʏнɵ, сырткы чɵйрɵ, медицина жана башка шарттарга байланыштуу дегендер бʏгʏн жаңылбайт”,-дейт врач-генетик, илимий-медициналык агартуучу Ирина Жегулина. “Менимче бул адамдын сырткы келбетине, ажарына да тиешелʏʏ. Бирок, муун алмашкан сайын  серттикке карай эволюция” идеясынын ɵзʏ болбогон идея! Айталы, биз азыркы адамдардын сырткы турпатын мындан 50,100 жыл, ал турсун бир нече кылымдар илгери жашаган адамдардыкы менен салыштырып жатабыз дейли, бирок мынчалык эле аралыкта тукум куучулук жаатында кɵзгɵ байкалаарлык эч кандай  ɵзгɵрʏʏлɵр боло койбойт. Тирʏʏ организмдин эволюциясы ʏчʏн мынчалык аралык убакыт океанында бир кʏкʏмгɵ да татыбайт.(Мисалы, аң-сезимдʏʏ адамдын пайда болгонунан бери эми жʏз миң жыл ɵттʏ!) Генетиканын кɵз карашынан алганда эч кандай механизмдер ɵзгɵргɵн жок. Андыктан, адамдын сырткы турпатынын келечектеги ɵзгɵрʏʏсʏнɵ карата кандайдыр бир аныкталган божомолду да жасоого мʏмкʏн эмес. Жасагандар ɵз кызыкчылыктарынын алкагында жасаса, жасап жатышкандыр”.

Ал эми азыркы учурдун адамдары ɵткɵн кылымдагы куракташтарынан бой жагынан бийигирээктей болуп баратканынын эксперт мындайча тʏшʏндʏрɵт:

-Бул генетикалык же эволюциялык ɵзгɵрʏʏлɵргɵ эмес, туптуура барып жашоо шарттарына такалат. Мурда азык-тʏлʏк, тʏрдʏʏ оору-сыркоо кɵйгɵйлɵрʏ кɵп эле. Бул кɵйгɵйлɵр чечилгенден кийин адамдар бой жагынан болсун, башка жагынан болсун, ɵздɵрʏнʏн генетикалык мʏмкʏнчʏлʏктɵрʏн ишке ашыра алышат. Сɵз келип калды, белгилей кетпесем болбойт, турмуш-шарттары жогорураак ɵлкɵлɵрдʏн калкы бой жагынан алып караганда, турмуш-шарттары начар ɵлкɵлɵрдʏкʏнɵ салыштырмалуу бийик экендигин акыркы изилдɵɵлɵр  кɵрсɵтʏʏдɵ. Адамдын сырткы тʏспɵлʏнɵ эволюция же генетика эмес, жоо мʏнɵзʏ кандай таасир этээрин дагы бир кызыктуу мисалдан байкоого болот. Бʏгʏн балдардын  жыныстык жактан эртерээк ɵнʏгʏп жатканы жашыруун эмес. Баса, бул албетте, кээ бир учурларда бойдун ɵсʏʏсʏн акырындатып коерун да эске алуу керек. Эгерде кыз баланын айыздык циклы 12 жаштан эртерээк башталса, анда анын бой ɵстʏрʏʏчʏ зонасы токтоп калат. Мына ошентип жыныстык жактан эрте жетилʏʏгɵ келсек, ал биринчи кезекте тамак-аштын молчулугу жана жетиликтʏʏлʏгʏ менен жɵнɵкɵй тил менен айтканда, семирип кетʏʏ менен аныкталат.

АЗЫР НАТУРАЛДУУЛУК МОДА

“Сулуу адамдар ɵтɵ кɵп. Эгерде алардын ɵң-тʏспɵлдʏк, кɵз-каш жана башка мʏчɵлɵрʏнʏн пропорцияларына келсек, алар ар тʏрдʏʏ. Кыскасы, “жагымдуулукту”, болгондо да бир канча муундун горизонтунда ɵлчɵɵ ʏчʏн бери эле дегенде,  баарына белгилʏʏ жана бекитилген бирдиктʏʏ критерийлер керек, бул менимче реалдуу эмес”,-деп колун жаят пластикалык хирург, медицина илимдеринин кандидаты Владимир Зленко. “Эгерде мен ɵзʏмдʏн жеке практикамды алсам, он жети жылдан бери тʏрдʏʏ курактагы жана тʏрдʏʏ муундагы адамдарга операция жасап келем жана  адамдын сырткы келбети дурус эмес, жагымдуу эмес жагына ɵзгɵрʏп жаткан тенденцияны байкай элекмин.

“Жагымдуулук, ажардуулук” тʏшʏнʏгʏнɵ ириде массалык маданият таасир берет. Бʏгʏн маалымат каражаттарына жайнап чыгып жаткан сулуу, кооз жана модалуу делген предметтер. Бул мыйзам ченемдʏʏлʏктʏ кийимдердин стилинен байкоо кыйын эмес. Ал эми пластикалык хирургияга келсек, мисалы, 15-20 жыл илгери болук, толмоч,  чоңураак кɵкʏрɵктɵр модада болсо, азыр тренд натуралдуулук тарабына бурулду. Аялдар кɵкʏрɵк формасын табигый тʏрʏнɵн айырмалай албагандай кылып  натуралай чоңойтуу же коррекциялоо ɵтʏнʏчʏ менен кɵп кайрылышат.

ГЕРОНТОЛОГДУН ПИКИРИ

“Аялдар бʏгʏн чын эле кɵпкɵ дейре жаш бойдон кала беришʏʏдɵ жана анын башкы себеби косметология же пластикалык хиррургияда эмес”,-дейт окумуштуу-геронтолог, Россия Илимдер академиясынын мʏчɵ-корреспонденти Алексей Москалев. “Ɵткɵн кылымда эле орто жаштагы аял деп отуздан ɵткɵн аялды айтышса, азыр кырк бешинде кɵбʏн “кыз” дей тургандай абалда. Жаштыктын узаруусунун себептери косметология, стоматология жана сырткы келбетти жашыртуунун башка  ыкмаларынын жетишкендиктеринде эле жаткан жок. Агрардык ɵлкɵлɵрдɵ, алардын катарында биз да барбыз, мындан жʏз жыл мурда жаштыктын жана жагымдуу сырткы келбеттин батыраак жоголушуна, эртерээк картаюуга  физикалык оор жумуш, теринин картаюусуна- кʏн олуттуу таасир эткен. Картаюуну ылдамдатканга андан кем эмес даржадагы маанилʏʏ фактор катары жугуштуу ооруларды жана ɵнɵкɵт илдеттерди  айтса болот. Адамдар алардан массалык вакцинациялоо жана натыйжалуу антимикробдук препараттар чыкканга чейин регулярдуу мʏнɵздɵ азап чегишкенин белгилей кетʏʏ керек.

Бʏгʏн болсо биздин карамагыбызда ар кандай эмдɵɵлɵр, препараттар,  дары-дармектер жана  “сулуулук ийнелери” турат. Колдонгондон эринбесең эле болду.

Абдираим Мамытов