28 апреля, 2024

КОНСТИТУЦИЯНЫ КЕЧЭЭ  ƟЗГƟРТТYК, ТУУНУ БYГYН ƟЗГƟРТƟБYЗ, ЭРТЕҢ ГЕРБДИ, БYРСYГYНYЧY?..

Азыркы учурда кыргыз коомчулугунда бир жагынан кʏлкʏ келээрлик жана ʏчʏнчʏ жагынан “элдин, улуттун ɵзʏн-ɵзʏ таануу жана идентификациялоо деңгээли эми ушул чекке жетсе, эмне дейсиң” деген тейде томсоруп туруп берээрлик иш болууда. Кеп кыргыздын мамлекеттик желегинин жаңы редакциясы  жагдайында баратат.

ТАРЫХ ЖАНА ТАРЫХЫЙ ЭС-ТУТУМ

Тарых илиминде “тарыхтын аберрациясы” (аберрация-физикалык кубулуш- шооланын бир чекиттен чыккандан кийин бузулгандай кɵрʏнʏшʏ) деген термин бар. Аны жаңылбасам, белгилʏʏ аалым Лев Гумилев киргизген. Ага ылайык, айталы 1917-жылкы социалисттик Улуу Октябрь  революциясынын маани-маанайы 1918-жылы башкача, 1928-жылы андан башкачараак, ал эми 1991-жылы таптакыр башка маанайда кабыл алынат. Бирок, кандай маанайда кабыл алынбасын,Улуу Октябрь революциясы тарыхтан ɵчʏрʏлбɵй кала берет. Негизгиси, тарых шарттуу ыңгайды сʏйбɵйт. “Анткенде мындай болот эле, мынткенде андай болот эле” деген дейди сɵздɵр тарыхка бир тыйын. Андай сɵздɵр арык аттап, суу кечпейт. Тарых убакыт сыяктуу эле алдыга карай жылат. Бул обьективдʏʏ жана албетте, абсолюттук мыйзам ченемдʏʏлʏк.

Тарых демекчи, илгерки Союз мезгилинде Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Президиумунун тɵрагасы Тɵрɵбай Кулатов  ɵзʏнʏн айланасындагы анча-мынча интригалардан чарчаганбы, иши кылып, тʏз эле Москвага, Брежневдин ɵзʏнɵ барып жолугуп, кызматтан ɵз ыктыяры менен бошотуп коюуну ɵтʏнгɵнʏн укканым бар. Брежнев ошондо Кулатовду: “Сизди кызматка койгон киши бул дʏйнɵдɵн ɵтʏп кеткен, мен сизди кызматтан ала албайм” деген сɵздɵр менен арызын артка кайтарган экен. Тарыхка жана тарыхый адамдарга жасалган мамиле мына ушундай болгону дурус экени айтпаса да тʏшʏнʏктʏʏ. Кыргыз тарыхына жана айрым тарыхый адамдарга карата анча деле оңдуу эмес мамиледей сезилип жаткан кыргыз желегинин артындагы кеп-сɵздɵрдʏн угуту ушуга барып такалып жаткандан улам тарттым бул мисалды. Анан калса эгемендʏʏлʏк доорунун унуткудай деле узун тарыхын ɵткɵргɵнгɵ ʏлгʏрɵ электигибиз да бар.

КЫТАЙ МИСАЛ КЫРГЫЗ ЛОГИКАСЫ

Кытайга каттап жʏргɵн ишкерлерден укканым бар, кытайлар кыргыздарды бир тараптуу (ак-кара,жаман-жакшы,дурус-буруш ж.б.) формасында гана ой жʏгʏрткɵндɵрдʏн катарына кошот экен. Кытайлар ɵздɵрʏ алда канча кененирээк жана тереңирээк ой жʏгʏртʏʏгɵ аракеттенишет. Бу сапат аларга эзелтен эле ийгилик алып келип жатканы тарыхтан да ал кем десеңиз, азыркы кʏндɵгʏ турмуштан да кɵзгɵ кɵрʏнʏп, кулакка угулуп турат. АКШнын бизнес мектептеринде: ”Сен мисалы, кытай ишкери менен бир пайдалуу, кирешелʏʏ келишим тʏздʏң же алыш-беришке бардын дейли. Бирок,кытай ишкери же соодагери сени кайсыл жерден, канча суммага алдап кеткенин дагы бир ирет ойлонуп чык!” деген тариздеги сабактар окутулаарын айтышат. Ар тараптуу ой жʏгʏртʏʏнʏн, кɵп кырдуу эсеп-кысаптын  натыйжалуулугуна мындан артык баа берʏʏ кыйын.

Жакпаганды ыргытуу, жакканга жабышуунун, кыргыздын кытай мисал логикасынын ɵтɵ жаман акыбетин аңдап-багуу жана андан жакшылап сабак алуу ʏчʏн эгемендʏʏлʏк тарыхыбыздын татынакай эле жылдарын жыдыткан дагы канча ынкылап же бийлик тɵңкɵрʏшʏ керек?-деген суроону ар ким ɵзʏнɵ берип жʏрʏʏсʏ абзел.

 ТУУ-КАРТИНА ЭМЕС, СИМВОЛИКА

Мамлекеттик тууну кɵркɵм живопистин же кандайдыр бир картинаны эмес, символикалык жагдайлардын жана талаптардын (мисалы,гералдиканын) алкагынан карап талдоо керектиги белгилʏʏ.

Албетте, мамлекеттикпи, уруулукпу же башкабы, туу, желек кооз кɵрʏнʏп, эстетикалуу болгону жакшы, бирок кеп мында жаткан жок, кеп жогоруда учкай белгиленгендей, тарыхка жана тарыхый аберрацияга да барып такалууда жана мында кыргыздын кытай мисал логикасы да тиешелʏʏ роль ойноп жаткандай таасир калууда. Мамлекеттик тууну ɵзгɵртʏʏ демилгечилеринин бири Жогорку Кеңештин спикеринин: “Туу албетте, ɵзгɵрɵт. Туу  бул ɵтɵ маанилʏʏ маселе. Биз коомдук пикирди сɵзсʏз эске алабыз. Бирок, коомчулуктагы талкуу болуп жаткан пикирлердин жарымы жалган, жарымы чын. Троллдор жазылып жатат, фейктер  болуп жатат. Ошол эле учурда туура сындар бар, туура эмес сындар бар, муну эске алабыз. Туунун ɵзгɵрʏшʏ ɵтɵ маанилʏʏ болгондуктан, биз ɵзгɵртʏʏ жасайбыз” деп билдириптир пикирин.  Коомчулукту, айрыкча, анын тууну ɵзгɵртʏʏгɵ каршы турган тарабын спикердин “туу албетте, ɵзгɵрɵт” деп кесе айтканы кɵбʏрɵɵк кыжаалат кылып жаткандай таасир калат. Мынтип мамлекет башчысы да алдын ала ачык айта албайт. Спикер “Тууну ɵзгɵртʏʏ эмне себептен “ɵтɵ маанилʏʏ” экенин да ачыктабаптыр. “Биз ɵзгɵртʏʏ жасайбыз” деп гана тим болуптур. Муну “макул болсоңор да, каршы болсоңор да, биз  жасайбыз “деп эле окуш керек окшойт сыягы. Кыскасы, спикер тууга карата расмий мамилесин бир тараптуу, башкача айтканда, “мага жакпайт” принцибинде маалымдап жаткандай сезилет. Маселени анда неге коомдук талкууга алып чыгышты,билип болбойт. Мамлекеттик туу  албетте, ɵтɵ маанилʏʏ, ага талаш жок. Бирок, мамлекеттик тууну ɵзɵртʏʏ эмне себептен ушул учурларда ɵтɵ маанилʏʏ болуп жатканын эч бир тʏшʏнɵ албай жаткандар да азчылыкты тʏзбɵй жатканын аңдоо да кыйын эмес.

“Бул маселени талкуулабай эле койсок болмок дейт Жогорку Кеңештин депутаты  Нуржигит Кадырбеков. -Жасай турган иштер толтура. Бул туу эгемендʏʏ болгонубуздан берки биринчи туубуз. Легендарлуу парламентте ушул  туу боюнча талаш-тартыш болуп жатканда, мен бала болчумун. Бирок, телевизор аркылуу кɵрʏп турганмын. Ошол мезгилде Жалил Садыков, Тɵлɵгɵн Касымбеков, Тɵлɵмʏш Океев  ɵңдʏʏ залкарлар талашып жатып кабыл алынган туу. Биз алардын деңгээлине жете элекпиз деп эсептейм. Билбейм, алар кабыл алган тууну биз кантип ɵзгɵртɵбʏз…Кɵзʏм кɵнʏп калганданбы, дʏйнɵдɵгʏ эң татынакай туу биздин туу кɵрʏнɵт. Анан эми анын нурун тʏздɵш керек, тʏндʏгʏн тʏздɵш керек деген логикага тʏшʏнбɵй жатам.Анда мурдагы туу кандай эле? Биз кандай туунун алдында жашап жʏрдʏк? Эгер ал парламентке келсе, мен каршы добуш берер элем. Кечээ Кʏн карамага окшош болсо, эртең тикенекке окшош деп чыгат. Негизгиси, кеп сʏрɵттɵ эмес, кеп биздин аң-сезимде”.

“Мен туунун ɵзгɵрʏшʏнɵ каршымын .Тууну оңой эле бир кʏнʏ алмаштырып сала турган маселе эмес. Алмаштыруу менен миллиарддаган каражат кетет. Жарандык паспортторду, автоунаалардын номерлери, мамлекеттик ишканалардын  жана юридикалык тараптардын мɵɵр-штамптарын алмаштырууга эсепсиз акча кетет.Тууну ɵзгɵрткɵндɵн тʏк пайда жок”,-дейт Жогореку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов.

“Эртең башка желекти кɵрʏп ойгонушту каалабайм. Мага чоочун болгон желекти ыйык деп эсептегим келбейт.Ошондой эле демилгечилерге тууну ɵзгɵртʏʏгɵ этият болууну эскерткем. Учурда мындан маанилʏʏ кɵйгɵйлɵр толтура. Ошолорду тез арада чечиш керек.Биз глобалдык ɵзгɵрʏштɵрдʏн алдында турабыз.Бул сыяктуу ката кетирʏʏгɵ укугубуз жок”,-дейт Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси Бакыт Ибрагимов.

«Жогорку Кеңештин тɵрагасы Нурлан Шакиев элине чексиз берилген, мекенчил инсан. Айрыкча, улуттук нарк-насил, тил, дил жаатында нар кɵтɵргʏс иш алып барууда. Тажрыйбасы кɵп дасыккан жетекчи. Ак ниети, изги тилеги менен депутат Улан Примов экɵɵ биргелешип мыйзам долбоорун демилгелешти», -деген Касмамбетов. Ал Садыр Жапаров жана Камчыбек Ташиев болуп ɵлкɵ жаңыланып, жанданып жатканда жаңыртылган желегибиз болсо деген ниетте болушканын айтты.

«Арийне, коомдо кызуу талкуу жʏрʏʏдɵ… Азыркы биздин туубуз эгемен элдин жʏрɵгʏнɵн терең орун алып, боор эт менен бир болуп, жан дʏйнɵгɵ бʏлʏк салганы коомдук талкууда байкалууда. Эл шайлаган Жогорку Кеңештин депутаттары элдин мʏдɵɵсʏн эске алуу менен иш алып барат деген тилекте бололу. Кандай кырдаал болсо дагы бири-бирибизге этият мамиле кылып, сабырдуулукту кɵрсɵтɵлʏ»,- деди мамкатчы.

Тууну ɵзгɵртʏʏнʏн каржылык маселелерин ɵкмɵт ɵзʏ чечмей болуп турат, тагыраагы, жарандык паспорттɵр, кʏбɵлʏктɵр, авто унаалар номерлери жана ага тиешелʏʏ  бардык кызматтык кагаздар мɵɵнɵтʏ бʏткɵнгɵ чейин жарактуулугун жоготпойт. Туунун жаңы ʏлгʏсʏ жогорудагыдай документтерди жаңыдан ала тургандардыкында болууга тийиш деп белгиленʏʏдɵ.

Канткен менен азыртадан эле талаш-тартышка тʏшʏп баштаган бир  кɵйгɵйдʏ айтпай кетсек болбостур. Кеп туудагы тʏндʏктʏн тɵрт  бурчтуу формада берилгендигинде болуп турат. Аны эми качан ɵзгɵртɵбʏз, билип болбойт.

Абдираим  Мамытов