8 сентября, 2024

“МИҢ ЖYРƟКТƟ МЕНИН ЫРЫМ ЖАШАСА —  АНДА ƟМYРYМ ТYБƟЛYККƟ КYН КƟРƟƟР…”

“Ошол да тоолук кыргызбы?!”, “Таппай жʏрɵм”, “Энекебай”, “Тентек элең” жана дагы ушул сыяктуу   угармандардын кɵңʏлʏнɵн тʏнɵк тапкан  обондуу  ырлардын  автору Ɵмʏркул Кулумбаевдин акындык  тагдыры кимди болбосун кызыктарбай койбойт. Ал адам – кырчынында туш болгон тагдырынын  азап-тозогуна  сынып калбай ɵмʏр ʏчʏн кʏрɵшкɵн адам. Ооба, ал адам кырк тогуз жыл эки буту баспай жатса да “ыйык кармап намысымды, арымды, ичип жаттым поэзия дарымды” деп жашоонун ысык-суугуна карабай поэзияны ɵмʏрʏнɵ дары тутат. Акындын кызы, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, белгилʏʏ тележурналист Гʏлмира Кулумбаеваны кепке  тарттык.

— Атаңыздын  чыгармачылыгы тууралуу айтсаңыз. Сиз  маалымат каражаттарына акындын ырларын ɵтɵ  активдʏʏ жарыялап келесиз.

— Атамдын балалыгы согуш маалына туш  келген. Ата-эне  мээриминен эрте ажырап, ийни кийимге, оозу тамак-ашка жетпей жетимчиликтин азабын  аябай эле тартат. Мектепте мыкты окуп, алгачкы сʏйʏʏ  каттары  элдик оозеки чыгармачылыктын нугунда жазылып, ɵзʏнɵн  улуу  балдарга кыздарга арнаган  каттарын  жазып берчʏ экен:

“Жок болсо да анда ырга шык,

Жакшыларын сɵздʏн  арнашып.

Катырчу элек катты ыр менен,

Агайларга кээсин карматып”…

 Ооба, бул ырдын текстине белгилʏʏ  обончу Атайбек Бɵдɵшев  обон жаратып, Алтынбек Сапаралиев катыра  аткарып “Тентек элең”аттуу  ыры жетимишинчи жылдары ɵтɵ белгилʏʏ болгон  эле. Атамдын акын болушуна кырчынында боортоктоп калган тагдыры чоң ɵбɵлгɵ  болду окшойт. Нарын облустук  аскер комиссариатында  иштеп турган кезинде кызматтык иш сапарга баратып, апам экɵɵ Долон ашуусунда  аварияга учурашат.

“Мен ɵмʏрдʏн бышып жеткен кезегин,

Шорго чылап, отко кактап ɵтɵдʏм.

Узак жолдо улуу сабак ʏйрɵттʏ,

Ушул жаткан эки метр тɵшɵгʏм”.

Ошол учурда  атам жыйырма  сегиз, апам  жыйырма  тɵрт жашта болушкан. Жараткан  алардын жаштыгын жана да биринен  бири кичинекей тɵрт  баланы аяса керек, апам айыгып кетти, ал эми атам ɵмʏр бою  буту баспай  тɵшɵккɵ  жатып калды. Албетте, ошол  оор тагдыр  апам менен  атамды каалагандай  калчады. Далай кʏндɵр, далай тʏндɵр   ый-кайгы менен  ɵттʏ. Негедир, мен кайгыны  эрте сездим, же кыз  бала болгонум  ʏчʏнбʏ, билбейм, ошол кезде  мен тɵрт  гана жашта элем.Билгеним, апамдын кɵз жашын  тɵгʏп  атамдын жанында сайма сайып олтурганы,  атамдын колундагы бирде жанында, бирде жерде  жаткан дептери, калеми…

— Эже, анда  акын ата  тагдырына   дары катары поэзияны   кабыл алган тура… Жанагы “Таппай жʏрɵм” деген  ыры  ошондо  жаралса  керек…

— Ооба, мурда  жан дʏйнɵсʏндɵ  уюп турган талантты, анан   ошол  уктап жаткан  поэзияны  ойготкон  Долондун  белиндеги кырсык   болду окшойт.Эгер тɵшɵк  тартып  жатып калбаса  атамда  тубаса чечендик, ɵткʏрлʏк, кандан- бектен  тартпаган  курчтук бар эле. Мыкты жетекчи, коомдук, саясий  ишмер  чыкмак…Ал эми  “Таппай  жʏрɵм” аттуу  ырынын  кɵркʏнɵ кɵрк кошкон обонду  жараткан   атактуу  Асылбек  Ɵзʏбеков, адамдын  жʏрɵгʏнɵ   жеткире  ырдаган Роза  Шакирова  болду.

“Бир гана  тамчысындай булагымдын,

Бир гана  шыңгырындай  жылаажындын.

Сагындым мɵлтʏрɵгɵн   махабатты,

Сагындым  жылмайганын  ынагымдын”.

— Кайгылуу  жʏрɵктɵн  кайгылуу ыр чыгат го, акындын   ырларынын  тематикасы  кандай эле?

— Ушул  сурооңо ɵзʏнʏн  ыры менен  жооп берип коеюнчу:

“Ыр жазсаң, жаза салба  жамап кептен,

Ырды жаз – Кʏн  койнуна  канат серпкен.

Ырды жаз – калктын  алып  санатынан,

Боюна кайта кандай  тарап кеткен.

Отту жаз, ысык жалын  кактап турсун,

Жайды жаз, Кʏн  илеби  аптап  турсун.

Не жазсаң, ошол  заттын  даамы  татып,

Кадимкки касиетин  сактап  турсун”.

Ɵзʏ  белгилеп  жатпайбы, кайгы-муңга  караганда кɵтɵрʏңкʏ  маанайда  жаралган  ырлары  басымдуу  болчу. Мен кээ бирде таң  калчумун, ырларында кɵркɵм  сɵз  каражаттары  арбын колдонулуп, ырларын поэзиянын кооз  тили кɵркʏнɵ чыгып  тураар эле. Мен кыргыздын дагы бир таланттуу  акыны  Барчынбек  Бугубаевдин  атам  тууралуу  макаласынан  ʏзʏндʏ  келтирейин:

«Акын табиятты сʏрɵттɵɵгɵ келгенде белгилʏʏ орус акыны Тютчевден ашса  ашып, кем калбаганына кʏбɵ болосуз. Табиятты тʏшʏнʏп, тыңшап, ырахат  алуу – ар бир адамга келе бербеген сезим эмеспи.

 …Кыргыз тоосун, кыргыз кɵлʏн кыздарын, комузун, дарыяларын,табигый кооз жаратылышын, жалпы эле жашоо менен турмушту ырга салууга келгенде Ɵмʏркул Кулумбаевге табият, айрыкча бир кудурет, шык берип койгонун китептерин окуп олтурган адам сɵзсʏз байкап, кошулуп, кошо толгонуп, поэзиянын керемет дʏйнɵсʏнɵ аралашып кетет.

Ат-Башы дарыясындай бууракандап тɵгʏлʏп, жээгин жайпап, канчалаган ыр окурмандарын поэзия дʏйнɵсʏнɵ чакырып келет.»

— Акын Ɵмʏркул Кулумбаев кандай ата эле? Акындын тагдыры сиздерге, ʏй-бʏлɵсʏнɵ  кандай таасир эткен?

— Ушул  сурооң   мен  ʏчʏн  оор сыяктуу  сезилип  турат. Атамдын  оорукчандыгы, апамдын  кайгы-муңун  кɵрʏп  чоңоюу  биз ʏчʏн,  балдары ʏчʏн кыйын эле болду. Бирок, мен ʏчʏн  кайгы-муң кайраттын, турмуштук  кыйынчылыкка  моюбай  курчуунун  мектеби  сыяктуу  болду. Мен  ыйдын  аркасынан  кубаныч, сʏйʏʏ, бакыт келээрин сезип  чоңойдум. Кайгы  кɵз  ирмемдик, кубаныч-бакыттын тʏбʏ  чексиз экендигин  атамдын  ырлары аркылуу  окуп -билдим. Себеби, атамдын  ырларында   жашоонун   сонун –сонун  формуласы бардай сезилет.

— Атаңызга кандай кыз болдуңуз? Атаңыз менен сырдашчу    белеңиз? Жашоодо атанын  ордун айтып бериңизчи?

— Кыргыз элинин  жашоо шартында  ата ʏй-бʏлɵдɵ бийик  орунда болуп келген. “Ата – аскалуу зоо” деген сɵз бар. Атанын  сɵзʏ –сɵз, акылы – талкууланбай сɵзсʏз  акыл болушу зарыл. Мен чынында атаны кадырлаган, сыйлаган ʏй-бʏлɵдɵ  чоңойдум. Атамдын сɵзʏ, акылы мен ʏчʏн мыйзам болчу. Ооба, мен атам менен  сырдашчумун, кɵбʏнчɵ  ырлары аркылуу. Мен ырларынын алгачкы окурманы элем. Сынчысы элем. Атам  мага жашоонун ʏлгʏсʏ болчу.

2010-жылдын 28-февраль кʏнʏ  атам дʏйнɵдɵн  кайтты. Биз менен  коштошуп жатып: “Мен дагы да жашагым келип жатат” деди. Мен таң калдым, “Мен  силерди кыйнабай бат эле кетсем болот эле” дечʏ. Кɵрсɵ жарыкчылыктын  ар бир кʏнʏ ɵзʏнчɵ  майрам болгонун, жашоонун  ар бир кɵз ирмеми ɵтɵ баалуу экенин  сезип-билип жашаган тура! Атамдын кɵзʏ ɵткɵн  соң  менин турмушумда боштук  пайда болгонун сездим.  Боштукту эмне менен  толтурам деген суроого жооп издедим. 2011-жылы кыргыз эли  сыймыктанган  Курманжан  датка энебиз  тууралуу “Доор инсаны: Алай  ханышасы”, “Доор  инсаны:Алымбек  датка”, “Доор инсаны: Даткалар  урпактары”  аттуу документалдуу  тасманы даярдап эфирге бердим. Ошол тасма ʏчʏн  “Жылдын мыкты журналисти”, “КТРдин отличниги”  аттуу  сыйлыктардын  ээси болдум. Ошол учурда  кɵзʏ ɵтʏп кеткен  атамдын  руху  мени колдоп, мен ʏчʏн сыймыктанганын  сезип турдум. Ɵзʏмдʏ кʏчтʏʏ  сездим.

Мурда атамдын поэзиясынын  чабалакейи  сыяктуу  басмадан басмага чуркап жʏрсɵм, эми акындан  калган  мурасты элге кантип  жеткирем, келечек  муун  атамдын  ырларынан  эмнени  алат деген  суроолорго  жооп издɵɵнʏн ʏстʏндɵмʏн…

“Поэзиям – махабатым, сулуусуң,

Ɵмʏр бою  менмин  сени  ырдаган.

Жан дʏйнɵмдʏн шоола чачкан  нурусуң,

Ɵчпɵй  турган, ɵлбɵй  турган, сынбаган!”

 Бʏкалча  Маматали кызы