8 сентября, 2024

Тагдырдын  сыны жана сыйы

Ɵмʏрдɵ бизди кандай тагдыр жана кимдер кʏтʏп турганын билбейбиз. Бирок, башына кандай иш тʏшпɵсʏн жашоону жаркыта жашаган адамдар бар арабызда. Дарика Асилбекова: “биздин ɵмʏргɵ кʏз келди, а силердин жазыңар азыр” дейт. Ɵмʏрʏндɵгʏ ɵйдɵ-тɵмɵн кездерди ачылып, кɵзгɵ жаш алып отуруп айтып берди. Кыз-келиндерди корголоп, кризистик борбору аркылуу  башкаларга жарыгын чачып жанып турган шам деп элестетсек болот. Кеп башынан болсун.

“Ак жʏрɵк” кризистик борборунун жетекчиси Дарика Асилбекова:

“Жаштыгым, ал кездин жаштары мени сагындырат”

-Балалыгым союздун гʏлдɵп турган убагына туш келди. Каатчылык мезгил болгон экен. Биз эс тарткан кезден элес-булас билем, 60-жылдарга чейин загыра нан жегенбиз. Мектепке барган кезден тартып жакшы кɵрʏнʏштɵрдʏ кɵрдʏм. Мектепте китептер бекер болчу. 8-классты бʏткɵндɵн кийин Оштогу У.Салиева кыздардын жатак мектебине окугум келди. Атама ошол жакка окуйм десем, ал жерде малчылардын кыздарын окутат экен. Интернатка окуйт элем деп аябай ыйлап, атам Ɵзгɵнгɵ райондук кеңеште иштеген таанышы аркылуу чечим чыгартып алып барганда аябай сʏйʏнгɵнмʏн. Интернатта окуп бʏтʏрʏп, кийин Бишкекке кыз-келиндер институтуна тапшырдым. Ошондо атам берип жɵнɵткɵн 350 сом жатаканама, кийим, тамак-ашыма, кышка чейин жашаганыма жеткен. Ал кездеги жаштардын бири-бирине кʏйʏмдʏʏ, боорукер, бири-бирине карасантайлык кылбаганы, гумандуулугу азыр мени сагындырат. 4 кыз жашайт элек: бири – Ысык-Кɵлдɵн, бирɵɵ – Нарындан, бирɵɵ – Таластан, бири – мен, Оштон. Бири-бирибиздин кийимдерибизди кийе берчʏбʏз. Азыр бир туугандар бири-биринин кийимдерин кийбейт. Ал кʏндɵрдʏ сагынбай анан. Азырга чейин катташабыз.

“Жигит учурашса, кызарып ʏйгɵ кире качып…”

-Окуп жʏргɵндɵ алты айдан кийин бир жигит курбум аркылуу сɵз айттырып калды. Ал кездин жигиттери да ыйбаалуу болушкан экен. Азыркыдай тʏз келип ɵзʏнɵ айтпай, досуңа айтып, ал сага айталбай бир кыйла жʏрʏп анан айтчу да. Ал жигит курбумдан белек берип жибериптир. Бир жолу эсимде, ошол жигит курбум менен алдымдан чыгып калып, “Саламатсыңбы! Майрамың менен!” деп колумдан кармаса, кыпкызыл болуп ʏйгɵ качып кирип атпаймынбы. Ошол эсимден такыр кетпейт. 1-2 жолу сʏйлɵшʏп калдык. Кийин 3-курста ата-энем ал жак алыс, Ошко турмушка чыгасың деп Ошко турмушка чыгып калдым.

“Кʏйɵɵм ɵткɵндɵ 15 жылдай кɵзʏмдɵн жаш кетпеди”

-Кʏйɵɵм мыкты жигит эле. Сʏйлɵшпɵй турмушка чыктым. Бирок, менин оюмдагыдай, чырактай жакшынакай жигит болчу. “Мени кантип алып калдың?” деп тамашаласам, “Жок, Дарияш, сен менин кɵзʏм менен кара” деп койчу. Бул акылдуу жигиттин сɵзʏ да. Кʏйɵɵм жаңы ʏйлɵнгɵнʏбʏздɵ “энең, атаң, эжең, акең” деген сɵздʏ укпайын деди. Биз 8 жыл гана бирге жашап калдык. Ал арада андай сɵз болгон жок. Кʏйɵɵм ɵткɵндɵ жаш экенмин, кɵзʏмдɵн жаш кетпей эле 15 жылдай ыйлап жʏрдʏм. Биз жаш кезде психолог деген болгон эмес. Ошол себептен дагы ушул ишти аркалап, ɵмʏр бою бир багыт менен келатам. Бир аял ыйлабасын, кыжаалатчылыкка чыдабай ичип кетпесин, бузулуп, кɵчɵгɵ чыгып кетпесин, ɵз жанын кыйып жʏрбɵсʏн деп катуу кармандым. Бул маселени ɵзʏмдʏн башымдан аябай катуу ɵткɵрдʏм. Кɵбʏ эмнеге бул ишти тандадыңыз, бирɵɵнʏн кайгы-муңун кошо кɵтɵрʏшʏп, ɵзʏңʏз дагы ушундай жашоону баштан ɵткɵрсɵңʏз деп сурашат. Баары эле кайдыгер боло бергенде болбойт да. Бир аялга жардам берсем дагы чоң жеңиш.

“60тан ашсам дагы атам кɵз жумганда жетимсиредим”

-Атам мен ʏчʏн тоодой бийик, кол жеткис мекен болуп берди. 110 жашка чыгып каза болду. Мен улуу кызы болгонум ʏчʏн эс тартып, чоңоюп, 5-6-класс болгонго чейин тизесинде отурдум. Апама караганда атам менен жакшы сʏйлɵшɵ алат элем. Апам: “Кыздын эркеси – биттин сиркеси. Ушул кызыңды олжоңдотуп кʏйгʏздʏң” деп урушуп калчу. Атам: “Дары кызым, дарман кызым, шуру кызым” деп эркелетчʏ. Ата-энем кɵздɵрʏ ɵткʏчɵ мага колдоо кɵрсɵтʏп жʏрʏштʏ. Мен кʏйɵɵдɵн 4 бала менен жаш калдым. Кʏйɵɵм 30 чыга элегинде жумуш ʏстʏндɵ каза болуп калды. Ошондон дагы атам менин кɵзʏм менен тең айланды. Кандай муктаждыгым болсо атам колдоо кɵрсɵттʏ. Кɵзʏ ɵткʏчɵ мага ɵзгɵчɵ кɵңʏл буруп, мени айланчыкташты. Ата-энемдин кɵзʏ ɵткɵн кезде мен 60 жаштан ашып калдым эле. 60тан ашсам дагы атам ɵткɵндɵн кийин жетимсиредим. Ошондо жалгызсырадым. Атанын мээримин эч нерсе менен ɵлчɵп, сɵз менен да айтып жеткире албас элем. Кийин балдар чоңоюп иштеп калган кезде атама бирдемелерди кɵтɵрʏп барсак, батасын берип, анан акырын апамдан акчасын бердирип койчу. “Биздин бергенибиз таберик, балам” дечʏ. Чыбык менен чаап, же энеңди, атаңды деген сɵздʏ укпай чоңоюптурмун. Кийин Ошко келип уулун деле, кызын деле сɵккɵн аталарды кɵрдʏм. Кɵрсɵ сɵгɵт экен да. Мен сɵккɵндʏ укпапмын. Кʏйɵɵмдʏн да сɵгʏнгɵнʏн укпадым. Балдарым дагы ошол тарбия менен кетти.

“Апа, ʏйгɵ кирбей эле коёлучу, ʏй караңгы…”

-Кенже балам 5 айлык кезинде калды атасынан. Эң улуусу 7ге толо элек эле. “Апалап” эле жанымдан чыгышпайт. Тʏндɵсʏ эшиктин алдында Айды карап отурабыз. Ай толгондо сʏйʏнɵбʏз. Балдарым, “апа, ʏйгɵ кирбей эле коёлучу, ʏй караңгы экен” дешет. Кʏйɵɵм ɵткɵндɵн кийин бизге ушунчалык кыйын болду. Кийин кайын журтум 4 бала сага оор болуп калбасын, бɵлʏп карашалы, сен жаш келин болсоң, бизге бер деп барышты. Ошондо бир топко ойлондум дагы: “Чогуу чоңойсун” деп чыгып кетип калдым. Алар да акылдуу адамдар болушчу. Ошентип тытынып чогуу чоңойттум. Кудайга миң мертебе шʏгʏр айтам, ыраазымын. Азыр 14 неберем бар. Келиндерим да жакшы чыгышты. Баары иштейт, ʏй-бʏлɵлʏʏ.

“Ɵмʏрʏмдʏн кʏзʏ келип калыптыр”

-Балдарым мектепти бʏтʏп баштаганда шаарга келе бердик. Агам 3 бɵлмɵлʏʏ ʏйʏн бошотуп берди. Ошол ʏйдɵ ʏй алгыча жашадык. Балдар чоңоюп, ʏйлɵнʏп-жайланып баары ɵз нугу менен кете берди. Анан артымды карасам эле картайып калыптырмын. Азыр балдарым: “30га чыкпай калып кетип, биз деп жʏрʏп ɵмʏрʏ, жаштыгы ɵтʏп кетиптир” деп айтып калышат. Азыр карап отурсам, ɵмʏрʏмдʏн кʏзʏ келип калыптыр. Кʏздɵн кийин бул жагы канча калды  Кудай билет. Ушул кезге чейин ушундай кʏндɵрдʏ башымдан ɵткɵрɵм деп кʏткɵн эмес элем. Эми мындан ары да кандай болот билбейсиң да. Кɵбʏ менин жашыма жетпей ɵтʏп кетип атат. Бул кʏндɵрдʏ балдарымдын атасы кɵрбɵй кетти. Кудайым ошол 4 балага тирек болсун деп мени  коюптур да. Кудай бир жамандык берген болсо, жакшылыкты сɵзсʏз кошо берет. Анан ошону менен адам жашоосун уланта берет.

“Жалгыз жашап, ɵмʏр ɵткɵргɵнʏмɵ ɵкʏнɵм”

— Мен дагы атам ардактаган кыз элем. Эл катары: “Эй, ананы кылчы, мына бала ʏйлɵнгɵн атат, мындай тапчы” деген сɵз мага буюрган эмес экен. Балдарымды ɵзʏм жалгыз ʏйлɵндʏрдʏм. Экинчи балам ʏйлɵнʏп атканда “той кылбайбыз” деди. “Эмнеге балам, менин дагы дараметим жетет” десем, “жок, апа, сиз сɵзгɵ чыкканда жаныңызда ким турат” деп той кылдырбай коюшту. Кудай деген адам экенмин, кудаларым дагы мен ойлогондой адамдар. Тɵрт кудам бар, тɵртɵɵнɵ бир тууганымдай ыраазымын. Мен ɵкʏнɵм. Ɵкʏнгɵнʏм менен бул жакта Кудайдын берген жакшылыктары анын баарын жууп кетет. Балдарымдын ден соолугу, келиндеримдин жакшы чыкканы, айланамдагы адамдардын жакшылыгы менин жашоомо жарык чачат. Мен бардыгына шʏгʏр кылбасам анда кандай болот.

“Азыр шʏгʏр дебесем болбойт”

-Азыр шʏгʏр дебесем болбойт. Бирок, менин кемчилигимби, ушул жашка келип, небере бакпадым. Себеби, жумушка баш отум менен кирип кеттим. Иш тажрыйбамдан улам ар бир баланы ɵзʏнʏн энеси тарбиялаш керек экенин баамдадым.  85-90-жылдардагы ата-энелердин кыздары азыр 17-18 жаштарда. Алды турмушка чыгып, ата-эне болуп атышат. 2000-жылдан берки кыздардан мушташка аралашкан, бузулган, турмушу бузулган кыздар кɵп чыгып атат. Себеби, чекесинен сылап, бешенесинен жыттап эне жанында болгон жок. Миграциянын, дагы башка себептердин айынан кɵпчʏлʏк энелер ɵзʏнʏн баласын ɵзʏ тарбиялаган жок. Таштап койду да. 10-20 жыл аралыгындагы бир муун жакшы эмес чыгып калды. Бир муунду жоготуп алдык окшойт. Ошол ʏчʏн келиндериме да ɵзʏңɵр карагыла деп ачык эле айтам.

“Аялдарга зордук-зомбулук кɵбɵйʏп жатат”

-Аялдарга карата зордук-зомбулук бʏгʏн же кечээ пайда боло калган нерсе эмес. Бирок, кийинки жылдары кɵбɵйʏп баратат. Анын тʏрлɵрʏ да, себептери да ар тʏрдʏʏ. ʏй-бʏлɵнʏн социалдык абалы, миграция, кайдыгерлик жана коомдо болуп жаткан ар кандай факторлор таасирин тийгизет. Зордук-зомбулукка кабылгандардын дээрлик 90 пайызынын социалдык абалы бирдей. Жашоо шарттары, кийген кийимдери, кылган иштери, а тʏгʏл сʏйлɵгɵн сɵздɵрʏнɵ чейин окшош. Ушундай социалдык актан жетишпеген ɵйгɵйлɵр чогулуп, зордук-зомбулуктун очогуна айланып жатат. Азыркы аял заты тɵмɵндɵн баштаганда жигиттеринен, чогуу жашагандарынан (жарандык нике), кʏйɵɵлɵрʏнɵн, анан айрым аялдар аялдардан кордук кɵрʏшɵт. Биз юридикалык жактан маселеси болсо, юридикалык жардам кɵрсɵтɵбʏз. Ар кимдин жагдайына жараша жардам беребиз. Бир жумадан 3 жумага чейин баш калкалоочу жай менен камсыз кылабыз. Бизди учурда ЮСАИД колдоп атат.

Бʏкалча Маматали кызы