18 октября, 2024

“Келечек” балдардын чыгармачылык борборуна 70 жыл

Балага жаштайынан, ɵспʏрʏм курагынан баштап жакшы тарбия берсең, жашоосунда кыйналбайт. Кичинекейинен кɵп нерсеге аралаштырып, ар тараптан ɵстʏрʏʏ керек. Балдардын ɵсʏшʏнɵ, ɵнʏгʏшʏнɵ салым кошкон “Келечек” балдардын чыгармачылык борбору 70 жылдыгын белгилешти.

Тарыхы терең

 “Келечек” балдардын чыгармачылык борбору 1953-жылы Кыргыз СССРинин Ош шаардык аткаруу комитетинин чечими менен тʏптɵлгɵн. 1996-жылы Педагогикалык кеңешинин чечими менен аты “Келечек” балдардын чыгармачылык борбору болуп ɵзгɵргɵн. Учурда мектептен тышкаркы мамлекеттик билим берʏʏ борбору болуп эсептелет. Чыгармачылык борбордун максаты – жаштардын коомдук, эстетикалык кɵз караштарын калыптандырууда Ата Мекенди сʏйʏʏгɵ, аң-сезим менен кɵркɵм адамгерчиликке ʏйрɵтʏʏгɵ, улуулардан мурасталган элдик тарбия, улуттук кɵркɵм ɵнɵр, руханий улуу дɵɵлɵттɵр аркылуу билим-тарбия берʏʏ.

 2008-жылы БЧБ ɵз алдынча мекеме статусу берилген. Бекитʏʏнʏн негизинде жаңы штамп, жаңы мɵɵр, банк эсептери, бухгалтерия бɵлʏмʏ ачылган. Бʏгʏнкʏ кʏндɵ “Келечек“ балдардын чыгармачылык борборунда 210 тайпадан турган ийрим бекитилип, ага 2660 бала катталды. Борбордун педагогикалык жааматында 47 ийрим жетекчиси бар. Алардын ичинен: Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер-1, Кыргыз Республикасынын эл агартуунун мыктысы-10, Кыргыз Республикасынын маданиятынын мыктысы-4.

“Келечек” балдардын чыгармачылык борборунун директору, Ош шаарындагы ЮНЕСКОнун биринчи клубунун тɵрайымы Жакыпбаева Аида Сапарбаевна:

“Балдардын саны жылдан жылга кɵбɵйʏʏдɵ”

-Бизде балдардын саны жылдан жылга кɵбɵйʏп жатат. Ушул жылы эле 31 группа ачтык. Окуучулар англис тили, бий, шахмат, мурас ийримдерине кɵп келишти. 2021-жылы 1600 бала болсо, былтыры 2160, быйыл 2660 балага кɵбɵйдʏ. Шаарда ɵзʏ 54 мектепте 80 миңге жакын окуучу бар, биз алардын 2-3 пайызын камтыйбыз.

Маарекелик илимий конференция

-Быйыл жылдын башынан баштап 70 жылдык юбилейди ɵткɵрʏʏнʏ пландаштырган элек. Министрликке бул жɵнʏндɵ айтканбыз. Сааты келип быйыл кʏздɵ ɵткɵзʏп алдык. Бир эле юбилейди ɵткɵрбɵстɵн республика боюнча илимий практикалык конференция ɵткɵздʏк. Бул тарыхта биринчи жолу болду. Биздин пландар министрлик тарабынан бекитилип, Ош шаардык мэриясы, шаардык Кеңештин депутаттары дагы жакшы колдоо кɵргɵзʏп жардам беришти. Учурдан пайдаланып  Бакыт Жетигенов шаар мэрине ыраазычылык билдирем. “Келечек” балдар чыгармачылык борборуна “LED экран” берилди. Илимий практикалык конференцияга 100 адам катышты. Илимий конференция педагогдордун санариптик компетенттʏʏлʏгʏ, кɵйгɵйлɵр жана чечʏʏ жолдору деген темада болду. Бул темада кандидаттар ɵздɵрʏнʏн докладдарын окушту. 3 секцияга бɵлʏнʏп 3 теманы ɵттʏк. Бул иш-чарабызга республика боюнча кошумча билим мекемелеринин жетекчилери катышты. Ɵзʏбʏздʏн концерттик программабызды тартууладык.

 “Чет ɵлкɵгɵ чыгууну пландадык”

-Бий, вокал, комуз боюнча биз республикада алдыңкы орундарды ээлейбиз. Кандай майрам болбосун бардыгына активдʏʏ катышат деп айта алам. Учурда мэрдин Жаңы жылдык балатысына сценарий тʏзʏп даярданып жатабыз. Жаңы жылдан кийин жалаң гана чет мамлекеттерге чыгууну пландаштырып жатабыз. Италия, Тʏркия, Македония сыяктуу ɵлкɵлɵргɵ барабыз. Кɵп жактан чакыруу келди. Быйылкы жылы дагы фестивалдарга бий группаларым барат. Ɵзгɵчɵлɵнтʏп комузчуларды, кол ɵнɵрчʏлɵрдʏ кошкону жатабыз. Биз эл аралык деңгээлдеги конкурстарга чыгып жатабыз. Жакында эле Стамбулга чакыруу келди. Андан сырткары “Арууке” бий тобубуз Италияга жолдомо алды. Ал жакта конкурс болот, ошого даярданып жатышат.

 Быйыл эле биз 4 сааттык концерттик программа бердик. Республикадагы рейтинг боюнча кошумча билим мекемелеринин алдыңкы саптарында турабыз. Биз 2016-жылы Юнеского киргенбиз. Жакында эле бешинчи болуп Евразия ассоциациясына кирдик.

“Командировка жагынан кыйналабыз”

-Маданият эки эле тармак менен ɵнʏгɵт. Биринчиси маданият ɵзʏ болсо, экинчиси спорт. Негизи спорт жаатына аябай кɵп акча бɵлʏнɵт, а бизге бɵлʏнбɵйт. Биздин кɵйгɵйʏбʏз ошол. Командировка жагынан  кичине жардам болсо жакшы болмок. Себеби чет жакка чыгыш кыйын. Сапар чыгымдары бизге оорчулук жаратат. Биз дагы Ош шаарынын желегин кɵп жерде желбиретмекпиз.

“2 жыл мурунку планыбыз ишке ашты…”

-Мындан эки жыл мурун улуттук баалуулуктарыбыз жɵнʏндɵ окутуп- ʏйрɵткɵн ийрим ачууну кыялданган элек. Азыр кудайга шʏгʏр, кыялыбыз ошол эле жылы орундалып, азыр ачканыбызга 2 жылдын жʏзʏ болуп олтурат. Негизинен менин идеям болгон, анан шаардык Кеңешке айткам. Алар да колдоо кɵрсɵтʏшʏп ачып алдык. Бул ийримдеги балдар кыргыздын салт- санаасынан жомогуна чейин ʏйрɵнʏшɵт. Анын ичинде оюндары, жети дубандын аттары, айтор кыргызда эмне болсо ʏйрɵнʏп, эмне керек болсо баарын жасап, улуттук тамактардан бери жасаганды ʏйрɵнʏшɵт. Бул ийримди “Мурас” деп атадык. Бул бɵлмɵгɵ киргенде кадимкидей боз ʏй жыттанып, жайлоого баргандай эле болосуң.

Таңсулуу Сʏйʏнали кызы