Эл менен жолугушуулар: негизги көйгөйлөр көтөрүлдү
Өткөн жумада Ош шаарында инфраструктураны өнүктүрүү, социалдык объектилерди куруу, жашылдандыруу жана эл менен жолугушуулар боюнча бир катар маанилүү иштер жүргүзүлдү. Шаар бийлиги жол маселелерине, билим берүү тармагына жана калк менен түз байланышка өзгөчө көңүл бурду.
11–15-май күндөрү Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев шаардагы муниципалдык жана айылдык аймактардын тургундары менен жолугушууларды өткөрдү. Жалпысынан шаар тургундарынан 628 суроо келип түшкөн.
Жолугушууларда негизинен:
• жол жана транспорт маселеси;
• таза суу жана канализация;
• электр энергиясы;
• мектеп жана бала бакча жетишсиздиги;
• мыйзамсыз курулуштар;
• турак жай жана кенемте маселелери көтөрүлдү.
Айрыкча Жапалак, Кызыл-Кыштак, Манас-Ата жана Жибек-Жолу аймактарында инфраструктуралык көйгөйлөр активдүү талкууланды.
Шаар мэри балдардын билим алуусу, эрте нике, жакын туугандардын никесинин зыяндуулугу тууралуу да элге кайрылып, коомдук аң-сезимди өзгөртүү зарылдыгын белгиледи.
Билим берүү жана социалдык объектилерге көңүл күчөдү
Жума ичинде КР Жогорку Кеңешинин тиешелүү комитети Ош шаарындагы бир катар билим берүү мекемелеринин абалы менен таанышты. Депутаттар атайын мектептерге, бала бакчаларга жана Ош технологиялык университетине барышты.
Ошондой эле шаар бийлиги:
• Жапалак аймагында 3 мектеп, 1 бала бакча жана спорт аянтчалары курулуп жатканын;
• Кызыл-Кыштак аймагында быйыл 4 мектеп пайдаланууга берилерин маалымдады.
Жалпы шаар боюнча учурда 17 мектептин курулушу жүрүп жатканы айтылды.
“Жашыл шаар” долбоору: Ошто миңдеген көчөттөр отургузулууда
17-майда Ош шаарында экологиялык абалды жакшыртуу жана жашыл аймактарды көбөйтүү максатындагы “Жашыл шаар” долбоору активдүү уланууда. Бул жумада долбоордун алкагында А.Навои көчөсүнө 300 түп “катальпа нана” дарагы отургузулду. Көчөттөрдү шаардык көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинатынын кызматкерлери отургузушту.
Иш-чарага Ош шаарынын мэринин орун басары Эрнис Толтоев катышып, шаарды жашылдандыруу демилгесин колдоп жаткан ишкерлерге жана демөөрчүлөргө ыраазычылык билдирди. Анын айтымында, шаарды жашылдандыруу — экологияны жакшыртуу гана эмес, тургундар үчүн ыңгайлуу жана кооз чөйрө түзүүнүн маанилүү бөлүгү.
Адистердин маалыматына ылайык, “катальпа” дарагы шаар шартына ылайыкташкан декоративдүү өсүмдүктөрдүн бири болуп эсептелет. Ал жайкысын калың көлөкө берип, абаны чаңдан тазалоого жардам берет. Мындай дарактар өзгөчө чоң көчөлөрдүн боюн көрктөндүрүүдө кеңири колдонулат.
Шаардык мэриянын маалыматына караганда, быйыл Ош шаарында жалпы:
• 20 миңге жакын бак-дарак жана бадал;
• 1,5–2 миллион түп гүл отургузуу пландалууда.
Мындан тышкары шаардагы сейил бактарды, көчө бойлорун жана коомдук жайларды көрктөндүрүү иштери да жүргүзүлүп жатат. Айрым көчөлөрдө жаңы жашыл тилкелер түзүлүп, автоматташтырылган сугат системаларын орнотуу каралууда.
“Жашыл шаар” долбооруна мамлекеттик мекемелерден тышкары жеке ишкерлер, коомдук уюмдар жана шаар тургундары да активдүү катышып жатышат. Акыркы жылдары Ош шаарында көчөт отургузуу салтка айланып, жазгы жана күзгү мезгилдерде массалык жашылдандыруу акциялары байма-бай уюштурулууда.
Бул жумадагы жалпы республикалык ишембиликтин алкагында да жашылдандыруу иштерине өзгөчө көңүл бурулуп:
• 35 түп ийне жалбырактуу көчөт;
• 8263 түп жазы жалбырактуу жана мөмө берүүчү бактар;
• 6648 түп гүл тигилди.
Шаар бийлиги келечекте Ошту экологиялык жактан таза, жашыл жана ыңгайлуу шаарлардын бирине айландыруу негизги максаттардын бири экенин белгилөөдө.
Ошто “Имам Аль Бухарий – Алай” мечитинин курулушуна мезгил кутучасы салынды

15-май күнү Ош шаарында “Имам Аль Бухарий – Алай” мечитинин жаңы имаратынын курулушуна мезгил кутучасын салуу аземи өттү. Бул иш-чарага шаар жетекчилиги, диний аалымдар, аксакалдар жана шаар тургундары катышып, окуя тарыхый учур катары бааланды.
Аземге Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Болот Баетов, Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров, ошондой эле диний жана коомдук ишмерлер катышышты.
Жыйын учурунда сөз сүйлөгөндөр мечиттер элди ынтымакка, сабырдуулукка жана адеп-ахлакка үндөгөн руханий борбор экенин белгилешти. Шаар мэри Жанарбек Акаев жаңы мечит келечек муундар үчүн маанилүү руханий жай болорун айтты.
Тарыхый маалыматтарга ылайык, бул мечит алгач 1890-жылы 500 адамга ылайыкталып курулган. Совет мезгилинде жабылып, ар кандай чарбалык максаттарда колдонулган. Эгемендиктен кийин эски имараттын жанына жаңы мечит салынган. Бирок убакыттын өтүшү менен эски бөлүгү авариялык абалга келип, кийинчерээк бузулган.

Эми анын ордуна заманбап талаптарга жооп берген 4 кабаттуу жаңы мечит курулууда. Долбоор боюнча мечит 5000 адамды батыра алат. Анда:
• жер алдындагы унаа токтотуучу жай;
• коноктор үчүн атайын автоунаа аянтчасы;
• намаз окуу жана даарат алуу үчүн кеңири шарттар;
• Куран үйрөнүү бөлмөлөрү;
• китепкана каралган.
Жергиликтүү тургундардын айтымында, жаңы мечит шаардагы эң ири диний комплекстердин бирине айланышы мүмкүн.

Ошто Энелер күнү өзгөчө салтанат менен белгиленди
20-май күнү Ош шаардык мэриясында Энелер күнүнө арналган майрамдык иш-чара өтүп, анда баатыр энелерге, коомдук турмушта активдүү жүргөн аялдарга жана ар түрдүү тармакта эмгектенген энелерге сый-урмат көрсөтүлдү.
Салтанатка Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Болот Баетов, мамлекеттик жана коомдук ишмер аялдар, көп балалуу энелер жана ардактуу меймандар катышышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө шаар мэри Жанарбек Акаев энелер коомдогу эң ыйык жана улуу инсан экенин белгилеп, кыргыз эли илгертеден энени өзгөчө аздектеп келгенин айтты. Ал өз сөзүндө энени тынчтыктын, жылуулуктун, мээримдин жана үй-бүлөнүн куту катары мүнөздөдү.
Мэр кыргыз элинин энеге арналган макал-лакаптарын айтып, эненин ордун эч нерсе менен алмаштырууга болбой турганын баса белгиледи. Ошондой эле ал акын Мелис Маматжановдун “Апакемдин алмасы” аттуу чыгармасын көркөм окуп берип, залдагы энелерге өзгөчө маанай тартуулады.
Иш-чаранын жүрүшүндө көп жылдык эмгеги менен коомго салым кошкон энелерге жана аялдарга шаардык мэриянын атынан белектер тапшырылды. Айрым энелер балдарын татыктуу тарбиялап өстүрүү — коом үчүн эң чоң кызмат экенин айтып, мындай сый-урмат алардын эмгегине берилген баа экенин белгилешти.
Майрамдык жолугушуу ыр-күүлөр, куттуктоолор жана жылуу сөздөр менен коштолду.
