28 марта, 2024

КОНВОЙ КЕСИБИ АЯЛЗАТЫНЫН КƟЗʏ МЕНЕН

Дʏйнɵдɵ тʏрдʏʏ кесиптер бар. Биз бʏгʏн конвой кесиби  тууралуу кеп кылабыз. Конвой деген сɵз француз тилинен алынып convoyeur коштоочу дегенди тʏшʏндʏрɵт. Бир же бир нече аскер адамдары тарабынан соттолуучу же кандайдыр бир кылмышкер, кылмышка шектʏʏнʏ коштоп жʏргɵндɵрдʏ конвойлор дешет. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайынын коштоп жʏрʏʏ кызматкери Назгʏл Мурзабекова айым конвойлук кесибинин кʏңгɵй-тескейи тууралуу оюн ортого салат.

-Назгʏл айым, мен алгач конвой айымдар тууралуу жазууну пландаганда каарман таба албасам керек деп ойлогом. Аялзаты ʏчʏн тʏйшʏгʏ тʏмɵн ишке кантип келип калдыңыз?

-Ɵзʏм Ноокат районунан болом. Бала кезимде ата-энемин иштеткен чакан дʏкɵнʏ бар эле. Ошол дʏкɵнгɵ товарларды борбордогу базардан алып келчʏбʏз. Кɵп учурда ата-энем менен базарга мен да кошо барчумун. Жашоодо ар бир адам бир нерсени жакшы кɵрʏп, идеал тутуп, анан ошол нерсеге карап умтулат экенбиз. Базарга барчумун деп атпаймбы, ар дайым базарга барган сайын милициянын формасын кийген бир кызды кɵп кɵрчʏмʏн. Ошонун формасына аябай суктануу менен карайт элем. Ал тургай ошол кызды кɵрʏʏ ʏчʏн базарга келчʏмʏн. Жолдо баратып бʏгʏн кɵрɵт бекемин ошол кызды деп ɵзʏмɵ суроо берип, келгенде кɵзʏмɵ кɵрʏнбɵсɵ кадимкидей издейт элем. Ошол кыздын формасы менин кыялым болуп калды. Кийин мектепти аяктадым. Кесип тандоого  келгенде кʏч органы болом, окуйм дедим. Бизде билесиздер да бул тармакта жалаң мырзалар иштеп, аял киши иштесе болбойт же иштесе да кыйналат деген тʏшʏнʏк бар. Анын ʏстʏнɵ тайларым тарапта кʏч органдарында иштегендер да кɵп болчу. Алар да » кыз бала иштесе кыйналат» дешти, ошону менен бул окууга тапшырбай калып кеттим.

-Ата-энеңиз кантип макул болушту анан бул тармакка келʏʏңʏзгɵ?

-Мен турмуш-шартка байланыштуу окууга кеч тапшырып калдым. Ортодо бир топ убакыт ɵтʏп кетти. Кийин ата-энем да акыры макул болуп калышты. Оштогу Жапар Шабиров атындагы республикалык  окуу борборунун Ош шаарындагы филиалынын 3 айлык курсун эле аяктадым. Азыр юридикалык билим алуу ʏчʏн тапшырып койгомун, бʏтɵ элекмин. Албетте, кызыгуу болбосо бул тармакта иштеп кетʏʏ кыйын. Кыялым кечирээк болсо да орундалды. Кʏзɵт кызматкери, катардагы милиционер деп адистик алдым. Сержанттык курамдын бардык тʏрʏнɵ иштесе болот. Окууну аяктаган соң алгач бир нече ай бою банктарда кʏзɵт кызматкери болуп эмгектендим, андан сырткары инкассатордо да иштедим. Аялзаты болуп кɵп акчанын жоопкерчилигин алып, курал кармап инкассацияда иштɵɵ кыйын эле негизи. Акча аманат, аны алып райондорго жеткирип келчʏбʏз.

-Конвой кызматкери болуп дароо эле иштеп калбасаңыз керек, бул жаатта канча убакыттан бери эмгектенип келесиз?

-2019-жылдын ноябрь айынан тарта Ош шаардык ички иштер башкармалыгында конвой кызматкери болуп иштеп жатам. Бул кесипте сени бардык тараптан сынап кɵрɵт, психологияңды текшерет, чыдамдуулугуңа карайт. Алгач келгенде бир ай сыноо мɵɵнɵтʏндɵ жʏрдʏм. Бардык баскычтардан ɵткɵн соң жумушка алышты. Ата-энем биринчи кыжалат болушту, ата-энем эле эмес, ɵзʏм да тʏрмɵнʏн эшиктерин кɵргɵндɵ биринчи жолу кылмышка шектʏʏнʏ жетелеп баратканда сʏр болот, коркуп барып, кайра бул менин ишим, кыялым болгон, иштешим керек деп улантып кеттим. Сырттан билдирбесем да башында  ичимен чочулоо болду. Ал жерде соттолгондор бар, соттолуучулар бар, адам ɵлтʏргɵндɵр, ɵз баласын ɵлтʏргɵндɵр да кездешет.

-Аялзаты мырзалардан айырмаланып, ʏйдɵгʏ жашоону да кыймылдатып турат эмеспи, ʏй-бʏлɵ менен бирге жумушту алып кетʏʏ оңойго турбаса керек…

-Учурда бир жашка чыга элек наристем бар. Эки перзенттин энесимин. Иш башка, ʏй, ʏй-бʏлɵ башка. ʏйдɵ аялсың, иште катардагы кызматкерсиң. Аял киши маанайы ɵтɵ жакшы болсо же катуу маанайы тʏшкɵндɵ ʏй жумуштары менен алек болгубуз келет го. Мен да ошондой кезде ʏй- бʏлɵ мʏчɵлɵрʏмɵ жаккан тамактарды жасап, ашканада болгум келет. ʏйʏм жумушка жакын болгон ʏчʏн бош убакыт боло калганда чуркап барып баламдан кабар алып, эмизип келип калам. Кайын журтум, жолдошум жумушумду тʏшʏнʏʏ менен кабыл алат ар дайым.

Ишим оор экенин улуу кызым тʏшʏнʏп калды. Бул тармакта иштегиси келбейт. Анткени, тʏн ичинде ишке кеткен кʏндɵрʏмдʏ кɵрʏп жʏрɵт. Ал чонойгуча кɵпчʏлʏк учурда жалгыз болуп калган. Кичинекей кезинде нɵɵмɵткɵ туруп калсам, караган адам жок, ишке алып келип столдорду тизип жаткырып коюп нɵɵмɵттʏ ɵткɵргɵн кездер болду.

-Жумуш учурунда кызыктуу окуялар да болуп турса керек…

-Ɵтɵ оор кылмыш кылган жаран деле ал биринчи кезекте адам. Жылуу сʏйлɵсɵң жылан ийининен чыгат. Жободо ашыкча сʏйлɵшʏʏгɵ мʏмкʏн эмес. Зарыл нерселерди сураганда жооп берʏʏгɵ мʏмкʏн. Мисалы, саат сурап калышат. Кыска суроолорго жооп берсе болот. Мен кɵбʏнчɵ аялдар менен иштешем. Кокустук болуп, ɵздɵрʏ каалабаган жагдайда тʏшʏп калгандар бар. Ыйлашат, аларга психологиялык жардам кɵрсɵтɵсʏң, сооротушуң керек, антпесе кечке ыйлай берип, ооруп калат, ооруса мага кыйын, ооруканага жатса кошо карап жатууга туура келет. Кээ бирлери оорубаса деле оорудум деп процессти создуктурушат. Адам айлакер болот эмеспи. Кээде убактылуу кармоочу жайдан кылмышка шектʏʏнʏ алып келгени барганда кайра-кайра тʏрмɵгɵ тʏшɵ бергендер кездешет. Алар кɵрʏп «кандай, карындаш, же кандайсыз, эже?» деп эле илгерки тааныштай саламдашып  калгандары бар(кʏлʏп). Биринчи жолу кɵргɵндɵр кыз бала экен деп таң калып карашат.

-Эмне тууралуу кыялданасыз?

-Ɵзʏм ар дайым ызы-чууда кɵп жʏргɵн ʏчʏн тынчтыкты каалап калат экенсиң киши. ʏйгɵ келсең ʏй-бʏлɵң, балдарың тынч болсо, баары бактылуу болсо дейм. Азыр адамдар агрессиялуу болуп калышты го. Кичине бир нерсе болсо эле урушуп кетейин деп турушат. Адамдар ичине кек сактабай, тынчтыкта жашасак ошол бактылуулук деп эсептейм. Мекенибиз тынч болуп, дʏйнɵдɵ согуш деген болбосо адамга ошол эле керек менимче.

Элира Чынтемир кызы