23 апреля, 2024

Гʏлзат Мамытбек:

“Шалпыйбагыла! Аялдын башы бийик болсо, улуттун да башы бийик болот”

Ɵлкɵдɵ дайыма талкуу чордонунан тʏшпɵгɵн бир айым бар. Бир карасаң элдерге дем берип,аларды ойготуп атса, бир карасаң сууктун кʏнʏ кɵчɵдɵ бийлеп элди таң калтырат. Ооба, бʏгʏнкʏ каарманыбыз  акыркы кезде баарын “шалпыйбагыла” деп ʏндɵгɵн Гʏлзат Мамытбек. Маектин жʏрʏшʏнʏдɵ аялзаты катары аялдар темасына кɵбʏрɵɵк кɵңʏл буруп жатканы байкалды.

“Аялзаты абакта отурбашы керек экенин сездим”

-Саламатсызбы, Гʏлзат айым. Алгач эркиндикке чыккан кезиңизден бери сурагым келип турат. Аялзаты катары абакта эмнени сездиңиз, эмнени баамдадыңыз, эмненин кадырына жеттиңиз?

— Саламатчылык!  Эң биринчи аялзаты абакта отурбашы керек экенин сездим. Абак адамды оңдобойт, кайрадан адамды сындырып, байкуш кылып, бул дʏйнɵгɵ болгон жек кɵрʏʏсʏн кʏчɵтʏп, андан да ачуулантып чыгат, айрыкча аял кишилерде бул жогору экенин байкадым. Мен билимди Европадан алып келгендиктен, психолог болгондуктан ылдыйкы толкундарга чɵгʏʏгɵ баш бербедим. Башкаларага да жол бербедим. Сыртта, Европада тʏрмɵ деген нерсе жок. Мисалы, Польшада, Данияда эгер адам кылмыш кылса дʏйшɵмбʏдɵн жумага чейин абакта отургузат, анан дем алыш кʏндɵрʏ ʏйʏнɵ барып келет. Бул жɵн гана жазалоо катары эсептелет. Ошондуктан алардын эли ɵсʏп жатат. Европадан ʏйрɵнʏп бизде да абакты жок кылып салса болот. Бул Сталиндин убагынан бери келе жаткан система. Сталин ɵлʏп кетти, ал кармап турган Советтер союзу да урады. Биз дагы деле ошол системаны кармап жʏрɵбʏз. Лидерлерибиз кʏчтʏʏ болуп, ушул системаны оңдоп чыгыш керек.

-Абакта отуруп, ал жердеги аялдарды аял катары аяган чыгаарсыз…

-Ооба, абактагы аялдарды аябай аядым. Мисалы, менин камерама психологиясы бузулуп, аябай чɵгʏп калган, ал тургай шымын “булгап” койгон аялдарды киргизчʏ, «духун кɵтɵрʏп коюңуз» деп. Абакты кайтарып турган сонун аскер кызматында иштеген кыздарды кɵрдʏм, ошол кыздардын да ошол жерде иштешин каалаган жокмун. Аялдар менен 4-5 саат отуруп, аларга психологиялык тʏшʏндʏрʏʏ иштерин жʏргʏзʏп, оңдоп койчумун. Албетте, аяйсың. Мен Кыргызстандын тарыхында инсан катары, кʏчтʏʏ адам катары калдым деп ойлойм. Ар бир аял мендей кʏчтʏʏ болушу керек, менден сабак алып, курчушу керек, депресссияга кирип, семирбей, тың болуу зарыл. Аялдын башы бийик болсо, улуттун да башы бийик болот. Ɵзʏнʏн башын ɵзʏ бийик кылсын билим алып, изденип. Эркегинин жакасын агартып. Балдарын да тыпыйтып, ишине барып иштеп келсе болот. 

“Абакта жатып 34 китеп окудум”

-Абакта ɵзʏңʏзгɵ ɵзʏңʏз дух бере алдыңызбы, сырттан караганда, балким ɵзʏңʏзгɵ боор тарткандырсыз?

-Ай жок, ай, боор тартып, ɵзʏмдʏ байкуш сезген жокмун. Ɵзʏңдʏ ɵзʏң аябаш керек. Гʏлзат, тур деп ɵзʏмɵ ɵзʏм мотивация берип, кʏн тартибин тʏзʏп, кʏнʏгɵ эрте менен саат 7де туруп, 11ге чейин иш кылып, китеп окуп, дене кɵнʏгʏʏлɵрʏн жасап, бийлеп, англис тилин кайталап, жаттап жаттым. Мындан сырткары араб, француз, кытай, испан тилдерин ʏйрɵнɵ баштадым. Абакта жатып 34 китеп окудум, алардын ичинде Жо Виталеи,  Чыңгызхан, Суворов жɵнʏндɵ окудум.

-Анан депутаттардын сизге карата ойлору тууралуу да сурай кетпесем болбос.

-Эми депутаттар арасында бир киши мага кечке кайта-кайта сʏйлɵдʏ, атымды айтып, мени “жолугушууга” чакыра албай кыйналып жатат окшойт (кʏлʏп). Депутаттар менин атымды айтсын, сʏйлɵсʏн. Оозунан Гʏлзат Мамытбек тʏшпɵй калсын.

“Аялдын бактысы билимде”

-Кыргызда аялдын бактысы эмнеде деп ойлойсуз, жеке ɵзʏңʏздʏн практикаңыздан айта кетсеңиз?

-Аялдын бактысы бул билимде. Негизи эле адамдын бактысы билимде деп ойлойм. Билим руханий азык, бизге руханий азык жетпей жатат. Биз денебизди тамактандыра беребиз, бирок руханий азык албайбыз. Билим алыш керек, айрыкча биздин кыргыздын аялдары. Аялзаты ɵзʏн ɵзʏ тааныбаса, ким экенин билбесе анда ал аял былжыраган, кыргыздын шоруна жаралган, бир нымтыраган, билими жок аял. Кɵйнɵгʏнʏн майын, чачынын майын жууй албай аткан аял кыргыз болбой эле койсо.

-Балдарыңыз менен кабарлашып турууга мʏмкʏнчʏлʏк  барбы  же катышпай калдыңызбы?

-Жо-ок, балдар менен кабарлашпай элемин, 3 жылдан бери балдарымы кɵрɵ элекмин. Мен балдарымы тɵрɵп, атасына бердим, ʏйдʏ дагы бердим. Аялы менен жашасын. Балдарым ɵгɵй эненин тарбиясын кɵрʏп жатат. Ал киши менин балдарымын духун тʏшʏрʏп атса, мен ал кыздын жɵн эле духун сындырып коём. Мен азыр ʏйгɵ барып, анан балдарымы алам деп ал киши менен мушташып, кайра милицияга тʏшʏп, андай бей пайда нерсенин кереги жок. Кийин балдарым чоңоюп, жакшынакай болуп мага келип калат. Мен балдарыма базалык тарбияны берип койгом.

-Медалдын эки бети бар да, ошол эле кезде сиздин ойлорунузду жаман кɵргɵндɵр да чыкса керек, негатив менен кантип кʏрɵшɵсʏз?

-Хейтерлер бул аябай сонун нерсе. Пайгамбарыбыздын да хейтерлери болгон. Фараондордон бери хейтерлер болгон. Ийгилигимдин отуна май тамызгандар ушулар. Аларга аябай ыраазымын. Кара пиар дагы пиар. Мени жамандап, кʏнɵɵмдʏ кɵтɵргʏлɵ. Мен акча табам, карыздарымы жабам. Менин хейтерлерим да бир башкача хейтерлер, айланып кетейиндер. Ошондуктан аларды сʏйɵм, фанаттарымды деги сʏйɵм.

-Мигранттар темасына кайрылууңузга эмне себеп болду?

-Мигранттарым айланып кетейиндер, эл багарларым. Жылына биздин ɵлкɵгɵ сырттан мигранттар тарабынан миллиондонгон долларлар келет экен. Бул деген ак эмгек да. Мигранттар элди кɵтɵрʏп жатат. Алар да англисче билип алса деген тилегим.

“11 жыл тил ʏйрɵтʏʏ боюнча методикалык китеп жазгам”

-Тил ʏйрɵтʏʏ курстарыңыз тууралуу да айта кетсеңиз, тиркеме аркылуу тил ʏйрɵтʏʏнʏ колго алдыңыз эле.

-Мен 11 жыл тил ʏйрɵтʏʏ боюнча методикалык китеп жазгам. Биздин экс премьер-министр Сапар Исаков китепти кɵрʏп, “ушунчалык сонун китеп экен, мен ɵзʏм чет мамлекеттен окуп келгем, бирок мындай сонун китеп кɵргɵн эмесмин, билим берʏʏ системасына киргизбесек болбойт” деп тапшырма берген кезде ал киши иштен тʏшʏп калган. Англис тилин сɵзсʏз ʏйрɵнгʏлɵ. Азыр мигранттар ʏчʏн сонун программа иштеп чыктым, эки жумада эле, эки жылдык программаны билип аласыздар.

-Коомчулук тарабынан акыркы кезде сиздин кɵчɵдɵ бийлегениңиз кɵп талкууну жаратып атат. Бирок ошол эле кезде реклама берчʏлɵр да сизди ошол нерсе ʏчʏн чакырып жаткан жокпу?

-Менин кɵчɵдɵ бийлегеними бул маркетинг деп коёт. Мен бул багытта жана психологияны Даниядан окуп келгем. Адамдын психологиясы ушундай. Маркетинг сонун нерсе, аны колдонуш керек. Кɵчɵдɵ бийлегеним эл арасында катуу талкуу жаратты жана мага курстарыма, китептериме адамдардын назары бурулду. Бул деген пиар. Жат кɵрʏнɵт дегендерге айтарым Европада адамдар эбак эле кɵчɵдɵ бийлейт. Бул биздин кыргыз эли ʏчʏн эле жат кɵрʏнʏш болуп жатат. Европа буга таң калбайт. Мен азыр Майкл Жексондун, Шакиранын образын жаратып атам.

-Анан Гʏлзат Мамытбек кантип эс алат, чарчайбы, бир карасаң рекламада, бир карасаң кɵчɵдɵ бийлеп, бир карасаң дем берип, анан тил ʏйрɵтʏп…

-Мен бийлеп атып эле эс алам. Адам 8 саат уктаганда кыска убакытка ɵлʏп- тирилебиз. Уйку бул кыска ɵлʏм деп коёт го. Ошондо эле кɵп убактыбыз кетип жатат. Ɵзʏм 5-6 саат уктайм, тʏнʏ саат 12 жарымдарда жатам, таңга маал 5 жарымда турам.

-Акыркы кезде Ошко кɵбʏрɵɵк басым жасап калдыңыз, Оштон сунуш кɵп тʏшʏʏдɵбʏ?

-Ошумдан айланайын. Мен ɵзʏм тʏштʏктʏн кызымын. Атын туура жаза албаган тʏштʏктʏн кыздарын да тʏрмɵдɵ кɵрдʏм. “Англисче ʏйрɵтɵм дейсиз, биз кыргызча жазганды билбейбиз” десе аябай боорум ооруду.

-Сɵз соңунда балким, сиз кʏткɵн суроону бербей калгандырмын, ɵзʏңʏз айтайын деген оюңуз болсо кошумчалай кетсениз болот.

-Кыргыздын кыздары шалпыйбай, кыйын бололу, биригели, бири-бирибизди жамандабай жɵлɵп-таяныч бололу. Эркектерибизди да кɵтɵрʏп кетели дегим келет.

Элира Чынтемир кызы