16 апреля, 2024

Женыш Абдыкадыров криминалист-эксперт: “Кол жазманы изилдɵɵ боюнча ɵлкɵдɵ жалгыз адисмин”

Ɵз кесибиме байланыштуу башка кесиптин ээлери менен кɵп жолу баарлашып, кɵптɵрʏнɵн маек алсам да бул ирет каарманымдын баянын угуп отуруу кызык болду. Кол жазманын адам канча жашында жазганын да билип коюуга болорун мен эми билиптирмин.  “Кесип” рубрикабыздын каарманы криминалист-эксперт Женыш Мустафаевичтин ары кызыктуу, ары тʏйшʏктʏʏ  кесиби  тууралуу айтып беребиз. 

Мугалимдиктен милицияга карай… 

-Биз Союздун балдары баарыбыз эле окшош “чоңойгондо ким болосуң?” десе космонавт болом дечʏбʏз да. Бала кезден криминалист болуу кыялыма келбесе керек. Негизи кесибим химия-биология мугалими болчу. Мектепти аяктап, жогорку окуу жайдан химия-биология мугалими адистигин алып, шаардагы №38 Барпы Алыкулов атындагы мектепте 1993-97-жылдары 4 жыл мугалим болуп иштеп калдым. Ал кезде мектепте 3-4 жыл иштебесең диплом берчʏ эмес. Кийин ОМОНдо иштеген досторум аркылуу кызыгып, мен да ОМОНдо 3 жыл кызмат ɵтɵдʏм. Аны аяктаган соң сержант болдум, Алай районунда баңги затка каршы кʏрɵшʏʏ боюнча бɵлʏмдɵ аймактык жетекчи, милициянын жетекчиси кызматтарын аркаладым. Ошондо муктаждык пайда болуп, юридика багытында сырттан окудум. Алайдан келсем эксперт кесибине орун бош экен “ɵзʏ да кесибиң химик, иштесең болчудай” деп сунуш кылышты. 2004-жылы келгем, алгач эксперт болуп ишке орноштум, жылдар ɵтʏп, учурда ɵзʏм иштеген бɵлʏмдʏ жетектеп калдым. 

“Кээде адамдын денеси ɵлгɵндɵн кийин кɵп кʏн ɵтʏп кеткенде келет”

-Жумушта кечке химия менен иштеген ʏчʏн ден соолукка зыяндуулугу жогору. Бул ʏчʏн мамлекеттен каралган 20 пайыз айлыкка кошулат. Башка бɵлʏмдɵргɵ караганда да биз химикаттар менен тʏздɵн тʏз иштейбиз. Анткени, баңгизаттар келет, аны экспертизадан ɵткɵрʏʏ ʏчʏн химикаттар колдонулат. Кээ бир химикаттарды дʏйнɵдɵ эл аралык экспертизадан ден соолукка тийгизген зыяндуулугу ʏчʏн колдонуудан алып койгон. Себеби, алар адамдын дем алуу жолдорун онкологиялык ооруларга жеткирʏʏчʏ заттар болуп эсептелет. Башка мамлекеттерде ал химиянын орду башка химиялар менен алмашылган. Бизде химикаттар жетишсиз. Мисалы, бензол деген реактив ɵтɵ зыян, аны колдонгон кезде противогаз киебиз. Ɵлгɵн адамдын сɵɵгʏ менен иштейбиз. Кээде адамдын денеси ɵлгɵндɵн кийин кɵп кʏн ɵтʏп кеткенде келет. Былжырап, жакын барганга мʏмкʏн болбой калат. Колунун мɵɵрʏн алууга туура келет. Балдарды мындай учурда противогаз кийгиле дейм. Адамдын денесинен чыккан уу заттар ден соолукка терс таасирин тийгизет. 

“Кол жазмаларды изилдɵɵ татаал экспертизалардын катарына кирет”

-Башка бɵлʏм, башка аймактарга караганда биздин бɵлʏмдɵ аябай иш кɵп. Анткени, кээде Баткен, Жалал-Абад облусунан милиция, прокуратура, УКМК, соттор бʏт материалдарды жиберишет. Аймактарда экперттер бар, бирок, биз кылган экспертизалар ал райондордо жок болуп калат. Ошого кээде тʏштʏк аймагы менен иштеп калабыз. Кол жазманы изилдɵɵ боюнча ɵлкɵдɵ жалгыз адисмин. Юстиция министрлигинде бир эжеке бар, ал да тʏштʏктɵ. Балким азыр окутуп, даярдап атышкандыр, ушул кʏндɵ кол жазманы ɵлкɵ боюнча жалгыз ɵзʏм изилдеп жатам. Кээде Чʏй, Бишкектен кол жазманы аныктоо керек болуп калса Ошко жɵнɵтʏшɵт. Ɵзʏм менен иштеген бир жигит бар, республика боюнча жарылуучу заттарды изилдеген жалгыз адис. Буга да тʏндʏктɵн материалдар келип турат. 

“Кол жазма менен адамдын жашын, жынысын аныктаса болот”

-Кол жазма тууралуу атайын окуп, ушуну изилдей турган билимим бар, мен ок, жарылуучу заттарды изилдей албайм, себеби бул багытта сертификатым жок. Бизди Волгограддан адистер келип 8 ай атайын окутушкан. Кыргызстанда деле криминалистика кызматында кол жазмалар боюнча билим беришет. Туура эмес жыйынтык чыгардым окшойт деп ɵзʏмдɵ ишенбɵɵчʏлʏк мезгилдер болгон. Анда жаңыдан ишке кирген жаш кезим болчу. Кол жазмаларды изилдɵɵ татаал экспертизалардын катарына кирет. Адамдардын кээ бирилери колду сол кол менен коет. Кээ бири ɵзʏнʏн дайым коюп жʏргɵн колун оңдоп коет. Азыр эми оң кол менен койдубу, сол кол менен койдубу бир карап билип коём. Кол жазма менен адамдын жашын, жынысын аныктаса болот, кандай абалда жазды, мас абалдабы, соо кездеби аны да билсе болот. Анан мени мажбурлап жаздырды деп кээде сотко укук коргоо органдарына карата даттанып келишет. Ошол учурда да кол жазманы изилдейбиз. Изилдеп чыксаң нормалдуу мезгилде эле жазылган кол жазма болуп чыгат.

Криминалистиканын тʏрлɵрʏ

-Криминалистика деген ɵзʏ бул илим. Мунун максаты илимий элементтер менен кылмышты ачуу же болбосо кылмышка жол бербɵɵгɵ багытталган илим. Криминалистикалык экспертиза жана жɵнɵкɵй экспертиза деген бар. Биз кылмышка байланышкан экспертизаларды ɵткɵрɵбʏз. Жɵнɵкɵй экспертизалар да болот мисалы, бул “Бул Бангкоктун картинасыбы же жасалмабы?”  аны да аныктай турган эксперттер бар. Бирок бул криминалистикалык экспертизага кирбейт. Кылмышка байланыштуу экспертизалар криминалисттик экспертиза деп аталат, анын да тʏрлɵрʏ бар. Криминалистиканын негизги тʏрлɵрʏ катары баллистика, трасологиялык, дактилоскопия, химиялык, кол жазма (почерковедение), жарылуучу заттар (взрывотехническая), документтердин техникалык экспертизасы эсептелет. Мындан сырткары автотехникалык экспертиза деп коёт, муну жол кыргысы катталганда изилдешет, бухгалтердик, экономикалык экспертизалар дагы бар. 

Дактилоскопиядан Оштун жараны чыгып…

-Ɵзʏмдʏн 18 жылдык иш тажрыйбамда эсимде калганы мындан 4-5 жыл мурун Жалал-Абад облусунан чалып, Нарын дарыясынан эркек кишинин жансыз денеси табылганын кабарлашты. Кишинин ɵлгɵнʏнɵ 10 кʏндɵй убакыт болгон. Кʏн ысык болгон ʏчʏн шишип, мейити былжырап кетиптир. Анан мен айттым “сɵɵктʏн ɵзʏн алып келбестен бармагын эле алып келгиле, кол мɵɵрʏн изилдейм” дедим. Башына ок тийген, ɵлгɵн соң Нарын дарыясына ыргытып жиберишиптир. Колун эки кʏн изилдедим, араң жыйынтык чыкты. Дактилоскопияга салсак базадан Оштун жараны чыгып калса болобу. Шаардын “Ноокатский подьем” деп калабыз го, ошол тараптагы ʏйлɵрдʏн биринде жашаган 26-27 жаштардагы эркек кишинин ɵздʏгʏ чыкты. Мен ʏйʏнɵ балдарды жɵнɵттʏм. Барса карыган энеси бар экен, «балам жакында тʏрмɵдɵн чыгып, Орусияга кетти, ошол бойдон кабарлаша элек» дептир. Кошуналардан сурасак денесинде татуировка болгонунан бери айтып беришти. Биз ыкчам тергɵɵ кызматкерлеринин балдарына маалыматтарды бердик, 3 кʏндɵ аны аткан балдар да табылган. 

“Криминалист болуу ʏчʏн 10 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы болуу керек”

-Жогорку окуу жайын аяктап келген жаш адис дароо криминалист боло албайт. Бир ирет Орусиянын телеканалдарынан эксперттин сʏйлɵп атканын кɵрʏп калдым эле. Криминалист болуу ʏчʏн 10 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы болуу керек. Кинолордон, детективдерден кɵрʏп криминалист болом деп келген жаштар болот. Орусия, чет ɵлкɵ менен биздин мамлекетти салыштырып болбойт, алар материалдык базасы кʏчтʏʏ ɵлкɵлɵр. Эксперт-криминалист болуу ʏчʏн дайыма окуп туруу керек.  Жаштарда ар дайым адреналин ойноп турат. Криминалист болом деп келген жаштар аз эле болот. Биздин микроскопто отурганыбызды кɵрʏп зеригип кетишеби билбейм, кетип калгандары болот. 

“Кылмыш болгон аянтка биринчи кинолог, анан криминалист менен тергɵɵчʏ кирет”

-Эң биринчи кылмыш болгон жерге кинолог кирет. Андан соң криминалист менен тергɵɵчʏ барат. Бизде кылмыш болгон жерге ʏймɵлɵктɵшʏп басып барып, кылмышкердин изин таптап жок кылып, кылмышты ачууну татаалдаштырышат. Ошого лента менен тосуп коёт эч ким кирбесин деп себеби кылмышка шектʏʏнʏн издери болот, ал ɵчʏп кетпɵɵсʏ керек. 

Кесибим тууралуу ʏй-бʏлɵм кɵнʏп деле калган. Мурда милицияда иштегенде кʏнʏ-тʏнʏ жок болуп калган кездер болчу. Ага караганда азыр саар кетип, кеч келем. Эми тʏн ичинде ишке чакырган учурлар болот, кээде баңгизаттар табылса тʏнкʏ  2-3 болобу ишке келʏʏгɵ туура келет. Себеби кылмышка шектʏʏнʏ же камаш керек, же кʏнɵɵсʏ жок болсо коё бериш керек, мындайда тез арада жыйынтык чыгарып берʏʏгɵ туура келет. Мага чарчоого уруксат да, мʏмкʏнчʏлʏк да жок. Ишти таштап кетип калгым келип же башка нерсе тууралуу эч качан ойлогон да эмесмин. Бул жумуштан мен эс алам, жумушуңду сʏйсɵң чарчоо да байкалбайт. 

Элира Чынтемир кызы