• Вт. Июл 21st, 2026

Популярдуу темалар

Ош шаардык прокуратурасы: 2022-жылы кыйноо тууралуу 7 арыз түшкөн

Автор:Osh Shamy

Фев 21, 2023

Кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазасынын түрлөрүнүн алдын алуу:

Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун 2018-жылдын 26-декабрындагы №93-п сандуу «Кыйноолорду жана мамиле жасоонун жана жазалоонун адамгерчиликсиз, катаал же адам аброюн түшүрүүчү башка түрлөрүн колдонууга тыюу салуунун конституциялык кепилдиктерин камсыз кылууга прокурордук көзөмөл жөнүндө» буйругу прокуратура кызматкерлери тарабынан башка укук коргоо органдарына көзөмөл жүргүзүүдө колдонууга алынган. 

2022-жылдын 12 айында Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан шаардык ИИБнын кызматкерлеринин кылмыштын бетин ачууда жүргүзгөн иш аракеттери көзөмөлгө алынып, шаардык милиция бөлүмдөрү, нөөмөт бөлүмдөрү, кызматтык кабинеттер жана убактылуу кармоо жайынын камералары капысынан 32 жолу текшерүүгө алынган.

Көрсөтүлгөн мөөнөт ичинде шаардык прокуратурага кыйноо тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлерине карата 7 арыз/билдирүүлөр келип түшүп, маалымат электрондук журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүүнүн жыйынтыгы менен Кыргыз Республикасынын КЖПКнин 27-бер. 1-бөл. 2-п. негизинде кылмыш иш козгоодон баш тартылган.

Бул багытта шаардык прокуратура тарабынан иш чаралардын жүргүзүлүүсү улантылууда.

Ош шаарынын прокуратурасынын

бөлүмүнүн улук прокурору  

К.Олжобаев

About The Author

Автор: Osh Shamy

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *