22 октября, 2024

Шаардык прокуратуранын ишкерлер үчүн ишеним телефону иштейт

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын “Ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө” Мыйзамынын так жана бирдей аткарылышы боюнча тынымсыз прокурордук көзөмөл жүргүзүлүп келүүдө.

Атап айтканда, жогоруда белгиленген мыйзамдын аткарылышы боюнча  2023-жыл ичинде жалпысынан 8 текшерүү жүргүзүлүп, 26 мыйзам бузуу аныкталып, 24 мыйзам бузуу четтелип, ченемдик укуктук актылардын бузулушун четтетүү жөнүндө 7 сунуштама келтирилип, 3 кызмат адамы тартиптик жоопкерчиликке тартылып, укук бузуулар жөнүндөгү иштин токтомун жокко чыгаруу жөнүндө 1 токтом жана укук бузуу өндүрүш ишин козгоо жөнүндө 2 токтом кабыл алынган.

Алсак, Ош шаарынын прокуратурасынын ишкерлердин укуктарын коргоо боюнча атайын ишеним телефонуна Ош шаарындагы “Келечек” соода базарынын “Алтын”  базарында соода-сатык менен алектенген ишкерлер кайрылышып, анда Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Баалуу металлдар департаментинин Мамытбек аттуу кызматкери баалуу металлдар менен иштеген ишкерлерге “WhatsApp” тайпасын түзүп, анда 2023-жылдын 19-майында Ош шаарында өтүүчү окууга 3700 сомдон төлөп катышууга милдеттендирип, эгерде кимде ким бул окууга катышпаса 10 000 сом айып пул салына тургандыгын айтып коркутуп жаткандыгын билдирип, өздөрүнүн аты-жөнүн ачыктабоону суранышып, аталган кызматкердин “WhatsApp” группаларга жазган жазуулары менен бирге тийиштүү иш-кагаздын көчүрмөсүн жиберген.

Аталган “WhatsApp”  тайпага жиберилген жазууда “Урматтуу ишкерлер, 19-май күнү саат 09:30-18:00гө чейин, Ош ш., А.Масалиев к., 25А дарегиндеги мейманканада окуу болуп өтөт. Окуунун темасы: Террористтик ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга каршы аракеттенүү. Окутуучу: КР финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын окуу борбору. Окуунун баасы: 3700 сом. Керектүү документтер: паспорт, окуунун жыйынтыгында сертификат берилет. Текшерүү учурунда ушул мыйзамдар боюнча талаптар аткарылбаган болсо, сертификат жок болсо 10 000 сом айып пул каралган” деп жазган.

Ал эми Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын окуу борборунун директору Л.О.Омурбекованын баалуу металлдар менен алектенген атуулдарга жолдогон катында Ош шаарынын А.Масалиев проспектинин 25А-дарегинде 2023-жылдын 19-майында саат 09:30дан 18:00гө чейин Террористтик ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга каршы аракеттенүү боюнча 3700 сомдон окуу боло тургандыгы көрсөтүлүп, бирок бул окууга милдеттүү түрдө катышуу жагы белгиленген эмес.

Башкача айтканда, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Баалуу металлдар департаментинин Пробирдик көзөмөл жана ТК/ККЛКАК бөлүмүнүн башкы инспектору тарабынан өзүнүн түздөн-түз аткара турган функционалдык милдеттерин аткарбастан, ишкерлердин ишине негизсиз кийлигишип, өз ыйгарым укуктарынын чегинен чыгып, баалуу металлдар менен алектенген Ош шаарынын ишкерлерин коркутуп, акы төлөнүүчү окууга мажбурлап, алардын укуктарын жана эркиндиктерин бузууга алып келген аракеттерди жасаган.

Ошол себептен, мыйзам бузуучулуктарды четтетүү менен бул кызматкердин тартиптик жоопкерчилигин карап, мындан ары мыйзам бузуучулуктарды болтурбоо боюнча тиешелүү иш-чараларды жүргүзүү үчүн 2023-жылдын 22-майында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Баалуу металлдар департаментинин директорунун наамына ченемдик укуктук актыны бузууларды четтетүү жөнүндө сунуштама келтирилип, жыйынтыгында ал кызматкерге сөгүш тартиптик жаза колдонулган.

Ошондой эле, “Бизнести коргоо” мобилдик тиркемени кеңири колдонуу максатында Ош шаарынын прокуратурасынын ар бир кызматкери мобилдик тиркемени көчүрүү менен каттоодон өтүп, Ош шаарынын аймагындагы бизнес коомчулуктун арасында, ар бир ишкерге түздөн-түз жеткирүү боюнча маалыматты жайылтуу боюнча иш-аракеттер көрүлүүдө.

Тактап айтканда, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын   29-январындагы “Менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндө” Жарлыгында көрсөтүлгөн милдеттерди жетекчиликке алуу менен ишмердүүлүк уюштуруу үчүн ишкердик субъекттердин ишмердүүлүгүнө кийлигишүү же коррупциялык фактыларды болтурбоо максатында күнү-түнү кайрылуулар үчүн Ош шаарынын прокуратурасынын (3222) 7-05-18, 0771 45 05 96 ишеним телефондору жана “WhatsApp” тиркемеси, ошондой эле атайын баннерлер иштелип, тийиштүү жерлерге жайгаштырылган.

Ош шаарынын прокуратурасынын демилгеси менен 2023-жыл ичинде 3 жолу Ош шаарындагы фискалдык жана башка органдардын өкүлдөрдүн катышуусунда ишкерлер менен жолугушуулар уюштурулуп, тиешелүү түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, атайын даярдалган брошюралар таркатылды.

Аталган жолугушуу учурунда ишкерлер үчүн атайын иштелип чыккан “Бизнести коргоо” мобилдик тиркеме тууралуу толук маалымат берилип, жолугушуу учурунда алардын уюлдук телефондоруна көчүрүлүп каттоого алынды.

Ош шаарынын прокуратурасы учурдан пайдаланып, кайсы ишкер коррупциялык көрүнүштөргө дуушар болсо, анда токтоосуз түрдө   Ош шаарынын прокуратурасынын (3222) 7-05-18, 0771 45 05 96 ишеним телефондору жана “WhatsApp” тиркемеси  аркылуу кайрылууга чакырабыз. Мындай маалыматтарды берген жарандардын өздүгү сыр боюнча сакталат.

Ош шаарынын прокуратурасынын бөлүмүнүн улук прокурору  С.Жунусов