27 апреля, 2024

Эркектердин ден соолугуна кам көрүүнүн бир айлыгы башталды

2024 -жылдын 8-февралында Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун түштүк филиалынын жыйындар залында “Жооптуу бол!” урааны астындагы Кыргызстанда эркектердин ден соолугуна кам көрүүнүн бир айлыгы башталды.

Акциянын жүрүшүндө КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигинин буйругу менен №1 Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун дарыгерлери тарабынан мекеме-ишканалардагы эркектердин саламаттыгы текшерилип, кан басымы, жүрөк-кан тамыр, кант диабети ооруларын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүрүүдө. Дарыгерлердин айтымында бир айлык акциянын алкагында бардык поликлинакар түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, эркектер үчүн эшигин ачат.  

Акциянын максаты

  1. Жугуштуу эмес оорулардын (ЖЭО)алдын алуу жана 1айлык акция жөнүндө калкка кеңири маалымат таратуу;
  2. Жугуштуу эмес ооруларды жана алардын татаалданышын алдын алуу;
  3. Жугуштуу эмес ооруларды алгачкы стадияларында аныктоо үчүн Кыргызстандын эркектерин баштапкы медициналык-санитардык жардам мекемелерине тартуу.

Жугуштуу эмес оорулар  бул – өнөкөт, жай өөрчүгөн оорулар. Аларга жүрөк-кан тамыр оорулары, рак, өпкө оорулары жана кант диабети кирет. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 2022-жылы жүрөк-кан тамыр оорулары өлүмдүн негизги себеби болуп, өлкөдөгү бардык өлүмдөрдүн 52,1%ын түзгөн, ал эми рак (12,2%) экинчи орунда туруп, андан кийин өпкө оорулары (5,5%) турган. Туура эмес тамактануу (өзгөчө тузду көп колдонуу, жашылча-жемиштерди жетишсиз колдонуу), тамеки чегүү, алкоголдук ичимдиктерди ашыкча ичүү жана физикалык активдүүлүктүн төмөндүгү жугуштуу эмес оорулардын эң кеңири таралган алдын ала турган тобокел факторлору болуп саналат. Өткөн жылкы бир айлыктын алкагында өлкө боюнча баштапкы медициналык-санитардык жардам уюмдарына 367 000ден ашык эркек кайрылган. Алардын ичинен 79 000 эркек баштапкы медициналыксанитардык жардам уюмдарына буга чейин эч качан барышкан эмес же акыркы 3 жылда биринчи жолу кайрылышкан. Медициналык мекемелерге кайрылган жалпы эркектердин камтылышы республикада жашаган 18 жаштан жогорку эркектердин жалпы санынын 20% түздү. Бул кампаниянын кеңири жайылышын жана натыйжалуулугун көрсөтүп турат. Акция биринчи жолу 2019-жылы «Кыргызстандагы жугуштуу эмес ооруларды эффективдүү башкаруу жана алдын алуу» швейцариялык долбоорунун алкагында өткөрүлгөн. Кампаниянын ийгилигин жана таасирин эске алып, 2023-жылы Саламаттык сактоо министрлиги жыл сайын февраль айында республика боюнча бир айлыкты өткөрүү буйругун чыгарган. Швейцария өкмөтү тарабынан каржыланган “Кыргызстандагы жугуштуу эмес ооруларды эффективдүү башкаруу жана алдын алуу” долбоору сапаттуу баштапкы медико-санитардык жардам көрсөтүүгө бирдей мүмкүнчүлүк алуу жана сергек жашоо мүнөзүн жайылтуу аркылуу Кыргызстан калкынын ден соолугун жана бакубаттуулугун жогорулатууга багытталган. Долбоор Чүй, Нарын, Талас жана Ысык-Көл облустарын камтыган, ал эми азыр, долбоор Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында, ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларында иш алып барууда.