Ош шаардык Кеңешинин кичи жыйындар залында “АРАКЕТ” Швейцариялык долбоору тарабынан Ош шаарында жаңы конуштарда жашаган жарандардын жашоо шартын жакшыртуу жана ишке ашыруу боюнча жыйын болуп ɵттʏ. Ага Ош шаардык Кеңешинин тɵрагасы Салман Назылбеков, депутаттар Турдубаева Гулсара, Арзиев Эсенбек, Эрмекбаев Толкун, Раимбердиева Аида, Таалайбек уулу Айбек, Токтосунов Аскат жана долбоордун ɵкʏлдɵрʏ катышышты.
Жыйындын жʏрʏшʏндɵ Эдельвейс, Алай 1, Алай 2 жаңы конуштары жана Манас-Ата ʏй-жатаканаларынын кɵйгɵйлɵрʏн чечʏʏ боюнча долбоорду эл ɵкʏлдɵрʏ кенен талкуулашып, ɵз сунуштарын айтышты. Ошондой эле жаңы конуштардын инфраструктурасын ɵнʏктʏрʏʏ учурдун талабы экендиги белгиленди.



Окшош макалалар
Муниципалдык 2 бала бакча мамлекеттин балансына ɵтʏп, кɵрʏстɵндɵрдʏ брондоонун тарифин жогорулатуу маселеси колдоо таппай калды
Кытай-Кыргызстан-Ɵзбекстан темир жолу – кылым долбоору
Акыркы 10 жылда кургак учукка чалдыккандардын саны кескин азайды