Кыргызстанда таштандылар маселеси акыркы жылдары олуттуу экологиялык жана социалдык кɵйгɵйгɵ айланды. Калктын саны ɵсʏп, шаарлар кеңейип, керектɵɵ кɵбɵйгɵн сайын, кʏн сайын чыккан таштандылардын кɵлɵмʏ да артууда. Ага кошумча, туризмдин жана курулуш тармагынын ɵсʏшʏ да таштандылар кɵлɵмʏнʏн кɵбɵйʏшʏнɵ алып келет. Буга чейин бул маселе анчалык кɵңʏл бурулбаган болсо, азыр ал мамлекеттин туруктуу ɵнʏгʏʏсʏнɵ тʏздɵн-тʏз таасир эткен маанилʏʏ кɵйгɵй болуп калды. Ошондуктан таштандыларды кайра иштетʏʏ бʏгʏнкʏ кʏндʏн эң актуалдуу маселесине айланды. Мындан тышкары, жаңы технологиялардын жана инновациялык методдордун кириши менен таштандыларды кайра иштетʏʏ жɵндɵмʏ артып, экологиялык жана экономикалык пайда алып келʏʏгɵ шарт тʏзʏлдʏ.

Таштандылар кайдан чыгат жана эмнеге кɵбɵйʏʏдɵ?
Таштанды негизинен ʏй-бʏлɵлɵрдɵн, базарлардан, соода тʏйʏндɵрʏнɵн, мектептерден, университеттерден жана ишканалардан чыгат. Алардын ичинде тамак-аш калдыктары, пластик, полиэтилен баштыктар, кагаз, айнек жана металл бар. 24.kg сайты жазгандай, кɵп жылдар бою таштандылар сорттолбой, тʏз эле полигондорго ташталып келген. Бул таштандылардын кɵлɵмʏн кɵбɵйтʏп, кайра иштетʏʏ мʏмкʏнчʏлʏгʏн азайтат. Айрыкча пластик жана полиэтилен табиятта узак убакытка чейин чирибей калат. Мисалы, кээ бир пластик буюмдар жʏз жылга чейин табигый жол менен жоголбойт. Бул экологияга, жаныбарларга жана ɵсʏмдʏктɵргɵ олуттуу зыян алып келет. Ошондуктан таштандыларды жɵн гана таштап коюу эмес, кайра иштетʏʏ зарылчылыгы пайда болду. Кайра иштетʏʏ таштандыларды текке кетирбɵɵгɵ жана андан электр энергиясы же башка керектʏʏ нерселерди алууга жардам берет. Бул экономикага да пайда алып келет.
Экологияга жана ден соолукка тийгизген таасири
Таштандылар туура иштетилбесе, айлана-чɵйрɵгɵ чоң коркунуч жаратат. Akchabar.kg сайтынын маалыматына ылыйык, полигондордо таштандылар чирип, метан жана башка уулуу газдар бɵлʏнɵт. Кээде таштандылар кʏйʏп, тʏтʏн чыгарып, абаны булгайт. Бул кɵрʏнʏш Бишкек, Ош жана Каракол сыяктуу шаарларда кɵп жолу байкалды. Абанын булганышы адамдардын саламаттыгына тʏз таасир этет. Дем алуу органдарынын оорулары, аллергия, балдардагы астма жана башка ɵнɵкɵт оорулар экологиялык шарттар менен тыгыз байланыштуу. Мындан тышкары, таштандылар жер алдындагы сууларды булгайт, ичʏʏчʏ суунун сапатына терс таасирин тийгизет. Ошондой эле таштанды менен булганган жерлерде ɵсʏмдʏктɵрдʏн ɵсʏшʏ начарлап, биологиялык ар тʏрдʏʏлʏк тɵмɵндɵйт.

Эмне ʏчʏн кайра иштетʏʏ зарыл?
Таштандыларды кайра иштетʏʏ — экологиялык кɵйгɵйдʏ чечʏʏнʏн эң натыйжалуу жолу. Kabar.kg жана Akcha.bar басылмаларынын маалыматына караганда, кайра иштетʏʏ аркылуу таштандылардын кɵлɵмʏ азаят, полигондордун жʏгʏ тɵмɵндɵйт жана табият корголот. Ошондой эле таштандылар пайдалуу ресурс катары колдонулуп, энергия, курулуш материалдары жана башка керектʏʏ буюмдар алынат. Дʏйнɵнʏн кɵптɵгɵн ɵлкɵлɵрʏ таштандыларды кайра иштетʏʏнʏ экономикасынын бир бɵлʏгʏнɵ айландырган. Кыргызстан да ушул жолго кадам таштоодо. Мындан тышкары, кайра иштетʏʏ жергиликтʏʏ коомчулуктун билим деңгээлин жана экологиялык аң-сезимин жогорулатат. Ошол эле учурда кайра иштетʏʏ жергиликтʏʏ айыл чарба жана чакан бизнес ʏчʏн кошумча пайда алып келет. Кайра иштетилген материалдарды кайра пайдаланып, экономикалык чыгымдарды азайтууга болот.
Бишкектеги таштандылардан энергия ɵндʏрʏʏчʏ завод
Бишкек шаарында катуу коммуналдык таштандыларды кайра иштетип, алардан электр энергиясын ɵндʏрʏʏчʏ завод курулуп жатат. Kabar.kg жана Timesca.com маалымдагандай, бул долбоор мэриянын билдирʏʏлɵрʏ жана маалымат агенттиктеринин кабарлары боюнча Кыргызстандын экологиялык жана энергетикалык маселелерин чечʏʏгɵ багытталган ири долбоорлордун бири болуп эсептелет. Бул долбоордун концепциясы дʏйнɵлʏк практикага негизделген — “waste‑to‑energy” (таштандыдан энергия алуу) технологиясы. Бул технология аркылуу кʏн сайын чыккан таштандыларды жɵн гана полигондорго топтоонун ордуна, алардан кубаттуу энергия алуу мʏмкʏнчʏлʏгʏ тʏзʏлɵт. Расмий кабарларга ылайык, бул завод кʏнʏнɵ болжол менен 1000 тонна таштанды иштетет. Завод электр энергиясын ɵндʏрɵт, жана анын кубаттуулугу 30 МВтка чейин жетиши кʏтʏлʏʏдɵ. Заводдун пилоттук фазасында биринчи таштанды ташуу жʏргʏзʏлгɵн, анда 17 атайын техника 126 тонна таштандыны заводго жеткирди, бул заводдун ишке киришине даярдык катары жʏргʏзʏлгɵн аракет. Долбоор чет элдик жана жергиликтʏʏ инвестициялар менен ишке ашууда, анын ичинде ~$95 млн чекиттеги инвестиция тартылганы тууралуу маалымат бар. Заводдун иштеши таштанды сорттоо менен башталат, кайсы материал кайра колдонулса, ошолор бɵлʏнɵт. Экинчиден чогулган таштандылар термикалык (жогорку температурада) иштетилет, андан жылуулук энергиясы алынат. Ал эми ʏчʏнчʏдɵн жылуулук энергиясы электр генераторлору аркылуу электр энергиясына айланат. Бул ыкма дʏйнɵдɵ кɵп колдонулат жана таштанды кɵйгɵйʏн чечʏʏгɵ, ошондой эле энергетикалык булагын диверсификациялоого мʏмкʏндʏк берет.

Ош шаарындагы жаңы завод жана кытайлык инвестиция
-Ош — Кыргызстандагы экинчи ири шаар жана бул аймакта таштандыларды кайра иштетʏʏ жана энергия ɵндʏрʏʏчʏ завод куруу пландалууда. Ош шаарынын мэриясынын расмий сайтындагы маалыматка караганда, 2025-жылы 3-мартта Ош шаарында “таштандыларды кайра иштетʏʏ жолу менен электр энергиясын ɵндʏрʏʏчʏ эко-технологиялык заводду куруу боюнча” алкактык келишимге расмий кол коюлган. Бул келишимге Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев жана кытайлык Hunan Junxin Huanbao Kei Ji Invest компаниясынын ɵкʏлдɵрʏ катышкан. Бул заводдун негизги максаты шаарда чыккан катуу коммуналдык таштандыларды кайра иштетип, алардан электр энергиясын алуу. Мэриянын расмий билдирʏʏсʏнɵ ылайык, долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси даярдалган. Заводдун ишке кириши менен шаарда таштандылар кɵйгɵйʏ азайып, экологиялык абал жакшыртылат. Долбоордун болжолдуу сметалык баасы 90 миллион доллар деп белгиленген. Бул суммага технологиялык жабдуулар, курулуш жана инвестициялык чыгымдар кирет.


Долбоордун мааниси жана келечеги
-Жаңы заводдун ишке кириши менен Ош шаарында тɵмɵнкʏ жагдайлар кʏтʏлɵт:
1. Шаардагы таштандылар полигондорго топтолбостон, кайра иштетʏʏчʏ завод аркылуу колдонулат. Бул шарттуу экологиялык абалды жакшыртат жана шаар тургундарынын ден соолугуна оң таасир берет.
2. Заводдун технологиясы аркылуу таштандылардан электр энергиясы алынат. Бул энергия шаардык тармакка кошумча булак катары берилет жана энергетикалык кɵз карандысыздыкты камсыз кылууга кɵмɵкчʏ болот.
3. Заводдун курулушу жана эксплуатациясы жаңы жумуш орундарын тʏзʏʏгɵ салым кошот. Бул аймакта жумушсуздукту азайтууга жана экономикага оң таасир этʏʏгɵ мʏмкʏндʏк берет.
4. Hunan Junxin Huanbao Kei Ji Invest компаниясы менен кызматташтык аркылуу Кыргызстан чет элдик технологияларды тартат. Бул долбоордо заманбап экологиялык жана энергетикалык технологиялар колдонулат.
Таңсулуу Сʏйʏнали кызы

Окшош макалалар
Ош мамлекеттик университети кызмат орун
Жаңы базардын инфратʏзʏмʏ боюнча сɵз болуп, шаарды эки административдик аймакка бɵлʏʏ сунушталды
2026-жылы сизди эмнелер кʏтʏп турат?