30 декабря, 2025

Жаңы базардын инфратʏзʏмʏ боюнча сɵз болуп, шаарды эки административдик аймакка бɵлʏʏ сунушталды

23-декабрь кʏнʏ Ош шаардык кеңешинин  XVIII  сессиясы болуп,  ага Ош шаарынын биринчи вице-мэри Адилет Шаршеналы уулу, тɵрага Болот Баетов, 47 депутат жана шаардагы мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.

Кʏн тартибине 15 маселе коюлган, анын экɵɵ — 9-15-маселелер кийинки сессияга калтырылды. Ар тʏрдʏʏ маселер да жылдырылды.

Депутаттык иш аракеттерин активдʏʏ жʏргʏзʏʏ менен Ош шаардык кеңешинин ишмердигин жакшыртууга жана Ош шаарынын социалдык-экономикалык жактан ɵнʏгʏʏсʏнɵ кошкон салымы ʏчʏн 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча Ош шаардык кеңешинин депутаттарына Ош шаардык кеңешинин Ардак грамоталары тапшырылды.

Ошондой эле Ош шаарынын социалдык-экономикалык ɵнʏгʏʏсʏнɵ кошкон барандуу салымы, ак ниет эмгеги, шаардын коомдук-саясий, маданий турмушундагы активдʏʏлʏгʏ ʏчʏн 2025-жылдын жыйынтыгы менен Ош шаардык мэриясынын Ардак грамотасы менен дагы бир катар депутаттар сыйланышты.

«Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык аймактык жана айылдык башкармалыктарынын аткарып жаткан иштери жɵнʏндɵ» маселеси каралды.

Анда «Милдет» фракциясынан депутат Жазгʏл Максутова Ош шаарында канча жерге балдар ойноочу аянтчасы куруларын сурады.

Ош мэриясынын уюштуруу-инспектордук жана жергиликтʏʏ ɵз алдынча башкаруу бɵлʏмʏнʏн башчысы Жумамидин Сулайманкулов шаарга 200дɵн ашык балдар ойноочу аянтча куруу пландалганын, бирок зарылчылыкка жараша 60 жайга балдар ойноочу аянтча курулганын билдирди.

«Ынтымак» фракциясынан депутат Азамат Тургунбаев Манас-Ата муниципалдык аймактык башкармалыгындагы курулуштар боюнча сурады. Ал белгилегендей, «Капитал» ресторанынын жанындагы артык баш курулуштар бар экенин, бирок, бʏгʏнкʏ кʏнгɵ чейин чечилбей келгенин айтты. 

Курулуш тармагы боюнча вице-мэр Мирлан Казыбай уулу «Капитал» ресторанынын мамлекеттик актысы бар экенин, бирок артындагы ашканасы 5-6 метрге чыгып кетип, мыйзамсыз болуп калганын айтты.

Казыбай уулу ошондой эле ашканасы боюнча сотко кайрылып, утканын, тиешелʏʏ чаралар колдонуларын кошумчалады.

Аны менен катар эле «Жаңы Кыргызстан» фракциясынан депутат Зарина Чилова Ош шаардык жолдор башкармалыгынын башчысына кайрылып, Эргеш Алиев кɵчɵсʏнʏн №72 дарегине качан барганын сурады.

Ош шаардык жолдор башкармалыгынын башчысы Жеңишбек Шоноев ар дайым эле барып жʏргɵнʏн айтты.

Эл ɵкʏлʏ Алиев кɵчɵсʏн бир тараптуу кылып берʏʏнʏ талап кылды.

«Ишти кылбай эле Ош шаардык билим берʏʏ башкармалыгын, директорлорду кʏнɵɵлɵй бересиздер, ошол кɵчɵнʏ бир тараптуу кылып бериңиздер», — деди депутат.

Маалымат: Чилова Алиев кɵчɵсʏндɵ жайгашкан «Жибек» балдар бакчанын директору болуп иштейт. Аталган бакчада учурунда Чыңгыз Айтматов тарбияланган.

Ош шаарын эки административдик аймакка бɵлʏʏ сунушталды

«Мурас» фракциясынан депутат Кутманалы Абдырахман уулу Ош шаарын эки районго бɵлʏʏ сунушу боюнча сурады.

Ош мэриясынын уюштуруу-инспектордук жана жергиликтʏʏ ɵз алдынча башкаруу бɵлʏмʏнʏн башчысы Жумамидин Сулайманкулов шаардык эки районго бɵлʏп, акимдерди дайындоо ʏчʏн аларга функциялык милдеттерди берʏʏ керектигин айтты.

Эл ɵкʏлʏ ɵз учурунда бул боюнча мэрге да сунуш бергенин, Сулайманкуловду да мэр менен чогуу талкуулап, ушул маселени сунуштап кɵрʏʏнʏ айтты.

Эске салсак, Абдырахман уулу жыл башынан бери Ош шаарын экиге бɵлʏп (Ак-Буура дарыясынын оң жана сол жагы), эки район тʏзʏп, эки аким дайындап, ыйгарым укуктарды берʏʏ керектигин айтып келет.

«Жаңы Кыргызстан» фракциядан депутат Шахназар Бакир уулу «Ош» базарын иштетʏʏгɵ кабыл алуу болгонбу?»  деп сурады.

Биринчи вице-мэр Адилет Шаршеналы уулу базар пайдаланууга алына электигин айтып, кененирээк ƟКМ билерин билдирди.

ƟКМдин ɵкʏлʏ базардын аралыктары боюнча маселе жаралып жатканын айтты.

Адилет Шаршеналы уулу ƟКМ менен биргеликте тыгыз иштеп жатканын айтып, жакын арада чечилерин билдирди.

Ага улай эле «Мурас» фракциясынан депутат Бекболот Арзибаев жаңы базардын жалпы аянты канча аянтты ээлерин сурады.

Биринчи вице-мэр Адилет Шаошеналы уулу 31 гектар аймакты камтырын айтты.

Депутат эгер «Ош» базары толук иштеп баштаса, жылына канча акча тʏшɵрʏнɵ кызыкты.

Вице-мэр эгер Борбордук базар толук иштеп баштаса, 2026-жылдын январынан ижара акы алынып баштаса 350 млн , унаа базардан 120 млн сом акча чогуларын билдирди.

Арзибаев «Ош» базары ɵрт коопсуздугуна толук жооп бербестигин, эгер ƟКМ ɵрт коопсуздугу боюнча уруксат берген болсо, кийин бир контейнерден ɵрт чыгып, маселе жаралып каларын айтты.

ƟКМдин ɵкʏлʏ базарда ɵрт коопсуздугуна шайкеш келбеген жерлери боюнча сунуш бергенин, ошолор жоюлгандан кийин гана кортунду берилерин айтты.

«Жаңы Кыргызстан» фракциясынан депутат Гʏлмира Бекташова «Келечек» базарында бир соодагер каза болгонун, баласы жетим калганын, азыр аталган базарды жаңы базарга жылдыруу боюнча маселе жаралып жатканын, аталган жаранга жардам берилерин же берилбестигин сурады.

Бириинчи вице-мэр Адилет Шаршеналы уулу маселе караларын билдирди.

Ал ошондой эле депутаттардын «базарда канча орун бар?» деген суроосуна болжолдуу 5 миң 900 орун бар экенин айтты.

«Ынтымак»  фракциясынан депутат Эрнист Кожоев вице-мэрдин алдын ала эсептɵɵсʏ боюнча базардан 350 млн сом тʏшɵрʏн айтып: «Муну кантип санадыныздар? Биздин эсеп боюнча 1 млрдга жакын акча тʏшɵт деп сʏйʏнʏп жʏрɵбʏз го», — деди эл ɵкʏлʏ.

Адилет Шаршеналы уулу соода орундуктарына карап, шаардык кеңеш чыгарган токтомдо кɵрсɵтʏлгɵн тариф боюнча эсептелип жатканын, бирок болгону бул алдын ала эле эсептɵɵ экенин айтты.

«Жаңы Кыргызстан»  фракциясынан депутат Мирбек Маматов «Келечек» базары боюнча айтып: «Бул базар жылабы? Мэр «1-мартта жылат» деди эле. Жылабы же саясат болуп, алар дагы нааразы болсо калып кетеби?»,-деди ал.

Адилет Шаршеналы уулу базар 1-марттан 8-мартка чейин толук кɵчʏрʏлɵрʏн айтып, азыр аталган базар 90 пайызга бʏтʏп калганын билдирди.

Ошондой эле «Мурас»  фракциясынан депутат Кутманалы Абдурахман уулу борбордук базардын эски ордуна бешик, аттын такасын жана темир усталарды калтыруу сунуштады.

«Эски базардын орду эмне болот? Сунушум бар да. Этно базар кылып калтырбайлыбы. Бешик саткандарды, аттын такасын, темир жасагандар калса жакшы да. Анткени, Оштун 3 миң жылдан ашык тарыхы бар. Туристтерге да ошол кызык»,- деди депутат.

Адилет  Шаршен уулу эски базардын ордуна парк куруларын, Кытайдан инвесторлор чыгып жатканын айтып, этно базарлар ɵз ордунда каларын билдирди.

Тɵлɵгɵн Касымбеков атындагы проспект пайда болуп, Навои кɵчɵсʏнɵ проспект макамы берилди

Ош шаарындагы бир катар аты жок кɵчɵлɵргɵ ысым ыйгарылып, кээ бир кɵчɵлɵр кайра аталды.

Кʏн тартибине коюлган «Ош шаарынын аймагындагы айрым  георгафиялык  обьекттердин аталыштары жɵнʏндɵ” маселеси каралып, депутаттар аталган маселени колдоп беришти.

Токтом долбоорун ылайык, Манас-Ата муниципалдык аймактык башкармалыгындагы Санжар Касымбеков кɵчɵсʏнɵ Тɵлɵгɵн Касымбековдун ысымы ыйгарылып, проспект макамы берилген болсо, Алишер Навои кɵчɵсʏнɵ проспект деген макам берилип, №47 мектебине Алымбек датканын ысымын ыйгарууга макулдук берилди.

Жаңы ат ыйгарылган кɵчɵлɵрдʏн тизмеси:

1. Ош шаарынын Санжар Касымбеков кɵчɵсʏ Тɵлɵгɵн Касымбековдун ысымы менен кайра аталып, проспект макамы ыйгарылсын.

2. Ош шаарынын Алишер Навои кɵчɵсʏнɵ проспект макамы ыйгарылсын.

3. Ош шаарынын Максим Горький кɵчɵсʏ Адам Закировдун ысымы менен кайра аталсын.

4. Ош шаарынын Ак-Тилек кичи районундагы №18 кɵчɵгɵ Жусупжан Тургунбаевдин ысымы ыйгарылсын.

5. Ош шаарынын Манас-Ата муниципалдык аймактык башкармалыгындагы Хакимжан ажы кɵчɵсʏ Суранчы Жетимишовдун ысымы менен кайра аталсын.

6. Ош шаарынын Коргон кɵчɵсʏнɵн Кайырма каналына чейинки кɵчɵгɵ  Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагери Пакырдин Маматовдун ысымы ыйгарылсын.

7. Ош шаарынын Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын Гʏлабад-Тɵлɵйкɵн айылынын №336 кварталындагы кɵчɵгɵ Кеңеш Казакбаевдин ысымы ыйгарылсын.

8. Ош шаарынын Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын Гʏлабад-Тɵлɵйкɵн айылынын №342 кварталындагы кɵчɵгɵ Абдумуталиб Садировдун ысымы ыйгарылсын.

9. Ош шаарынын Алымбек Датка муниципалдык аймактык башкармалыгынын Достук кичи районунда жайгашкан №73 кɵчɵгɵ Тентимиш Акматалиевдин ысымы ыйгарылсын.

10. Ош шаарынын №47 мектебине Алымбек датканын ысымын ыйгарууга макулдук берилсин.

Бул токтом долбоору Адилет министрлигинен каттоодон ɵткɵндɵн кийин кʏчʏнɵ кирет.

Дооран Токтошев

About The Author