• Вт. Окт 6th, 2026

Ош шамы

Ош шаары жана Ош облусунун жаңылыктары, коомдук-саясий маалыматтар жана гезиттин акыркы чыгарылыштары

Популярдуу темалар

Ош шаардык прокуратурасы: 2025-жылдын декабрь айында 1666 кайрылуу каралып, 839у канааттандырылды

Автор:Osh Shamy

Апр 30, 2026

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2025-жылдын 12-айында жарандардан келип түшкөн 2990  кайрылуулардын ичинен 2915 кайрылуу каралган жана чечилген, анын ичинен чечилгени — 1666, жазык иштерге жана кылмыш иш козгоодон баш тартуу жөнүндө  материалдарына бириктирилген кайрылуулар – 111, көзөмөл өндүрүштөргө бириктирилген кайрылуулар – 314, негизинен чечүү үчүн башка органдарга жиберилген кайрылуулар – 824.

Чечилген кайрылуулардын ичинен КР Президентинин Администрациясынан – 76,   КР Акыйкатчысынан – 15, КР Жогорку Кеңешинен – 14  кайрылууну  түзөт.

Жалпы чечилген 1666  кайрылуулардын ичинен, канааттандырылганы – 839,  четке кагылганы – 154, түшүндүрүү  берилгени —673 кайрылуу түзөт.

Прокурордук көзөмөлдүн тармактары боюнча чечилген жана канааттандырылган жарандардын кайрылууларынын мүнөзү:

-мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө багыты боюнча жалпы 312 кайрылуу чечилген, алардын 86 канааттандырылган;

— тергөө жана алгачкы текшерүү маселеси боюнча 1142, алардын ичинен 720 канаттандырылган. 

— административдик жана жарандык иштер боюнча соттук актылардын мыйзамдуулугу жана негиздүүлүгү маселеси боюнчажалпы 57 кайрылуу чечилген, алардын 4 канааттандырылган;

— кылмыш иштер боюнча соттук актылардын мыйзамдуулугу жана негиздүүлүгү маселеси боюнчажалпы 42 , алардын 3  канаатандырылган;

—башка  маселелер боюнча  113   кайрылуу чечилген, анын ичинен  26    канааттандырылган.

Ош шаарынын прокуратурасынын кызматкерлери тарабынан жалпы 1668  жаран жеке кабыл алынып, алардын ичинен 107 жаран жеке шаардын прокурорунун кабыл алуусунда болушкан. 

Ош шаарынын прокурорунун

орун басары                                                                                                                          З.Тойчубаев

About The Author

Автор: Osh Shamy

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *