25 апреля, 2024

Шахида Алимжанова, модель: “Айрым туугандарым моделдик кесибимди кабыл алгылары келбейт”

Жергебизде жаз. Жаз дегенде эле сулуулук, сулуулук менен кошо аялзаты эсибизге келет. Бекеринен акындар “Жаз жыттанган, наз жыттанган перилер, Жазды мына силер алып келдиңер”деп ырларында жазбаса керек. Бʏгʏн Москва шаарында модель  болуп эмгектенген мекендешибизди сиздер менен тааныштыралы деп турабыз. Анда сулуулукка бирге кɵз чаптырабыз.

“Телеканалда алып баруучу болсом деп кыялданчумун”

-25 жаштамын. Бала кезимден чыгармачылыкка жакын болуп ɵстʏм. Кичинекейимде кɵркɵм сʏрɵт мектебине барчумун. Убакыттын ɵтʏшʏ менен эс тартып калган кезде таежеми кɵрʏп журналист болгум келчʏ. Телеканалда алып баруучу болсом деп кыялданчумун. Мусулман ɵлкɵлɵрʏндɵгʏ ʏй-бʏлɵлɵр сыяктуу атам менин кыялдарыма каршы чыкты. Алар мени чыгармачылыктан эмес, башка тармакта кɵргʏлɵрʏ келди. Чыгармачыл адамдардын ɵзʏңʏздɵр билгендей, кирешеси туруктуу эмес. Ɵткɵɵл курактан кийин ата-энемин жол кɵрсɵтʏʏсʏ менен жашай албасыма кɵзʏм жетти. Бул менин жашоом жана аны мен башкарышым керек. Ата-энем каршы экенине карабай акысыз сʏрɵткɵ тʏшʏʏ курстарына бара баштадым. Анткени мага тажрыйба керек эле. Камера менен кантип иштеш керек, обьектке кантип карайт, менин тандоом боюнча бул фотосессия болду. Фотомодель камера менен иштегенде туура кыймыл-аракетти кɵрсɵтсɵ, туура ракурс, анан мыкты фотограф болсо сʏрɵттɵр ойдогудай чыгып, жыйынтык жакшы болот. Менин акысыз фотосессияларга барганым кийин мени айлык тɵлɵгɵн фотосессияларга жетеледи.

“Жʏрɵгʏмдʏ гана тыңдайм”

-ʏй-бʏлɵм менин бул жолду тандап кетʏʏмɵ каршы болсо да убакыттын ɵтʏшʏ менен бул нерсени кабыл алышты. Атам тараптан айрым туугандарым азыр деле моделдик кесибимди кабыл алгылары келбейт. Анткени, алардын ою боюнча бул уят, ал тургай жаман адам десе да болот. Ооба, дин боюнча бул катачылык, кʏнɵɵ. Бирок бардык адамдар кʏнɵɵ кылат, биз тирʏʏ жанбыз, эч ким жаңылбай койбойт. Менин кемчилигим модель, кимдир бирɵɵдɵ ичимдик, кимдир бирɵɵ аялын урат, камсыз кылбайт, бул деле кʏнɵɵ болуп эсептелет. Мен эч кимди капа кылбайм, кемсинтпейм. Ушундай нерселерден улам эч кимди уккум келбейт, мен ɵзʏмдʏн жʏрɵгʏмдʏ гана тыңдайм.

“Моделдик кесипте эмоционалдык жактан кыйын”

-Кɵпчʏлʏк ойлошот, моделдик иш жɵнɵкɵй, кайсы бир жерде кооз турганың ʏчʏн сʏрɵткɵ тартат, ошол ʏчʏн сен акча аласың. Негизи андай эмес деп айтаар элем, бул иште эмоционалдык жактан кыйын, кимдир бирɵɵ иштеп физикалык жактан чарчайт, кимдир бирɵɵ акыл менен иштеп чарчайт, кимгедир моралдык жактан кыйын. Менин ишимдин да ошондой кыйын жактары бар. Сен ооруп, балким сенин маанайың жок экендигине карабай камерага бактылуулукту, же кайсы бир маанайды беришиң керек. Же кийимдин сага болгон талабын кɵрсɵтʏʏ милдети турат. Бул учурда сен маскаңы кийип, кʏлɵ турган жерде кʏлʏп, керектʏʏ эмоцияны беришиң зарыл. Мындан сырткары мʏнɵздɵп тамак жеп, тулку бойду бир калыпта кармоо зарыл, билинбегени менен бул да эмгекти талап кылат. Кээ бир адамдар айлап иштеген айлыкты сен бир кʏндɵ таап коюшуң мʏмкʏн. Бул иш кʏнʏгɵ боло бербешин да эске алуу керек.

“Боюм узун болсо деген   кыялым бойдон калды”

-Модель десе адамдар бою узун кыздын подиумда басып баратканын элестетишет. Негизинен модель кенен жайылган тʏшʏнʏк. Модель бул кайсы бир кийимди же косметиканы жарнама кылып аткан кыз деле болушу мʏмкʏн. Мисалы, менин боюм ɵтɵ деле узун эмес, тагыраагы 166 см, салмагым 50 кг. Боюм узун болсо деген ал менин кыялым бойдон калды. Ага карабастан мен аракет кылдым, эмнени каалап атсам ошол нерсеге жетиштим жана жетишʏʏгɵ аракет кылып келем. Фотомоделдер ʏчʏн бой ɵтɵ маанилʏʏ эмес. Ошентсе да кɵп бренддер бою узун кызды издешет.

“Сенде каалоо, ишеним болсо алга карай кете бересиң”

-Москвада моделдик чɵйрɵдɵ атаандаштык ɵтɵ кʏч, алтургай чоң десе да болот. Ар дайым ɵзʏмдɵгʏ тынчтыкты сактайын десем да кыжаалатчылыкка тʏшʏп калам. Бирок ага карабай сенде каалоо, ишеним болсо алга карай кете бересиң. Кесибиме байланыштуу Дубайга, Катарга чакырышкан, кɵп мамлекеттерде, шаарларда иштедим. Аларды азыр ɵзʏм да эсептегенден башым адашат. Кайсы бир жерлерде белгилʏʏ блогерлер менен иштештим, кайсы бир жерлерде белгилʏʏ визажисттер боёнтушту. Вера Вонг, Зухаир Муратов ʏлпɵт кɵйнɵктɵрʏнʏн дизайнери менен иштештим. Визажисттер Сердар Камбаров, Гоар Аветисяндар боёнтту. Москвада Эмин Агаларовдун агенттигинде модель катары эмгектенем. Ал чоң ишкер, артист. Бирден бир мʏмкʏнчʏлʏк катары менин боюм менен ушул агенттикте иштесе болот. Калган кɵп агенттиктерде бойго талап коюлат. Бою узун кыздарга ар дайым талап жогору. Албетте, мен дʏйнɵлʏк деңгээлдеги модель эмесмин, кайсы бир кезде мен ошондой боло аламбы, ал дагы белгисиз. Мен чет ɵлкɵдɵ модель болгум келгенин, белгилʏʏ адамдар менен иштешкенди каалаганын орундалды. Чет элдик журналдарга чыктым, бул багытта ɵзʏм менен сыймыктанам. Кɵп моделдерди камсыздаган адамдары бар. Мен тилекке каршы дейбизби же бакытка жарашабы, бардык нерсеге ɵзʏм гана жетиштим, мени эч ким каржылаган жок, бул моралдык жактан кыйын. Ошентсе да кɵп нерсеге жетишким келет.

“Казы жеп кɵрдʏм, аябай жакты”

-Мен Ош шаарында тɵрɵлгɵмʏн, 5 жашыман бери Орусияда жашайм. Мектеп курагым, жаштык, эс тартуу баары Орусияда ɵттʏ. Ошто 4-5 жылда бир болуп турам. Акыркы жолу ɵткɵн жылы бардым. Мага кызык, Кыргызстанда кандайдыр бир долбоор менен модель тармагында иштегим келет. Баары бир бул менин ɵлкɵм, менин ата-энемин туулуп- ɵскɵн жери. Кыймылсыз мʏлк сатып алгым келет. Себеби келген учурда тынч, ɵз ʏйʏмдɵ жашагым келет. Мен бир ирет Оштун самсасын жеп кɵрдʏм, ошол жетиштʏʏ болду. Анткени, келбетимди бир калыпта сакташым керек. Ошко барган сайын туугандарым мени тамактандыргылары келет. Мен аз-аздан жейм, алар ʏчʏн бул жегеним эсептелбейт. Биз тоё жегенге ʏйрɵнгɵн калкпыз, мен андай кыла албайм. Айтмакчы, казы жеп кɵрдʏм, аябай жакты, Москвага ала келсем, инилерим да тамшанып жешти. Мындан сырткары айран, кымызды жакшы кɵрɵм.

Элира Чынтемир кызы