25 апреля, 2024

Бахром Азимов, обончу: “Обон жазбай калганыма жашым себеп болду”

Султан Садыралиев, Мирбек Атабеков сындуу ырчылардын популярдуу  ырларына обон эле жаратпастан сɵзʏн кошуп жазып берген Бахром Азимов деген обончуну баары билсе керек. Султандын “Жɵнɵкɵй жигит», Мирбек Атабековдун “Жʏрɵгʏм”, “Эл тилеги”, “Ошондо жакшы болобу” ырларынын автору Бахром мырза  “Сʏйʏʏнʏн кɵркʏ махабат”  деп Айжамал Кабылова менен болгон дуэти да жакшы колдоо тапкан. Обончуну редакцияга чакырып, убакытты артка кайтарып кɵрдʏк.

“Балдар баарыбыз чыгармачылык менен кеттик”

-Бахром аке, адаттагыдай суроо болсо да сиздеги ыр, обон жазуу таланты кимден ɵткɵнʏн билгим келип турат…

-Менин ата-энем чыгармачылыкка тиешеси жок, башка чɵйрɵнʏн адамдары болгон. Тилекке каршы, азыр экɵɵнʏн тең кɵзʏ ɵтʏп кетти. Атам милицияда, апам курулуш иштери боюнча жетекчилик кызматтарда иштеди. Бирок экɵɵ тең ырдап калышчу. ʏй-бʏлɵдɵ 1 кыз, 3 уулдун эң кенжесимин. Балдар баарыбыз чыгармачылык менен кеттик. Улуу агам Ош шаарында Бабур атындагы ɵзбек музыкалуу драма театрында кɵп жылдан бери эмгектенет. Андан кийинки агам да актёр, куудул. Ошто, Ташкентте эки тарапта иштеп жʏрɵт. Эжем да ырдап калат, бирок чоң сахнага чыккан жок.

-Алгачкы обондоруңуз канча жашыңызда жаралды?

-Биринчи жазган обондорум канча жашымда жазылды ɵзʏмдʏн да так эсимде жок. Менимче мектепте окуп жʏргɵн кездериме туура келет. Бирок, алардын баары менде сакталбай калды. Кийин 90-жылдарда пластинкаларга ɵзʏм жазып баштадым. Ал кезде 17-18 жашта элем. Мектепти бʏткɵндɵн кийин Ташкенттеги музыкалык- театралдык окуу жайга тапшырдым. Ошол учурда  аккордеон, синтезатор менен ойноп Ош шаарында белгилʏʏ болуп калган кезим эле, тынбай тойлорго чакыра беришчʏ. Жаштык кылдымбы, же азгырылдымбы билбейм, окууну таштап Ошко келе бердим. Ошол бойдон окууну бʏтпɵй калдым. Кийин бул жакта Ош мамлекеттик университетинин ɵзбек филологиясына тапшырып, кошумча журналист адистигин алып чыккамын.

-Эргʏʏ тууралуу сурагым келип турат, оюңуздагы кайрыктарды кармап калуу ʏчʏн эмне кыласыз?

-Оюма жакшы кайрыктар келсе телефондун диктофонун ачып, дароо “наа-на-на” деп обонду тʏшʏрʏп койчумун. Кийин студияга келип, баягы кайрыкты обонго салат элем. Билбейм негедир акыркы учурда эргʏʏ жок болуп атабы, андай да кылбай калдым. Акыркы жолу Темир Назаров 2 ыр буюртма берди эле. Ошол ырдын ʏстʏнɵн бир аз иштедик, бирок ал да чала болуп турат, жакшы быша элек. Мен айткан жерлери Темирге жакпай, Темирдин айткан варианты мага жакпай, эскиз бойдон турат. Андан мурун Айжамал Кабыловага да пиянино менен обон жаздым эле, атын унутуп койдум. Айжамал ырдап жатабы жокпу, билбейт экемин. Романс сыяктуу жакшы эле болчу, акыркы эмгектерим ошолор болду.

«Кара кашты» уруксатсыз ырдап…”

-Мындан 15 жыл мурда дейбизби, Султан Садыралиев, Мирбек Атабеков сыяктуу ырчылардын кɵбʏнɵ обон жазып бердиңиз эле…

-Бир мезгилде топ жарып, суурулуп чыккан жаш ырчылардын кɵбʏ менен иштешип калдым. Айрымдарына клип тартып калсак, кɵбʏнɵ обон жазып дегендей. Султан Садыралиев менен бир тууган ага-инидей мамиледебиз. Социалдык тармакта тынбай сʏйлɵшʏп турабыз. Мирбек Атабеков менен мамилем жакшы, качан кɵрʏшʏп калсак жылуу учурашып, сʏйлɵшʏп калабыз, жарыкчылыкта адам ʏчʏн ошол нерседен артык эмне бар!? Канат Култаев жакшы кɵргɵн инилеримдин бири. Канат продюсерлик кылган ошол кездеги балдар Алихан, Даниел, Мирбек баарына обон жазып бергем. Мирбекке “Ошондо жакшы болобудан” сырткары  “Жʏрɵгʏм”, “Эл тилегинин” сɵзʏн да, обонун да жазып бергем. Султан менен 30дан ашык ыр жаздык.

Ушул жерден бир нерсени айта кетейин. Тойлордо аткарылып жʏргɵн “Ай кара каш, кара каш” деген ыр менин ырым болчу. Ырды ɵзʏм алгач 94-жылдары аткарып чыккамын. Учурда кыргыз эстрадасында Аваз Акимов аткарып жʏрɵт. Уруксаты жок эле ырдап алганы ʏчʏн капа болдум. Эч бир авторду айтпай ырдаганына жиним келди. Ырды Нурлан Насип сураган болчу, болуптур ырдай бер дедим. Андан мурун ɵзʏмдʏн устатым Гʏлшайыр эже сураганда берген эмес элем. Анан Аваз уруксаты жок эле ырдап салды. Нурлан ырдабай калды, анан Нурланга чалдым. “Сага ыр берсем, сен Авазга берипсин го” десем Нурлан  “мен сизге таарынып жʏрɵт элем, мага да, Авазга да макул деп коюптур” деди. Анан Авазга чалып, жок дегенде автордун аты- жɵнʏн жазып, айтып ырда дедим. Ырдын сɵзʏн Адыл Мирзабаев жазган, обону меники. “Кара кашты” мен ɵзʏм ырдап чыгып белгилʏʏ кылгам. Менден кийин Ɵзбекстан, Казакстандагы туугандар алып ырдап жʏрʏштʏ. Кыргызча вариантын Асыл деген аке ырдап чыккан, фамилиясын унутуп калдым. Ал мезгилде оюма келбесе керек, кийинчерээк патенттедим. Биз мусулман адамбыз, эч кимге эч нерсе деген жокмун. Аваз менен жолубуз кесилишкен жок. Ошого телефондо айттым “иним, соттошпой эле коелу, сурашың керек, сен сурабаганың ʏчʏн мен азыр миң доллар десем деле боло берет, алып сал” дедим, Соло медиага чалдым алып салгыла деп алар да макул деп, бирок алышкан жок, алар Авазга чалып, Аваз мага чалып, акыры Кудайга койдум дедим.

“Ырчылар кɵрсɵ эле обон жазып бер деп калышат”

-Учурда ишкердик жаатка ооп кеттим, обон жазбай калдым дедиңиз…

-Мени ырчылар кɵрсɵ эле обон жазып бер деп калышат. Обон жазбай калганыма жашым себеп болду. Биз азыр заманбап эмеспиз. Заманбап обон жаралыш ʏчʏн технология да заманбап болушу керек. Жакшы студия жакшы акчаны талап кылат. Бааны кɵтɵрʏп койсоң ал баага ырчылар кɵнбɵйт, аппаратураны актабайт. Мага бир ишти эптеп-септеп кылган жакпайт, жасасаң мыкты жаса, болбосо кылба, ошондой принцибим бар.

-Сɵз соңунда сиз ʏчʏн эркин микрофон болсун.

-Келинчегим экɵɵбʏз 3 уулду тарбиялап атабыз. Бир кызым бар, келиним десем капа болуп калбасын, кызымдай болуп калды. Учурда небере жытына мас болуп турабыз. 2 айлык неберебиз бар, Аллага шʏгʏр, чоң эне, чоң ата статусуна ээ болдук. Мени эстегениңиздер ʏчʏн рахмат, менин обондоруму уккан ошол кездин жаштарына салам!

Сɵз соңунда жаштарга айтып кете турган сɵзʏм бар эле. Белгилʏʏлʏктʏн туу чокусунда турганда жолдон ар нерсе чыгат. Кɵбʏ сени алдайт. Ошондон сактануунун бир жолу бул намаз, дин. Ошондо узак барасың. Мен кɵп ырчыны кɵрдʏм, катуу кɵтɵрʏлʏп барып, аягы тез эле ɵчʏп кетишет. Белгилʏʏ болуп турган кезде кɵп нерсе болот, бирок баары убактылуу. Атактуулук жок кезде жаныңдагы адамдар да жок болуп кетет. Ушул нерсени да унутпашыбыз керек деп ойлойм. Мени эстеп маекке чакырган сиздерге да рахмат.

Элира Чынтемир кызы