29 марта, 2024

Кɵктɵмдɵ кɵчɵт базары кызыды

Планетабызда калктын кɵбɵйʏшʏ менен курулуштардын саны кʏн сайын артып, дʏркʏрɵгɵн завод-фабрикалар тынымсыз иштеп, транспорттун тʏрлɵрʏ жерде да, сууда да, абада да зуулдайт. Мындай тездик менен ɵнʏгʏʏ акыры жашыл аймакка муктаж кылып, бʏгʏнкʏ кʏндɵ бʏт дʏйнɵ таза аба, таза экология ʏчʏн алпурушууда. Табигый тамак-аш тартыштыгы кʏчɵп бараткандыктан дыйкандар менен багбандардын талыкпаган эмгеги коом ʏчʏн ого бетер маанилʏʏ. Экология темасы козголгон жерде дарактар жɵнʏндɵ сɵз болбой койбойт, жаз мезгилин утурлай дарактардын санын кɵбɵйтʏʏгɵ тырышкан шаар, агрономдор, кардарлар жана кɵчɵт базары жɵнʏндɵ сɵз кылабыз. 

Арзыбек Бɵжɵков, Кɵрктɵндʏрʏʏ жана жашылдандыруу чарба комбинатынын башкы агроному:

“Бак тигʏʏ процесси 3 этапка бɵлʏнɵт”

-Кɵчɵт эгʏʏ мезгили тууралуу кенен айтып берсеңиз…

-Ош шаарынын климатына ылайык, кɵчɵт эгʏʏ мезгили февраль айында башталат. Негизи бак тигʏʏ процессин эки, ʏч этапка бɵлʏп пландаштырабыз. Биринчи этабы февраль айында башталып, ийне жалбырактуу дарактар отургузулат. Аларга можжевельник, туя, арчанын тʏрлɵрʏ, карагайлар кирет. Ийне жалбырактуу кɵчɵттɵр март айынын ондоруна чейин эгилип бʏтɵт. Кийинки этапта ак кайың, каштан, дуб, ясин, клен сыяктуу жазы жалбырактуу дарактардын кɵчɵттɵрʏ эгиле баштайт. Аны улай эле бадалдар тигилип бʏтɵт. Ошентип март айында кɵчɵттɵрдʏ отургузуу иштери аяктайт. Буга чейинки тажрыйбаларыма таянып, жарандарга жаз мезгилинде кɵчɵт эгʏʏнʏ сунуштар элем.

Шаарды жашыл аймакка айландыруу аракеттери

-Аба ырайы канча градус жылуу болушу керек?

-Айрым адамдар кышында эгилген кɵчɵт жɵнʏндɵ сурап калышат. Кышында деп февраль айында башталган кɵчɵт эгʏʏнʏ айтсак болот. Негизи нормативге ылайык аба ырайы -25, -27 градустан тɵмɵн болсо бак тигʏʏгɵ болбойт. Быйыл кыш суук ɵттʏ, ошондуктан кышкы кɵчɵт отургузулган жок. Айрым жылдары кыш жылуу болуп, январь айынын аягында ийне жалбырактууларды отургузган элек.

Жыл сайын кичи райондорду, чоң проспектилердин жээктерин жашыл аймакка айландыруу чараларын кɵрʏп келебиз. Азыркы учурда Ленин проспектисинин жээгиндеги 500-600 метр узундуктагы жер даярдалууда. Жашыл газондун уругу себилип, павлония дарактары отургузулуп, гʏлдɵгɵн мезгилде ɵзʏнчɵ бир дизайн чыга турчу аллеяга айландыруунун аракетиндебиз.

“1 000 тʏп дарак эгʏʏ пландалууда”

-Быйыл шаарга канча тʏп дарак отургузулат?

-Жылдагыдай шаарыбыздын аймагына 1 000 тʏп дарак эгʏʏ пландалууда. 500 тʏбʏ ийне жалбырактуу, калганы жазы жалбырактуу. Негизи Ош шаарынын топурагы ɵтɵ жакшы эмес. Лабораториядан чыккан жыйынтыкка ылайык, топурагы щелочтуу болуп саналат (рH7, 8). Жɵнɵкɵй тил менен айтканда жер арык, азыктарга ɵтɵ бай эмес. Ошондуктан кɵчɵттʏ эгʏʏдɵ жерди нормадан кененирээк кылып казып, 10-15 сантиметрге чейин кара топурак таштайбыз. Эккенден кийин сɵзсʏз кароо керек. Айрыкча алгачкы эгилген жылы кароого ɵтɵ муктаж болот. Андан кийин 4-5 жылга чейин жакшылап караса, тамыры жердин тереңине кирип алган соң андан ары ɵсʏп кетʏʏсʏнɵ шарт тʏзʏлɵт. Биздеги анча-мынча жок кɵчɵттɵрдʏ гана сырттан сатып албасак, дээрлик 4-5 жылдан бери бак-дарактардын уругун ɵзʏбʏз сээп, питомникте ɵстʏрʏп чыгабыз. Кɵчɵт ɵстʏрʏʏчʏ эки чоң питомнигибиз бар. Бири 7 гектар, экинчиси 10 гектардан ашат. 

“Биотʏрдʏʏлʏк – экология ʏчʏн маанилʏʏ”

-Бак-дарактын экологияга пайдасы тууралуу кеңири тʏшʏндʏрʏп берсеңиз?

-Тирʏʏ организмдердин, ɵсʏмдʏктɵрдʏн биотʏрдʏʏлʏгʏ деген нерсе бар. Дарактар да канчалык кɵп болсо экологияга ошончо пайда. Мисалы, ийне жалбырактуу дарактар фитонцид затын бɵлʏп чыгарат. Фитонцид – абадагы зыяндуу бактерияларды, паразиттерди, грибокторду ɵлтʏрʏʏгɵ жɵндɵмдʏʏ. Ал эми жазы жалбырактуу ɵсʏмдʏктɵр ɵтɵ кɵп ɵлчɵмдɵгʏ чаңды ɵзʏнɵ кармап калып, кислород бɵлʏп чыгарышат. Жашоо узактыгын салыштырсак ийне жалбырактуулар  миң жылдап, кээде андан да кɵп жашашы мʏмкʏн. Жазы жалбырактуулар 100 жылдан 500-600 жылга чейин ɵмʏр сʏрʏшɵт.

Маматкалы Шарипов, багбан:

“Жалпы 40-50 миң тʏп кɵчɵт чыгардык”

-Атабыз багбан киши болгондуктан, мен да эс тарткандан бери багбанчылык, дыйканчылык иштерине аралаштым. Азыр бул кесипти кичʏʏ балама ʏйрɵтʏп койгомун. Кɵчɵт сураган кардарлар ар кайсы облустардан келип жатышат. Мисалы, быйыл алма, кокон гилас, шабдалы, жаңгак жана башка мɵмɵ-жемиштердин жалпы 40-50 миң тʏп кɵчɵтʏн чыгардык. Мɵмɵ-жемиштин уругун жерге таштагандан баштап, эки-ʏч жыл аралыгында кɵчɵтʏ даяр болот. Кɵчɵт – кайсы жакка жумшасаң кете берген жаш балага окшош. Жаш мезгилинде туура бутап, жакшы карасаң жакшы ɵсɵт. Эгер кароосуз таштап же туура эмес бутасаң башаламан ɵсʏп чыгат. Кɵчɵттʏ алып жаткан кардарга туура ɵстʏрʏʏ боюнча ɵзʏбʏздʏн кеп-кеңешибизди айтып, тʏшʏндʏрʏп сатканга аракет кылабыз.

Биринчи эккен жылы кɵң, азот сыяктуу минералдык да, органикалык да жер семирткичтерди такыр бербеш керек. Бул кɵчɵттʏн майда тамырларын кʏйгʏзʏп коёт. Шабдалы, кокон гилас кɵчɵттɵрʏ 5-6 метр аралыкта алыс эгилʏʏсʏ зарыл. Жакын эгилип калган болсо, бак чоңойгондо арасына кʏн жакшы тийбей, тʏшʏмдʏʏлʏгʏ начарлайт. Андан сырткары туура бутоону да сɵзсʏз эскертебиз. Туура эмес буталган дарак тʏшʏмдʏʏлʏктʏ артка тартат.

Эл жаз мезгилинде кɵчɵт эгʏʏнʏ адатка айландырган. Биз да кɵчɵттɵрʏбʏздʏн кɵпчʏлʏгʏн жазга даярдап чыгабыз. Бирок, кʏздɵ эксе да болот. Кʏзʏндɵ эгилген кɵчɵт деле кышы менен кар астында жатып, жакшы ɵнɵт. Билген кардарлар кʏздɵ да келгендиктен, кɵчɵт даярдоо убактысын жылдын ушул эки мезгилине ылайыктайбыз.

Базаргʏл Нарматова, жеке ишкер, багбан:

“Кардарлар алманын жарым карлик кɵчɵтʏн сурап жатышат”

-40 жылдан бери кɵчɵт менен алектенем. Кесибим боюнча айыл чарбасынын экономикасы адистигин аяктагам. Учурда ар тʏрдʏʏ сорттогу мɵмɵ-жемиштин кɵчɵттɵрʏн сатып жатабыз. Мисалы, алманын 6 сорту бар. Анын ичине тамыры Европа алмаларына уланган  жарым карликтердин кɵчɵтʏ да кирет. Кардарлар алманын жарым карлик кɵчɵтʏн кɵбʏрɵɵк сурап жатышат. Ал жылда тʏшʏм берʏʏсʏ менен айырмаланып, 50 жылга чейин жашайт. Ɵзʏбʏздʏн кадимки алма кɵчɵттɵрʏ да 50 жыл жашайт. Ал деле жакшы, эми элдин тандоосуна жараша сатып жатабыз. 2-3 жаштагы кɵчɵттɵр болуп бɵлʏнɵт. Бир жылга болсо да эрте тʏшʏмгɵ кирет деп   3 жаштагы чоң кɵчɵттɵрдʏ алышат. Негизи 2 жаштагы кɵчɵттɵр да жакшы каралса жакшы ɵнʏп, чоңоёт.

Кɵчɵттʏн ɵтʏмдʏʏ тʏрлɵрʏ

Кɵчɵт базарда алма, кокон гилас, алмуруттардын тʏшʏмʏ жакшы баалангандыктан, кардарлар ушул мɵмɵ-жемиштердин кɵчɵттɵрʏнɵ басым жасап жатышат. Мындан сырткары анар, курма, инжир, бадам жана башка бардык кɵчɵттɵрдʏн тʏрлɵрʏн чыгарышыптыр. Кокон гиластин июнь айында быша тургандарын кɵп алышат. Бул сорттогу гиластин сабагы узун, мɵмɵсʏ ɵрʏктɵй чоң болуп, катуу келгендиктен канаттуулар да чокуп кетпейт. Мɵмɵ-жемиштен сырткары арчанын тʏрлɵрʏ, декоративдʏʏ дарактарды жана роза гʏлдɵрдʏн кɵчɵттɵрʏ сатылууда.

Айжылдыз Тойчиева