20 апреля, 2024

Коомдук угуудан: “70-80 пайыз шаарыбыздын баягы эле кɵйгɵйлɵрʏ”

Ош шаардык мэриясы Ош шаарын 2023-2026-жылдарда социалдык-экономикалык ɵнʏктʏрʏʏ жана калкты социалдык жактан коргоо программасы боюнча коомдук угуу ɵткɵрдʏ. Ага мэрдин биринчи орун басары Марс Исаев, шаардык Кеңештин тɵрагасынын орун басары Кушбак Шайиев баштаган эл ɵкʏлдɵрʏ, мекеме-ишканалардын жетекчилери, жарандык активисттер катышып, сунуштарын беришти.   

Жалпы баасы 13 миллиард 136 миллион сомго бааланган

Коомдук угууну мэрдин биринчи орун басары Марс Исаев ачып, долбоор менен тааныштырды. Долбоор учурдагы кырдаалды, ɵнʏгʏʏ кɵйгɵйлɵрʏн, алсыз жана кʏчтʏʏ жактарды, тобокелдиктер жана мʏмкʏнчʏлʏктɵрдʏ, ошондой эле шаардын 2026-жылга чейинки орто мɵɵнɵттʏʏ келечегин, андан тышкары Ош шаарынын социалдык-экономикалык ɵнʏгʏʏсʏнʏн  2023-2026-жылдарга болгон маселелерин сʏрɵттɵйт. Мындан сырткары долбоор мэрия, чакан жана орто бизнес, жарандык коом, потенциалдуу инвесторлор ʏчʏн жалпы багыттарды белгилейт, “ɵсʏш чекиттерин” аныктайт. Муниципалдык максаттуу программаларды жана жергиликтʏʏ ɵнʏгʏʏ боюнча пландарды, долбоорлорду ɵнʏктʏрʏʏнʏн, мониторинг жʏргʏзʏʏ жана баа берʏʏнʏн негизи болуп саналат. Анын жалпы баасы 13 миллиард 136 миллион сомго бааланган:

-Мыйзамдын талабы боюнча мэр жаңы кызматка келгенде ʏч айлык мɵɵнɵттɵ ɵзʏнʏн социалдык-экономикалык ɵнʏгʏʏ планын иштеп чыгып, коомдук талкууга коюп, эл менен акылдашып, шаардык Кеңеш аркылуу бекитиши керек. Мында мурунку программадагы кɵйгɵйлɵр дагы камтылды. 70-80 пайыз шаарыбыздын баягы эле кɵйгɵйлɵрʏ. Кайсы мэр келбесин шаардагы орчундуу кɵйгɵйлɵр биринчи орунга коюлат. Себеби ал маселелер чечилʏʏсʏ керек. Андан сырткары долбоордун 20-30%ы жаңы идея, сунуштар менен толукталып, коомдук талкууга чыгууда. Ал эми буга чейинки “Келечекке татыктуу шаар” программасынан бɵлʏнгɵн мɵɵнɵтʏнɵ ылайыктуу иш чаралар аткарылды.

Бул программанын аталышы боюнча да сунуш берʏʏдɵбʏз.  Ош шаары 3000  жылдык тарыхы бар бай шаар болгондугуна байланыштуу “Улуу Жибек Жолун жандандыруу” деген аталышты сунуштап жатабыз. Коомчулук дагы сунушун берсе, сɵзсʏз эске алабыз.

“ПЛАНДЫ 2-3 ЖЫЛГА ЭМЕС, 15-20 ЖЫЛГА КОЮШУБУЗ КЕРЕК”

Иш чаранын жʏрʏшʏ тууралуу эл ɵкʏлʏ, шаардык Кеңешинин тɵрагасынын орун басары Кушбак Шайиев жаңы программа абдан жакшы тʏзʏлгɵнʏн, бирок узак мɵɵнɵттʏʏ программа кабыл алуу зарылдыгын айтып, ансыз алдыга жылуу мʏмкʏн эместигин белгиледи:

-Кайсы бир жерге жаңы жетекчи келбесин мɵɵнɵтʏнʏн аягына чейин иштесе жакшы болмок. Ар бир жетекчи ар тʏрдʏʏ да. Мурдагы жетекчи келип дагы бекиткен, бʏгʏн жаңы мэр дагы программасын бекитʏʏдɵ. Ар алмашкан сайын жетекчилер келип, программаны ɵзгɵртɵ берсе бизде жылыш болбойт. Ошондуктан, биз планды 2-3 жылга эмес, 15-20 жылга коюшубуз керек. Коомдук талкууларды уюштуруп, узак мɵɵнɵттʏʏ программаларды кабыл алсак, анда мэр жыл сайын алмашабы айырмасы жок, ошол программанын негизинде иштеп кете бермек. Шаар ошондо алдыга жылмак. Жаңы программа дагы эң жакшы, бардык маселелер, туризмди ɵнʏктʏрʏʏ бʏт камтылган. Бирок, бул канчалык деңгээлде аткарылат деген маселе турат. Шаарда биринчи кезекте ишкерлердин маселелерин чечип берʏʏ керек. Анткени ишкерлер жумуш орун тʏзʏп беришет, салык тɵлɵшɵт. Анын негизинде жергиликтʏʏ бюджет кɵтɵрʏлɵт. Бюджеттин эсебинен социалдык маселелер чечилет.

“Бала бакча куруу эмес, шарты бар жарандарга бала бакча ачууга жардам берʏʏнʏ сунуштайм”

Ал эми “Интербилим” коомдук уюмунун жетекчиси Гʏлгаакы Мамасалиева коомдук угууда калаа башчысы ɵзʏ катышып, убадаларын ɵз оозунан уксак жакшы болмок деген пикирин айтып буларга токтолду:

— Бизге калаа башчысынын ɵзʏнʏн убадасы керек эле. Менде да программа боюнча суроолор бар болчу. Маселен, 15 жыл мурун кабыл алынган башкы планда 400гɵ жакын бала бакча курабыз деген экенбиз. Аны бɵлʏп келгенде жылына 30-50дɵн бала бакча куруу керек. Анткен менен 150-200 миңге жакын бала мектепке чейинки билимди албай келʏʏдɵ. Ошол себептʏʏ биз бала бакча куруу эмес, шарты бар жарандарга бала бакча ачууга жардам берʏʏ тууралуу сунушту берели дегенбиз. Курулушка кеткен акчаны бала бакча ачкан адамдарды окутууга же алардын шарттарын жакшыртууга жумшасак бир кыйла эффект болмок. Тагыраагы, 150 орундуу бала бакчанын ордуна жогорудагы ыкмага салсак, ошол эле каражатка 15 балдар бакчасын ачууга мʏмкʏнчʏлʏк бар.

“МУНИЦИПАЛДЫК АСФАЛЬТ ЗАВОД БОЛМОЮН ЖОЛДОРУБУЗ ОҢОЛБОЙТ”

Жыйындын жʏрʏшʏндɵ жарандык активист, шаардык Кеңештин мурдагы депутаты, эколог Абдижапар Аккулов да ɵз сунуштарын айтып, жаңы мэр мурдагы программанын ɵзɵгʏн сактап калуу менен ɵзʏнʏн жаңы сунуштарын кɵрсɵтʏп жатканын кошумчалады:

-Азыр эми шаар, калк ɵсʏп, шаардыктар заманбап жашоону эңсеп калышты. Аларга шарт тʏзʏʏдɵ конкреттʏʏ программа керек. Мыйзам ушундай экен, жаңы мэр келди, негизинен мурдагы программанын ɵзɵгʏн сактап калуу менен ɵзʏнʏн жаңы сунуштарын берʏʏдɵ. Ага чейин шаардык Кеңештин депутаты катары сунуштарды берип келсем, бʏгʏн жаран катары да ɵзʏмдʏн сунуштарымды айтуудамын. Мисалы, таза суу маселесин чечʏʏ боюнча. Ɵткɵн жылы Ак-Буура дарыясынан 2,5 км аралыктан суу тартып келʏʏ тууралуу эки жолу тендер ɵтʏп, бирок подрядчы компания тандалган жок. Мунун себебин инфляция менен тʏшʏндʏрʏшʏʏдɵ. Менин жеке сунушум аталган аралыктан сууну тартып келʏʏнʏн альтернативдик жолдорун издесе болот. Бир кыйла арзан вариантын сунуштадык. Ошондой эле сууну ʏнɵмдʏʏ пайдалануу максатында сугат суу системасын тʏзʏʏ боюнча да пикиримди айттым. Мындан сырткары асфальт завод, шаардын экологиясы тууралуу да сунуштарды бердик. Шаардын ɵзʏнʏн муниципалдык асфальт заводу болмоюн, жолдорубуз дагы оңолбойт. Бул жагынан бир топ маселени чечсе болот.

Жумагʏл Кочкорбай кызы