18 апреля, 2024

YМYТТƟРГƟ, КYЙYТТƟРГƟ ОРОЛГОН ОНКОЛОГИЯ

Patient während Bluttransfusion (intravenöse Infusion von Erythrozytenkonzentraten)

Дʏйнɵлʏк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматына ылайык, рак илдети 2020-жылы 10 миллионго жакын адамдын ɵмʏрʏн алган же каза болгондордун ар бир алтынчысы аталган оорудан ɵлʏмгɵ дуушар болгон. Ал эми Кыргызстанда онкологиялык оорулар менен 30 миңге жакын адам катталган. Тʏштʏк региону боюнча каттоодо тургандар 5,5 миңди тʏзɵт. Аталган илдет менен дарылоону республикада эки борбор ишке ашырып келет.

Жакында эле журналист Азамат Абсаттаров фейсбук социалдык баракчасында жакын тууганына онкологиялык оорулуу деп диагноз коюлуп, эки операцияны баштан кечиргенин, бирок Орусиядан келген анализдин жыйынтыгы залалдуу шишиктин жоктугун кɵрсɵткɵндʏгʏ, Ош облустар аралык онкологиялык борборунан  химиятерапияга жɵнɵтʏлʏп, бирок ал жактан кайра текшерʏʏгɵ сунушталып, Бишкектен да химия алууга зарылчылык жок болгондугун ырастаганын айткан видео жарыялап, элди онкологиялык оору деп диагноз коюлганда бир-эки дарыгерге гана эмес, бир нече дарыгерге текшертʏʏгɵ чакырган. Мындан улам нааразачылыктарын, даттанууларын айткандар кɵбɵйʏп, социалдык желеде чоң талкууга жем ташталды.

Ал эми айтылгандарга жооп катары онкологиялык оорукананын абалын билʏʏ ʏчʏн Ош облустар аралык онкология борборуна баш бактык. Мекеменин жетекчиси Зарипа Паизова суроолорубузга жооп берди.

-Онкологияда бʏгʏнкʏ шарттар, абал кандай?

-Ɵлкɵдɵ онкологиялык оорулууларды тейлеген борбордо улуттук онкология борбору жана Ош облустар аралык онкологиялык борбору бар. Биздин борбор тʏштʏк региону боюнча тейлеп, онкологиялык жардам кɵрсɵтɵт. Азыркы кезде 100 койкалуу оорукана болуп эсептелет. Албетте, бардык жактан жетиштʏʏбʏз деп айта албайбыз. Учурда мамлекет тарабынан кɵп колдоо болууда. Былтыркы жылы жогорку технологиялар фондунан канча жылдан бери ала албай жаткан дарыларды алдык. Ал дарылар бʏгʏнкʏ кʏндɵ ооруларга бекер берилʏʏдɵ. Мында жалпы 133 кызматкер болсо, анын 28и врач, 43ʏ медайым, 49у санитардык кызматкер болсо, калганы чарбалык кызматкерлер. Былтыркы жылы 2687 оорулуу дарылап чыгардык. Ошондой эле жылына орто эсеп менен миңден ашык адам рак оорусу менен биринчи жолу каттоодон ɵтɵт. Ал эми тʏштʏк региону боюнча 5,5 миң оорулуу каттоодо турат.

-Орулууларга диагноз коюу, дарылоо этаптары тууралуу айта кетсеңиз. Жакында эле коомчулукта катуу талкуу болду?

-Онкологиялык ооруларды химия терапияга жɵнɵтʏʏ ʏчʏн биринчи кезекте сɵзсʏз тʏрдɵ гистологиялык изилдɵɵлɵрдɵн ɵтʏп, диагноз толук коюлгандан кийин гана жиберилет. “Адашып химияга жазып бериптир” деген сɵздɵр айтылууда. Жакында эле бир учур катталган, анда биринчи диагноз рак деп коюлган. Аны эки-ʏч жерден текшерʏʏдɵн ɵткɵрдʏк. Бул эркектердин кɵкʏрɵк безиндеги оору, рак эмес, ракка айланып кетʏʏчʏ оору болуп эсептелет. Бирок, ал жарандын дарылануусу ɵтɵ туура болгон. Операция жолу менен аденоманы алып койгонубуз жакшы болду, эгер албаганыбызда ал кайрадан ɵсʏп чыкмак. Мисалы ʏчʏн кээ бир ооруларды дарылап, алып салгандан кийин да кайра-кайра ɵсʏп, пайда боло берет. Ошондуктан бизде 99% сɵзсʏз тʏрдɵ диагноз аныкталып туруп   химия терапия ɵткɵрʏлɵт. Жогорудагы маселе боюнча ʏч врач, эки химия терапевт, хирург, гистологдорубуз чогулуп, биргеликте чечишти. Ал жарандын диагнозунда химия терапия ɵткɵрʏʏгɵ да болмок.

Онкологиялык оорулар залалдуу жана залалсыз болуп экиге бɵлʏнɵт. Ар бир оорулуу кайрылганда бʏт анализдери текшерилип туруп, анан операция кылуу керек негизи. Кайра кайталанып операция жасалган учурлар бар. Себеби кийинки учурда кыздарда ɵнɵкɵт мастит кɵп болууда. Анын кɵлɵмʏнɵ жараша операция болот. Мында кɵкʏрɵктʏн ʏрпʏ менен байланышкан болуп, кичине гана калдыктар калып калган болсо, кайра кайталанышы мʏмкʏн. Оорунун очоктору ар жерде жайгашышы толук ыктымал. Бир жерде тазаланса, экинчи жердегиси кийинчерээк билиниши дагы мʏмкʏн.

-Буга чейин бейтаптар арасынан нааразычылыгын билдирип, сотко чейин жеткен маселелер болду беле?

-Албетте, беш кол тең эмес. Айрымдар кичине нерсеге ыраазы болушса, кээде чоң иш жасасаң деле нааразы болгондор болот. Соттук маселелер болгон эмес. Бирок, нааразычылыктар болгон. Мындай маселе бир эле биз менен чечилбейт. Жетекчиликтин ʏстʏнɵн дагы текшерʏʏлɵр жʏрɵт. Буга чейин бир жолу талаштуу маселе жаралган. Анда да биздин дарыгерлердин тактикасы туура болгондугу далилденген.  

-Эмне ʏчʏн диагноз коюу, изилдɵɵ чет ɵлкɵлʏк лабораторияларда жʏргʏзʏлɵт?

-Бизде молекулярдык, генетикалык деңгээлде текшере турчу лабораториялар жок. Бишкектеги улуттук онкология борборунда бар, бирок алар ɵздɵрʏнʏн оорулууларын гана текшергени мʏмкʏнчʏлʏктɵрʏ бар. Ошол себептʏʏ анализдер башка мамлекеттерге жɵнɵтʏлɵт. Мындай текшерʏʏлɵрдʏ жʏргʏзɵ турчу жеке лабораториялар дагы жок. Буюрса, ɵзʏбʏз аппарат алып, орноштурууга аракет кылып жатабыз. Ал ʏчʏн адистерибизди да окуудан ɵткɵрʏп, даярдоодобуз. Быйылкы жылы акча бɵлʏнʏп калса, керектʏʏ жабдууну алабыз.

-Дарыгерлердин тажрыйбасын арттыруу максатында да иш чаралар жʏрʏп жатабы?

-Биздин адистер Италия, Орусия, Казакстан жана башка чет мамлекеттерге барып, тажрыйбасын арттыруу максатында атайын окуудан ɵтʏп келишʏʏдɵ. Ошондой эле башка фонддор, демɵɵрчʏлɵр менен сʏйлɵшʏʏлɵрдʏ жʏргʏзʏп, акысыз окуудан ɵткɵрʏп келʏʏнʏ да колго алуудабыз. Ɵзʏбʏздʏн кʏчʏбʏз менен да барып тажрыйба арттырып келʏʏдɵбʏз.

-Жарандар тарабынан айтылган сындар сиздердин жумушуңуздарга болгон жоопкерчиликти дагы да кʏчɵткɵндɵй…

-Ооба, бизде кемчиликтер жок деп айткандан алысмын, кемчиликтер болот. Менин иштегениме 32 жыл болду. Онкологиялык ооруулар ɵтɵ кылдаттыкты талап кылат. Оору так аныкталмайынча бейтапка дагы айта албайбыз. Качан гана оору так аныкталганда химия-терапевт, хирург, гистолог сыяктуу тиешелʏʏ дарыгерлер биргеликте дарылоо жолун чечишет.

-Рак дегенди ар бир адам оор кабылдайт эмеспи. Бейтаптарга психологиялык колдоо дагы кɵрсɵтʏлɵбʏ?

-Мында ар бир дарыгер психолог. Келген оорулууну психологиялык жактан анализдеп кɵрʏп, анан оорусу тууралуу айтылат. Мисалы, чет мамлекеттерде адамга диагнозу боюнча ачык айтылып, дарылоо жолдору бейтап менен кеңешилет. Бирок, бизде менталитетке байланыштуу дейбизби бир аз башкачараак. Айрым оорулуулар Бишкекке барганда “мындай оору экен, силер айткан жок элеңер” деп бизге капа болуп келишет. Ошондуктан, ар бир оорулууга жекече мамиле жасалат. Так диагнозу тууралуу жакындарына сɵзсʏз айтылат.

Онкологиялык оору дегенде эле кɵпчʏлʏк “болду ɵмʏрʏмдʏн бʏткɵнʏ” деп ɵлʏмдɵн башканы ойлобой калышат. Азыр антип ойлобош керек. Медицина алдыга жылууда, ал тургай тɵртʏнчʏ даражадагы оорулууга да жардам берʏʏгɵ шарттар жаралып, ɵмʏрʏн узартуудабыз. Мындай мисалдар кɵп эле. Андыктан онкология дегенде акыркы чекти ойлобостон, кандай жардам болсо, аны туура кабыл алып, дарылануусу керек. Ошондой эле кɵбʏнчɵ медицинага эмес, башка ыкмаларды колдонуп оорусун дарылап, убактысын текке кетирген оорулуулар келишʏʏдɵ. Эгерде адамдар ɵзʏнɵн кандайдыр бир шектʏʏ ооруну байкашса, дароо келип убагында дарылануусу керек. Оорунун биринчи даражасында кайрылса, 90%  айыктырууга болот.  

Жумагʏл Кочкорбай кызы