23 апреля, 2024

“Жашоомдогу аялзат”

“Ак куу жок кезде кɵл кɵрксʏз, аял жок кезде эр кɵрксʏз”  деп улуу акын Байдылда Сарногоев аялзатын даңктап ɵткɵндɵй, биз да бʏгʏн аялзатын даңктагыбыз келип турат. Жаз менен кошо айымдардын майрамы кирип келди. Бир колу менен дʏйнɵнʏ, бир колу менен бешикти терметкен апалар бир кʏн эле эмес, кʏн сайын мактоого татыктуу. Ошентсе да коомдо эл жʏгʏн аркалаган Ош шаардык Кеңешинин депутат мырзалары бизге апасын, жубайын, чоң энесин, кызын айтып берип, майрамдык шаң тартуулашты.

Эсенбек Арзиев ɵмʏрлʏк жубайы тууралуу:

“ЖЕТИШКЕНДИКТЕРИМИН БААРЫНДА ЖУБАЙЫМЫН САЛЫМЫ ТООДОЙ”

-Алгач кирип келе жаткан аялдардын жаз майрамы менен куттуктап кетейин. Жалпы апалар, эжелер, карындаштар, сиздерди 8-март — Айымдардын эл аралык майрамы менен чын дилимден куттуктайм. Кудайым ден соолук берсин сиздерге, эч жамандык кɵрбɵңʏздɵр. Аялзаты бар аалам сакталып турат. Негизи эле дʏйнɵдɵ тынччылык болсун. Тынчтык болсо ар кʏнʏ аялзаты бактылуу.

Жубайым тууралуу айта турган болсом, биз да жаштык кезде сʏйлɵшʏп, бири-бирибизге болгон сезим менен баш кошконбуз. 1998-жылы баш кошкон болсок, быйыл чогуу тʏтʏн булатып келе жатканыбызга 25 жыл болот экен. Экɵɵбʏз 4 балага ата-эне болдук. Ɵмʏрлʏк жарыма ыраазымын, менин барыма, жогума чыдап, жакшы кʏндɵрʏмдɵ, жаман кʏндɵрʏмдɵ жанымда болду. Жетишкендиктеримдин баарында жубайым Анаранын салымы опол тоодой. Ар дайым колдоосун сезем, тʏшʏнʏп турат. Мындай нерсени биз, мырзалар ар дайым айымдардын бетине айта бербейт экенбиз. Ушундай айтуу мʏмкʏнчʏлʏгʏ жаралып калыптыр, айтып калдым(кʏлʏп). Келинчегим  кесиби боюнча мугалим. Окууну бʏткɵн соң аз эле иштеди, ошону менен балдарды тɵрɵп, ʏйдɵ отуруп калды. Учурда балдар чоңоюп калганына байланыштуу ɵзʏ чакан ишкердик менен алектенет. Мен ɵзгɵчɵ баалаган сапаты бул анын жɵнɵкɵйлʏгʏ, анан тʏшʏнʏктʏʏлʏгʏ деп айтар элем. Динге болгон мамилеси аябай жакшы. Аял кишинин динге болгон мамилеси жакшы болсо, эркекке да жашоо жеңил болот экен. 

Арыпбек Айтбаев кыздары тууралуу:

“КЫЗДАРЫМЫН МYНƟЗY, СYЙЛƟГƟНY, КYЛГƟНYНƟН ТАРТА БААРЫ МАГА ОКШОШ”

-Жаш кезде кыздуу болгонуңда уул болсо жакшы болот эле деген сезимдер болот экен. Муну кɵпчʏлʏк биздин элде, менталитетибизде сиңип калган “эркек бала тукум улайт, артымдан из калат” деген тʏшʏнʏктɵр менен байланыштырса керек. Бирок, кийин убакыттын ɵтʏшʏ менен кыздын атага жакын экенин, кыздай кʏйʏмдʏʏ, кыздай мээримдʏʏ жан жок экенине кɵзʏң жетет тура. Жакын санаалаштарым, туугандар кыздарымы кɵргɵндɵ мʏнɵзʏн, баскан-турганын, сʏйлɵгɵнʏн, кʏлгɵнʏнɵн тарта баарын мага окшоштурушат.

Кыздарым чоңойгон сайын бирɵɵнʏн бʏлɵсʏ болорун, чоочун ʏйгɵ барарын эстеп жʏрɵк тыз дей тʏшɵт. Ар дайым билимдʏʏ, ыймандуу кыздардан болушса экен, жакшы жолдош, жакшы кайын журтка барса экен, жашоодо кыйынчылыкка тушукпасын деп Кудайдан тилейм. Анткени эртеби-кечпи кыз бала турмушка чыгып, ɵзʏ тɵрɵлʏп-ɵскɵн ʏйдʏ таштап кетет. Ата катары идеалдуу болууга, аларга татыктуу тарбия берʏʏгɵ аракет кылып келем. Ар бир кыз бактылуу болсун. Мʏмкʏнчʏлʏктɵн пайдаланып жаз менен кошо кирип келген майрамы менен айымдарды куттуктайм!

Эмилбек Раимов апасы тууралуу:

“АПАМ ДАЙЫМА АК ИШТЕ ДЕП АЙТЫП ТУРАТ”

-Менин мʏнɵзʏм атама да, апама да окшош. Келинчегимин да бизге окшош жактары бар. Баарыбыз бири-бирибизди жакшы тʏшʏнʏшɵбʏз. Апам ɵтɵ шайыр адам. Орус мектепте окуп калганы ʏчʏн “орус пейил” деп коёт эмеспи, кеңеш керек болсо бардык маселени ачык талкуулап сʏйлɵшɵбʏз. Баланы чоңойтууда апанын ролу чоң деп ойлойм. Себеби, ата тиричилик менен сыртта болсо, апа балдар менен чогуу, ɵз алдынча болгонго чейин жаныңда жʏрʏп тарбия берет. Эрезеге жеткенде эркек балага тарбияны ата берет экен. Мен кичинекейимде чоң энемдин тарбиясын кɵп кɵрдʏм. Анткени чоң ата, чоң энемдин колунда ɵскɵм.  Кээде кыздарды сындаганда “мен кемпир-чалдын баласы болом, катуу сындайм” деп тамашалап айтып калам (кʏлʏп). Апам болсо жыйырма жашынан тарта мамлекеттик кызматкер болуп эмгектенип келет. Атам жеке ишкерлик менен алектенгендиктен саясат дегенден алыс. Апам мага “дайыма ак иште, эч кимди алдаба, мамлекеттик кызматкер болгондон кийин мамлекет ʏчʏн иштеш керек” деп айтып турат. Менин да бул тармакка баруума апамдын таасири болсо керек. Биздин ʏй-бʏлɵдɵ 8-мартты унутуп калуу деген нерсе жок, себеби 9-март апамдын туулган кʏнʏ. Сɵзсʏз тʏрдɵ аялдардын майрамы, анан апамдын майрамын белгилейбиз.   

Нурислам Каримов чоң энеси тууралуу:

“АЯЛЗАТЫНЫН ЖАШООБУЗДА РОЛУ ЭБЕГЕЙСИЗ ЭКЕНИНЕ ЫНАНАМ”

-Ар бир эне балдарына ɵзгɵчɵ, жакшы тарбия берʏʏгɵ умтулгандай эле менин чоң энем Садихан Каримова да бизди мамлекетке ак кызмат кылууга дайыма ʏндɵчʏ. Мен чоң энемдин жетинчи небереси болом. ʏй-бʏлɵбʏздɵ кыз неберелер аз, уул балдар кɵппʏз. 11 жашымда кɵзʏ ɵттʏ, ошол мезгилге чейин чоң энемдин тарбиясын алдым десем болот. Чоң эне, чоң ата ʏчʏн небере ɵзгɵчɵ ширин болот эмеспи, атама окшош болгондугумдан мени аябай жакшы кɵрчʏ. Атам кезинде фермер болуп, калкка кызмат кылып, барк кʏткɵн адамдардын бири болгон. Чоң энем мага да ошондой адам болуумду каалар эле. Кɵп жомокторду айтып берип, андагы окуялар менен бизди таасирлентип, тарбиялады. Ал биз ʏчʏн дайыма эң жакшы чоң эне бойдон калат. Ар бир аялзатынын биздин жашообузда ролу эбегейсиз экенине ынанам. Апам, жубайым да жашоомдогу эң маанилʏʏ адамдар.

Элира Чынтемир кызы