27 апреля, 2024

Аялдар – ар бир кесиптин мыктысы

Аял – сʏйʏктʏʏ жубай, мээримдʏʏ эне. Аял – учакты да башкарып, ал тургай космосту багындырган ар ишке жɵндɵмдʏʏ жан. ʏй-бʏлɵ менен жумуштун жоопкерчилигин тең алып кетʏʏ оңой эмес. Айрыкча оор кесипти аркалаган аялдар ʏчʏн. Кабагым-кашым дебей коомдун ɵнʏгʏшʏнɵ салым кошуп келе жаткан ɵзгɵчɵ кесип ээлери, асылзат айымдар редакциябыздын коногу болду.

Мээримгʏл Калыкбердиева, Ɵзгɵн РИИБнин балдар иштери менен иштɵɵ инспекциясынын улук инспектору, милициянын капитаны.

“Атам ээрчитип жʏрʏп академияга тапшыртты”

-Кичинекейимде телевизордон милиция кызматындагы айымдар чыгып калса аябай суктанып кɵрɵт элем. Бир жолу Ырысбʏбʏ Сагынбаева деген майор аял чыгып сʏйлɵгɵн. Мен да ушул аялдай милиция кызматкери болом деп кыялдангамын. Убакыт ɵтʏп Эргеш Алиев атындагы Ички иштер министрлигинин академиясына тапшырууну чечтим. Бир топ кыйынчылыктар, тоскоолдуктар болду. Атам мени ээрчитип жʏрʏп академияга окууга тапшыртты. Бул кесипти алып кетишиме агаларым да чоң колдоо кɵрсɵткɵн. Аябай жакшы мугалимдерден билим алдым. Бʏгʏнкʏ кʏнгɵ чейин билим алып келем. Кесибим менен ɵзʏм эле эмес, бир туугандарым, ʏй-бʏлɵм, уулдарым сыймыктанышат.

“Балдар менен тил табыша албаган учурда ɵзʏңдʏ жемелейсиң”

-Жумушум эң биринчиден, адамдык жɵнɵкɵй сапатка ээ болууга ʏйрɵттʏ. Экинчиден, ар ишке так болгонго, жашоого туруктуу кɵз караш менен кароого тарбиялады. Анткени биздин жумушта ар бир адамдын, ɵзгɵчɵ жаш балдардын оюн билип, психологиясын ʏйрɵнгɵнгɵ аракет кылабыз. Алар менен тең курактагы досундай сʏйлɵшʏп, тил табышканга жɵнɵкɵйлʏк сапат маанилʏʏ экен. Сабырдуулук менен олуттуу карап, ошол бала келечекте жаман болбосун, мыкты келечек муунду тʏзʏп берсин деп аракет кылам. Эгерде баланы жакшы жакка буруп, оюн ɵзгртɵ ала турган болсом ал менин ийгилигим деп эсептейм.

Тилекке каршы, коомдо балдар арасындагы кылмыштуулук кɵбɵйʏп жатат. Ар бирин талдап чыкканда жʏрɵгʏң ооруйт. Ата-энеси таштап кеткен балдар бар. Ата-энеси миграцияда жʏргɵн же турмуш шарты оор, мʏмкʏнчʏлʏгʏ чектелген балдар болот. Алардын баарынан кабар алып, мектептерге ал тургай ар биринин жашаган ʏйлɵрʏнɵ чейин барып, ал-акыбалдарын билип турабыз. Айрым балдар ɵтɵ агрессивдʏʏ келип, жакшы сɵз сʏйлɵсɵң да укпай, чыгармачылык же спорттук иш чараларга аралаштырайын десең да кɵнбɵй коомго жат жолдорду тандап кетишет. Мындай учурларда ɵзʏңдʏ аябай жемелейсиң, кʏнɵɵлʏʏ сезесиң. Акыркы убактарда балдар менен иштешʏʏ оорлоп баратат.

“Жумуш кʏндɵрʏбʏз бири-бирине окшобойт”

-Бир кʏнʏ график боюнча тоолуу аймактардын бириндеги мектепке тʏшʏндʏрʏʏ иштерин жʏргʏзгɵнʏ жɵнɵдʏк. Кыштын кʏнʏ, аябай суук, тоолуу аймакка кар да улуу жайт эмеспи. Жарым жолдо машинабыз бузулуп, андан ары бир нече чакырымга жɵɵ басууга туура келди. Кар малтап баратабыз, жол туман, кар уйгу-туйгу жаап жатат. Мектеп тоонун башында жайгашкан экен. Ɵзʏбʏзгɵ билинбептир, тумактарыбыздан бери аппак кар болуп, беттерибиз кызарып аяз атадай болуп кирип барганыбызда мугалимдер аябай кʏлʏшкɵн. Мештерге ысынып алып, анан балдар менен баарлашып, тʏшʏндʏрʏʏ иштерин жʏргʏзʏп келгенбиз.

Жакында эле дагы бир окуя болду. ʏйʏнɵн качкан жаш баланы кармап келип, ата-энесине байланышсак “азыр барганга шарт жок, кечирээк барабыз” дешти. Ата-энеси келсе ɵткɵрʏп берели деп кабинетте кармап отурганбыз. Ал арада чогуу тамактандык. Сырттан бир кызыбыз келип эле, “мына баланы дʏкɵнгɵ алып барып келейинчи” деп калды. Бир нерселерди алып бергиси келсе керек. Макул деп кошуп берсем дʏкɵнгɵ барганда дагы качып кетиптир. Ал кызматкерибиз артынан кууп жɵнɵптʏр, бир ʏйдʏн чатырына чыгып кеткен экен чатырга кошо чыгыптыр. Бир чети кʏлкʏң келет, бир чети бооруң ооруйт. Иште ушундай окуялар катталып турат. 

“ʏй-бʏлɵм мени колдоп турат”

-Элде милиция десе жалаң орой сʏйлɵп, кагып-силккен кызматкерлер иштейт деген тʏшʏнʏк калыптанып калган, чынында андай эмес. Эң мыкты адамдык сапаттарга ээ болгон кызматкерлерибиз кɵп. Аял милиция ʏчʏн жолдошунун колдоосу абдан маанилʏʏ деп эсептейм. Жолдошум жумушуму жакшы тʏшʏнʏп колдоо кɵрсɵтʏп келет. Тɵрт уулубуз бар. Кайненем менен чогуу турабыз. Кайненем да алтын аял. Менин жумушуму тʏшʏнʏʏ менен кабыл алып, жардамын аябайт.

Нурила Кенжебаева, троллейбус айдоочусу:

“Кесиптештерим арабыздагы жалгыз аял деп сыйлашат”

-Мектепти бʏткɵн соң “секретарь машинистка” кесибине тапшырдым. Окуп жʏрʏп, бир кʏнʏ троллейбус айдап бараткан аялды кɵрʏп калдым. Троллейбус айдаганды кантип ʏйрɵнʏп алды экен деп ошондо кызыгуу ойгонгон. Анан айдоочулуктун бул тʏрʏн ʏйрɵткɵн окууларды сʏрʏштʏрɵ баштадым. Тилекке каршы, мындай окуу Ошто жок болуп чыкты. Ошол бойдон бир нече жыл ɵтʏп кетти. Оштогу жибек комбинатында 15 жыл иштедим. Ишкана жабылгандан кийин троллейбустун кондуктор кызматына жумушка бардым. Дагы 10 жыл ɵттʏ. Акыры троллейбус айдоочуларын окуткан окуунун Бишкекте бар экенин угуп калдым. 2013-жылы кайра студент сатусун алып, жаңы кесипти окуп келʏʏ насип кылды.

“Бир жыл слесарь болуп иштедим”

-Троллейбус айдоочусу болуп иштегениме мына 8 жылдын жʏзʏ болду. Эң алгач сыноо мɵɵнɵтʏ менен жумушка келип, троллейбус жетишпегендиктен бир жыл слесарь, жарым жыл ишкананын унаа жуучу жайында иштедим. Иште кыйынчылык болбой койбойт экен. Алтургай бут тосуп, жумушдан кетишими каалагандар да болгон. Азыр кудайга шʏгʏр, баары жакшы. Кесиптештерим арабыздагы жалгыз аял деп сыйлап турушат.

“–Аии, эже, сиз айдап баратасызбы?

–Жок, ɵзʏ жʏрʏп баратат”

-Кээ бир жаштар, студенттер троллейбуска чыгып, айдап баратканыма таңыркай тиктеп калышат. Кашымы серпип койсом чочуп кетип “Аии эже, сиз айдап баратасызбы?” дегендер да бар. Мен да тамашалай “жок, ɵзʏ жʏрʏп баратат, мен жɵн эле отурам” деп жооп берип коём. Бир жолу акыркы рейсимде жʏргʏнчʏлɵрдʏ алып бараткам, кечки саат 8 ден ɵтʏп калган болчу. Бир машина аябай сигнал басат, эмне болду экен деп карасам “терезеңизди ачсаңыз” деп кыйкырып жатыптыр. Аба ырайы суук эле, терезени ачсам “Качан ʏйʏңʏзгɵ киресиз, биз дагы иштейбизби?” деп атпайбы. Таксист окшойт чамасы. Таң аткыча иштейин деп чечтим деп жооп бердим. Жʏргʏнчʏлɵр каткырып кʏлʏп калышты. Ал айдоочу машинанын газын баскан бойдон кеткен эле. Мына ушул сыяктуу кызыктуу окуялар кɵп кездешет.

Кесибим мага абдан жагат, учурдан пайдаланып Бишкекте окуткан агайларыма, дайым колдоо кɵрсɵтʏп турган ишкана жетекчилерине, кесиптештериме терең ыраазычылык билдирем!

Алтынай Мамарасул кызы, эркин кʏрɵш боюнча машыктыруучу:

“Кесибим оор деле эмес”

-Машыктыруучулук кесиби бала кездеги кыялым болчу. Эл аралык мелдештерде, олимпиадаларда кайгырган же кубанган машыктыруучулардын эмоциясы мага абдан кызык сезилер эле. Ошентип кыялдарды ээрчий спорт дʏйнɵсʏнɵ кадам таштадым. Кɵптɵгɵн эмгектин, сыноолордун натыйжасында машыктыруучулук кесибине да ээ болдум. Негизи кесибимдин оор тарабы деле жок. Балдар менен иштешʏʏ мага ырахат тартуулайт. Тарбиялаган окуучуң мелдештерде жеңишке жетсе тɵбɵң кɵккɵ жетип сʏйʏнɵсʏң, утулуп калчу болсо аны менен кошо кайгырасың.

Кʏн сайын 2 сааттан машыгабыз. Машыгуудан кийин денебизди эс алдырып, кɵнʏгʏʏлɵрдʏ жасоого бир саат убакыт кетет. Спортто баланын ɵжɵрлʏк сапаты кɵп роль ойнойт. Эгер ал тайманбас болсо ийгилик жаратары талашсыз.

“Кызым жаңы тɵрɵлгɵндɵ жумушка жетишпей кыйналып жʏрдʏм”

-Учурда бир кызым бар, 2 жашта. Чынында кызым менен алек болуп, мелдештерге кɵп чыгалбай жатам. Кызым жаңы тɵрɵлгɵндɵ жумушка жетишпей кыйналып жʏрдʏм. Ыйлап калган кʏндɵрʏ болгон. Азыр чоңоюп калды, кээде машыгуу залына чогуу келип машыгабыз. 

Машыгуу учурунда кызыктуу окуялар ɵтɵ кɵп болот. Жумасына бир ирет узак жолго чуркайбыз. Адаттагыдай бир кʏнʏ чуркаганга чыктык, окуучуларымын бири капыстан жоголуп калды. Баарыбыз издеп жɵнɵдʏк. Кɵрсɵ ал чуркагысы келбей бир жерде бекинип отурган экен. Таап алдык. Мени кɵрʏп чочуп кетти окшойт,  кɵзʏнɵ жаш толо тʏштʏ, аргасыздан кʏлʏп жибердим. Окуучум мени кучактай калып ыйлап жиберди. Урушпасын десе керек.

 Айжылдыз Тойчиева