25 апреля, 2024

Анаргуль Омарова, косметолог: “Бетти тазалоо мезгил тандабайт”

Кыш ɵз ɵкʏмʏн сʏрʏп, жазга орун бошотту. Жаз менен кошо жергебизге майрам, сулуулук баш багып турган учур. Бул мезгилде айымдар ɵзʏнɵ ɵзгɵчɵ кɵңʏл буруп калат. Жаздын кʏнʏ бетке кандай кам кɵрʏʏ керек, суроого тажрыйбалуу косметолог Анаргуль Омарова жооп берет.

“Коллаген жетишсиз болгон кезде бет ылдыйга карап агып калат”

— Анаргуль айым, азыр жаз келип айымдар бетине ɵзгɵчɵ кɵңʏл буруп аткан мезгил, кыштан чыкканда бет терисине кандай кам кɵрʏп баштоо керек?

-Кыш мезгилинде терибиз сезгич болуп, кургак тартып калат. Жыйынтыгында сезгичтик беттин терисинин бузулуусуна алып келет. Анткени, бет ысыктан суукка чыгып, сууктан кайра ысык жайга киргенине байланыштуу ушундай жагдайлар болот. Жаз мезгили келгенде баары алмашып, теринин барьери башкача болуп калат. Кыш мезгилинде колдонгон косметикалык каражаттарды  жаз келгенде колдонбой койгон натыйжалуу. Беттеги Т зоналар, майлуу беттер жаз келгенде жылтырап калат. Мындайча айтканда, бет терисиндеги витаминдердин жетишсиздиги байкала баштайт. Ошого тери кубарып, бир кылка, тегиз тʏс болбой калат. Бетти азыктандырып, витамын менен камсыздап туруу ʏчʏн ʏй шартында деле маскаларды жасап турса болот. Анан кʏндʏз саат 2ге чейин 2 литрдей суу ичʏʏ керек. Жашы ɵтʏп калган айымдар организмдеги коллагенди толуктап туруусу зарыл. Коллаген жетишсиз болгон кезде бет ылдыйга карап агып калат.

-“Чистка лица” деп коёт го, бетти тазалоо ʏчʏн кайсыл мезгил ыңгайлуу, жазбы, кʏзбʏ же бардык мезгилдерде мʏмкʏнбʏ?

-Бетти тазалоо мезгил тандабайт. Айымдар ойлойт, бетти косметологдун жардамында тазалоо ʏчʏн жаз жана кʏз айларында гана болот деп. Нормалдуу бет терисинин ээси бир айда бир бетке тазалоо жʏргʏзсɵ болот. Болгону ысык мезгилде тазалоодон соң бетти тʏз тийген кʏн нурунан этияттоо керек. Ошого айымдар “жаз келди, кʏн ɵтɵ ысып кетти эми бетти тазалоого болбойт”  деп ойлошот. Жаз, кʏз, кыш, жай экенине карабай айына бир ирет бетти тазалоо ар бир айымга сунушталат. Косметологияда “терең пилинг” деген бар, ал процедура теринин катмарын сыйрып тʏшʏрɵт. Аны кыш жана кʏз айларында жасоого болот.

-Алгач ирет косметологго барган адам эмнеден баштоо керек, дароо эле бет тазалоодон баштоого болобу?

-Биринчи кеп-кеңеш алган соң бетинин терисин аныктап, ошого карап процедура тандалат. Негизи “чисткадан” баштаган туура болот.

-Косметологго барууга шарты жок айымдар ʏй шартында кандай ыкмалар менен бетине кам кɵрʏшʏ керек?

-Бетинде тагы бар адамдар бет терисинин тибине карап ʏй шартында маскаларды жасоого болот. Мисалы, такка арналган маска катары кадимки петрушка ашкɵгʏн кайнатып, бетине маска кылган жакшы. Ошондой эле зайтун майы менен жумурткадан, активдештирилген кɵмʏр кошуп кара точкаларды тазалаганга маска жасаса болот.

“Косметологго келгенде дипломун тартынбастан суроо кажет”

-Акыркы учурда модага айланды дейбизби “Золушка” тамчылатма дарысы тууралуу эмнелерди айта аласыз, баарына эле мʏмкʏнбʏ?

-“Золушка” тамчылатмасы 18 жашка чейинки ɵспʏрʏмдɵргɵ, боюнда бар айымдарга, бала эмизгендерге, кант диабети менен жабыркагандарга, ɵнɵкɵт оорусу барларга болбойт. “Золушканын” курамы бул 3 антиоксиданттан турган коктейль, глутатион, С витамини, тиоктовая кислотадан ( альфа-липоевая) турат. Ошолордун бирɵɵсʏнɵ адамда аллергиясы  болсо да берилбейт. Негизи ɵнɵкɵт оорулары жок, ден соолугу жакшы айымдар алса иммунитетти кɵтɵрɵт, жашартат.

-Азыр аябай косметолог кɵбɵйгɵн мезгил, акчасына кызыгып баары дарылап жатышат. Косметологго барууда эмнесине кɵңʏл буруу зарыл?

-Биринчиден, медициналык билими барбы сурап, тактап барган жакшы. Анан стерильность деген бар, косметологго баргандан кийин эгер шаймандар стерилденбесе кимдир бирɵɵнʏн оорусун жуктуруп алуу коркунучу бар. Ошондуктан буга да кɵңʏл буруу зарыл. Тазалык биринчи кезекте, анан тажрыйбасын сурап коюу ашыктык кылбайт. Азыр интернеттин заманы, бардык тейлɵɵ тармагында иштеген адамдар социалдык тармакта баракча алып барат. Адистин канчалык деңгээлде тажрыйбалуу экенин анын баракчасынан билсе да болот. Учурда кɵбʏ жогорку билими жок, 1 айлык окуу курсун аяктап, билимдʏʏ косметологмун дегендер четтен чыгат. Ошого косметологго келгенде дипломуң барбы деп уялбастан эле суроо кажет.

-Сиз ʏчʏн табигый жолдор менен кам кɵргɵн жакшыбы же кымбат баалуу крем, дарылар менен кам кɵргɵн жакшы натыйжа береби?

-Бет териси 70 пайыз ʏйдɵгʏ кароодон кɵз каранды. Андан соң косметологго келип дарылоо жʏргʏзʏʏ жакшы натыйжа берет. ʏй шартында бетин кароо начар болсо косметологияда да жыйынтык жакшы болбойт. Ошон ʏчʏн макияж менен уктоо туура эмес, баары эмес, бирок айрым учурда макияж менен уктаган айымдар да бар. Макияждан кийин ар бир баскыч аркылуу бетти тазалап анан жаткан жакшы. Туура, кымбат кремдер толтура, кымбатынан алам деп ага жармашып алган да болбойт. Алгач кремдин курамы менен таанышып чыгыңыз же сунуш кылган адистен сураңыз, ошол маанилʏʏ. Эгер курамында табигый нерселер болсо албетте, жакшы. Анан кымбат кремдерде химикат кɵп, балким гормондор да болушу мʏмкʏн, ага беттин териси кɵнʏп алат.

“Беттин картаюу процессине карап дарылоо жʏргʏзʏʏ керек”

-Бет терисинин тʏрлɵрʏ боюнча айта кетсеңиз, кээ бир адамдар бат эле кʏнгɵ кʏйʏп калса, айрымдары жыл бою аппак бойдон жʏрɵ беришет…

-Кʏнгɵ кʏйгɵн жана анчалык кʏйбɵгɵн терилер бул теринин тибинен кɵз каранды. Негизи адамда теринин 6 фото тиби бар, биринчи фототиптер аппак адамдар, экинчиси бир аз агыраактар, ʏчʏнчʏсʏ андан бир аз ак, ошентип 5-6-фото типтеги адамдар кара торулар болуп эсептелет. Алар кʏнгɵ тез кʏйʏшɵт. Ошондой эле тери аралаш (комбинированный), майлуу, кургак, нормалдуу жана сезгич болуп бɵлʏнɵт.

Беттин картаюу процессине карап дарылоо жʏргʏзʏʏ, ага карап кам кɵрʏʏ керек. Мускулдуу, майда бырыштуу, деформациялык деген тʏрлɵрʏ бар, аны кɵбʏ эле биле бербейт. Карылыктын тибине карап дагы процедура жасаш керек.

-Айымдар тууралуу сʏйлɵштʏк, эми жаш кыздар тууралуу эмне айта аласыз, алар сизге кандай кɵйгɵйлɵр менен кайрылышат?

-Алгач жаштарга кеңеш катары айта кетейин, кɵп жаштар синафлан, гидрокортизон деген дарыканадагы арзан кремдерди колдонуп жʏрʏшɵт. Туура, аны тʏнʏ коюп жатса эртеси аппак болуп, тери жакшынакай кɵрʏнʏп калат. 1-2 ай колдонуп жʏргɵн соң бетке безеткилер чыгып, так тʏшʏп, тʏктɵр пайда болуп, бети кайра начарлай баштайт. Мага “синафлан койдум эле” деген жаштар кɵп келет. Алар беттин алдындагы демодекоз деген куртту козгоп алышат. Ошондуктан жаштар крем коюуда абайлашса, жаш кыздар бетин бат эле “бузуп” алып жатышат.  

Элира  Чынтемир кызы