19 апреля, 2024

Уйку безинин рагы – сейрек кездешкен, ɵтɵ агрессивдʏʏ оору

Белгилʏʏ  “Apple” компаниясынын негиздɵɵчʏсʏ Стив Жобсту дʏйнɵнʏн алдыңкы дарыгерлери да куткара албай калган. Ал 56 жашында уйку безинин рагынан улам каза болот. Бизге анчейин байкалбаганы менен шаарыбыздагы онкология борборуна да ушул оорунун айынан жылына жыйырмага жакын бейтап кайрылат. Уйку бези рагынын баштапкы 1-2-стадиясында адам ɵмʏрʏн сактап калууга мʏмкʏн дейт адистер…

Эсенбаев Абакир, Ош облустар аралык онкология борборунун хирургия бɵлʏмʏнʏн башчысы, жогорку категориядагы хирург.

Кант диабетинин терс таасири

-Уйку бези кандай учурда ооруга кабылат?

-Уйку бези деп ɵзʏ айтып тургандай, ички карындын ичиндеги жалгыз без органы. Айрыкча тамак сиңирʏʏ системасында чоң мааниге ээ. Функиялары экзогендʏʏ, эндогендʏʏ болуп бɵлʏнɵт. Эң негизгиси уйку безинен инсулин  гормону бɵлʏнʏп чыгат. Инсулин – кандагы глюкозанын деңгээлин стабилдештирип туручу гормон. Мындан башка бɵлʏнʏп чыккан гормондордун кɵпчʏлʏгʏ тамак сиңирʏʏ жагына таасир этет. Ошондуктан тамак сиңирʏʏ системасынын негизги бези деп эсептелинет. Уйку бези тʏзʏлʏшʏнɵ карай баш жагы, ортосу жана куйрук жагы болуп ʏчкɵ бɵлʏнɵт. Баш жагы он эки эли ичеги менен жакын, жабышкандай абалда жайланышкан. Куйрук жагы болсо кɵк талдын ооз жагына кирип турат. Ашказандын астынан, омуртканын ʏстʏ жагынан орун алган. Суук тийʏʏнʏн айынан уйку безинин шамалдашы убагында дарыланбаса ɵнɵкɵткɵ айланат. Мындан сырткары тамак режимин сактабаса, оору кайталанып отуруп 5% ракты пайда калышы мʏмкʏн. Андан сырткары ичинде суусу бар ыйлаакча(киста) пайда болот. Практикада бейтаптарга операция жасап жʏргɵн адам катары билебиз, мындай ыйлаакчалардын ракка айланып кетʏʏ коркунучу жогору. Кант диабетинде да 3-5% уйку бези ракка айланышы ыктымал.

“Ич катуу — 13% уйку безинин рагынын симптомуна кирет”

-Оору башталганда кандай белгилерди бериши мʏмкʏн?

-Негизи уйку бези рагы онкологияда аз кездешʏʏчʏ рактардын катарына кирет. Ош облусун гана мисалга алсам, жылына ондон ашуун, жыйырмага жакын бейтапка операция жасалат. Бул ɵтɵ агрессивдʏʏ, эң жаман рак. Агрессивдʏʏ дегенибиз оору алгач пайда болгондо белги бербейт. Адам эч нерсе болбогондой жʏрɵ бериши мʏмкʏн. Айрым симптомдору бар, мисалы адамдын табити жакшы болуп турса да арыктай берет. Ич катуу да 13% уйку безинин рагынын симптомуна кирет. Ичим катып жатат деп ичеги-карынды текшертип, дарыланып жʏрɵ бергендер бар. Алсыроо байкалат, айрым учурда кускусу келет. Мындай белгилер болсо уйку безин да сɵзсʏз каратуу керек. Мындан башка негизги симптомдору киндиктин ʏстʏндɵ оору пайда болуп, бел жакка ɵтɵт. Барган сайын шишиктин чоңоюшу менен оору чыдатпай кʏчɵйт. Андан сырткары тери саргаят. Саргаюунун себеби мындайча, ɵттʏн тʏтʏкчɵсʏ келип он эки эли ичегиге тʏшɵт, ал эми уйку бездеги шишик ошол тʏтʏктʏ тосуп калганда организмге тарайт. Дене саргайганда улуу заара агарып, кичʏʏ заара ток кызыл, ал тургай кʏрɵң тʏскɵ айланат. Териси кычыштырып, тынбай тырманып калат. 1-2-стадиялардагы негизги симптомдор ушулар.

“Негизги изилдɵɵ – компьютердик томография” 

-Уйку безин кандай ыкмалар менен текшерʏʏгɵ болот?

-Уйку безинин шишиктерин аныктоого УЗИ аппараты жакшы жардам берет. Бирок, уйку бези белде жайгашкандыктан кɵрʏʏ бир аз кыйын. Ошондуктан учурдагы негизги изилдɵɵ компьютердик томография аркылуу жʏргʏзʏлɵт. Анын ичинде спиралдык компьютердик томография деген бар. Анын жардамы менен уйку безиндеги шишиктин бар экенин, кайсы стадияга келгенин, тарап кетиби же жокпу ошолорду аныктоого болот. Башка дагы эндоскопиялык ретрограддык холангиопанкреатография деген аппараттар бар. Акыркы методдордон ПЭТ(позитронно-эмиссионная томография) буга чейин биздин ɵлкɵдɵ жок болчу, жакында Бишкекке келди. Анын жардамында шишиктин жайланышкан жерин, ɵлчɵмʏн, тарап кеткен же кетпегенин аныктаса болот.  

“Акыркы стадиялары ɵмʏр ʏчʏн кооптуу”

-Уйку бези рагы канча стадияга бɵлʏнɵт?

-Уйку безинин рагы тɵрт стадияга бɵлʏнɵт. Биринчи стадиясында шишиктин ɵлчɵмʏ 2 сантиметрге чейинки ɵлчɵмдʏ тʏзɵт. Органдын челкабыгынан сыртка чыгып кетпеген абалда, тамырлаган бездери болбойт. Экинчи стадиясында шишиктин кɵлɵмʏ 2 сантиметрден чоңураак болуп, уйку безинен сырткарыга чыгып кетпейт, бирок, жанындагы бездердин кɵлɵмʏ чоңоюп баштайт. ʏчʏнчʏ стадиясында шишик органдан сыртка чыгып кетет. Ашказандын жана уйку безинин жанындагы бездердин кɵлɵмʏ чоңоёт. 4-стадиясында шишик органдан чыгып, без  тамырлап, башка органдарга боор, ɵпкɵ, сɵɵктɵргɵ ɵтʏп кетет. 1-2-стадиясында адам ɵмʏрʏн сактап калууга болот. Акыркы стадиялары ɵмʏр ʏчʏн кооптуу.

“Баштапкы стадияларына операциянын бардык тʏрʏн жасоого мʏмкʏнчʏлʏгʏбʏз бар”

-Кɵбʏнчɵ кайсы курактагы адамдар жабыркашат?

-55 жаштан 75 жашка чейинки курактагылар. Бул ооруга кɵбʏнчɵ эркек кишилер кабылат. Уйку безинин рагы 60-70% органдын баш жагында, 10% ортоңку бɵлʏгʏндɵ, 7-8% куйрук жагында кездешет. Жакында уйку бездин куйрук жагы жабыркаган бейтапка операция жасадым. Ийгиликтʏʏ аяктады. Негизи рак уйку бездин баш жагында же ортоңку бɵлʏгʏндɵ болсо деле алууга болот, бир гана 1-2-стадияларында. 3-4-стадияларында операция жасоо жыйынтык бербей калышы мʏмкʏн.

“Уйку безин дарылоонун негизги жолу операция”

-Мында операциянын ПДР (панкреатодуоденалдык резекция) деп аталган татаал тʏрʏ жасалат. Анда уйку безинин баш жагынын жарымынан кɵбʏ, он эки эли ичегинин, ашказандын, ɵт тʏтʏкчɵсʏнʏн жарымы кетет. Хирургиядагы ички карындарга жасалчу эң чоң операциялардын бири ушул ПДР. Ɵтʏшʏп кеткенде 3-4-стадияларында химиотерапия, радиотерапия, ооруну басаңдатып туруучу терапиялар жʏргʏзʏлɵт. Ошто уйку бези рагынын алгачкы стадияларына операциянын бардык тʏрʏн жасаоого мʏмкʏнчʏлʏгʏбʏз бар.

Диетологдор эскертет!

Уйку безинин рагында диетологдор ачуу, майлуу куурулган тамактарды, клетчаткага бай азыктарды сунуштабайт. Эгер бейтаптын ичегилери жабыркаган болсо, балык эти, майлуу эмес быштак, сууга бышырылган кʏрʏч, гречка, жумуртка жана кайнатмаларды кабыл алуусу керек. Рактын 3-стадиясында аз-аздан кʏнʏнɵ 5-6 жолу жалаң бууга бышкан, кайнатылган азыктар сунушталат. Ак ундан жасалган азыктар, каймак, сʏт, айран, татымалдар да тамактануу рационунан чыгарылат.

Айжылдыз  Тойчиева