25 апреля, 2024

СYЙYYДƟН КYЧТYY ЭМНЕ БАР?  ЖЕ ЧЫҢГЫЗ МЕНЕН БYБYСАРА СУКТАНТКАН СYЙYY

 “Я помню чудное мгновение…” деген укмуштуудай ыр саптарын Анна Петровна Кернге арнап, ошол ыры менен орустун ата мекендик сʏйʏʏ лирикасынын бир чокусун багындырган Александр Пушкиндин: “Сʏйʏʏдɵн бир музыка гана ɵтʏʏсʏ мʏмкʏн, бирок сʏйʏʏнʏн ɵзʏ да музыка”,-деп айтканы бар.

 “Ашыглык кʏчтʏʏ ок экен, досум, Армансыз киши жок экен, досум”,-деп Алыкул да боздоп ɵткɵндɵй, чынында эле сʏйʏʏнʏн керемет кʏчʏн эзелтен эле эч ким тʏбʏнɵ жеткире баалап бере албаган жана антип баалоого да мʏмкʏн эмес, анын баасы жок десе болот.Сʏйʏʏ ушунусу менен улуу да, ушунусу менен баалуу.

ЭКƟƟНYН ЖАШЫРУУН СYЙYYСY

Эл арасында алды-кийин аңызга айланып айтылып жʏрчʏ армандуу сʏйʏʏлɵр да бар. Алардын бири –кыргыздын эки кыйын инсандары Чыңгыз менен Бʏбʏсаранын сʏйʏʏсʏ.

Кыргыздын кɵркɵм маданиятынын кыйындары делген эки  инсан –Чыңгыз Айтматов менен баарына таанымал белгилʏʏ балерина Бʏбʏсара Бейшеналиеванын жашыруун сʏйʏʏсʏ Кыргызстанда эч кимге деле жашыруун эмес эле. Алардын сʏйʏʏ баяны туурасындагы тʏрдʏʏ имиш кептер он жылдардап коомчулук, калк арасында жʏрʏп келди.Бирок, эч ким ал жагдайда эл алдында ачык сɵз айтууга батынган эмес, оңойбу.

90-жылдарга келип гана журналист  Жаныбек Жанызак “Айтматовдун айымдары” аттуу брошюра чыгарып, Айтматов менен Бейшеналиеванын сʏйʏʏ мамилелери ачык баяндалды. Бирок, кыргыз коомчулугу ага негативдʏʏ мамиле жасап койгондугун белгилей кетʏʏ керек. Эскиден жаңыга эми ɵтʏп баштаган доордо мындан башкача болуусу мʏмкʏн эместиги да ырас.

Сыягы, ар тʏрдʏʏ-тʏмɵн ушак кептер алардын чыныгы мамилелерине мезгилдин ɵтʏшʏ менен кɵɵ сʏртʏп коер ыктымалдуулугун аңдаган болсо керек, ошол себептен Айтматов 1997-жылы айтылуу казак акыны Мухтар Шаханов менен биргеликте “Аскада калган аңчынын ыйы” аттуу китебин чыгарып, анда Бʏбʏсара экɵɵнʏн сʏйʏʏсʏ толук баяндалган. Бул китептин негизинде 1999-жылы драматург жана режиссер Жаныш Кулманбетов “Чыңгыз жана Бʏбʏсара” деген аталышта пьеса жазып, кɵрʏʏчʏлɵргɵ 2005-жылы тартуулаган.  

Улуу Ата Мекендик согуштун алдыңкы жылдарында болсо керек, Берия Сталинге “Рокоссовский бир жаш жана сулуу келин менен “жʏрʏп” кетиптир деген маалымат алдым, эмне кылабыз?” деп сураса, Сталин: “Эмне кылабыз- эмне кылабыз, суктанабыз да!” -деп жооп узатканын окудум эле, Чыңгыз менен Бʏбʏсаранын сʏйʏʏсʏнɵ да ошондой ɵңʏттɵн мамиле жасоо керектиги ɵзʏнɵн-ɵзʏ тʏшʏнʏктʏʏ болуп турат.

Бʏбʏсара эртерээк дʏйнɵ салып кете берсе, Чыңгыз ал сʏйʏʏсʏн сʏйʏктʏʏсʏ менен кошо дээрлик бардык дегидей эле чыгармаларында ɵмʏр бою  аздектеп ɵттʏ. Бир акылман айткандай, “Сʏйʏʏдɵн бʏткɵн дарт ɵлтʏрбɵгɵнʏ менен эч качан айыкпайт” эмеспи.

КƟПТY YМYТТƟНДYРГƟН КƟКƟ

Бʏбʏсара Бейшеналиева тирʏʏ кезинде эле СССР жана дʏйнɵ элине кеңири таанымал кыргыз кыздарынын бири болгон. Ал 1926-жылдын 17-майында Кант шаарынын Таш-Тɵбɵ айылында дыйкандын ʏй-бʏлɵсʏндɵ туулган. Башка булактарда 1926-жылдын 17-сентябрында, 8-апрелинде туулган деп жазылып калган, туулган айылы, ал турсун району да башкача аталып жʏрɵт. Кыязы,ошол маалдарда активдʏ  жʏргʏзʏлгɵн административдик-аймактык реформалар мындай алешемдиктерге ɵз таасирин тийгизген шекил.

Кɵзʏ кɵгʏш кичинекей кызды жакындары эркелетип Кɵкɵ деп кое турганын айтып калышат. Ошол Кɵкɵ кийин балеттин акесин таанытаары анда алардын тʏшʏнɵ да кирбесе керек. Замандын ошол маалдардагы ыргагын жана албетте, талам-талабын караңыз, Ленинграддагы хореографиялык окуу жайынын кызматкерлери айылма-айыл кыдырып, жɵндɵмдʏʏ окуучуларды издеп-тандашкан экен. Мына ошолордун бир тобу Бʏбʏсара окуган Воронцовкадагы мектепке да келишкен. Жетекчилик менен сʏйлɵшʏп жатып алардын бири секирип ойноп жаткан кыздарды терезеден кɵрʏп калат. Кɵңʏл дароо эле Бʏбʏсарага бурулат. Сулуулугу жагынан ал башкалардан ар дайым айырмаланып,кɵзгɵ тʏшпɵй кое турган кыз эмес эле. Аны дароо эле тизмеге алышат. Ошентип, Бʏбʏсара он жашында Ленинграддагы хореографиялык окуу жайына алынып, окуу жайын 1941-жылы ийгиликтʏʏ аяктагандан кийин Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрында солист болуп эмгектене баштаган. 23 жашында кыргыз хореографиялык окуу жайында окутуучулук кылган. Жалпысынан, Бʏбʏсара негизги кесиби-балериналыкты эч качан таштабаган.

“Балерина катышкан ар бир спектакль театралдык искусствону сʏйʏʏчʏлɵр ʏчʏн чоң майрам болуп калган”,- деп эскерет кинорежиссер Геннадий Базаров. “Кайталангыс  таланты ʏчʏн аны баары сʏйɵ турган. Баарын жыйыштырып таштап, алар Бʏбʏсараны кɵрʏʏ максаты менен гана театрга келишчʏ. Фанаттар анын кʏн тартибинен ɵйдɵ билишчʏ. Бʏбʏсара жумушка ɵтɵ турган жолдо жʏздɵгɵн адамдар аны менен учурашып коюу ниетинде гана чогулуп турушчу. Таң калыштуусу, ушунун баарына карабастан, Бʏбʏсаранын “жылдыз” илдетине чалдыкпаганы эле”. Анын айтымында, Бʏбʏсара катышкан ар бир спекталде театрдын ичи олтургучтардын аралыгындагы жайлар менен кошо жык толуп, бут коерго жер таппай калгандай кырдаал тʏзʏлгɵн.

КОШ БОЛ, БYБYСАРА!

СССРдин Эл артисти, СССР Жогорку Советинин 6-7-чакырылыштарынын жана Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин депутаты, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын, Эмгек Кызыл Туу, Ардак белгиси ордендеринин ээси легендарлуу Бʏбʏсара Бейшеналиева Кыргызстандын балет маданиятына, анын тʏптɵлʏшʏнɵ жана ɵнʏгʏʏсʏнɵ ɵлчɵɵсʏз салым кошту.

Жеке жашоосунда Бʏбʏсара токтоо жана аз сɵздʏʏ болгонун айтышат.

“Уулум, экɵɵбʏздʏн жеке майрамыбыз жалпы болушун каалайм”,-деди апам кʏндɵрдʏн биринде”,- деп эскерген балеринанын уулу Эрмек Бейшеналиев. “Атам-композитор Ахмат Аманбаев апамдын биринчи жана жалгыз жубайы болгон. Алар не себептен ажырашып кетишкенин мен билбеймин, турмуш да, бирок мен апам менен калдым. Балалыгым бʏт бойдон театрда ɵттʏ.Апам мени гастролго да ала чыкчу, мектепте сабагым экинчи сменада болгонуна байланыштуу, театрга келип ошол жерден тʏштɵнʏп, анан мектепке жɵнɵп кетээр элем”.

Уулунун айтымында,апасы паспорт алып жатканда туулган кʏнʏн анын туулган кʏнʏнɵ барабарлаштырып салган. Эрмек аны жыл сайын 8-апрелде да туулган кʏнʏ менен кошумча куттуктай турган.

“Бир ирет апам ага Чыңгыз Айтматов  турмушка чыгуу сунушун киргизгенин, бирок макул болбой койгонун айткан”,-деп эскерген Эрмек Бейшеналиев берген маектеринин биринде.  “Мен эмне себептен андай кылганын сурагым келбеди, бул алардын жеке жашоосуна таандык маселе эле. Апам дʏйнɵ салып, жаназасын ɵткɵрʏп жатканда Чыңгыз Тɵрɵкулович: “Бизди жʏрɵктɵрдʏн жылуулугу байланыштырып турган”,-деген  сɵзʏн айтты. Бул анын сʏйʏʏсʏн ачык моюнга алганын билдирдиби же анын кɵптɵгɵн кийинки чыгармаларындагы аял каармандарынын образын тʏзʏʏгɵ тʏздɵн-тʏз тʏрткʏ  берген атактуу балеринанын узап бараткан рухуна урматтоо катары айтылдыбы, билбей калдым”.

Балерина  ɵмʏрʏнʏн акыркы кʏндɵрʏн онкологияда ɵткɵрʏптʏр. Врачтар андан  айыкпас илдетти табышкан.

“Биз документалдуу фильм тартып жатканбыз,-деп эскерет Геннадий Базаров, -мен ооруканага келдим, Бʏбʏсара эч кимди кабыл  албай жаткан экен. Жанында олтурчу кыз аркылуу мен андан кɵзʏн гана тартып алууну сурандым. “Кечиресиз, мен формада эмесмин” деди ал. Кошуна палатада дал ошондой эле  илдеттен менин апамдын да ичээр суусу тʏгɵнгɵн эле. Эки кʏн ɵткɵндɵн кийин Бʏбʏсара узап кете берди”. Сɵɵгʏ Бишкектеги Ала-Арча кɵрʏстɵнʏнɵ коюлду.

Бʏбʏсаранын ɵлбɵс-ɵчпɵс эмгеги тирʏʏ кезинде эле татыктуу баалана баштаган. Ордо калаанын бир чоң кɵчɵсʏ,  Искусство университети анын ысымын алып жʏрɵт.1994-жылдын апрелинен тартып Кыргыз Республикасынын аймагында анын сʏрɵтʏ басылган 5 сом номиналындагы акча банкноту жʏгʏртʏлʏʏдɵ.

 Чыңгыз менен Бʏбʏсаранын махабат дастанынын майда-чʏйдɵ жактарын экɵɵсʏ тең ɵзʏлɵрʏ менен кошо ала кетишти. Сʏйʏʏ ушунусу менен кʏчтʏʏ, ушунусу менен табышмактуу бойдон кала берди.

Абдираим Мамытов