26 апреля, 2024

БИЗ БИЛГЕН ЖАНА БИЛБЕГЕН МАСАЛИЕВ

Быйыл мамлекеттик  кɵрʏнʏктʏʏ ишмер Абсамат Масалиевдин туулган кʏнʏнʏн 90 жылдыгы белгиленет.

Кыргызстандагы белгилʏʏ мамлекеттик ишмер, Кыргыз Республикасынын Эл баатыры Абсамат Масалиевдин расмий ɵмʏр баяны жасап кеткен эмгек жолуна кыскача токтоло кетсек, тɵмɵнкʏлɵрдʏ айтууга туура келет:

Ал 1933-жылдын 10-апрелинде Баткен облусунун Кадамжай районундагы Алыш кыштагында туулуп, 2004-жылдын 31-июлунда кɵз жумган.

1949-жылы Yч-Коргон кыштагындагы, Алыштан алты чакырым алыста жайгашкан 8 жылдык мектепти бʏтʏргɵндɵн кийин Кызыл-Кыядагы тоо-кен техникумун артыкчылык диплому менен аяктайт.

1953-56-жылдары Москвадагы Сталин атындагы тоо-кен институтунун атайын орто билимдʏʏ адистерди тездетилген программа менен инженердик кесипке даярдоочу ʏч жылдык бɵлʏмʏндɵ окуйт. Институтту бʏтʏргɵндɵн кийинки  алгачкы беш жылда “Кызыл-Кыя кɵмʏр” башкармалыгынын “Комсомолская” кенинде участка начальнигинин жардамчысы-тоо мастери, учатканын начальниги, башкы инженери, “Кыргыз кɵмʏр” трестинин башкы инженеринин жардамчысы болуп эмгектенет.

1961-жылы Кыргызстан Компартиясынын Ош обкомунун ɵнɵр жай жана транспорт бɵлʏмʏнʏ инспектору болуп которулгандан кийин партиялык ишмердиги башталат.

1962-64-жылдарда Алматыдагы жогорку партиялык мектепте окуйт. Андан соң Кыргызстан КП БК менен Кыргыз ССРинин Министрлер Советинин партиялык-мамлекеттик контролдоо комитетинин ɵнɵр жай,  транспорт жана байланыш бɵлʏмʏнʏн инспектору,Ош облустук элдик контроль комитетинин тɵрага орун басары болуп иштеген.

1969-71-жылдарда Компартиянын Таш-Кɵмʏр шаардык комитетинин биринчи катчысы, 1972-74-жылдарда  Фрунзе шаараткомунун тɵрагасы, 1974-79-жылдары Кыргызстан КП БКнын катчылыгына дайындалган. Андан соң он жыл Кыргызстан Компартиясынын Ысык-Кɵл обкомунун биринчи катчысы кызматында эмгектенген.

1985-жылы КПСС БКнын инспекторлук кызматын аркалап турганда Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин биринчи катчылыгына дайындалган.

Дʏрбɵлɵңдʏʏ 90-жылдын апрель-декабрь айларында Кыргыз ССР Жогорку Кеңешинин тɵрагасы  болуп турган.

Абсамат Масалиев1995-жылкы президенттик шайлоодо Аскар Акаевдин негизги  атаандашы болгон. Бул шайлоодо бийлик добуштарды одоно бузуу менен  президенттин ошол кездеги маалымат катчысы К.Баялинов мурда айткандай,  Акаевдин 73 пайыз добуш алып жеңʏʏсʏн камсыздаганы бʏгʏнкʏгɵ дейре айтылып жʏрɵт.

“МАСАЛИЕВДИ ЭЛ ЭКИ ИРЕТ ПРЕЗИДЕНТИККЕ ШАЙЛАДЫ”

“Эсимде деп эскерет тархчы жана журналист Тынчтыкбек Чоротегин, -1995-жылы ал президенттикке талапкер катары чыкканда аны менен “Азатыкка”маек курдум. Маектен соң 1990-жылдын октябрь айындагы окуяларга  да кылчаюуга да мʏмкʏн болду. Мен ал кезде Жогорку Кеңештин тɵрагасы, Кыргызстан Коммунисттик партиясынын жетекчиси, консерватор саясатчы Абсамат Масалиевдин кызматтан кетишин талап кылган саясий ɵнɵктʏккɵ, саясий ачкачылыкка да катышкан элем.Алардын баарын Абсамат ага дурус билээр эле. Ал мыйыгынан кʏлʏп: “Эгерде мен ыйманды, чынчыл болуу керектигин ойлобосом, ошол октябрь кʏндɵрʏ бир эле министрлик кызматты бир нече кишиге сунуш кылып, далай аткаминерди алдап, бийлигимди сактап калмакмын. Андай иштерге мен эч качан бармак эмесмин”,-деп айтканы эсимде калыптыр”.

“Эл депутаттары Абсамат Масалиевди Кыргызстандын биринчи президенти кылып 1990-жылдын октябрь айында эле шайлашкан,-деп эскерген партиялык жана коомдук ишмер Yсɵн Сыдыков. –Бирок, Эсептɵɵ палатасынын  добушту одоно бурмалоосу иштин чакчелекейин чыгарып, анын  оор акыбетин элибиз бир топ эле тартты сыягы.

1995-жылдын 24-декабрында ɵткɵн президенттик шайлоодо эл ɵзʏ Абсамат Масалиевди президент кылып шайлаган. Шайлоодо Масалиев таптаза жеңип чыккан. Бирок, М.Абылов, Ж.Рустенбеков жана башкалар шайлоо жыйынтыгын жарыялоону жумалап кечиктирʏʏ аркылуу добуштарды орой бурмалашып, Акаевди жеңʏʏчʏ кылып салышкан.

Ал кезде БШКны Мамбетжунус Абылов жетектеген. Анын айтымында, ошол президенттик шайлоодо бардык формалдуулуктар так сакталган, бирок жергиликтʏʏ бийлик органдарынын ɵкʏлдɵрʏ добуш берʏʏнʏн жыйынтыктарын бурмалоого мʏмкʏнчʏлʏк алышкан. Жергиликтʏʏ бийлик органдарынын ɵкʏлдɵрʏ шайлоо комиссияларына мʏчɵ болуп киришкен. Административдик ресурс колдонулган. Ал учурларда партиялар жана кɵз карандысыз байкоочулар жок эле.

БШК тɵрагасы муну менен актанып алды дегенге ооз барбайт, себеби шайлоонун ошондой бурмаланышына эң биринчи БШК ЖООПКЕР. Шайлоонун бардык формалдуулуктары так сакталган деп келип эле добуштун бурмаланышынын себептерин жергиликтʏʏ бийлик ɵкʏлдɵрʏнʏн участкалык шайлоо комиссияларына кирип калуусунан издейт. Формалдуу логикада мындайды жалпак тил менен айтканда,  карама- каршы болбоо деген мыйзам  менен тʏшʏндʏрʏшɵт. Бир жагынан алганда шайлоо добуштарынын жыйынтыгын тɵмɵндɵн, участкалык, округдук шайлоо комиссиялары эмес жогортон, тактап айтканда, БШК аркылуу оңдоп —  тʏзɵтʏʏ да формалдуулукту сактабагандыктын эң жогорку ʏлгʏсʏ эмеспи. Мындай абалдан чыгуунун жалгыз гана мыйзамдуу жолу –кайра шайлоону дайындоо. 30 пайызга да жете бербеген Акаевдик добуштарды кандай жол менен 73 пайыз кылып жарыялашканы “мамлекеттик сыр” бойдон кала берди.

Абсамат Масалиевдин жакын досторунун бири Орозбек Дʏйшеевдин эсебинде, Масалиев ошол шайлоодо шайлоочулардын жалпы добуштарынын 80 пайызын алууга жетишкен. Президенттик шайлоонун жыйынтыгын Москванын маалымат каражаттары аркылуу кыргыз коомчулугуна жарыя кылуунун ɵзʏ эле кɵп сырды ичине катып турган.

Абсамат ошондо мынтип айткан: “Кан тɵгʏлʏп кетсе, кандай болот? Анда мага ошондой бийликтин эмне кереги бар!  Ɵзʏн кайда удургутканын эл кийин тʏшʏнɵт”. 

“Акаев президенттиктен ɵзʏ баш тартып, Масалиевге ɵткɵрʏп берʏʏгɵ даяр эле турган экен, бирок ага аялы макул болбоптур”,-деген сɵздɵр ушул кезге чейин айтылып жʏрɵт. Ал кезде биз да, беш-алты адам болуп мындай адилетсиздикке каршы элди кɵтɵрʏʏ ниети менен Масалиевге киргенбиз, Бирок, ал: “элди кɵтɵрʏп, будуң-чаң кылуу жолу менен  бийликти алган мамлекетти башкарбайм”,-деп кесе айтты. Эч кимибиз унчуга албай туруп калдык”. Бийлик аристократы Масалиев ошентип бийлик кулдарына бийликти тынч гана ɵткɵрʏп берген”,-деген Yсɵн Сыдыков.

“АБСАМАТ МАСАЛИЕВДИ YЛГY ТУТКУЛА”

Азыр Абсамат Масалиевди ʏлгʏ тутуу чакырыгын кɵптɵр таштап калышат. Себеби, ал мамлекеттик ишмердин, Кыргызстандын лидеринин чыныгы ʏлгʏсʏ болуп саналат.

Бирок, жеке турмушта деле Масалиевден ʏлгʏ алууга ʏндɵгɵндɵр да аз эмес. Айталы, кыргызга башы таанымал инсандардын бири Дооранбек Садырбаевдин мынтип айтканы бар:

“Эгерде ɵлкɵнʏн лидери болом десең, Масалиевден ʏлгʏ ал, дос болгуң келеби, Масалиевден ʏлгʏ ал, жар болдуңбу, Масалиевден ʏлгʏ ал, ата болгуң келсе, Масалиевден ʏлгʏ ал, коммунист болдуңбу, Масалиевден ʏлгʏ ал”.

Абсамат Масалиев бийлигин тынч жол менен ɵткɵрʏп бергенде дээрлик бʏт дʏйнɵ коомчулугу ага ичтен суктанышканы айтылып жʏрɵт. Аны коммунист болгону ʏчʏн гана ачык мактоодон тайсалдашкан. Кечигип болсо да 90-95-жылдарда ага аябай  асылышкан “демократтар” адилеттʏʏлʏк Масалиев тарапта экенин моюнга алышкан. Андай топтордун бири андан: “Аксакал,кечириңиз, иттик бизден кетиптир”,-деп кечирим  суроого чейин барышканына кʏбɵ болгондор бар экен.

“АТАМДЫ КЫЗМАТКА ДАЙЫНДАШКАН ЖЕ ЖИБЕРИШКЕН, ƟЗY БИЙЛИККЕ ЭЧ КАЧАН УМТУЛГАН ЭМЕС”

“Атам он жашында  атасыз калып, апасынын колунда тɵрт бала менен чоңойгон экен. Согуш жылдары болуп, кɵп азаптарды башынан ɵткɵргɵндʏктɵрʏн айтып  берээр эле,-дейт Абсамат Масалиевдин уулу, Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев. Китепти мындай кой, жазганга калем-дептер жок болуп, кээде ачка калган кʏндɵрʏнɵ карабай, мектепте мыкты окууга, билим алууга ɵтɵ ынтызаар окуучу болгон экен. Атам Кызыл-Кыядагы тоо-кен техникумун аяктап,  шахтада инженердин жардамчысы болуп иштеп жʏргɵндɵ оңдой берди болуп, Москвадагы институтка ʏч жылдык окууга жиберишет. Айылдан барган бала бир топ кыйналат.Анын ʏстʏнɵ орус тилин да жакшы билбегенинен улам окуусун таштап баса берʏʏнʏ да пландаштырат. Бирок, Кыргызстандын Москвадагы туруктуу ɵкʏлчʏлʏгʏнɵн Тɵрɵбай Кулатовго кокусунан жолугуп калып, сырын айтса, Кулатов колуна 200 сом берип: “аягына чейин оку, канчалык кыйынчылык болсо да, чыда”,-деп кеңеш бериптир. Ал эми 200 сом ошол кездеги эсеп боюнча ири сумма экен. Ошонун деми болгонбу, иши кылып атам тырышып окуп, бʏтʏрʏп келгенин айтып бергени бар.

Атамдын ɵрнɵк тутаар пейилдеринин бири деп мен анын эч кандай ушак-айың кептерге аралашпаганын эсептеймин. Интрига дегенди билбейт эле. Дагы бир нерсе, ал эч качан бийликке кызыккан эмес. Бардык кызматтарга аны дайындашкан же жиберишкен”,-дей Исхак Масалиев.

Абдираим Мамытов