20 апреля, 2024

УНИВЕРСАЛДУУ ЧƟП МАЙДАЛАГЫЧТЫ ЖАСАГАН YЛГYЛYY УСТА

Устачылык — ɵнɵрдʏн  башы делет. Кɵпчʏлʏк усталар жыгач, мʏйʏз, таш, тери, ɵрʏмчʏлʏктʏ, кайыкчылыкты, айтор, баарын тең бир тизгинде кармоого ашыгат. Сынган-бʏлʏнгɵн буюмдарды жиксиз кадоодон- бʏтɵɵдɵн усталыгы кɵрʏнɵт. Уста жоктон бар кылып, ʏзʏлгɵндʏ улайт. Таштандыда жаткан темирди алып, андан да буюм жасайт. Металлды иштетʏʏнʏн сырларын усталар билет. Чалгы, орок, жуушаң, бычак, устара, керки, балта сыяктуу кʏндɵлʏк керектʏʏ тиричилик шаймандарды жасаган усталар мезгил талабына ылайык, адамдардын жашоосун жеңилдеткен жаңыча жабдууларды жасоого ɵтʏшкɵн. Мына ошондой ɵнɵр ээси Данияр Кожамбердиев. Ал ден соолугунан мʏмкʏнчʏлʏгʏ чектелʏʏ болсо да, кɵпчʏлʏккɵ ʏлгʏ болуп, устачылык кылып, ʏй-бʏлɵсʏн багып келет. Каарманыбыз ɵлкɵ аймагына  чɵп майдалагыч (дробилка)  жасоочу катары белгилʏʏ.

“БУТУМДАН АЙРЫЛГАНДАН КИЙИН МАЙДАЛАГЫЧ ЖАСООГО ƟТКƟМ”

-48 жаштамын. 19 жашымдан бери ширетʏʏчʏ болуп эмгектенип келем. Устачылык мага атамдан калган.  ʏй-бʏлɵдɵ 9 бир тууганбыз. Анын бешɵɵ уул болсок, экɵɵбʏз — агам жана мен атамдын жолун уланттык. Атам союз мезгилинде кесипкɵй мыкты ширетʏʏчʏ болгон. Ага кол кабыш кылып жʏрʏп, сɵрʏ, дарбаза, жылытуу системалары сыяктуу устачылыктын бардык тʏрʏн жасоону ʏйрɵнгɵм. Ден соолугума байланыштуу бутумдан айрылып калгандан кийин чɵп майдалагыч жасоого ɵттʏм. Кудайга шʏгʏр, 5-6 жылдан бери ушул жумуш менен алекмин. Ага чейин устачылыктын бардык тʏрʏн жасап келгем. Бутумдун кесилгенине алты жыл болду. Жʏрɵк-кан тамырлары кысылып, кан айлануу жакшы болбой, буттарыма кан толук жетпей, абалым оорлошуп кеткенден улам дарыгерлер кесип салууга аргасыз болушкан. Мындан улам пенсияга чыккам, ал деле аз акча. Эми аны карап отурууга да болбойт, кʏчʏм барында колумдан келген жумушумду жасоодомун. Устачылык менен ʏй-бʏлɵ багып, бала-чаканы чоңойттук.

Ал эми бʏгʏн мага балдарым жардам беришет. ʏч уулум бар, улуусу жасап, ʏйрɵнʏп калды, кичʏʏлɵрʏ да кол кабыш кылышып, ʏйрɵнʏшʏʏдɵ. Кийин бул кесипти алып кетишеби, жокпу билбейм. Мен милдетимди аткарып, негизгиси ʏйрɵтʏп койдум.

 “YЙ-БYЛƟБYЗДYН НЕГИЗГИ КИРЕШЕСИ…”

— Майдалагыч элге пайдалуу, мал баккандарга жакшы. Жем, чɵп, паяларды тартып, майдалап берет. Балам экɵɵлɵп жасасак, бир кʏндɵ бирɵɵнʏ жасап коебуз. Моторлорун дʏң баада Кара-Суудан алабыз, андан сырткары материалдарын сатып алабыз, кээде ɵзʏм барам, кээде алып келип беришет. Мунун материалдарына каражат кɵп кетет. Бирɵɵ 16-17 миң сомго бʏтɵт. 2-3 миң сом эмгегибизге ʏстʏнɵ кошуп сатабыз. Ошентип, баасы 19-20 миң сомду тʏзʏп калат. Буга суроо-талап жакшы, Кыргызстандын аймагынан сырткары Орусияга да жɵнɵтʏп турабыз. Кʏздɵн тарта кыш ичи суроо-талап жогору болот. Себеби мал короого киргенде зарылчылык жаралат эмеспи. Мурун мындай жасагандар саналуу болсо, азыр кɵбɵйʏп кетти. Элге алып чыккандан кийин бизге окшогон усталар кɵбɵйдʏ. Бирок, биз биринчи баштаганыбыз ʏчʏн кардарларыбыз кɵбʏрɵɵк. Кыш ичи орто эсеп менен 200гɵ чукул майдалагыч сатылат. Ал эми жылдын башка мезгилдеринде кɵпчʏлʏк мал жайлоого кеткендиктен, анда-санда эле сатылбаса, анчейин алышпайт. ʏйдɵ мал баккандар алып кетишет. Жасап баштаган биринчи жылдары базарга алып чыгып, ɵзʏм сатып жʏрдʏм. Кийин ʏйдɵн эле сатып калдым. Телефон аркылуу байланышып, келип кɵрʏп алып кетишет.

“СААТЫНА 200-300 КИЛОГРАММДЫ ТАРТА АЛАТ”

-Дробилканын моторунан башка бардык нерсесине жооп беребиз, бычактары мокоп же  башка жагы бузулса, ɵзʏбʏз оңдойбуз. А мотору кытайдыкы болгондуктан, ага кепилдик бере албайбыз. Орусиянын моторун коеюн десең кымбат, ɵзʏ эле 20 миң сом турат. Кытайдыкы бир аз арзаныраак, эгер бузулса, оңдоп иштетʏʏгɵ болот. Моторуна эле кɵп кʏч келтирбей иштетсе бузулбайт, 5 жылдан 10 жылга чейин иштей берет.

Материалдары калың болгону жакшы. Себеби жʏгɵрʏ жана башка жемдерди, катуу нерселерди тартканда туруктуу болуусу керек. Бычактары мокогондо алып, курчутуп иштетʏʏгɵ болот. Дан ɵсʏмдʏктɵрʏнɵн, чɵптɵн сырткары катуу нандарды, курутту да талкан сыяктуу майдалайт. Муну ʏй шартындагы тегирмен деп койсок болот. Мындан чыгарылган жем, чɵптɵн калдыктар калбайт, мал толук жейт, чɵнтɵккɵ да ʏнɵмдʏʏ болот. Анткени биринчиден, калдык калбайт, экинчиден, тегирменге алып барам деп убара болбойсуз, жол акысына да кетпейт, башкысы кезек кʏтпɵйсʏз. Бул саатына 200-300 килограммды тарта алат. Ал эми бир пресс-чɵптʏ 2-2,5 мʏнɵттɵ майдаласа, паяны 1-1,5 мʏнɵттɵ майдалап чыгарат.

Орусияда майдалагычтар кымбат турат. Ал жакта баасы 30 миңден 50 миң сомго чейин барат. Ошондуктан Кыргызстандан алып кетишʏʏдɵ. Кара-Суунун базарына да ɵткɵрʏп турабыз.  

“КЫШТА КYНYНƟ 5-6 МИҢ СОМ КИРЕШЕ ТАПКАН УЧУРЛАР БОЛОТ”

-Ошто дробилка биринчи чɵп майдалоого гана жасалып чыккан. Кийин мен аны жем майдалоого да ыңгайлуу кылып, универсалдуу вариантын жасадым. Ошентип калктын керегине жароодо.

Кытайдан келген аппараттарга караганда ɵзʏбʏздʏн усталар жасагандар жакшыраак. Себеби мунун татаал эч жери жок, ыңгайлуу дагы. Бузулса усталар бар. Ал эми Кытайдан алынып келингендердин материалы бир аз жука, анан тетиктери да табылбай калуусу мʏмкʏн. Коопсуздук ʏчʏн материалдары калың болгону жакшы. Мындан чаң гана чыгышы мʏмкʏн, башка эч нерсе билинбейт.    

ʏй-бʏлɵбʏздʏн кирешеси ушул гана. Мʏмкʏнчʏлʏгʏм чектелʏʏ болгондугуна байланыштуу ɵкмɵт жардам кылып, салыктан бошоткон. Суроо-талап кʏч мезгилинде кʏнʏнɵ 5-6 миң сом каражат тапсак, жай мезгилинде жумасына же айына 2-3 миң сом тапкан учурлар деле болот.

Буюрса, алдыда дагы жакшы пландар бар. Адырларда чɵп орууга ыңгайлуу жабдууларды жасоону пландоодобуз.  Ошондой эле жʏгɵрʏнʏ мардегинен ажыратып бере турган аппарат жасайбыз. Жогоруда айткандай, курут майдалоочу аппарат да жасаганбыз. Болгону ал дат баспай турчу таза материалдан жасалат. Андан башка бир топ буюртмалар тʏшʏп турат. Колдон келгенин жасоодобуз.

Жумагʏл Кочкорбай кызы