20 апреля, 2024

Токто деп чакырбадың… же “Коштошуу вальсы” ырынын жаралуу тарыхы

“Сен мени жоготтуңбу?” деген саптар менен ар бир угармандын жʏрɵгʏнɵн тʏнɵк таап, ырдалып келе жаткан “Коштошуу вальсы” ырынын авторлорунун чыгармачылык жолу жана ырдын жаралуу тарыхы тууралуу баяндайбыз.

Хабибилла Азиреткулов, обончу:

“Алгачкы обондоруму 10-класста жаза баштадым”

-Музыка дʏйнɵсʏнɵ абдан эрте аралаштым. Алгачкы жолу 3 жашымда колума “мандолина” деген темир кылдуу аспапты кармап, мектепке бара элек кезимде ошол чɵлкɵмгɵ атагым чыккан. Ал кезде ʏч жʏз, тɵрт жʏз, беш жʏз деп дос балдарым менен санап, ошончо ырды, музыканы ойночумун. Ата-энемден агай-эжейлер суранышып мени  райондук, облустук  конкурстарга  алып барышчу. Ошентип, кийин мектепке бардым. Мектепте ыр, хор ийримдерине катышып, анда да локомотив боло алдым десем  жанылбайм. Менсиз ийримдер ɵтчʏ эмес. 6-классымда аккордеон  аспабын ʏйрɵндʏм. Алгачкы  обондоруму  10-класста  жаза баштадым. Эн биринчи  чыгарган обонумду азырга чейин эфирге чыгара элекмин. Анын диапазону кыскараак, ɵзʏнчɵ бир мелодия болчу. Андан  кийин “Айлуу тʏн”, “Тарынба”, “Тʏшʏнɵрсʏң акыры”, “Ɵскɵн жер” аттуу ырлардын обонун жаздым. Ошону менен чыгармачылыгым  уланып кетти. 10-классты бʏтʏп Ош мамлекеттик педагогикалык институтуна барып, ошол жылы окууга ɵтпɵй калдым. Кийинки жылы гана аталган институтта окуу буюрду. Окуп жʏргɵндɵ дагы кɵп музыкаларды жаздым. Институтту бʏткɵн соң 1984-жылы “Эстеликти” жазгам.

“Бир обонду бир олтурганда чыгарууга аракет кылам”

-Обон жазууда узакка созбойм. Бирок, айрым учурда дароо чыкпай калышы да мʏмкʏн. Атактуу обондорумдан эки-ʏчɵɵнʏн кайрыктары табылбай, жан дʏйнɵнʏ кыйнап, мындан да курчураак кылып жазсамбы деген ойлор менен кыйла убакытта жазылган. Чынын айтсам, ɵзʏм жазган обондорумдун санын билбейм. Болжол менен 80-90 деп айтып коём. Балдарым жʏздɵн ашты деп айтышат. Мен болсо ага жете элек дейм. Обончулуктан тышкары китеп окуганды, кино кɵргɵндʏ, жаратылышка чыкканды, интеллекти бийик кишилер менен сʏйлɵшʏп, ырахаттанып кɵңʏлдʏн бɵксɵрʏп кеткен жерлерин толтурганды жакшы кɵрɵм.

“Коштошуу вальсынын” жаралуу тарыхы

-Шаршен Термечиков атындагы куудулдар театрында иштеп жʏргɵн кʏндɵрдʏн биринде Кыялбектин чакыруусу менен ʏйʏндɵ конок болдум. Экɵɵбʏз таң аткычакты кирпик какпай сʏйлɵшʏп чыктык. Кайтаарымда жука, ак тʏстɵгʏ брошюрка-китепчени белекке берип узатты. Анын биринчи жарымы атасы Советбек Урманбетовдун, экинчи жарымы ɵзʏнʏн ырлары экен. Дал ошол чакан китепчеде эл ичинде популярдуулукка ээ болгон “Коштошуу вальсы”, “Сен ɵчпɵдʏң сезимден” деген болочок чыгармаларым да жазылуу экен. Чынын айтсам “Коштошуу вальсынын” тексти менен “ооруп” калдым. Отурсам да, турсам да эсимден чыкпай койду. Тилекке каршы, ал жерде обонунун автору Мукан Рыскулбеков деп жазылып туруптур. “Эми кантем?” деген ой мени кыйнады. Рыскулбековдой залкар обончуга ат салуу мага абдан кыйынга турду. Кантсе да баары бир ошол текстке обон чыгарууга мажбур болдум. Ошентип, обон чыккан кʏндʏн эртеси кыягымды асынып алып Кыялбектин офисине бардым (“Кербездин” редакциясына). Акырына чейин угуп, кыйлага унчукпай туруп, “дагы кайталап ырдап берчи, досум”  деди. Анан ордунан туруп бекем кучактап, чын жʏрɵгʏнɵн ыраазычылыгын билдирди. “Бир чындыкты айтып коёюн, менин ырларыма абдан кɵп обончу-композиторлор музыка жазышты. Бирок, “Коштошуу вальсындай” обон жарала элек” деп мени дагы бир ирет кубантты. Андан соң театрга барып, коллективге жаңы ырымдын “тушоосун кесип” ырдап бердим. Четинен колумду кыса куттукташып, жакшы пикирлерин, тилектерин айтышты. Алардын катарында Элмирбек Иманалиев  да бар болчу. Андан кийин ал ырды Медербек Кадыршаев гитара менен кɵпкɵ ырдап жʏрдʏ. Кээ кездери ыйлап алып ырдачу экен, анысын чогуу иштеген кесиптештер кɵпкɵ айтып жʏрʏшчʏ. Ошондо Элмирбектин “Коштошуу вальсын” жактырып, сʏйʏп ырдап калаарын билбеген экем… Убакыт ɵтʏп баарыбыз ар кай жакка тарап кеттик. Бири-бирибизге болгон сый-урмат ортобузда ошол бойдон кала берди.

“Элмирбек менен бул ырды эки бɵлʏп кароого мʏмкʏн эмес”

-Кɵпчʏлʏк ыр кʏйɵрмандары бул чыгарманын автору Элмирбек деп билишет. Бул ырдын авторлору башка экенин, сɵзʏн Кыялбек Урманбетов, музыкасын мен жазганымды айтсам, “бул ыр Элмирбектики, сиздики экенине кандай далилиңиз бар?” дегендер да бар. Ал эле эмес айтылуу массалык маалымат каражаттарынын да ошентип жазган учурлары болгон. Демек, мен эптемей, жеңил-желпи музыка жазган эмес экемин деп ɵзʏмчɵ сыймыктанып калам. Ɵзʏң жараткан чыгарма элдин жʏрɵгʏнɵн чындап тʏнɵк тапса, кээде кɵзʏңдʏ каратып туруп авторлору талашка тʏшʏп турса, керек болсо автору экениңди далилдеп берчи деп кʏйɵрмандар коколоп турса чыгармачыл адам ʏчʏн бул бактылуулук эмей эмине?!

Кыялбек Урманбетов, акын:

Обон ʏчʏн жазылган ыр

-“Коштошуу вальсын” кайсы жылы жазганым эсимде жок. Мукан Рыскулбеков деген эң мыкты обончу жигит бар эле. Жашы менден улуу болсо да жакын дос болуп жʏрдʏк. Бир кʏнʏ ал “Жакшы обон чыгардым эле ошого сɵз керек болуп жатат. Коштошуу вальсы болуусу керек” деп ɵтʏнʏп калды. Анан кандай ыр чыгарсам экен деп ойлонуп олтуруп,  обонун уктум. Обондун муундарын тактап алдым. Мага мындай ой келди, коштошкусу келбейт, бирок, айла жоктон коштошуп жаткан кыз же жигит кетип баратат. Ырдын биринчи куплетинде топ таштай чачылгамын деген сап бар. Топ таш жакын эле жерден чачылат да, анын сыңарындай алар бири-биринен кɵп узай элек, токто деп чакырбадың деп ыр уланат. Экинчи куплетинде болсо, мончоктой чачылганмын деп айтылат. Шуру мойундан ʏзʏлʏп тʏшкɵндɵ топ таштан алысыраак чачылат. Эми ал алыстап калганда “кайрыл” деп айтат. Анан ʏчʏнчʏ куплетинде жылдыздай чачылганмын делет. Тээ алыс кетти,  узап кетти,  анан “кайткын” деп чакырат. Мына ушундай маанайда жазылган. Андан кийин Мукан байке кɵпкɵ чейин ырдатпай ɵзʏндɵ кармап жʏрдʏ же ырчысын табалбай жʏрдʏбʏ билбейм.  Кийин аны мыкты обончу Хабибилла чыгарды. Ошондон кийин гана Мукан ырдатты десек болот.

Чыгармачылыкка ташталган кадам

-Менин эң биринчи чыгармам 10 жашымда “Кыргызстан пионери” деген гезитке чыккан. Ал балдар ʏчʏн жазылган “Мышык” деген ырым болчу. Ал кезде “Кыргызстан пионери” деген бʏтʏндɵй республика боюнча тарачу. 300гɵ жакын ырларыма обон чыкты. Азыр деле чыгармачылык менен алектенем.

Айжылдыз Тойчиева

“КОШТОШУУ ВАЛЬСЫ”

Музыкасы:

Хабибилла Азиреткуловдуку

Сɵзʏ:

Кыялбек Урманбетовдуку

Кɵңʏлʏм байланабы,

Кɵзгɵ жаш айланабы?

Колуңду коё бербей,

Кош дедим кайра дагы.

Толгонуп шашылбадым,

Токто деп чакырбадың,

Топ таштай чачылгамын,

Сен мени жоготтуңбу?

Токтолуп шашылбадым,

Токто деп чакырбадың.

Чакмактай чачылгамын,

Сен мени жоготтуңбу?

Айтпадым намыс барын,

Акырын алыстадым,

Капарга алганым жок,

Кабыргам кайышканын.

Кайгырып шашылбадым,

Кайткын деп чакырбадың,

Шурудай чачылгамын,

Сен мени жоготтуңбу?

Кайрылып шашылбадым,

Кайрыл деп чакырбадың,

Мончоктой чачылгамын,

Сен мени жоготтунбу?

Кʏймɵнʏп басып араң,

Кʏн менен батып барам.

Кʏн чыгар кайра,кайра,

Мен чыкпайм жашып барам.

Кармалып шашылбадым,

Кайткын деп чакырбадың…

Жылдыздай чачылгамын,

Сен мени жоготтуңбу?

Кылчактап шашылбадым,

Кыйкырып чакырбадын.

Кыргыздай чачылгамын,

Сен мени жоготтуңбу?