8 мая, 2024

Мырзалардын талантын, чыгармачыл дареметин аныктаган  “Ош мырзасы -2023”  сынагы

Ош шаардык маданият башкармалыгы тарабынан “ОШ МЫРЗАСЫ-2023” кароо сынагы уюштурулуп, жеңʏʏчʏ аныкталды. Иш чарага шаардагы орто жана жогорку окуу жайдын студенттери катышып, ɵз ɵнɵрлɵрʏн тартуулашып, ат салышты.

Керимбек Акматбеков, шаардык маданият башкармалыгынын башкы адиси:

“Сынак эки ай мурда жарыяланган”

-Ош шаардык мэриясынын колдоосу алдында  уюштурулду. Бул сынакка буга чейин тандалып алынган таланттуу студент мырзалар  катышты. Алар жалпысынан 7 катышуучу болду.  Кароо-сынактын максаты — студент мырзалардын талантын, чыгармачылык шыгын, мырзалык сапатын, билим деңгээлин аныктоо болчу. Сынактын жобосу эки ай мурун жарыяланган. Университеттердин тарбия иштери боюнча департаменттерине, жаштар комитеттерине айтылып, тааныштырылган. 1-тур ɵздɵрʏнʏн университетинен тандалып,сунушталган мырзалар шаардык кароо-сынакка катышышты.

Назима Алмазбек кызы, калыстар тобунун мʏчɵсʏ:

“Ар тармактан мырзалар катышса мындан да кызыктуу болмок”

-Сынакта калыстардын катарында отурдум. Калыстардын курамын аскер кызматкери, дизайнер, жеке ишкерлер тʏздʏ. Мен ɵзʏм чыгармачыл адам болгондуктан, айткан ырларынын мазмундуулугуна, кɵркɵмдʏʏлʏгʏнɵ, тематиканы ачып берʏʏсʏнɵ жана сахнада ɵзʏн алып жʏрʏʏ маданиятына карап баа берип жаттым. Окуу жайлардан чындыгында таланттуу жигиттер катышыптыр, бирɵɵ сʏрɵт тартса, бири монолог аткарып, дагы бири музыкалык аспаптардын коштоосуна ырдап, бийлеп ɵз ɵнɵрлɵрʏн тартуулап, андан сырткары гиря кɵтɵрʏп кара кʏчтɵрʏн сынап, интеллектуалдык суроолорго да жооп берип жатышты. Жеңʏʏчʏлɵргɵ уюштуруучулар тарабынан белектер, демɵɵрчʏлɵр тарабынан сертификаттар берилип, жакшы стимул тʏзʏлдʏ деп ойлойм. Негизинен алганда жакшы иш чара болду, болгону иш чара «Ош мырзасы» деп аталгандан кийин сынакка окуу жайлардан башка тармактан да мисалы, медик, мугалим, банкир, мамлекеттик кызматкерлерден да кошуп койсо, мындан да кызыктуу болмок деп ойлойм.

Биз кароо-сынактын айрым жеңʏʏчʏлɵрʏн кепке тарттык. Адилет Мухиддин уулу, Ош мамлекеттик университетинин студенти, “Ош мырзасы-2023” сынагынын жеңʏʏчʏсʏ, ал  ɵзʏнʏнʏн эмоциялары тууралуу тɵмɵнкʏлɵргɵ токтолду:

“Биринчи орунду сатып алган жокмун, ɵз кʏчʏм менен жеңишке жеттим”

-ОшМУнун тарых жана социалдык иштер факультетинин 2-курстун студентимин, кесибим тарых мугалими. Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Айдаркен шаарынын кулуну болом. Ɵзʏм негизи аталган университетке жакында эле которулуп келдим. Буга чейин видеоклиптерде ɵзʏмдʏ сынап, чыгармачылыкка аралашып жʏрɵм. Ошого байланыштуу окуу жайдан группалаштарым, эжей-агайлар сунуш кылып калышты. Жоболорун окусам мага туура келчʏдɵй экен. Карап кɵрʏп, даярданып, алгач “ОшМУ мырзасы” кароо-сынагына катыштым. Ал жактан дагы 1-орунга татыктуу болдум. Кɵп узабай  “Ош мырзасы-2023” кароо-сынагы башталды. Бул кароо-сынакка катышуу ʏчʏн даярданууга бир айдай убакытым кетти. Жыйынтыгында биринчилик мен тарапка ооду.

 Уюштурууга мен жогорку деген баа берем. Себеби, калыстар тобу да адилеттʏʏ баалашты. Эмнегедир коркуу сезими пайда болгон, “балким, орун акчага сатылып кетти” деген кʏмɵн ойлор да жаралбай койгон жок. Орундарды айтып жатканда башкача ички сезимдер келди. “2-орунду алып каламбы?!” деген да ойлор келди. Экинчи орунду башка балага берип, биринчи орунду мага бергенде толкундоолор курчады. Балким, башкалар “биринчи орунду сатып алды” деп ойлоп жатышкандыр, бирок эч кандай сатып алуу болгон жок. Мен да башкаларга окшогон жɵнɵкɵй эле студентмин. Азыркы убакта акчага сатып алсаң деле ɵзʏңɵ  ишенимдʏʏ жʏрʏʏ кыйын. Кароо-сынак катышуучуларды бардык тараптан ачып бере алды. Суроо-жооптор да болбой койгон жок.  Акыл, ɵнɵр, дегеле бардык тараптан каралды. Негизинен иш чара жогорку деңгээлде ɵттʏ десем жаңылышпайм.

“Ата-энемин жʏзʏнɵ жылмаюу тартууладым”

-Мен негизи чыгармачылыкка жан дʏйнɵм менен берилген адаммын. “ОшМУ мырзасына” катышып, байгелʏʏ орунду ээлегеним да ɵтɵ чоң мотивация жана чыгармачылыкка аттануума чоң тʏрткʏ берди десем болот. Кубанычымда чек жок. Мен ʏчʏн эң негизгиси, чыгармачылыкка жол ачылганы. Ата-энемдин да жʏзʏнɵ жылмаюу тартууладым, абдан сʏйʏнʏп калышты. Бир туугандарым, досторум, жакындарым, баары кубанып, чалып, куттуктап жатышты. Алардын да жʏзʏнɵ кубаныч тартуулай алганыма сʏйʏнʏп отурам.

Сынакта 2-орунга татыктуу болгон Бекболсун Мырзаев, Ош технологиялык университетинин студенти, ал уктабай даярданган кʏндɵрʏн тɵмɵндɵгʏчɵ эскерди:

“Сынакка тʏнʏ бою уктабай даярдандым”

-Сынак мага ɵтɵ чоң таасир калтырды, конкурстун жʏрʏшʏндɵ аябай толкундоолор болду. Мындай чоң сахнага чыгууда башкача сезимдер болот экен, мага стимул берди. Сынак менен гана чектелип калбастан, дагы алдыда кɵптɵгɵн иш чараларга катышууга жол ачылды десем болот. Сынакка катышуума окуу жайым ɵтɵ чоң колдоо кɵрсɵттʏ, учурдан пайдаланып айта кетпесем болбойт. Биздин университеттин жаштар комитетинин мʏчɵлɵрʏ ɵз колдоосун  кɵрсɵтʏп, даярдык жʏрʏп жаткан учурда да келип жардамдашты. Факультет, кураторум, кафедранын мугалимдери, жаштар комитетинин мʏчɵлɵрʏ жана тɵрага Нурмухаммед Мамасалиевичке ɵтɵ чоң ыраазычылыгымды билдирем. Ɵзʏм бала кезден музыкага жакын болгондуктан, саламдашуу учурунда аккордеон  менен саламдашып ɵзʏмдʏ тааныштырдым. Ɵз ɵнɵрʏн кɵргɵзʏʏдɵ мен фортепиано музыкалык аспабында ойноп, элдин кɵнʏлʏн ɵзʏмɵ буруп, ɵнɵрʏмдʏ кɵргɵзɵ алдым деп ойлойм. Даярданууга бир эле кʏн убакыт кетти. Себеби, мага эки кʏн гана калганда маалымдалды. Конкурска катышаардан алдын факультеттер арасында ушундай сынак болгон. Мен ал жактан 2-орунду алып, кийинчерээк шаардык таймашка 1-орунду ээлеген жеңʏʏчʏ катышуудан баш тарткандыктан, мен катышууну туура кɵрдʏм. Биз сынакка катышаардан мурун тʏнʏ бою уктабай даярданганыбызга байланыштуу, сынактын жʏрʏшʏндɵ сахнанын артында  уйкум келген учурлар да болду. Келип мени ойготушуп, кээ учурда сахнага шашкалактап  чыгып, чалынып жыгылып кеткен учурлар да болду. Азыр эми анын баары артта калды. Уйкусуз тʏндɵрʏм акталды.

Айжылдыз Тойчиева