25 апреля, 2024

Жумушта да, ʏйдɵ да бирге жубайлар

Кʏн сайын жумушка келе жатканда же тʏштɵнʏʏ мезгилинде жол бою редакциянын жака-белин  шыпырган бир ага менен эжени кɵрɵм. Жолдошу аялынын жон баштыгын кɵтɵрʏп алат, сыягы жубайыныкыбы деп коём. Кɵрсɵ экɵɵ жубайлар экен. Демейде жанынан ɵтʏп баратканда тоскоолдук жаратпасам экен деп кепке тарткандан каччумун. Маек учурунда ачык-айрым, тамашакɵй кишилер экенине ынандым. Анда “Жубайлар” рубрикабыздын бʏгʏнкʏ коноктору “Ош-Тазалык” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери болмокчу.

“Жаш ɵтʏп калганда кан суюлтуп кыймылдап турушуң керек”

Канайым Абдыкеримова:

— “Тазалыкта”  жолдошум экɵɵбʏз иштеп баштаганыбызга 5 жылдын жʏзʏ болду. Ɵзʏм Алайдын кызымын. Бул ишке келгенге чейин ʏй жумуштары менен, бала-бакыра менен алектенип калдым. Балдар баары турмуш куруп, ɵзʏ менен ɵзʏ болуп кеткен соң ʏйдɵ зеригет экенсиң. Шаардын четинде Дача айылында турабыз. Турмушта ар тʏрдʏʏ сыноолор болот экен, кээде сен кʏтпɵгɵн тагдырга туш болосуң. Бул экинчи турмушум, мурунку жолдошум каза болуп калган, 5 балам менен калдым, баланы багып чоңойтуу деле оңой иш эмес. Учурда балдарымын улуусу 25те, кенжеси 18де. Кыздарымы турмушка узаткамын.  Балдарым эми ʏйлɵнɵт. Азыркы жолдошум Насирдин экинчи турмушум. Киндиктен грыжа болуп 7 жолу операцияны баштан кечирдим. ʏйгɵ кирип ʏйгɵ батпай, эшикке чыгып эшикке батпайм, кыймылдабасаң да болбойт, денеге кан жʏгʏрʏп турушу зарыл, жаш ɵтʏп калганда кан суюлуп турбаса коюлуп кеткен кан ар тʏрдʏʏ ооруга себеп болот.

Насирдин Жолдошов:

— Мен жаш маалымда курулушта иштедим, шофер болуп, трактор айдадым. Канайым менин да экинчи турмушум. Биринчи жубайым ɵзʏмдʏн бир класста окуган классташым эле, бейиши болгур. Сарык болуп ооруп, кʏтʏʏсʏз эле каза болуп калды. Ортодо 5 балабыз бар. Кɵп жыл бою жалгыз бой жʏрдʏм. Балдардын баарын ʏйлɵндʏрʏп, жайлаштырып койгом. Баары ɵздɵрʏ менен ɵздɵрʏ, келиндерим жакшы. Ɵзʏм Папандан болом. Канайым менин карындашым менен курбу экен, экɵɵбʏздʏ карындашым тааныштырып, табыштырды. Чогуу тʏтʏн булатып калдык, анан “Ош-Тазалыкта” чогуу иштеп да калдык. Балдарым кабар алып турат, жубайым аларга барып турат, экɵɵбʏз тең мурунку турмушубуздагы балдарыбыз менен мамилебиз жакшы. Канайымдын улуу кызы Папанга турмушка чыккан. Мени тааныйт болчу, ата деп тынбай чалып, сурап турат. Балдар эс тартып калганда кыжаалат болот экен, турмуш куруңуз деп ɵздɵрʏ айтып калышты.

“Биздин менталитетте кайра-кайра турмуш жаңырта берʏʏ жакшы эмес”

К. А.:- Экинчи турмуш болгон соң бир аз кыжаалат болосуң, биздин менталитетте кайра-кайра турмуш жаңырта берʏʏ жакшы эмес. Элдин сɵзʏнɵн, сынынан санаа тартасың. Балдар чоңоюп калган соң алар эмне деп жиберет деп балдардын ырайына карап калат экенсиң. Бала менен бала урушуп кетпесе экен деп баарына аяр мамиле кыласың. Кудайга шʏгʏр, балдарыбыз эстʏʏ, экɵɵбʏз тең балдарыбыз менен мамилебиз жакшы. Тирʏʏлʏктɵ адамга ошол эле керек экен. 

Н.А.:— Балдар чоңоюп калганда ата-эненин иштешин каалабайт экен. Туура, алардын да теңтуштары, достору бар, «атаң кɵчɵ шыпырып жʏрɵт» деген сɵздʏ угуу аларга жакпайт. Мен балдарга тʏшʏндʏрʏп айттым, ʏйдɵ кечке бекер отурсам кайра ооруп калат экемин, кыймылдасам кан жʏгʏрʏп турат, балдарым, туура кабыл алгыла десем алар да тʏшʏнʏштʏ. Анан жубайыма да ʏйрɵнʏп калдым. Кайда бассам чогуу басып калдым.

“Жумушуң эрте бʏтʏп, ɵзʏңдʏн жумушуңа да убакыттын артканы жакшы”

К.А.: -Жумуш таңкы саат 5те башталат. Эл  турганча кɵчɵ бош кезде биз тазалап албасак анан кыймыл кɵбɵйʏп, унаалар тоскоолдук жаратат. Ишкананын унаасы Араван сыяктуу четирээк айылдардан келип иштегендерди ташыйт, биз сыяктуу шаарга жакын же шаар ичиндегилер ɵз каражатынын эсебинен жумушка келишет. Ар дайым бир таксист баланы сʏйлɵшʏп алганбыз. Ошол бизди жумушка алып келип таштап коёт. Жумуш бʏткɵндɵ маршрут менен кетип калабыз. Тʏшкʏ саат 13:00гɵ жумуш бʏтɵт.

Н.А.:  -Жаш ɵтʏп калган кезде тʏшкɵ чейин уктап да жата албайсың. Ошого эрте менен турганга организм да кɵнʏп калат экен. Жумушту эрте бʏтʏп, андан соң ɵзʏңдʏн жумуштарыңа да убакыттын кенен артканы жакшы. Тʏшкʏ тамактануудан кийинки убакытта бошпуз. Ошол кезде тууганга барсак тууганчылап, базарда иштер болсо аны бʏтʏрʏп, иши кылса ɵзʏбʏз ʏчʏн да убакыт кенен. Ушунусу биздин иштин артыкчылыгы десе болот. Жубайлар чогуу бир жерде иштеген жакшы да, чогуу иштеп, бирибиз жетишпей баратсак экинчибиз келип кɵмɵктɵшʏп, бирибизди бирибиз толуктап турабыз.

“Каруусунда кʏчʏ бар жаш балдардын ичип, селсаяк болуп кеткенин кɵрʏп зээниң кейийт”

Н.А.: -Менин го жашым ɵтʏп калды. Иштесе ишке, ойносо оюнга тойбой турган, каруусунда кʏчʏ бар жаш балдардын ичип, селсаяк болуп кеткенин кɵрʏп зээниң кейийт. Иш учунда кɵбʏнчɵ таңга маал ошондой жаштар келишет, “курсагым ачты, тамак алып бер же башым ооруп атат, акча бер” деп. Ат-таа деп калам, ушул сенин жашыңда тоону томкорсо болот го, ушул жʏрʏш кантип болсун дейм. Жон баштыгымда тамак-аш болсо карматып коём, жеп кетет. Кээ бир акылы жоктор ишке тоскоолдук жаратат. Андайда теңелбей “кой, балам” деп алдайсың, чɵнтɵгʏмдɵ ашыкчараак тыйын болсо берип кетирем. Ага теңелсең уруш чыгат, уланып кете берет. Теңелбегенге аракет кылам. Ушундайларды кɵргɵндɵ кадимкидей капаланам. Карасаң маданияттуу кийинген балдар, кɵрʏп отуруп боорум ооруйт, жаштар ушинтип калдыбы деп.

К.А.: -Бирге иштегендер бизге тийишип, тамашалап калышат “экɵɵң деги ажырап басасыңарбы, качан караба чогуу басасыңар, таң калабыз” дешет. Чогуу жʏргɵнʏбʏздʏ кɵрʏп кɵбʏ таң калат. Карыганда биз эмнени талашат элек, бизге жакшы сɵз эле керек. Экɵɵбʏз эрмектешип- ээрчишип чогуу иштеп жʏрɵбʏз.

“Yйдɵгʏ пикир келишпестик аял кишиден кɵбʏрɵɵк кɵз каранды”

Н.А.:  —Биздин тууган-урукта аял кишини сɵккɵндʏ, калп айтканды, жашырганды жаман кɵрʏшɵт. Тарбия ушундай, мына жубайым билет, тууган-урук менен катышып, кɵрʏп жʏрɵт. Акча бекиткенди жаштайыман жаман кɵрɵм. Айлык алсам деле буга карматам. Айлык алчу карта дайыма ушуда (жубайын кɵрсɵтʏп) жʏрɵт. Бир нерсе сатып алдым десе кɵтɵрʏшʏп келем. Кассир ушул, жолго кеткен акчаны да ɵзʏң тɵлɵ деп турам.

К.А.: “Эрлʏʏ катын урушат, эси кеткен болушат” деп илгертен калган макал бар. ʏйдɵгʏ тиричилик пикир келишпестиги аял кишиден кɵбʏрɵɵк кɵз каранды. Аял ʏй-бʏлɵнʏн туткасы деп бекер айтылган эмес да. Турмуш оюнчук эмес, жаш кезде кан суюк маал, бири-бирине жаштар жол бергилери келбейт. Ошондой кезде аял киши бир аз тɵмɵн болуп койсо эч нерсе болбойт.

Н.А.: -Оштуктар ашты, кʏрʏч палоону жакшы кɵрɵбʏз да. Канайымдын жасаган ашын тамшанып жейм. Негизи тамак тандабайм деле, алдыңа келген ырыскынын жаманы жок. Башка бирɵɵгɵ карматпа, келин, бала-чакага жасатпа, ɵзʏң кыл деп турам.

К.А.: -Агаңардын мʏнɵзʏ ачык-айрым, ичинде кири жок, 5 тыйын табабы, 10 тыйын табабы ʏйгɵ алып келет. Бирɵɵгɵ кара санабаган, боорукер адам. 

Элира Чынтемир кызы