25 апреля, 2024

ЖОЛ КЫРСЫГЫ: Согушта да мынча каза таппайт

Кыргызстанда эми бир жылдын ичинде ʏч жолу жол эрежесин кайталап бузган айдоочулар кайрадан экзамен тапшырууга жɵнɵтʏлɵт. Ошондой эле мас абалында рулга отурган айдоочулар бир жылдан ʏч жылга чейин унаа башкаруу укугунан ажыратылат. Мындай эрежелер ушул жылдын 8-мартында кʏчʏнɵ кирди.

Дʏйнɵдɵ жыл сайын автокырсыктан 1,3 миллиондон ашык адам каза болот

Дʏйнɵлʏк Саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) маалыматына ылайык, дʏйнɵдɵ жол кырсыктарынын кесепетинен каза болгондордун саны жылына 1,3 миллиондон ашат.

Алардын 90% ашууну тɵмɵн жана орто кирешелʏʏ ɵлкɵлɵрдɵ катталат. Эң жогорку кɵрсɵткʏч Африка континентиндеги ɵлкɵлɵрдɵ болот. Жогорку кирешелʏʏ ɵлкɵлɵрдɵ да, жол кырсыктарынын коркунучу тɵмɵнкʏ социалдык-экономикалык топтордо кɵбʏрɵɵк катталат.

Жол кырсыгынан каза болгондорду азайтууда эң чоң ийгиликтерге мыйзамдын жакшыртылышы, аткарылышы жана жол-транспорт коопсуздугун жакшыртуусуна басым жасаган ɵлкɵлɵр жетише алышты деп белгиленет ДСУнун маалыматында.

Жол кырсыктарынын саны боюнча Кыргызстан дʏйнɵ ɵлкɵлɵрʏнʏн сап башында келатат.

ИИМдин  алдындагы Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын ɵкʏлʏ Т.Исаев жаңы талаптардын зарылчылыгы боюнча:

“Жол кырсыктардын келип чыгуу себебине талдоо жʏргʏзʏʏдɵ буга 90-95 пайыз айдоочулар кʏнɵɵлʏʏ экени белгилʏʏ болду. Кандайдыр бир эрежелерге кɵңʏл бурбоо же жол эрежелерин одоно бузуунун кесепетинен материалдык чыгым же адам ɵмʏрʏнɵ зыян алып келеген кырсыктар кɵп катталууда. Мындан улам мыйзамга ɵзгɵртʏʏ киргизʏʏ зарылчылыгы келип чыкты. Жол кырсыктарынын негизги себепкерлери катуу ылдамдыкта жана каршы тилке менен унаа башкаргандар”, — дейт.

Статистика жакаңды карматат

Жол кырсыгы боюнча статистиканы кɵрʏп, жакаңды кармайсың. Президент айтмакчы, согушта да мынча каза таппайт. Сɵзʏбʏз кур болбошу ʏчʏн акыркы ʏч  жылдагы статистикага кайрылып кɵрɵлʏ.

* 2020-жылы 6 миң 126 жол кырсыгы катталып, 754 адам каза болуп, 9 миң 227 адам майып болуп калган.

*2021-жылы 7 миң 438 жол кырсыгы катталып, 869 адам каза болуп, 11 миң 370 адам майып болгон.

*2022-жылы 7 миң 40 жол кырсыгы катталып, 690 адам каза болуп, 11 миң 49 адам майып болуп калган.

Жашы жете элек балдар боюнча:

*2020-жылы 93 бала каза болуп, 1 456 бала майып болгон.

*2021-жылы 111 бала каза болуп, 2 175 бала майып болуп калган.    *2022-жылы 103 бала каза болуп, 2 226 бала майып болгон.

Мас абалында унаа айдап жʏргɵндɵрдʏн кесепетинен каза болгондор:

*2020-жылы 467 кырсык катталып, 62 адам каза болуп, 451 адам майып болуп калган.

*2021-жылы 458 кырсык катталып, 56 адам каза болуп, 768 адам майып болгон.

*2022-жылы 422 кырсык катталып, 39 адам каза болуп, 742 адам майып болуп калган.

С.Жапаров:

“Кɵпчʏлʏк эл “беш эсе кɵтɵргʏлɵ” деп чыгыш керек эле…”

Президент Садыр Жапаров жол эрежелерине карата айып пулду жогорулаткан мыйзам боюнча буларды айтты:

-Ким болбосун жол эрежесин бузбай айдаш керек. 2020-жылга чейин айдоочулук кʏбɵлʏктɵр сатылып келген. Азыр андай жок.

Адам баласы бар жерде баары болот экен. Айрым бир тааныштарын ɵткɵрʏш ʏчʏн кошуна бɵлмɵдɵ туруп алып экзамен тапшырып жаткан кишиге дʏрбʏ же аралыктан башкаруучу компьютер аркылуу жардам берем деп кармалып жаткандар да бар. Бирок биз бара-бара баарын ордуна коюп, ɵнʏккɵн ɵлкɵлɵрдʏн деңгээлине жетишʏʏгɵ аракет кылышыбыз керек. Анпесек кантип алдыга жылабыз. «Мен жол эрежесин бузушум керек. Айып пулду азыраак кылгыла» деген дагы талаппы? Тескерисинче, “эки-ʏч эмес, беш эсе кɵтɵргʏлɵ” деп чыгыш керек эле, кɵпчʏлʏк эл. Себеби майып болуп калган адамдардын кɵпчʏлʏгʏн мындан ары мамлекет багабыз. Тагыраагы, элдин эсебинен багабыз. Жɵлɵкпулдар берилип жатат. Бакканын го мейли, багабыз. Кɵп адамдарыбыз каза болуп кетип жатпайбы, ошол жагы ɵкʏнʏчтʏʏ.

Канчалаган ʏй-бʏлɵлɵр ондогон жылдардан бери жакындарын жоготуп зарлап олтуруп калышты. Ошондуктан «ʏч жолу эреже бузгандар кайра экзамен тапшырат» дегенди толук колдошубуз керек. Жол эрежесин сактап айдасаң, ɵзʏңдʏ да сактайсың, башкаларга да коркунуч келтирбейсиң. Бир келген ɵмʏрʏңɵрдʏ сактагыла, башкалардын ɵмʏрʏнɵ коркунуч келтирип, залал келтирʏʏгɵ себепчи болбогула!

Кʏйʏткɵ толгон тагдырлар

Автокырсыктан жакынын жоготкондор, кырсыкка кабылгандардын тагдырын угуп отуруп кейийсиң. 

Макбурат Кудайбердиева:

“Мас айдоочунун айынан бир тууганымдан айрылгам”

-Мен Ош облусунун тоолуу айылында турам. Мындан бир канча жыл мурда сиңдимди катуу ылдамдыкта келаткан унаа коюп кетип, каза болгон. Байкушум бензин сатчу. Жолдон жʏз элʏʏ метр ары жакта отурчу.  Айдоочу бутуна туралбай мас экенин айтышты, кошуна айылда жашаган бала эле, каматпады. Андан кийин да ʏч жашар баланы сʏзʏп кетиптир деп уктук, менимче адамды ɵлтʏрɵ сʏзʏп кеткендерге жазаны кʏчɵтʏʏ керек, кадимкидей эле он жылга эркинен ажыратып салса деле колдойт элем.

 Аман Сарыков:

 “Майып болуп калса деле жашап жатат деп кубанбайт белек”

-Автокырсыктан бир убакта бир айыл эли 5 уулунан ажыраганына ʏч жыл болду. Ар жыл сайын анын кɵзʏ ɵткɵн кʏнʏ биз ʏчʏн оор кʏнгɵ айланган. Анткени чырактай уулумду жоготком.  Мында кимди кʏнɵɵлɵштʏ деле билбейм. Анткени алар отурган машина ээси башка, рулдагысы башка, тʏн ичинде азгырып чакырганы башка. Тирʏʏ болуп, майып болуп калса деле жашап жатат деп кубанбайт белек. Кʏйʏттɵн аялым оорукчан,келиним жесир, неберем жетим калды. “Адам тɵрɵлгɵндɵ эле качан, кантип ɵлɵрʏ жазылат” деп жибитишти кɵбʏ. Бирок бир адамдын кʏнɵɵсʏнɵн бир канча адам ɵлʏп, артында калгандар ɵмʏр бою азап тартып ɵтɵт. Мен да айдоочумун, кан жолдо кɵп жʏрдʏм, бирок биздин убакта мындай жол кырсыктары ɵтɵ сейрек болчу. Азыр ар бир ʏй-бʏлɵдɵ бирден машина болуп, жол тарып жатабы же айдоочулукту окубай алгандын кесепетиби тʏшʏнбɵйм.

Салиха Боронова:

“Иш козголбойт экен, себеби жол эрежесин иним бузган дешти”

-Былтыр эжемдин баласы Россияда жол кырсыгынан каза болуп калды. Бир апта мурун эле апасына сʏйʏнчʏлɵп, машина алганын айтып чалганына кʏбɵ болгом. Кийин интернеттен кɵрʏп калдым, магистралда токтоп калганбы же ылдамдыкты азайтып айдаганбы, айтор, катуу ылдамдыкта келаткан унаа сʏзгɵндɵ жарылып кетип, тирʏʏлɵй кʏйʏп кетиптир. Жандалбастап чыгууга аракет кылгандыр, бирок бизге кара кʏйʏк дене келди куйкаланган. Иш козголбойт экен, себеби жол кыймылын иним бузган деп айтышты.

Жоомарт Бекетаев:

 “Кырсыкка шылтап кырылып калмай болдук”

-Энеме кыйын болду. Эмнеге дебейсиңерби, анткени ɵзʏңɵр кɵрʏп тургандай, тɵшɵк тартып жатканыма жети жыл болду. Майыптын энеден башка эч кимге деле кереги жок окшойт, келинчегим мен автокырсыкка учурап комага тʏшʏп калганда эле эки баламды ээрчитип, бирɵɵсʏн таштап тɵркʏнʏнɵ кетип калган. ʏйдɵ калган балам 5-класста окуп калды. Ош-Бишкек каттачумун, узак жолдо уйку тартат эмеспи, жол четине токтотуп, адатта кɵп машиналар ошол жерге токтоп эс алышчу, мен да жʏргʏнчʏлɵрʏм менен кошо токтоттум. Уктап кеткен экем, бир убакта катуу ʏн чыгып эле рулга жабышып калдым. Андан аркысы эсимде жок.  Ооруканадан 3 кʏн дегенде кɵзʏмдʏ ачтым, жʏлʏн жабыркап, белден ылдый иштебей калды. Жʏргʏнчʏлɵрдʏн экɵɵ ошол жерден каза болуп, бирɵɵ ден соолугунан жабыркап, мен майып болдум. Айдоочу бир да басып келип сураган жок, туугандарынан биртке акча бердирип жибериптир ошол боюнча байланыш жок. Соо болчумун, уктаган да жокмун дептир. Менимче уйку тартып кетип, рулду башкара албай калган, анан да ылдамдык жогору болгон. Кырсык деп кырсыкка шылтабай ар бир айдоочу абай болсо мындай окуялар аз болмок. Кырсыкка шылтап кырылып бʏтмɵй болдук.

Жол эрежесин бузгандарга айып пулдар ɵлчɵмʏ

Айыптардын аталышы2022-жылЖаңы мыйзам 2023
1.Мас абалында унааны башкаруу17,5 миң сом айып пул тɵлɵɵ1 жылга, кайталап эреже бузгандар 3 жылга айдоочулук кʏбɵлʏгʏнɵн ажыратылат
2.Тиешелʏʏ документсиз унаа айдаса (категория)5500 сом айып пул тɵлɵɵ15 000 сом айып пул тɵлɵйт
3.Белгиленген нормадагы ылдамдыктан 40-60 чакырым/сааттан ашса5 500 сом айып пул тɵлɵɵ7 500 сом ɵлчɵмʏндɵ айып тɵлɵйт
4.Белгиленген нормадагы ылдамдыктан 60 чакырым/сааттан ашса7 500 сом айып пул тɵлɵɵ15 000 сом ɵлчɵмʏндɵ айып салынат
5.Каршы тилкеге чыгып айдаса5 500 сом айып пул тɵлɵɵ15 000 сом ɵлчɵмʏндɵ айып салынат
6.Унаа бейбаштыгы7 500 айып пул тɵлɵɵ15 000 сом ɵлчɵмʏндɵ айып салынат, эреже кайталап бузулса 6 айга айдоочулук кʏбɵлʏгʏнɵн ажыратылат
7.Айдоочу унааны кырсык болгон жерге таштап кетсе, бирок анын аракетинде кылмыш курамы байкалбаса10 000 сом ɵлчɵмʏндɵ айып салууайдоочулук кʏбɵлʏгʏнɵн 6 айга ажырайт
8.  Жол чырактын кызыл тʏсʏнɵн ɵтсɵ же тротуар менен жʏрсɵ3 000 сом айып салуу5000 сом айып салынат

Мындан сырткары, бир жыл ичинде ʏч же андан кɵп жол эрежесин бузса кайрадан экзамен тапшырат. Мурда айдоочу 10 миң сомго чейин тɵлɵнбɵгɵн айып пул менен жʏрɵ берчʏ. Эми 3000 сомдон ашса унаа айып короого токтотулат.
 Жасалма номер менен унаа айдагандар ʏчʏн айып пул 20 миң сом, кайталап мыйзам бузса бир жылга айдоочулук кʏбɵлʏгʏ жарактан чыгарат.