27 апреля, 2024

“Жол кирени кɵтɵрʏʏ – азырынча жɵн гана сɵз болуп жаткан маселе”

Коомдук транспорт – кʏнʏмдʏк жашообузда чоң мааниге ээ. Дээрлик ар бир адам коомдук транспортко муктаж болуп калуусу ыктымал. Ошондуктан жʏргʏнчʏлɵрдʏн талабы да арбын. Баарысы ыңгайлуу шарттар тʏзʏлʏп, автобус, троллейбустардын жеткиликтʏʏ болуусун каалашат. Ушундай шартта “жаңы келген автобустардын айрымдары иштен чыгыптыр” деген маалыматтар кызуу талкууга жем таштаган. Чынында автобустардын абалы кандай, сɵз болуп жаткан жол кире чын эле кɵтɵрʏлɵбʏ? Ош шаардык муниципалдык автоунаа башкармалыгынын башкы инженери Ырысбек Жээналиев жооп берет.

“Автобустарды ɵз алдыбызча ачып оңдоого азырынча уруксат жок”

-“Ɵткɵн жылы Ɵзбекстандан алынып келинген автобустардын айрымдары иштен чыкты” деген маалыматка кошулбайм. Учурда баары эле иштеп жатат. Техника болгондон кийин сɵзсʏз анча-мынча мʏчʏлʏштʏктɵргɵ учурайт экен. Муну айрым массалык маалымат каражаттары туура эмес тʏшʏнʏп алса керек. Иштин чоо жайы мындай болгон, сегиз чакты автобустун ички деталындагы айрым катырылган болттор сынып кеткен. Ɵзʏбʏздʏн мекемеде оңдой турган слесарь адистери албетте, бар. Бирок, ал автобустарды ɵз алдыбызча ачып оңдоого азырынча уруксат жок. Себеби, 2 жылдык же болбосо канча бир километр жʏргɵнгɵ чейин кепилдик мɵɵнɵтʏ бар. Ɵндʏргɵн завод менен келишимге ылайык ал жактын адистери 15 кʏндɵн 25 кʏнгɵ чейинки аралыкта келип, бузулган автобусту оңдоп берʏʏсʏ шарт. Биз интернет аркылуу билдирмени убагында жɵнɵттʏк. 15 кʏндɵн кийинки бир аз кечигʏʏнʏ эске албаганда ɵз убагында, автобуска керектелʏʏчʏ бɵлʏкчɵлɵрʏн алып келип, 25 кʏнгɵ жеткирбей оңдоп берип кетишти.

“Кепилдигине берилген эки жылдык мɵɵнɵттʏ сактайлы деп жатабыз”

-Ошентип, мʏчʏлʏштʏккɵ учураган сегиз автобустун алтысы каттамга чыкты. Биринин каптал айнеги сынгандыктан азырынча каттамга чыга элек. Айнеги Ɵзбекстанга заказ берилген. Экинчи автобустун стартери кʏйʏп кеткен. Келишимге ылайык, аларды да оңдоп беришет. Автобустун калган кыймылдаткычы, ɵткɵрʏʏ коробкасы жана дɵңгɵлɵгʏ, эшиктеринин ачылып-жабылышы баары жакшы. Белгилей кетʏʏчʏ нерсе айнектерин жууп тазалоочу бɵлʏгʏнʏн кичинекей моторунда кɵйгɵй бар. Аны да ɵзʏбʏздʏн адистер оңдоп коймок, бирок, автобустардын ар бир катырылган болтторуна боёк бастырылган. Боёгу бузулса ɵндʏргɵн тарап “ɵз алдыңарча ачыпсыңар” деши мʏмкʏн. Ошондуктан биз ачпадык, келишимде кɵрсɵтʏлгɵндɵй кепилдигине берилген эки жылдык мɵɵнɵттʏ сактайлы деп жатабыз. Калган автобустар кадимки режимде иштɵɵдɵ. Бул боюнча Ош шаардык Кеңешинин депутаттарынан тʏзʏлгɵн комиссиялык топ да келип текшерип кетишти.

“Эл ташыган коомдук транспорт болгондон кийин чыгымы кɵп”

-Жол акынын кымбатташы боюнча маселе сессияда каралардан мурда коомдук талкууга коюлат. Гезит, журналдар аркылуу сурамжылоолор жʏргʏзʏлɵт. Азырынча бул жɵн гана сɵз болуп жаткан маселе. Бир чети жол кирени кɵтɵрбɵсɵ биздин мекемеге да абдан оор болуп жатат. Кʏйʏʏчʏ майлар кымбат, майлоочу майлар андан да кымбаттап кетти. Андан сырткары автобустун запастык бɵлʏкчɵлɵрʏ аябай кымбат. Баарыбызга белгилʏʏ болгондой мекеме, ишканаларда иштеген кызматкерлердин маяналары да кɵтɵрʏлдʏ. Мына ушундай жагдайларды эске алуу менен жол кирени кɵтɵрʏʏ маселесин караштырып жатабыз. Муну эл деле туура тʏшʏнсɵ керек. Эл ташыган коомдук транспорт болгондон кийин ичин жууп-тазалайсың, чыгымы кɵп. Бир чекиттен экинчи чекитке жеткенге чейинки кыйынчылыктарды айталык, жолдордун абалы баарыбызга белгилʏʏ.

“Валидатор жана кассалык аппараттарда кемчилдиктер жок эмес”

-Валидатор тʏзʏмʏ мурдагы “Лиаз” автобустарына жана троллейбустарга орнотулган. Андан сырткары кассалык аппараттар бар. Мурда валидаторлорго бир эле жерде, тагыраагы, биздин ишканада гана толуктоо операциясы жʏргʏзʏлчʏ. Кийин жаңы дайындалган жетекчи аны юго-восток жана ХБК кичи райондорунун ʏч диспетчердик пунктуна койдурду. Негизи бул да жетишсиз болгондуктан, жетекчинин тапшырмасы менен аларды толуктоо кайрадан “Mega pay” тиркемеси аркылуу ишке ашырылмай болгон. Азыр бардык шаар тургундары бизден алган карточкаларын Mega pay аркылуу толуктоого мʏмкʏнчʏлʏгʏ бар. Ошондой эле жакынкы кʏндɵрʏ кандай гана банктын картасы болбосун валидаторлорго толуктоо мʏмкʏнчʏлʏктɵрʏ тʏзʏлɵт. Жаңы автобустарга орнотулган кассалык аппараттарда да кемчиликтер жок эмес. Кайра эле толуктоо жагын жакшыртуу ʏчʏн банктар менен сʏйлɵшʏʏлɵрдʏ жʏргʏзʏп жатабыз. Улуттук банк аркылуу бʏткɵрʏлɵ турчу иш экен. Аларга да билдирʏʏлɵрдʏ жɵнɵтʏп, келишимдер тʏзʏлгɵн. Эгер банктар тарабынан болуп жаткан бир аз кечеңдɵɵлɵр аяктаса, бул маселе да оң жагына чечилет. 

Кредиттик келишимдердин мɵɵнɵтʏ

-Мурдагы “Лиаз” автобустары Европа ɵнʏктʏрʏʏ банкынан алынган. Алардын кредиттик келишими 2026-жылы аяктайт. Ал эми жаңы автобустардын акысын тɵлɵɵ мɵɵнɵтʏ 5 жыл. Бир жыл ичиндеги тɵлɵнбɵй турган кредиттик каникулду эске алганда алты жылды тʏзɵт.

“Жʏргʏнчʏлɵрдʏ ташуу биздин приоритетибиз”

-Ош шаардык муниципалдык автоунаа ишканасы шаарыбыздагы жʏргʏнчʏлɵрдʏ ташуу биздин приоритетибиз. Албетте, жʏргʏнчʏлɵрдʏ ташууда биз тараптан да, жʏргʏнчʏлɵр тарабынан да кɵйгɵйлɵр болуп келет. Айрым учурда жʏргʏнчʏлɵргɵ толук кандуу шарт тʏзɵ албай калуубуз ыктымал. Мисалы, жаңы келген автобустарда ден соолугунун мʏмкʏнчʏлʏгʏ чектелген жарандар ʏчʏн ыңгайлуулуктар каралбай калган. Ошол тарабы бир аз кɵйгɵй жаратууда. Ал эми мурдагы автобус, троллейбустарда коляска менен чыгууга бардык мʏмкʏнчʏлʏктɵр каралган. Учурда троллейбустун ʏчʏнчʏ линиясын ачууга ишкана жана жетекчилик кɵп иштерди алып барып жатышат. Шаар мэриясы аркылуу булар ишке ашып калса, мʏмкʏнчʏлʏгʏ чектелген жарандарыбызга ыңгайлуу шарттарды тʏзʏʏ жагын сɵзсʏз карайбыз.  

Айжылдыз Тойчиева