29 марта, 2024

“310 чакырым асфальт жол бар, анын 80%ы жараксыз, аябай эски”

Жол – адам, транспорт жана башка каттоого, жʏк ташууга арналган жол катнаштардын жалпы аты. Жол тармагы Евразияда биздин заманга чейин 5-миң жылдыкта пайда болгон. Адегенде жол бетине эч нерсе тɵшɵлбɵстɵн эле жасалган. Жол салуу курулушу 1747-жылы Парижде инженерлерди даярдоо ʏчʏн жол жана кɵпʏрɵ боюнча улуттук мектеп тʏзʏлгɵндɵн башталган. 1789-жылы Францияда узундугу 40 миң км болгон жол курулган. Кыргызстанда жол куруу 20-кылымдын башынан ɵнʏгɵ баштаган. Мисалы, 1924-жылы узундугу 568 км болгон Арыс – Пишпек жолу салынган. Кийинчерээк Ош – Жалал-Абад – Кɵк-Жаңгак, Фрунзе – Талас, Фрунзе – Ош жана башка жолдор курулган. Ал эми Ош шаарынын жолдору качан курулганы боюнча так маалымат жок. Акыркы кезде шаар тургундары,  коноктору тарабынан айрым ички жолдордун абалы тууралуу маселе кɵтɵрʏлʏп келʏʏдɵ. Буга чейин жолдорду оңдоого ири суммада каражат келери айтылып, бирок ишке ашкан эмес. Биз бʏгʏн дал ушул шаарыбыздын жолдору тууралуу кеп кылабыз.

Арзыбек Жунусов, Ош шаардык жолдор башкармалыгынын жетекчиси:

“Жамап, тʏзɵɵ менен жолдордун ɵмʏрʏн узартуудабыз”

-Быйылкы планда жолдор боюнча кандай иш-аракеттер аткарылат?

-Бул жылга берилген сунуштарды шаар мэри Бакытбек Жетигенов бекитип берди. Быйылкы планда деле жылда аткарылчу иштер кирген. Ошол эле жолдогу оюлган жерлерди (яма) жамоо иштери. Ɵткɵн кыш жылдагыдан оор, суук катуу болуп, жамгыр, кар кɵп жааганына байланыштуу жылдагыдан эки эсе кɵбʏрɵɵк жол бузулду. Айрымдар “жолду жамагандан ордуна асфальт тɵшɵп койбойсуңарбы” дешет. Бул туура эмес. Шаарда 635 км. жолубуз болсо, анын 310 чакырымы асфальт болуп эсептелет. Анын дагы 80%ы жараксыз, аябай эски. 40-50 жыл болгон асфальт жолубуз да бар. Аны карап турбасаң бат эле жок болуп кетет. Мисалы, бʏгʏн 20-30 см. оюлган жер болсо, бир айдан кийин ал 1 метрге айланып кетиши мʏмкʏн. Мынтип башка жолду жок кылып алуу коркунучу бар. Муну тʏшʏнбɵгɵндɵргɵ жол салуу оңой болуусу мʏмкʏн, бирок акча каражаты жетпейт да. Ошондуктан жылда оюлган жерлерди жамоо менен биз жолду сактап калуудабыз. Мисалы, денебизге же бетибизге бир нерсе чыкса, аны карап, кам кɵргɵндɵй эле, жолду да карап, кɵзɵмɵлдɵɵ керек.

Суу – асфальттын душманы. Быйыл кышта жолдор тоңду дагы, ал жерге суу кирип, жарылып, оюлган жерлерде кɵбʏрɵɵк кɵйгɵй болууда. Биз аларды жамап, тʏзɵтʏʏ менен жолдордун ɵмʏрʏн узартуудабыз. Ал эми Бишкек менен Ошту салыштыргандар да болууда. Эки шаарды салыштырууга болбойт. Себеби Бишкек борбор болгондуктан, ага кɵбʏрɵɵк кɵңʏл бурулуп, Кытай грантынын ʏчʏнчʏ траншы менен иштɵɵдɵ. А биз жергиликтʏʏ бюджеттин кʏчʏ менен гана сактап келʏʏдɵбʏз, башка каржы булактарыбыз жок. Ошондуктан бизге бɵлʏнгɵн акчалардын баарын натыйжалуу жумшап, коромжусуз жумуштарды аткарууга аракет кылуудабыз. Эгерде ɵзʏбʏз жасабай, тендерге бере турган болсок, мындан эки эсе кɵп каражат талап кылынмак. ʏнɵмдɵɵ ʏчʏн мэрия тарабынан алынып берилген атайын техникалардын жардамында материалдан сырткары бардык жумушту ɵзʏбʏз бʏткɵрɵбʏз. Материалдарды гана сатып алабыз. Ошондуктан арзаныраак болуп эсептелет.

“Бир чакырым жол курулат жана бир ири долбоор ишке ашат”

-Кайсыл кɵчɵлɵр оңдоодон ɵтɵт?

-Быйыл шаар мэринин демилгеси менен Ленин кɵчɵсʏндɵгʏ, тагыраагы, Шейит-Дɵбɵдɵн жаңы автовокзалга чейин бир тараптуу каттам кылабыз деп кɵп жылдан бери айтып келебиз. Ошол жакта 2,6 км жол бар. Ал жолдун бир чакырымы гана Ошко караса, калганы Кара-Суу районуна тиешелʏʏ. Бул жылы ошол бир чакырым жол жасалат. Калаа башчысы да ɵзʏ жеринен кɵрʏп, таанышып, макулдугун берген. 31-август – Эгемендʏʏлʏк кʏнʏнɵ карата иш чара шаарыбызда ɵтɵт, ага чейин жогорудагы иштерди бʏтʏргʏлɵ деген талапты койду, аракет кылуудабыз. Азыр болгон мʏмкʏнчʏлʏгʏбʏздʏ пайдаланып, белгиленген мɵɵнɵткɵ чейин аягына чыгарууга кʏчʏбʏздʏ жумшайбыз.

Андан кийинки чоң долбоорубуз Раимбеков кɵчɵсʏндɵ болот. Мэрия тарабынан жылда ар бир кичи райондо эс алуу багы, жолу жасалып келе жатпайбы. Дал ошол сыяктуу бул да чоң долбоорлордун бири.

“Арыздар жалпы 2 млрд. 320 млн. сомду талап кылууда”

-Акыркы кезде кайсы кɵчɵлɵрдɵгʏ жол боюнча кайрылуулар кɵп?

-Бардыгы эле жолдорубузду оңдоп бергиле деп кайрылышат. 310 км. жол асфальт болсо, 325 чакырымы шагыл жол. Бардыгы эле бирдей маселе менен кайрылышат, каттар келип тʏштʏ. Жылды жыйынтыктап, кайрылууларды эсептегенибизде “асфальт тɵшɵп бергиле”, “шагыл тɵгʏп бергиле”, “светофор коюп бергиле” деген арыздар жалпы 2 млрд. 320 млн. сомду талап кылууда. А биздин шаарыбыздын жалпы бюджети 2,5 млрд. сом болуп жатпайбы. Ошондуктан негизгилерин жасоого аракет кылуудабыз. Былтыркы жылы тротуар жылы деп жарыяланып, республикалык бюджеттен да 148 млн. сом бɵлʏнʏп, бир топ иштер аткарылып калган болчу. Албетте, тоскоолдуктардан улам кечиктирилген жерлер бар, аларды жакын арада толук бʏткɵрʏп беришет. Ал эми быйылкы жылы мамлекеттик казынадан бɵлʏнгɵн жок. Жергиликтʏʏ бюджеттин гана эсебинен иштейбиз.

“Жамоо иштери 30-июнга чейин бʏтɵт, 16 млн. сом сарпталат”

-Жолдорду жамоо иштери канча убакытка созулат?

-Бул жылы мэр катуу тапшырма коюуда. Жылда жамоо иштери октябрь, ноябрь айына чейин созулчу. Быйыл 30-июнга чейин шаар боюнча жамоо иштерин аягына чыгаруу тапшырмасы коюлду. Ɵткɵн жылы бизге фреза деген жакшы аппарат алып берген, ошол менен иштейбиз. Аны менен жумуш тезирээк болот. Жамоо иштерине 16 млн. сом акча каражаты керектелет.

Сатыбалды Дʏйшеев, ОшТУнун профессору:

“Бизде деле жол куруу боюнча жакшы адистер бар”

-Кезинде ɵнʏгʏʏ стратегиясы эске алынбай эле курула бергендиктен, бʏгʏнкʏ ички жолдор талапка анчейин жооп бербейт. Муну ɵзгɵртʏʏ эми мʏмкʏн эмес. Себеби баары мурунтан курулуп калган. Талапка ылайык, жолдун туурасы 12 метр, тротуар 1,20-2,40 метр болсо, андан сырткары 5 метр жер да калтырылуусу керек. Эгер жолдо оңдоп-тʏзɵɵ иштери жʏрɵ турган болсо, адамдар ошол бош жактан ɵтʏʏгɵ мʏмкʏнчʏлʏк болуусу керек. Бирок, бизде андай эмес да. Кайсы бир кɵчɵдɵ оңдоо иштери жʏрʏп жатса, ал кɵчɵ убактылуу жабылат. Кызыл сызык деген бар. Андан ɵтʏʏгɵ тыюу салынат. Айрым жерлерде тротуар бʏткɵн жерден эле курулуш башталса, кээ бир жерде тротуарды деле жарандар унутуп коюшат. Ошондой эле жолдун алдынан коммуналдык кызматтардын трубалары тартылып, жолдор казылат. Бул да жолдордун бузулушун шарттайт. Ал эми жолдорду жамоо иштерин тиешелʏʏ мекеме мезгил-мезгили менен жʏргʏзʏп келет. Маселен, жол жамалгандан же асфальт тɵшɵлгɵндɵн кийин жок дегенде эки кʏн тийбей, ʏстʏнɵн машина жʏргʏзбɵй туруу керек. Бизде кээде ушул нерсе сакталбай калат. Асфальт толук калыбына келе электе эле машиналар ɵтʏп, салмак тʏшкɵндɵ асфальттын структурасы бузулат да, кайра тез иштен чыгуусуна алып келет.

Жол – мамлекеттин кʏрɵɵ тамыры. Жол болбосо бизде жашоо кыйын. Жол болгону ʏчʏн «Тез жардам», ɵрт ɵчʏрʏʏ кызматы убагында чакырылган жерге жетип барат дегендей. Шаардын жолдору категориясына карата ʏчʏнчʏ категорияга кирет. Жол курууну чет элдик компанияларга эмес ɵзʏбʏздʏн куруучуларга тапшырып жатканы жакшы кɵрʏнʏш. Бизде деле жол куруу боюнча жакшы адистер бар, жетиштʏʏ. Биздин окуу жай да жылда татыктуу адистерди уядан учурат. Буга чейин бʏтʏрʏʏчʏлɵрʏбʏз шаардагы ʏч жолду курушту.

Жумагʏл Кочкорбай кызы