23 апреля, 2024

ЖАЗГЫ YЧ АЙЛЫК: ШААРДА 25 МИҢ ТYП КƟЧƟТ ТИГИЛЕТ

Жаз келип, айлана тегеректи тазалоо, дарактарды бутап, жаңы кɵчɵттɵрдʏ тигʏʏ иштери башталды. Ош шаарыбызда да жылда тургундарды тазалыкка ʏндɵгɵн жашылдандыруу, кɵрктɵндʏрʏʏ жана санитардык тазалоо боюнча жазгы ʏч айлык жарыяланып келет. Буга чейин иш чаранын старт алганын билдиргенбиз, ал эми кандай иш чаралар аткарылып жатканына токтолобуз.

Сонунбек Жунусбаев, Ош шаарынын мэринин орун басары:

“КƟП КАБАТТУУ YЙЛƟРДYН АЙЛАНАСЫНА БАСЫМ ЖАСАЛАТ”

-Жазгы ʏч айлык боюнча адаттагыдай эле Ош шаарын жашылдандыруу, кɵрктɵндʏрʏʏ жана санитардык тазалоо боюнча жазгы ʏч айлык жарыялоо жɵнʏндɵ мэриянын 2023-жылдын 27-февралындагы № 85 токтому кабыл алынып, Ош шаарынын аймагында 2023-жылдын 1-мартынан 31-майына чейин жашылдандыруу, кɵрктɵндʏрʏʏ жана санитардык тазалоо боюнча жазгы ʏч айлык ɵнɵктʏгʏ жарыяланып, шаардын калктуу конуштарынын аймактарын кɵрктɵндʏрʏʏ жана жашылдандыруу боюнча ɵткɵрʏлʏʏчʏ иш чаралардын планы  бекитилген. Иш пландарды аткаруу боюнча мекемелерге, тиешелʏʏ жетекчилерге аймактарды бɵлʏп бердик. Андан сырткары биз быйыл ɵзгɵчɵрɵɵк кылып, жазгы ʏч айлыкка блогерлерди дейбизби, жеке бир демилгелʏʏ топторду дейбизби, аларды да тарталы деп жатабыз. Атайын номинациялар коюлган. Иш чаранын жыйынтыгын чыгарганда, “мыкты ишкана”, “мыкты кɵчɵ” деп номинацияларды берип келет эмеспизби. Быйыл мыкты тазалыкты чагылдырган, же тазалыкка ʏндɵгɵн блогерлерди дагы белгилейли деп пландоодобуз. Муну менен социалдык желелерде дагы тургундардын мекенчилдик сезимдерин ойготуу, шаарды сʏйʏʏгɵ, тазалыкты сактоого чакыруу максатыбыз. Тагыраагы, тазалыкка ʏндɵгɵн мекенчил жаштарга номинацияларды беребиз. Бизде кɵп кабаттуу ʏйлɵрдʏн арасындагы таштандылар боюнча кɵйгɵй бар эмеспи. Аны башка жактан келип эч ким таштабайт. Ошол жердеги эле жашоочулар таштайт. Ошондуктан аларга кɵбʏрɵɵк басым жасоону кɵздɵɵдɵбʏз. 

Андан сырткары “Мыкты короо” деген да номинация каралууда. Бул подьездинен баштап ʏстʏ жабылган, короосу кɵрктɵндʏрʏлгɵн, кɵчɵттɵр, гʏлдɵр отургузулган короого берилет. Быйыл жашылдандыруу чарба комбинатында кɵп кабаттуу ʏйлɵрдʏн арасындагы дарактарды сугарып, аларга кам кɵрʏʏ ʏчʏн атайын штат ачылды. Себеби буга чейин суу келбей айрым дарактар куурай баштаган. Азыр биз ʏйлɵрдʏн алдына чейин сугат суусун алып келʏʏнʏ караштыруудабыз. Скважиналарды иштетʏʏнʏ пландап жатабыз.

“ТАЗАЛОО МЕНЕН БИРГЕ ДАРАК ТИГYY УЛАНАТ”

-Быйыл ийне жалбырактуулардан баштап, павловния, арча сыяктуу кɵчɵттɵрдʏн тʏрлɵрʏн эгʏʏ маселесин коюудабыз. 25 миң тʏп кɵчɵт эгʏʏнʏ план кылганбыз. Кɵчɵт тигʏʏнʏ Ата-Тʏрк паркында баштаганбыз. Жакында эле Ленин кɵчɵсʏнɵн баштап, резиденция тарапка тигип келдик. Кийинки ишембиликтерде да тазалоо менен бирге дарак тигʏʏ уланат.

Баарыбызга белгилʏʏ, былтыры Ɵзбекстандан 10 миң павловния алып келгенбиз. Ал кɵчɵттɵргɵ анализ жʏргʏзʏп, текшергенибизде дээрлик 95 пайызы кɵктɵптʏр. Бул сорттогу кɵчɵттʏн жашап кетʏʏ жɵндɵмʏ жогору, кɵрʏнʏшʏ да жакшы экен. Мындан улам быйыл да чоң кɵчɵлɵргɵ эктирип жатабыз. Ошондой эле шаарыбызда эскилиги жетип, ичи кɵңдɵй болуп калган дарактар да жок эмес. Азыр кызматкерлер дарактардын абалын текшерʏʏ иштерин жʏргʏзʏшʏʏдɵ. Эгер куураган, ɵсʏʏсʏн токтоткон дарактар болсо, экологдор менен сʏйлɵшʏп, ордуларына жаңы кɵчɵттɵрдʏ отургузуу демилгеси кɵтɵрʏлʏʏдɵ. Азырынча Масалиев, Ленин, Курманжан Датка чоң кɵчɵлɵрʏ каралууда.

“ЖОЛДУН БОЮН ШЫПЫРЫП, ЖУУЙ ТУРГАН ТЕХНИКА АЛЫНАТ”

-Кышында кар кɵп жаап, кɵчɵлɵргɵ кар менен туз дагы кɵп себилди. Ошондон жолдор аябай чаң болууда. Бʏгʏн тазалыкты сактоо максатында эрте менен жана кечкисин борбордук кɵчɵлɵргɵ суу себилʏʏдɵ. Мурун тротуарларды тазалыктын кызматкерлери караса, жол боюндагы арыктарды жашылдандыруу, кɵрктɵндʏрʏʏ чарба комбинатынын кызматкерлери карашып, кээде нааразычылыктар болчу. Жаңы жылдан тарта тротуар менен арыктарды тазалоо “Ош-Тазалыкка” милдеттендирилди. Андан сырткары аталган ишканага жаңы техника сатып алуу ʏчʏн 15 миллион сом бɵлʏндʏ. Ага жолдун боюн шыпырып, жууй турган техника алынат. Учурда кайсыл жактан алып келʏʏ боюнча маселе каралууда. Буюрса, жакынкы кʏндɵрдɵ жаңы техника алынып, биздин “Ош-Тазалык” мекемесинде иштеген ага-эжелерибиздин жумушуна да бир топ жеңилдиктер болот. 

Жазгы ʏч айлыкта шаар тургундарын ишембиликтерге активдʏʏ катышууга чакырам. “Тазалаган жер таза эмес, таза кармаган жер таза” дейт эмеспи. Ошондуктан ар бир жаран ɵз ʏйʏнʏн, побьезддинин алдын таза кармап, таштанды таштабаса эле калган жакты тиешелʏʏ кызматтар тазалоого кʏчʏ жетет. Качанга чейин улуу курактагы апалар, эжелерибиз келип тазалайт, келиңиздер ар бирибиз тазалыкты сактап, тазалыкты ɵзʏбʏздɵн баштайлы. 

Венера Паизова, “Туран” муниципалдык аймактык башкармалыгынын башчысы:

“МЕКЕМЕ-ИШКАНАЛАР МЕНЧИК ТYРYНƟ КАРАБАЙ ИШЕМБИЛИККЕ АКТИВДYY КАТЫШУУДА”

-Жазгы ʏч айлык боюнча токтом чыккандан тарта эле активдʏʏ иштер жʏрʏʏдɵ. Шаар тургундары, мекеме-ишканалар менчик тʏрʏнɵ карабай ишембиликке активдʏʏ катышууда. Биздин аймакта кɵбʏнчɵ жер ʏйлɵр болгондуктан, ар бир жашоочу жоопкерчилик алып, айланасын таза кармоого аракет кылышууда. Бир эле жазда гана эмес, жыл бою тиешелʏʏ аймагыбызды таза кармоого, таштандылардан арылтууга ишембиликти кʏтпɵстɵн, тазалоо, кɵрктɵндʏрʏʏ иштерин жасап келебиз. Биздеги кɵйгɵй, “Туран” аймактык башкармалыгынын аймагынан Араван каналы ɵткɵн. Канал эч качан тазаланбайт. Жээктериндеги таштандыларды алып, тиешелʏʏ тараптар кароосу керек да, бирок андай иштер эч качан аткарылбайт. Анын жээгиндеги таштандыларды ар убак биз тазалап келебиз.

Ал эми кɵчɵттɵргɵ келсек, былтыры аталган аймакка 200дɵн ашык павловния эгилген. Аларды убагында сугарып, жакшы карап, кɵктɵɵсʏнɵ болгон аракетибизди жумшаганбыз. Анын 80 пайызы кɵктɵгɵн. Мындан башка да кɵчɵттɵрдʏ тиксек болмок, бирок биздин аймакта жер жок. Жеке тараптар болсо эски дарактарын кыйып, жаңы кɵчɵттɵрдʏ тигип, гʏлдɵрдʏ отургузуп, ɵз салымдарын кошууда. Быйыл да бош калган жерлерди издеп, кɵчɵттɵрдʏ отургузууну пландоодобуз. Ɵзгɵчɵ Дача айылында жашаган жарандарга кɵчɵт тигʏʏ, жашылдандыруу боюнча тʏшʏндʏрʏʏ иштерин жʏргʏзʏʏдɵбʏз.

Равшан Мирзабаев, “Курманжан Датка” муниципалдык аймактык башкармалыгынын башчысы:

“33 ТОННА ТАШТАНДЫ ЧЫГАРДЫК”

-Быйылкы жылы тазалык менен катар аймагыбыздагы жолдун боюндагы ʏйлɵрдʏн сырткы фасадын сырдоо иштерин жʏргʏзɵлʏ деп жатабыз. Учурда кварталдык комитеттин башчылары менен биргеликте тургундарга тʏшʏндʏрʏʏ иштерин жʏргʏзʏʏдɵбʏз. Мунун баары кош каржылоо менен ишке ашат. Ошондой эле аймакта бош калган жерлерди аллея кылып, гʏлдɵрдʏ, кɵчɵттɵрдʏ эгип, жашылдандыралы деген максатты кɵздɵɵдɵбʏз. Мурун союз мезгилинде кɵп кабаттуу ʏйлɵрдʏн алдына гараждар коюлуп, менчиктештирилип кеткен экен. Ошол мыйзамсыз коюлгандарды алып, тазалап, ордулары кɵрктɵндʏрʏлʏп, тургундар ʏчʏн жакшы шарттар тʏзʏлɵт. Ɵткɵн жылы кɵп кабаттуу ʏйлɵрдʏн жашоочуларын ишембиликке чыгаруу ɵтɵ кыйын болчу. Абакир уулу Тɵрɵбек кɵчɵсʏ оңолгонун кɵргɵндɵн кийин быйыл башка тургундар да ишембиликтерде активдʏʏлʏктɵрʏн кɵрсɵтʏшʏп, ɵздɵрʏ демилге кɵтɵрʏшʏп, сунуштары менен келишʏʏдɵ. Кечээги ишембиликте 33 тонна таштанды чыгардык. Ички кɵчɵлɵрʏбʏз аябай таштандыга толуп кеткен экен. Элдин дагы аң-сезими ойгонгонбу, айтор тазалыкка умтулган тургундардын саны кɵбɵйʏʏдɵ. Бул жакшы кɵрʏнʏш.

Белгилей кетсек, жазгы ʏч айлык ɵнɵктʏктʏн жыйынтыгында тɵмɵнкʏ номинациялар каралган:

“Мыкты муниципалдык аймактык башкармалык”

“Мыкты кварталдык комитет”

“Мыкты кɵчɵ”

“Мыкты кɵп кабаттуу ʏй”

“Мыкты социалдык мекеме”

“Мыкты муниципалдык ишкана”

“Шаардын кɵрктɵндʏрʏʏсʏнɵ кɵмɵк кɵрсɵткɵн мыкты жеке менчик ишкана”

“Шаардын кɵрктɵндʏрʏʏсʏнɵ кɵмɵк кɵрсɵткɵн мыкты ишкана”

Жумагʏл Кочкорбай кызы