24 апреля, 2024

Шахматчылар ʏй-бʏлɵсʏ: Шахмат — логиканы ɵстʏрʏп, мээге чабуул жасоочу оюн

Шахмат – эки оюнчу арасында ойнолуучу логикалык оюн. Тарыхына кайрыла турган болсок, биздин заманга чейин V-VI кылымдарда Индияда пайда болгон. Спорттун бул тʏрʏ Кыргызстанда да жогорку популярдуулукка ээ. Алтургай ʏй-бʏлɵсʏ менен шахмат ойногон чыныгы кʏйɵрмандары да бар. Алардын бири алыскы Архангел айылынын тургуну Нурлан Мамасалиевдин ʏй-бʏлɵсʏ. Нурлан мырза балдарына да, инилерине да шахматты ɵзʏ ʏйрɵткɵн.

Нурлан Мамасалиев:

“Айылда шахматты кʏчтʏʏ ойногондорду Ларсен деп коюшат”

-Айтсаңыз, канча жашыңыздан бери шахматка кызыгасыз?

-Мектепте 10-класстарда окуп жʏргɵн кезде волейбол, баскетбол, футбол оюндарына аябай кызыкчумун. Ал эми шахматты кечирээк ʏйрɵндʏм. Ош мамлекеттик университетинин 1-курсунда окуп жʏргɵнʏмдɵ студенттерди Ноокен районуна пахта терʏʏгɵ алып кетишкен. Ошол жерде тʏшкʏ жана кечки тамак убактарында эки курсташ балдар шахмат ойноп калчу. Аларды кɵрʏп мен да шахматка кызыгып калдым. Кочегар болуп, студенттерге тамак-аш бышырып иштеп жʏрдʏм. Курсташ балдар ойноп баштаганда “мен да ойнойм” деп кошулуп алмай болдум. Алгачкы кʏндɵрʏ мени ʏч жʏрʏш менен дароо “мат” кылып коюшчу. Кийинчерээк билсем менден жашынып ойноп жʏрʏшʏптʏр. Себеби, жаңы ʏйрɵнчʏк болгонума аларга оюн кызыксыз болчу экен. Акыры ʏйрɵнʏп алдым. Баягы балдар менен теңме-тең ойноп, 3-4 айдан кийин аларды жеңе баштадым. Ɵкʏнʏчтʏʏсʏ институтта кɵп деле оюн болгон жок, кээде эле ойноп калчубуз. Ошентип шахматты инилериме ʏйрɵттʏм. Алар азырга чейин ойношот. Ɵзʏм майрамдарда, мелдештерде ойноп жʏрдʏм. Негизи биздин айылда облуска чейин таанылган кʏчтʏʏ шахматчылар кɵп болгон. Аларды айылда Ларсен (чабуулду кʏчтʏʏ жасаган шахматчы) деп  коюшат эле. Албетте, аларды жеңʏʏ абдан кыйын. Бир жолу ларсен байкем мага Россияда жасалган шахматты белек кылган. Мен аларга барып, алар мага келип шахматты калтырбай ойноп жʏрдʏк. Кудайдын буйругу экен, алар дʏйнɵдɵн ɵтʏп кетишти.

Учурда эки кызым, бир уулум шахматты мыкты ойношот. Балдарым кичинекей кезинде телефон деген жок эле. Алар бош калган убакта шахматты ала калып, ɵз ара мелдештерди уюштура коюп, абдан кызыгып жʏрʏштʏ. Кийин кыздарым мектептеги агайлары менен ойноп, аларды да жеңип башташыптыр.

-Нурлан мырза, мелдештерге барып турсаңыз керек. Оюндун жʏрʏшʏ жана кызыктуу окуялардан айтып берсеңиз?

-Ооба, ɵзʏм да райондук турнирлерде байгелʏʏ орундарды алып жʏрɵм. Тилекке каршы, акыркы ʏч жылда пандемиянын айынан кɵп спорттук иш чаралар ɵткɵрʏлбɵй калды. 2016-жылы райондук билим берʏʏ адисинин жетекчилиги астында кызым менен коңшу кызды облустук спартакиадага жетектеп бардым. Ал жерге дагы бир агай эркек балдардан турган оюнчуларын алып келди. Анан ошол агай менен шахматтык жатаканада кʏч сынашып ойноп калдык. Ал агай облустук чемпионатка катышып, 3-орунду алганына карабай менден утулуп калды. Негизи ɵтɵ деле кʏчтʏʏ чабуулчу эмес экенин байкагам. Оюндун жыйынтыгына макул болбой, башы ооруп жатканын айтып шылтоолоду. Тамактанып, ɵзʏнɵ келип алгандан кийин оюнду башкадан улантмай болдук. Анда да жеңип алдым. Ошондон кийин жетектеп келген райондук адис: “Нурлан, сен облустук чемпионатка барасың”,- деп калды. Ошол учурда облустук мелдешке тандоо жʏрʏп жаткан эле. Ошентип, Токтогул районундагы чемпионатка Сузак районунун атынан бардым. Кɵрсɵ, биздин район 15 жылдан бери бир да орунга илешпептир. Мага жоопкерчилик жʏктɵлгɵндɵн кийин аябай ойлондум. Артымдан “Нурлан оюнга кетиптир. Кандай жыйынтык кɵрсɵтɵр экен? Райондук оюнга да катышпаган эле” деген сɵздɵр болуптур. Ошентип оюндан жалпы 2 группа утуп чыкты. Алардын бири Жалал-Абад шаарынын оюнчулары, экинчиси биз, Сузак району болдук. Кийин Жалал-Абад облусунан 1-орунга ээ болуп, жеңишти камсыздадык.

-Айыл ɵкмɵт, район тарабынан турнирлерге катышууга кандай колдоолор кɵрсɵтʏлɵт? 

-Мени эң ɵкʏндʏргɵн нерсе ушул. Шахматка анчейин кɵңʏл бурулбайт. Жакында Федерация мелдештерди уюштургандан бери турнирге катышкандар кɵбɵйдʏ. Бирок биз онлайн форматта ойноп жатабыз. Анда-санда жерине барып катышып келебиз. Ал жакка кеткен чыгымдарды жаныбыздан тɵлɵйбʏз. Шахмат ой жʏгʏртʏʏнʏ, логиканы ɵстʏрʏп, мээге чабуул жасай турган оюн болгондон кийин жакшы кɵңʏл бурулса дейбиз.

-Оюндагы мʏнɵттʏк рекордуңуз кандай?

-Ар кандай. Мен айрыкча онлайн тʏрʏндɵ 5 мʏнɵттɵ жакшы жыйынтык кɵрсɵтɵ алам. Бирок кээде адамдын маанайына, чарчоосуна, мээнин эс алышына карап ɵзгɵрɵ берет. Анын ʏстʏнɵ жашым 50дɵн ɵтʏп калды, жаш ɵзгɵчɵлʏккɵ да карайбы, айтор жыл ɵткɵн сайын мурдагыдай кɵп ойнобой калдым.

 -Шахматты ɵнʏктʏрʏʏдɵ кандай сунуштарды айтар элеңиз?

-Негизи мектеп программасына киргизсе да сонун болмок. Азыркы мезгилде жаштарда туура ой-жʏгʏртʏʏ жетишсиз. Бир эле шахмат менен чектелбей, математикалык кɵнʏгʏʏлɵр, маселелер менен айкалыштырса абдан чоң жетишкендик болмок.

Улара, кызы:

“Бир туугандар турнирлерде бир нече жолу жеңишти камсыздаганбыз”

-Улара, буга чейин кандай ийгиликтерге жете алдың?

-Ар кандай шаардык, райондук турнирлерге катышып жʏрʏп, эжем Бегимай Жалал-Абад облусунун шаардык турниринде 3-орунду алып келген. Кийинки жылы жакшылап даярданып, Республикалык мелдешке чыгарда спорт федерациясы акча маселесине такалып, шахмат турнирлерин жоюп салды. Ɵзʏм 2018-жылы акимдин турниринде 1-орунду багындырып, акчалай сыйлыктарга ээ болдум. Иним Абдымажит райондук мелдештерден бир нече жолу 1-орунду багындырган. Бизге шахматты атам ʏйрɵткɵн. Спорттун ушундай тʏрʏн ɵздɵштʏрʏп калганыма сыймыктанам. 

Абдымажит, уулу:

“Толкунданбай, ɵзʏңдʏ ишенимдʏʏ кармасаң сɵзсʏз ийгиликке жетесиң”

-Шахматты ойноодо эмнеге кɵңʏл буруу керек?

-Эң негизгиси тынчтык керек. Маанайың кɵтɵрʏңкʏ, оюң бир жерде болуп, мээни жакшы эс алдыруу зарыл. Толкунданбай, ɵзʏңдʏ ишенимдʏʏ кармасаң сɵзсʏз ийгиликке жетесиң. Шахматта алгачкылардан болуп чабуул жасаган адам утушка жакындайт. Фигураларды жей турган жолдорду жакшылап анализдеп чыгуу зарыл. Мисалы, 4-5 жʏрʏшкɵ чейин ойлонсоң ɵтɵ чоң чабуулчу болосуң. Кээде чоң фигураларды салып берип “мат” кылып койсо да болот. Аны кʏчтʏʏ оюнчулар жакшы билишет. Бирок, оюн болгондон кийин дайым эле жеңип ала бербейсиң. Жеңгенди билген адам жеңилʏʏнʏ да билʏʏсʏ керек.

Айгерим Сталбек кызы