23 апреля, 2024

БАШКАНЫ КОЮП, МАНАСТЫ АЙТ

“Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 22-апрелиндеги №126 Жарлыгы “Кыргыз элинин баа жеткис руханий мурасы –“ Манас эпосунун ʏчилтигин (“Манас”, “Семетей”, “Сейтек”эпосторун) ар тараптан изилдɵɵ жана популярдаштыруу боюнча кошумча чаралар жɵнʏндɵ” Жарлыгын  жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы №65  “Манас” эпосун изилдɵɵ жана популярдаштыруу боюнча жана “Манас”- улут биримдиги жана ынтымагы маалымат ɵнɵктʏгʏнʏн концепциялары жɵнʏндɵ  токтомун  ишке ашыруу максатында Ош шаардык мэриясы да токтом кабыл алып,  бир топ иш чаралар пландалды.

ЭПОСТУН ЭҢ БАШКЫ ИДЕЯСЫ

“Манас” ʏчилтигин бир бʏтʏндʏк катары элдин кɵз карандысыздык ʏчʏн кʏрɵшʏʏ идеясы бириктирип турат. Бул улуу максат кыйынчылыктарга тушуккан оор замандарда да элдин рухунда аздектелген бойдон кала берип, кыргыз генотибинин сакталып калышына дейре алып келгени тарыхый чындык.

Кыргыз эли тарыхый ɵнʏгʏʏсʏндɵ жана улут катары калыптануусунда узун жана татаал жолду басып ɵттʏ. Кыргыз элине ɵз маалында жазма маданиятка ээ болуу бактысы туш келип, анда элдин кʏжʏрмɵн руханияты, кыргыз Улуу каганаты деген аталышта улуттук биримдиктин мамлекеттик формасы да чагылдырылгандыгы тарыхтан белгилʏʏ. Арийне, тарых биздин элдин мындай ʏлкɵн жетишкендиктерине аярлабай мамиле жасап, андан соңку тарыхый процесстер Улуу каганатты кыйратып, элдин кɵбʏн кырып жок кылууга жана жазма маданиятты унутууга алып келди.

  Мындай эл тарыхый жана генетикалык эс тутутумун жашоосу менен  кошо токтоткон кɵптɵгɵн этностор сыяктуу эле тарыхый аренадан кетʏʏсʏ керек эле.

Бирок, бактыга жараша кыргыз эли уникалдуу жɵндɵмгɵ –мурунку муундарда топтолгон тажрыйбаны улам кийинки муундарга ооз эки формада ɵткɵрʏп туруу мʏмкʏнчʏлʏгʏнɵ ээ  болгон. Ооздон оозго ɵткɵрʏп берʏʏ жагы жашоого жɵндɵмдʏʏ жана туруктуу эле эмес, жемиштʏʏ да, эффективдʏʏ да болуп чыккандыгы таң калтырбай койбойт. Кыргыздардын дал ушул элдик ооз эки чыгармачылыгы дʏйнɵлʏк материалдык эмес мурастардын коруна ар тʏрдʏʏ жанрдагы уникалдуу фольклордук чыгармалардын жаркыраган ʏлгʏлɵрʏн кошуп келе жатканы менен баалуу.  Элдик чыгармачылыктын туу чокусу деп “Манас” монументалдык эпосун атоого болот.

“Манас” эпосу миң жылдык тарых-таржымалдарга ээ жана ɵзʏнчɵ трилогия болуп саналат. Чыгарма генеалогиялык циклдештирʏʏ принцибинде курулуп, бирдиктʏʏ баатырдык эпопея формасына жеткирилген.

Эпос жɵн гана ʏй-бʏлɵлʏк “сага” эмес, кɵчмɵн кыргыздардын кɵз карандысыздык жана ɵз мамлекетин тикелɵɵгɵ умтулуусу, дʏйнɵ таанымы, тиричилиги, билими, маданияты, адеп-ахлагы, жашоонун бардык башка тараптары поэтикалык назиктик менен баяндалат.

Дʏйнɵлʏк кɵркɵм сɵз ɵнɵрʏндɵ эпопеялар саясий, экономикалык жана идеологиялык мамлекеттʏʏлʏктʏн шарттарында гана аягына чыккан. Булардын баары кыргыз этносунда байыркы замандарда эле бар эле. Буга кыргыздарга кошуна жашаган  сибирь элдериндеги эпостор дал ошондой мамлекеттʏʏлʏктɵрʏ болбогондугунан улам эпопеялык жалпылануу деңгээлине жетпей калганы кʏбɵ. Мындай мааниден алганда,  “Манас” эпосу кыргыздардын руханий ишмердʏʏлʏгʏндɵ уникалдуу продукт болуп саналат. Эпос кыргыздардын ɵз кезеңиндеги коомдук турмушунун бардык тарабын камтыйт. Чыгарманы Чокан Валиханов кыргыз элинин жашоосунун бардык чɵйрɵсʏн камтыган энциклопедия деп бекеринен атаган эмес.

 МАНАС ЖАНА ТАРЫХЫЙ ОКУЯЛАР

“Манас” эпосундагы окуялар  алды менен Манастын ɵзʏ же прототиби болгонбу же баары ойдон чыгарылганбы, башкача айтканда, жомокпу деген суроо эзелтен эле берилип келе жатканын жана бʏгʏнкʏ кʏндɵ да актуалдуулугун жогото электигин айта кетʏʏ керек.

Кыргыз манас таануу илиминде “Манас” эпосун изилдɵɵ тарыхы он тогузунчу кылымдын орто чендеринен  башталган. “Манасты” тарыхый-этнографиялык жактан изилдɵɵнʏн тарыхы шарттуу тʏрдɵ экиге бɵлʏнɵт: 1917-жылга дейре жана 1918-жылдан  ушул кʏнгɵ чейин.

Биринчи мезгилди анча-мынча эскертмелер менен орто кылымдарга алып барууга мʏмкʏн. Ал доорлордо тарыхый эчен окуялар жана адамзат ʏчʏн тагдыр чечерлик дегидей орчундуу окуялар жʏз бергендиги маалым. Батыш тарых таануу илиминде ал доорду “Караңгы кылымдар” (Темные века”) деп белгилеп жʏрʏшɵт. Бул ошол кылымдарда диндин таасири аябай кʏчтʏʏ болгонунан улам пайда болгон аныктама шекил.

Манас жана дегеле кыргыздар тууралуу маалыматтар кɵптɵгɵн маалымат булактарында айтылат. Араб тилдʏʏ автор, саякатчы жана врач Тахир  Аль-Марвази он экинчи кылымдын башында жазган эскермелеринде кыргыздардын башкаруучуларынын жанында дайыма ырчылар жана жомокчулар жʏрɵɵрʏн белгилейт. Алар кечинде ар тʏрдʏʏ уламыш-жомокторду айтышып, кылдуу аспаптын коштоосундагы ыр-кʏʏлɵрдʏ аткарып турушкан. Албетте, алар аткаргандардын арасында эпоско тиешелʏʏ болгон алгачкы варианттар же ʏзʏндʏлɵр болгон деп божомолдоо мʏмкʏн.

Аталган араб булагында кеп Манас туурасында болуп жатканын айтуу кыйынга турса, башка бир маалыматта дал Манас жɵнʏндɵ сɵз жʏрʏп жатканын ишенимдʏʏ белгилɵɵгɵ мʏмкʏн.  Сайф-ад-дин Аксыкенти тарабынан тажик тилинде жазылган “Маджму-ат-таварик”, “Тарых жыйнагы”. Кол жазма негизинен 1503-жылга таандык деп эсептелет. “Маджуму-ат-Таварик” жарым тарыхый, жарым легендалык маалымат булактарына кирип, анда тарыхый окуялар менен уламыштар аралашып калган. Бизди кызыктырган жери анда “Манас” эпосу жɵнʏндɵ да маалымат берилип, эпос каармандары ошол кездердеги тарыхый инсандар менен замандаш жашап, кошо аракеттенишет. Эпикалык каармандар менен кошо конкреттʏʏ тарыхый инсандардын ысымдары аталат: Абака хан-Ирандын башкаруучусу(1265-1282-жылдар), Тимур (1336-1405-жылдар), Токтомуш хан (1406-жылы ɵлгɵн).

“Манас” эпосу жагдайында болбосо да, Манас жана анын эки уулу туурасында маалыматтар орус адабиятында майор Г.Франелдин (1849-ж. эскерʏʏлɵрʏнɵн башталат. Франел ал кездерде орус ɵкмɵтʏнʏн  Кыргыз (казак) ордосундагы приставы болуп турган. Анын баяндоосу боюнча,  кыргыздар ɵзʏлɵрʏн буга чейин ушул чɵлкɵмдɵ кɵчʏп-конуп жашашкан “ногойлордун урпактарыбыз” дешкен. Алардын тʏпкʏ атасы Кыргызбай эки уулу-Атыген жана Тагай менен ногой княздарынын, Манас жана анын уулу Семетейдин кысымынан Или дарыясынын жээгинен тʏштʏктʏктʏ карай кеткен тоого ооп келгенин  айтышкан.

Манас реалдуу тарыхый инсан болгонун Бернштам биринчи жолу далилдɵɵгɵ аракет жасагандан бери бул жаатта илимпоздордо бирдиктʏʏ пикир жок. Бернштам тарыхтагы Яглахар ханды Манас деп атаса, кийинчерээк Яглахар теориясын Барсбек теориясы алмаштырды. Эки тарыхый инсан тең Улуу Кыргыз дɵɵлɵтʏ дооран сʏргɵн мезгилден  мурдараак жашап ɵтʏшкɵнʏн эске алуу да ашыкчалык кылбайт.

Манасты реалдуу тарыхый инсан катары тогузунчу кылымдардын кайсыл бир бʏктɵмʏнɵн издегендер жаңылбайт болуш керек.

Абдираим Мамытов