23 апреля, 2024

НАСИРДИН ИСАНОВ – ЭГЕМЕН ƟЛКƟНʏН БИРИНЧИ ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ

Кɵрʏнʏктʏʏ мамлекеттик жана коомдук ишмер, Кыргыз Республикасынын биринчи премьер-министри, экономика илимдеринин доктору, СССРдин инженерлер академиясынын мʏчɵсʏ Насирдин Исанов жɵнʏндɵ сɵз же жеке ой кеткенде дароо эле эске кыргыздын “Бʏлɵɵгɵ бергис ɵгɵɵ бар, экɵɵгɵ бергис бирɵɵ бар!”-деген учкул сɵзʏ эбелектей келе калат. Катаал-калыс тарыхтан бекергеби же  эсебин эки эселенген пайыздар менен кайтаруу шартында насыяга алдыкпы, иши кылып, эйфориясы бир тең, эртеңкиге элеңдеп-коркуп кароо бир тең болуп жатып калган Эгемендʏʏлʏктʏн алгачкы жылдары кɵз алдыга тартылат. Президент да, премьери да бири-бирине жарашып,бири-бирин толуктап, бирин-бири колдоп-коргоп, илим жагынан да ийиндеш, практикада да билектеш-илектеш болуп иштегенди кыргызга ал убакта Кудай насип кылбаптыр, аттиң!

Кыргызстандын саясий айдыңында анын Эгемендʏʏлʏгʏнɵ азбы-кɵппʏ салым кошуп, тигиндей же мындай сапаттары, пейил-куштары менен элдин эсинде калган инсандар, кудайга шʏгʏр, аз эмес. Бекмамат Осмонов,Жумабек Ибраимов, Насирдин Исанов сыяктуу белгилʏʏ инсандар алардын алдыңкы сабында турушат. Аларды Айтматовдук философия менен “Эрте кеткен турналар” деп атоого да мʏмкʏн жана коомдук-саясий  ишмердʏʏлʏктɵрʏ тагдыр тарабынан кыскараак ɵлчɵнʏп калбаганда, ɵлкɵбʏздɵгʏ бʏгʏнкʏ коомдук-саясий абал мындан да кызыктуу, мындан да бай болсо керек эле.

Насирдин Исановдун замандаштары анын жɵнɵкɵйлʏгʏн жана абдан чынчылдыгын айтып, эскерип жана мамлекеттик кызыкчылыкты жеке кызыкчылыктан жаамы журт, калың коомчулук калыс баалап-барктаганчалык даражада жогору коюунун мындай сапаттарын ʏлгʏ тутууну кийинки муундарга эскертип келишет. Ачык булактарда анын эч качан, эч кандай коррупцияга аралашпаганы арбын белгиленип жʏрɵт. Акчанын андай арам азгырыктарына туруштук берʏʏ ар кимге эле буюра бербɵɵсʏ тʏшʏнʏктʏʏ. Ал эми бийликтин жогорку тепкичине жеткендер ʏчʏн бул абдан кыйын маселе экендиги талашсыз.

БОЛОР БАЛА

Насирдин Исанов 1943-жылдын 7-ноябрында Ош облусунун Ноокат районундагы Кɵк-Бел айылында туулган. Айылындагы сегиз жылдык мектепти аяктагандан кийин коңшулаш Папан айылындагы орто мектептен 9-10-классты бʏтʏрɵт. Папандагы мектепке барып- келʏʏ ʏчʏн кʏнʏнɵ 8 чакырым жолду жɵɵ басуу керек эле. Тырышчаак бала мектепте ʏлгʏлʏʏ окуучу катары тез эле оозго алынат. Насирдин класстын орус тилдʏʏ тобунда окуп, айтымда орусча окугандар бʏтʏрʏʏчɵрдʏн  альбому ʏчʏн ɵзʏнчɵ бɵлʏнʏп сʏрɵткɵ тʏшʏшкɵн экен.

 Орто мектепти аяктагандан кийин Москвадагы инженер-курулуш институтуна окууга тапшырып аны1966-жылы,  Алматыдагы жогорку партиялык  мектепти1976-жылы ийгиликтʏʏ  бʏтʏргɵн. Насирдиндин эмгек жолу Москвадан,”Мосжилстрой” трестиндеги катардагы жумушчулуктан башталган.Андан ары  “Ош шааркурулуш”  башкармалыгында мастер, прораб, башкы технолог, партиянын Ош обкомунун курулуш бɵлʏмʏндɵ инструктор, “Нарынгидроэнергокурулуш”башкармалыгынын партиялык комитетинин катчысы, комсомолдун Ош  облустук комитетинин биринчи катчысы болуп иштеп жʏрʏп,1983-жылы Кыргыз ССРинин Курулуш министри кызматына дайындалган.

1988-жылы Ысык-Кɵл облаткаруу комитетинин тɵрагасы,1990-жылы Кыргыз Республикасынын вице-президенти кызматтарын аркалаган

Эгемен Кыргызстандын биринчи премьр-министри болуп Насирдин Исанов 1991-жылдын январь айында шайланган. Кыйын кезеңде ал ɵлкɵнʏн базар экономикасы боюнча концепциясын иштеп чыгып, мамлекеттин демократиялык жол менен кетʏʏсʏнɵ ɵз салымын кошкон.Анын жетектɵɵсʏ менен борбор калаадагы тарых музейи, “Ала-Тоо” аянты, Ɵкмɵт Yйʏ салынган.

1990-жылдагы президенттик шайлоодо Аскар Акаев менен Насирдин Исанов экинчи турда кʏч сынашкан. Анда Аскар Акаев жеңʏʏчʏ болуп табылып, кийин эки талапкер мамлекеттик иште ийиндеше иштешкени айтылат.

Саясатчы комуз, мандолина аспаптарында ойноп, обон созуп, ыр жазганы белгилʏʏ. Кесиби куруучу болгондуктан, ʏйдɵгʏ курулуш иштерин башкага карматчу эмес экен. Мындан сырткары, ал лыжаны да мыкты тепкен.

МЕЗГИЛСИЗ  ƟЛYМ

Расмий маалыматтарга таянсак, Насирдин Исанов 1991-жылдын 29-ноябрында тʏштʏк тарапка чет элдик фирма башчылары менен жол тартып баратып, карама-каршы тилкеден чыга калган “ЗИЛ-130” машинасы менен кагылышуунун натыйжасында каза болгон. Ɵкмɵттʏк “Волга” машинасындагы бир нече кишинин арасынан жалгыз гана Исановдун мерт болгону, калгандары жеңил гана жараат алганы ушул кʏнгɵ чейин табышмактуу, шектʏʏ болуп келет.

Ошол кездеги айрым басылмалардын жазганына караганда, Исанов менен бирге бараткан айтылуу Бириштейн жеңил жаракат алып, Анжиян аэропорту аркылуу мекенине учуп кеткен. Бириштейн ошол жылдарда “Кумтɵр” кенин Канаданын каргыш тийгир компаниясына кармата салуунун далбасасы менен жʏргɵнʏ,бирок кенди чет ɵлкɵлʏктɵргɵ берʏʏгɵ Исанов караманча каршы турганы, бир канча убакыт бою ɵкмɵт башчынын жанында кайсыл бир алтын кенинин айланасындагы долбоор боюнча алектенип жʏргɵн Санжар Айтматов да кырсык учурунда Исановдун жанында болгону менен эч кандай жараат албай, Исановго аза кʏтʏʏ кʏнʏндɵ Анжиян,Ташкент аркылуу Москвага  учуп кеткени Исановдун жол кырсыгынан эле набыт болуп кеткенине олуттуу шек жаратканына карабай, жабылуу аяк жабылуу боюнча калып келе жатат. Негизи, Бириштейн менен Исановдун оту башынан эле кʏйʏшпɵгɵнʏн алардын алака-катыштарына кʏбɵ ɵтʏп калгандар ошондо эле айтышкан.

“Исанов ɵтɵ жушак киши эле, бирок сʏйлɵшɵ келгенде ɵз оюн эч кимге оңойлук менен бере койбогон жагы бар эле”,-деп эскерген коомдук ишмер Жамин Акималиев.

–Орус кыял деп коет, ошондой киши эле. Билими терең инженер катары, Кумтɵрдʏн баарын изилдеп чыгыптыр. Аны аябай кыйнашып, ар кандай жыйналыштарга,чет ɵлкɵлɵрдɵгʏ жолугушууларга чейин алып барып жʏрʏштʏ. Бирок, каршы чыгып, анысын ачык айта албай жʏрдʏ, маданиятуу киши да. Аны Акаев кызматка алып келгени ʏчʏн каршы  чыга албай жʏрдʏ да. Ошол маалда Бириштейн Кыргызстанга келгенде, мен кʏбɵ болуп калдым. Ак Yйдʏн 7-кабатынан чыкпай жʏрʏп, бул иштин баарын уюштурган ошол болгон экен. Ошол жыйынга премьер-министр эмес, орун басарлары деле барса болмок экен негизи. Аны кысташып, “ɵзʏңʏз барбасаңыз болбойт” деп алып жɵнɵшкɵн экен… Менин оюмча, бул жерде саясий сыр жатат”.

Эгерде ошондо Исанов тирʏʏ калганда, ар кандай кысым кɵрсɵтʏлгɵнʏнɵ карабай, бир кʏнʏ агынан жарылмак деген Акималиев. “Ал ошого жете албай калды. Кɵктʏгʏ укмуштай болчу, кʏлʏп жʏрчʏ, ыр жазчу, ырдачу, бирок ары жагында принциптери кʏчтʏʏ эле” .

Насирдин Исановдун жубайы да Насирдиндин ɵлʏмʏ тууралуу  расмий маалыматка такыр ишенбегендердин катарына кирет.

“Баары тең чоң сыр бойдон калып кетти. Арткы отургучтарда Бириштейн менен Насирдин олтуруп жан сакчы менен айдоочу алдыда олтурушкан. “Эч кандай авто авария болгон эмес, Насирдинди арттан муунтуп ɵлтʏрʏшкɵн да, андан ары атайын тʏзʏлгɵн “сценарий” боюнча иш тутушкан”,-деп кɵптɵр айтышкан. Мен бул версияны жокко чыгара албайм”,- деген ал бир маегинде.

Насирдин Исанов кɵзʏ тирʏʏ болгондо быйыл 80 жашка чыкмак. “Быйыл президент менен кеңештик, Эгемендʏʏлʏк майрамын кыргыздын туңгуч премьер-министри Насирдин Исановдун 80 жылдыгы менен кошо Ош облусунда ɵткɵрɵлʏ деп турабыз”,-деди Министрлер Кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров Ошко келген сапарында.

Абдираим Мамытов