23 апреля, 2024

Дарыгер: “Ар бир операция уникалдуу”

Адам ɵмʏрʏ кымбат. Аны менен кʏрɵшʏʏ чоң жоопкерчилик. Ал эми наристелердин ɵмʏрʏ андан да кооптуу. Ош облустук балдар клиникалык ооруканасынын хирургдарын кепке тарттык. Алар ишиндеги айрым кызыктуу жагдайлар менен бɵлʏштʏ.

Калдар Айбашев, хирург:

-Биздин бɵлʏм Ош облустар аралык клиникалык ооруканасынын 1-хирургия бɵлʏмʏ деп аталат. Бɵлʏм 50 керебетке ылайыкташтарылган. Тʏштʏк аймагындагы бардык тубаса оорулар менен тɵрɵлгɵн балдардан сырткары чукул арада келген оорулууларга жардам кɵрсɵтɵбʏз. Чукул хирургия деп аталганына байланыштуу эң кɵп аппендицит, грыжалар менен келип тʏшкɵндɵр бар. Мисалы, жылына 600-700гɵ чейин сокур ичегинин курч тʏрʏ менен жабыркап ооруканага тʏшкɵн балдар кɵп. Грыжалар 450, анан боордун эхинококкозу менен жабыркап келгендерге операция жасайбыз.

“Тубаса оорулар кɵбɵйʏп жатат”

-Акыркы 10 жылда балдардын тубаса оорулары кɵп катталып атат. Мен 1994-жылдары жумушка жаңыдан орношкон кезде азыраак болчу.  Булар кɵтɵн чучугу (отрезия ануса) жок тɵрɵлгɵндɵр, 12 эли ичегинин туюк тɵрɵлʏʏсʏ, ичке ичегинин туюк тɵрɵлʏʏсʏ, кызыл ɵңгɵчʏ туюк тɵрɵлгɵндɵр. Бул оорулар бала тɵрɵлгɵндɵ эле билингендиктен 1 кʏндʏк ымыркайларларга операция жасалат. Алар тɵрɵт ʏйʏнɵн дароо бизге которулат. Ошондой эле кээ бир балдардын ички органдары сыртында жайгашып калгандары болот. Булар да тɵрɵлɵɵрʏ менен бизге келет.

Тубаса оорулуу балдардын кɵп тɵрɵлʏʏсʏнʏн себеби катары медицинада  “внутри утробная инфекция”  деп коебуз. Бала эненин курсагында кезинде 3 айынан органдары калыптанып, ɵрчʏп баштайт. Ошол кезде кандайдыр бир тескери таасирлер, радиация, ички-тышкы факторлордун таасири, кош бойлуу эненин краснуха, герпес, токсоплазмоз ооруларынын таасири менен бала тубаса оорулар менен тɵрɵлɵт. Азыр неонатологдор, УЗИсттер скрининг аркылуу баланын эненин ичинде кезинде патологиясын билишет. Бала эненин ичинде кезинде эле баланын тɵрɵлгɵн соң операция боло турганы, болбой турганы да белгилʏʏ болот. Операция боло турганы болсо бизге келип кеп-кеңеш алып кетишет. Ошондой эле боордун эки тараптуу ыйлакчалары болсо биз операция жасай албайбыз, бала баары бир жашай албай калат деп тʏшʏндʏрʏʏ иштерин жʏргʏзʏп, кош бойлуулукту ʏзгʏлтʏккɵ учуратууга туура келет. Бул учурда акушер, неонатологдор менен бирге консилиум кылабыз. Диагноз туура коюлса тʏйʏлдʏк 12 жумага чейин баланын кандай ɵрчʏп атканы баары билинет. Ошого аялдар кош бойлуу кезде убагында текшерʏʏдɵн ɵтʏп туруусу  зарыл.

Чукул учурда келген биздин оорулуулардын тʏрʏ катары кырсык болуп келгендер да арбын. Мисалы, аттан жыгылып же унаалардын кагылышуусунун кесепетинен келишет. Кɵп учурда кɵк боор, боору жарылып кетет. Мындайда дароо чечим кабыл алып, операция жасоо талап кылынат. Боору жарылып кетсе 1 саат ичинде боорун тигип, канды токтотуу талап кылынат.

Балдардагы эхинококкоз оорусу…

-Эхинококкоз оорусунда боордо ыйлакчалардын пайда болушу. Биз 5 жаштагы баланын бир боорунан 32 ыйлакча алганбыз. Эхинококкоздун негизги ээси булар иттер деп аталат. Мите курт иттин ичегисинде жашайт, ал заң аркылуу сыртка чыгат же иттин жʏнʏнɵ жармашып калат. Анан ит менен жаш балдар кɵп ойнойт, ошол учурда балага жугуп калат. ʏйʏндɵ ити, мышыгы барлар ʏй жаныбарларын эмдетип турушу керек, антпесе балдар жабыркайт. Бул туура боорго барат, андан ɵтʏп, ɵпкɵгɵ, мээге чейин таркайт. Менин тажрыйбамда 10 жаштагы баланын эки ɵпкɵсʏндɵ, боорунда, анан мээсинде да эхинококк табылган, алгач ɵпкɵсʏн, андан кийин боорун, анан мээсине операция жасалган. Бала айыгып кетти, шʏгʏр.

“Чач жеген ɵспʏрʏмдɵр…”

-Трихобезоар деген оору бар. Мында да ɵткɵɵл курактагы ɵспʏрʏмдɵр жʏн, чач жей беришет. Чач тамакка окшоп сиңип кетпейт же заң аркылуу сыртка да чыкпайт, ашказанга барып топтолуп, ашказандын формасындай болуп тура берет. Биз операция жасаганда ичинен алып чыкканда чач ашказандын формасы менен бир болуп топтолуп калган болот. Мен жасаган операциялар бʏт эле кыздар. Кусуп, тамак сиңире албай калганда дарыгерге кайрылышат. Сураштырсаң бири чоң энесинин колунда, бири таенесинин колунда ɵскɵн тʏнт кыздар болушат.

Элмурат Эркулов, кɵкʏрɵк кɵɵдɵнʏ хирургу:

“Жутуп алган буюм ɵпкɵнʏ тешип койбосо дейм”

-Бизге ар тʏрдʏʏ жагдайга кабылып, ооруканага тʏшкɵн балдар бар. Мен ɵзʏм кɵкʏрɵк кɵɵдɵнʏ боюнча адис болгон ʏчʏн тиш чукугуч сыяктуу майда нерселерди жутуп алган балдардын ден соолугуна кам кɵрɵбʏз. Жаман жана коркунучтуу жери катары жутуп алган буюм ɵпкɵнʏ тешип койбосо деп кыжаалат болом. Анткени, ɵпкɵ тешилип калса бала жашабай калат. Бронхоскопия деген нерсе тʏштʏк аймагы боюнча жаш балдарга бир эле бизде жасалат. Мында жутуп алган буюмдун кɵп учурда ɵпкɵгɵ кетип калуусу катталат. Башка операция сыяктуу терини кесип ала албайбыз, бирок назик операция десе болот. Бронхоскоп аркылуу тери менен кирип ɵпкɵдɵгʏ нерсени алып чыгабыз. Бул учурда бейтапка жалпы наркоз берилип, жасалма дем алдырып турабыз. Ɵтɵ этияттык менен мамиле кылбаса бир ашыкча кыймылыбыз ɵпкɵнʏ тешип коюшу мʏмкʏн. Ɵпкɵ тешилип калса же канап кетсе баланы сактап калганга мʏмкʏн болбой калат.

“Майда деталдары бар оюнчукту балдарга алып бербеген туура”

-Негизи биз тамактанган учурда мисалы, суу да ɵпкɵ тарапка кетпейт. Бирок кокустуктан болгон учурда ɵпкɵгɵ кетип калган нерсе кɵп кездешет. Мисалы, бала бир затты оозуна салып ойноп аткан кезде ыйлап жиберсе, каткырып кʏлʏп жиберсе же туура эмес дем алып калса дароо ɵпкɵгɵ кетип калат. Эмесе атайын жутсаң деле ɵпкɵгɵ барбайт. Бала ойноп атып секирет, каткырат, ыйлайт ошондой кезде ɵпкɵгɵ кетип калат. Ошого ата-энелер балдарга оюнчук алганда да жашына карап, майда деталдары бар оюнчукту ɵтɵ кичинекей балдарга алып бербегени туура болот, 3 жашка чейин кɵзɵмɵлсʏз калтырбоо талапка ылайык. Бизге келген балдар кɵбʏнчɵ 7-8 айлыктан баштап 5 жашка чейинкилер болот. Себеби кичинекей жаш балдар бир нерсени тааныганда оозуна салып, даам аркылуу таанышат. Ошого алар ачууну, катууну баарын оозго сала беришет. Бала анын ɵпкɵгɵ кетип калышына акылы жетпейт.

“Мисте, семичке ɵпкɵдɵ кɵɵп кетет”

-Ошондой эле мисте, семичкени бʏтʏн жутуп алып да кɵп кайрылышат. Ал дагы ɵпкɵгɵ кетип калган учурлар кɵп болот. Жашы 1ге чыга элек наристелер кээде мисте, бадам, семичкени жутуп келишет. Бала жутуп алган соң кээде кɵгɵрʏп да калат, дем жетпей калган учурлар болот. Андайда дароо операцияга киришʏʏ кажет. Анткени булар суу менен катышканда мисте, семичкелер кɵɵп баштайт. Ансайын балага тоскоолдук жаралат, ошого мʏмкʏн болушунча аны батыраак алып чыгуу зарыл.

“Ар бир бронхоскопия коркуу сезими менен жасалат”

-9-10 жаштардагы жоолук салынган кыздар ийнесин жутуп алып кɵп келишет. Оозуна тиштеп алып, жоолук салып атканда туура эмес дем алып, ɵпкɵсʏнɵ кетип калат. Ар бир бронхоскопия коркуу сезими менен жасалат, ошого ар бир операция уникалдуу деп айтар элем. Баланы аман сактап калсак экен деген нерсе мээде ар дайым жаңырып турат.

Ɵткɵн жылы сентябрь айында Ошто биринчи ирет жʏрɵк кемтиги менен жабыркаган балдарга операция жасадык. Ага борбордон адистер келди. 3 балага жасалып, баары ийгиликтʏʏ ɵттʏ. Учурда жетекчилик менен сʏйлɵшʏп ɵзʏбʏз да жасасак деген аракеттер менен жʏрɵбʏз. Анткени, статистика боюнча жылына биздин ооруканга 700дɵн ашуун балдар жʏрɵк кемтиги менен келип, дарыланып чыгышат. Ошого бул бизде кɵйгɵйлʏʏ тармак.

Элира Чынтемир кызы