29 марта, 2024

Жаз алды менен козу карын терген айылдыктар

Демейде практиканттарды чарбалык жумуштарга жумшап, ʏйрɵткʏлɵрʏ келбей “муну жаса, тигини тазала”дегендерин кɵп эле жолу кɵрʏп жʏрбɵйбʏзбʏ. Биздин редакцияда тескерисинче, студенттерге практикасын ɵтɵгɵнгɵ шартты тʏзʏп, ар бирине ʏйрɵткɵнгɵ далбастайбыз. Айрыкча 1-курстун студенттерине кесипке болгон кызыгуусун арттыруу ʏчʏн  кабарчылар кай жакка барбасын ээрчитип жʏрɵт. Ɵз алдынча макала жазып келгиле деп тɵрт кʏндʏк эс алууда айылдарына жиберген элек. Улара Нурлан кызы Сузак районунан кызыктуу каарман таап келиптир, анда назарыңыздарга болочок журналисттин алгачкы макаласын сунуштайбыз.

Сузак районунун Жоон-Кʏнгɵй айылынын тургундары жаз мезгилинде таң эрте токойду кɵздɵй жɵнɵшɵт. Жазгы жамгырдан кийин бак-дарактардын астында козу карындар жайнап чыгат. Бул учурда токойдун ылай экенине карабастан, жапайы ɵсʏмдʏктʏ терʏʏгɵ кызыккандардын саны арбын.

Алардын бири Зейнеп Акылбекова, 27 жашта. Ал бала кезинде козу карын терип ата-энесине жардам берчʏ.

 -Канча жылдан бери козу карын терʏʏ менен алектенесиз?

-Негизи бала чагыбыздан эле жаз мезгилинде бири-бирибизге атаандашуу менен козу карын терип чоңойдук десем болот. Жазында жамгыр кɵп жаап, чагылган тʏшɵ баштагандан кийин козу карын терʏʏгɵ чыкчубуз. Ошол мезгилде жол ылай экенине карабастан, токойду кɵздɵй жɵнɵйт элек. Ɵзʏбʏз теңдʏʏ кыздар менен чогулуп, жаныбызга ширеңке, туз, суу алып, кɵбʏрɵɵк козу карын терип алган соң ширеңкебиз менен от жагып, шишкебек  кылып жечʏбʏз.

-Козу карын терʏʏ мезгили канча убакытка чейин созулат?

-Козу карын март айынын ортолорунан баштап чыгып, териле баштайт. Бирок, ал узакка созулбайт, узак дегенде эки айга созулат. Андан кийин кʏн жылып, козу карындар карып баштайт жана муну тамак-ашка колдонууга болбойт. Себеби анын пайдалуу витаминдери жоголот.  Козу карын нымдуулукту сʏйгɵн ɵсʏмдʏк. Кʏн тийген же шамал болгон жерде ɵспɵйт. Белгилʏʏ болгондой токойдон, дарактардын астынан гана табууга болот.

Айылдын дагы бир тургуну козу карын бизнеси тууралуу буларды кошумчалады:

 -Козу карындын 2000ден ашык тʏрʏ бар делет, сиздердин  айылыңыздардан канча тʏрʏн кездештирʏʏгɵ болот? Канча тʏрʏ ашканада сунушталат?

-Биздин айылда  болжол менен 7-8 тʏрʏн кездештирʏʏгɵ болот. Мен андан ашканада колдонулуучу бир эле тʏрʏн билем. Ал биз терген, аты Чʏкчʏгɵй (смаршок) деп аталган козу карын. Аталган козу карындын ак жана кʏрɵң тʏстɵгʏлɵрʏ бар. Ак тʏсʏ чанда кездешет, баасы да жогору. Ошондой эле уулуу козу карындар да бар. Алар бири-биринен тʏстɵрʏ, кɵрʏнʏштɵрʏ менен айырмаланып турат.

Болжол менен килограммы 300 сомдон 450 сомго чейин барат.

-Кардарлар жергиликтʏʏлɵр элеби же башка жактардан да келишеби?

-Козу карынды ɵзʏбʏздʏн айылдыктар эле тергендерден сатып алышып, аны чет ɵлкɵлʏктɵргɵ дʏң баада сатышат. Жаан-чачын кɵп болгон жылдары козу карындар да кɵп чыгат. Ортомчулар ошондой жылдары бир топ эле киреше табышчу. Мен да мектепти аяктаган жылы козу карын терип, аны кургатып, кыш мезгилинде сатыкка алып чыгып, анын акчасына ɵзʏмɵ ноутбук сатып алгам. Базарда кургатылган козу карындын баасы салыштырмалуу жогору турат жана жаз мезгилине караганда кышкысын суроо-талап кɵп болот.

Козу карын терип саткандан сырткары элеттиктер бул ɵсʏмдʏктʏ ашканада да кеңири колдонушат.

-Негизи азыр айылыбыздын кɵп тургундары козу карын тербей калышты. Себеби козу карынды акчасына кызыгып келечегин ойлобостон, сɵңгɵгʏ менен жулуп саткандарына байланыштуу уругу жылдан жылга азайып кетти. Акыркы кезде жок болуп кетʏʏ коркунучу бар.

-Козу карын ашканада кандай колдонулат?

-Биз кɵбʏнчɵ картошка менен кууруп жейбиз. Андан сырткары салаттарга кошсо болот. Козу карындын пайдалуу жактары кɵп. Суроо-талап жогору. Жогоруда айткандай, козу карындар жыл ɵткɵн сайын азайып бараткандыгына байланыштуу сатуу ʏчʏн тергендер жокко эсе. Кɵпчʏлʏк тургундар жеке ашканасы ʏчʏн гана теришет.

ПАЙДАСЫ:

— Козу карындын 90 пайызын суу тʏзɵт жана курамында А, D, Е, РР, В тобундагы витаминдери, калий, кальций, темир, йод бар болгондуктан ден соолукка пайдалуу.

— Иммундук системди бекемдейт.

— Курамындагы лецитин кан тамырларды тазалоодо жана холестериндин деңгээлин азайтууда мыкты жардамчы.

— Атеросклероздун алдын алып, эс-тутумду жакшыртат.

— Нерв системине, стресске, депрессияга пайдалуу.

— Калориясы аз болгондуктан адистер семиздиктен жабыр тарткандарга сунушташат.

— Козу карындын ак тʏрʏнʏн курамында рибофлавин, В2 витамини кɵп. Бул витамин теринин, чачтын жана тырмактын сапатын жана уйку безинин иштешин жакшыртат.

— Адистердин изилдɵɵсʏнɵ таянсак, шампиньондор шакый жана баш оорунун алдын алат.

— Вёшенка козу карыны РР витаминине бай болгондуктан организмди ар тʏрдʏʏ вирустардан коргойт.

КОЗУ КАРЫН ТУУРАЛУУ

Кыргызстанда козу карындардын 2100дɵн ашык тʏрʏ белгилʏʏ, андан тамак-аш катары колдонулуучу 98 тʏрʏ аныкталган. Улуттук статистика комитетинин маалыматына таянсак, 2020-жылы Кыргызстан 54 тонна козу карын экспорттогон. Товар жалпысынан 511 миң долларга бааланып, чийки, кайнатылган, тоңдурулган, кургатылган жана консервацияланган козу карындар сыртка сатылган. Германия — 33,8, Тʏштʏк Корея — 19,8, Франция — 0,2, Япония — 0,1, Швейцария — 0,1 тонна козу карын сатып алган. Андан мурунку жылы Кыргызстан 400 миң долларга 44 жарым тоннадай козу карын экспорттолгон.

КИМДЕРГЕ БОЛБОЙТ?

Козу карындан жасалган тамактын сиңиши жай болгондуктан, 8 жашка чейинки балдарга, улгайган адамдарга, кош бойлууларга кɵп жегенге болбойт.  Подагра, бɵйрɵк, боор, ашказан-ичеги, тери оорусу барлар 1 айда 1 гана жолу сууга бышырылганын жесе болот. Ал эми куурулганын, туздалганын жесе оорусу кʏчɵп кетиши мʏмкʏн.

Улара Нурлан кызы