26 апреля, 2024

“Археологияда тыйын – дата жɵнʏндɵ маалымат берген ишенимдʏʏ материал”

“Мыйзамдуу тɵлɵɵ каражатың барбы?” деп сурады нумизматик маекти баштоодон мурда. Тʏшʏнбɵй бир саамга ойлонуп калдым. Кɵрсɵ, тыйын сɵзʏ ушундай маанини камтыйт экен. Тыйын демекчи “Борбордук Азиянын нумизматикасы” китебинин автору, 20 жылдан ашуун убакыттан бери Ош мамлекттик университетинин тарых факультетинде эмгектенип келе жаткан Тавакал Усманов “Кесип” рубрикасынын коногу болмокчу.  

Акча, тыйындарды изилдɵɵ

-Нумизматика–латын сɵзʏ болуп, номоз–мыйзам, номизма–мыйзамдуу тɵлɵɵ каражаты маанисинде колдонулган. Кайсыл гана ɵлкɵ болбосун ɵз тарыхын терең ʏйрɵнʏʏдɵ тарыхтын кошумча тармактарысыз элестетʏʏ мʏмкʏн эмес. Мисалы, сфрагистика–мɵɵрлɵрдʏ, геральдика – гербди, генеалогия — санжыраны, хронология–тарыхый окуялардын убактысын, метрология – чен ɵлчɵмдɵрʏн жана салмак бирдиктерин, дипломатика – эл аралык байланыш актыларын, палеография – эски жазууларды, ономастика – жекеча аттарды, археография–эски документтерди, нумизматика–тыйын, акчалар тарыхын изилдейт. Нумизматика — орто кылымдардан кийин илим катары ʏйрɵнʏлɵ баштады.

“Кичинекей тыйындар чоң маалыматты камтыйт”

-Байыркы тил жана жазууларды окуп-ʏйрɵнʏʏдɵ тыйындар маанилʏʏ ролду ойнойт. Ошондой эле археологиялык изилдɵɵлɵрдɵ нумизматиканын мааниси чоң. Себеби, табылган тыйын – дата жɵнʏндɵ маалымат берген бирден – бир ишенимдʏʏ материал болуп эсептелет. Тыйындар бизге байыркы элдердин диний кɵз караштарын жана кʏнʏмдʏк турмуш-тиричилигин окуп ʏйрɵнʏʏдɵ жардам берет. Демек кичинекей тыйындар ɵзʏнɵ хронология, генеалогия, саясий жана социалдык–экономикалык абал, географиялык жайгашуу, искусство таануу жана тил таануудагы бир катар маселелерди чечʏʏ жолдорун камтып турат. Мисалы, мусулман тыйындарында сʏрɵттɵɵлɵр аз кездешет. Ислам динин тутунгандар тирʏʏ жандарды сʏрɵттɵɵгɵ тыюу салат. Бирок мусулман тыйындарында жазуулар кɵп. Тыйын чыгарылган жер жана анын датасы, халифтин аты, башкаруучу жана анын вассалдарынын ысымдары жɵнʏндɵгʏ маалыматтарды берет. Бул маалыматтар тыйын чыгарылган ɵлкɵнʏн тарыхын окуп ʏйрɵнʏʏдɵ ɵтɵ баалуу.   

“Акча катары колдонулган жаныбардын тиштери, туз же ʏлʏлдʏн уялары”

-Байыркы тыйындарды археологиялык казуулар далилдеши боюнча акчалар Кичи Азия жарым аралында биздин заманга чейин VII кылымда пайда болгон. Уруулар жана жамааттардагы эмгектин бɵлʏштʏрʏлʏшʏ буюмдардын бир-бири менен айыр баштоого алып келди. Айырбаштоодо (алмашууда) кээ бир товарлар эквивалент болуп эсептелген. Эквивалент бул – айрым буюмдун ордун баса турган же ошого барабар кызмат ɵтɵй турган нарктагы товар. Ошол учурда биринчи акчалар пайда болгон. Азия жана Африканын кɵп эли Япония, Кытай жана Индияда акчанын жɵнɵкɵй формасын пайдаланышкан. Индиянын айрым жерлеринде асыл ʏлʏлдɵр (раковины), Африканын айрым урууларында курма акча милдетин аткарган. Мындан сырткары айбандардын териси, тиштери, берметтер, мал, туз, нан, ɵндʏрʏш куралдары жана башка буюмдар азыркы акчалардай эле кʏчкɵ ээ болгон. Соода-сатыктын ɵнʏгʏшʏ менен акча бирдигинин милдетин металлдар аткара баштады. Металл акчаларды алып жʏрʏʏ оңой эле. Башында темирден тыйындар жасалса, кийинчерээк жез, коло, кʏмʏш жана алтын сыяктуу кымбат металлдарга ɵткɵн. Атайы белгилер, жазуулар жана сʏрɵттɵрдʏ тʏшʏрʏшкɵн. Мындай белгилер менен акчаны бир биринен оңой айырмалап, жалган акча менен алмаштыруу же кардарды алдоого мʏмкʏн эмес болчу. Тыйындардын тарыхы мына ушундайча ɵнʏккɵн. Тарыхтын атасы Геродоттун пикиринче биринчи алтын жана кʏмʏш тенгелер биздин заманга чейин VII кылымда Кичи Азиянын Лидия жана Игиния мамлекеттеринде чыгарылган. Андан кийин Кара деңиз боюндагы бир топ грек мамлекеттеринде тыйын акчалар чыгарыла баштады. Акыркы мезгилдеги илимий изилдɵɵлɵр далилдегендей дʏйнɵ жʏзʏндɵгʏ эң алгачкы тыйын акчалар биздин заманга чейин VIII кылымда байыркы Кытайда жасалган. Кʏнʏмдʏк тажрыйбада адамзаты металл куймасы, ɵзгɵчɵ, алтын жана кʏмʏш соодада ыңгайлуу жалпы эквивалент болот деген жыйынтыкка келген.

“Орел же Решка” эмес. Тыйындын тʏзʏлʏшʏн билип алыңыз

-Нумизматика илим катары нумизматикалык жыйноочулуктан (коллекционирование) ɵнʏккɵн. Мындай жыйноочулар байыркы мезгилде эле болгон. Акырындык менен тыйындарды топтоо модага айланып, кеңири таркалган. Бирок, илимий нумизматика XVIII кылымда гана пайда болгон. Илимий нумизматиканын атасы Иосиф Иларий Эккель (1737–1798-жж.) Ал Венада императордук Мюнцкабинетте иштеген. Эккель кɵп жылдык изилдɵɵлɵрʏнɵ таянып 8 томдук эмгегинде 70 миңден ашуун тыйындардын тʏрлɵрʏ баяндалган. Штемпель — тыйынга белги басуучу аспап. Ал эми тʏзʏлʏшʏнɵ карай аверс – тыйындын алдынкы бети, реверс — арт жагы, гурт – тыйындын кыры болуп саналат.       

Кыргызстандын аймагынан байыркы тыйындар кɵп табылат

-Кыргызстанда байыркы жана орто кылымдардагы тыйындар салыштырмалуу кɵп табылат. Ɵзгɵчɵ анын тʏштʏгʏндɵгʏ эң байыркы тыйындар Ош облусунун Ноокат районунун Темиркорук кɵрʏстɵнʏнɵн табылган. Алар байыркы Кытайдын у-шу деп аталган коло тыйындары. Белгилʏʏ болгондой у-шу тыйындары биздин заманга чейин II кылымдын аягында чыгарыла баштап, соода аркылуу Чыгыш Ферганага, Кыргызстандын тʏндʏгʏнɵ дагы таркаган. Ага мисал, Жети-Суу, Чʏй ɵрɵɵндɵрʏнɵн табылган у-шу тыйындары. Кыргызстандын тʏштʏгʏндɵ арабдар доорунан баштап саманий жана караханийлер доорунда соода-сатык мамилелери жогорку деңгээлге жетип ɵнʏккɵн. Анын далили катары Фергана ɵрɵɵнʏндɵ саманийлер жана караханийлерге тиешелʏʏ кɵп сандагы тыйындар табылат. Араптар басып киргенден кийин Фергана ɵрɵɵнʏндɵ соода-сатык мамилелери ɵнʏккɵндʏгʏ жɵнʏндɵ ɵрɵɵндʏн шаарларынан, анын ичинде Оштон табылган тыйындарды Оштук нумизматик Т.С. Нуридинова да тастыктайт. Анын пикири боюнча бул факт VIII-IX кылымдарга тиешелʏʏ.

“Ошто тыйын чыгарчу устаканалар болгон”

-Ош шаарында арабдар доорунан баштап соода-сатык мамилеси абдан жогорулап, шаар ɵзʏнʏн тыйындарын чыгара баштаган. Ош шаарынан эң алгачкы чыгарылган тыйын фельс деп аталып, ал хижра (арабдардын календары) боюнча 284-жылга, христиан жыл наамасы боюнча 897-жылга таандык. Бул табылга Ош шаарындагы Саманийлер доорунда гʏлдɵп-ɵнʏгʏп, соода-сатык мамилелеринин ɵнʏгʏʏсʏндɵ белгилʏʏ орунду ээлеген. Ош шаарында кийин да тыйындар чыгарылып турган. Кызыктуусу бул мезгилдин тыйындары 4 типке бɵлʏнʏп, Ош шаарында тыйын чыгаруу интенсивдʏʏ ɵнʏккɵндʏгʏн жана шаардын ɵзʏнɵ тиешелʏʏ тыйын чыкаруучу устаканасы болгон.

“Кыргыз тыйындары Казакстанда жасалат”

-Кыргыз сому 100% пахтадан жасалып, 5 миң жолу бʏктɵлʏʏгɵ жарактуу. Сомдор Франция жана Мальта ɵлкɵлɵрʏндɵ басылып чыгат. Банкноталар ʏчʏн пахта кагазды Улуу Британия менен Франция ɵндʏрʏп берет. 2010-жылы чыгарылган 5 000 сом эл аралык сынакта “жылдын мыкты банкноту” наамын жеңип алган. Ошондой эле кыргыз сомунун кооздугун кʏн желесиндеги бардык тʏстʏ камтыганына байланыштырышат. Кыргызстандын тыйындары Казакстандан ɵндʏрʏлʏп, курамы никель менен болоттон турат.

“Акчанын куну валютанын жʏгʏртʏлʏшʏнɵ байланыштуу”

-Акчанын куну ошол акчанын канчалык деңгээлде жʏгʏртʏлʏшʏнɵ байланыштуу. Айталык, быйыл кɵптɵгɵн россиялыктар Кыргызстанга келип, ала келген рублдарын сомго айландырышты. Ушул сыяктуу сомду колдонуучулар канчалык кɵбɵйсɵ кадыр-баркы да ошончо бийик болот. Сомду колдонуучулардын кɵбɵйʏшʏ экономикага, товарларыбыздын сырттан келген кардарларынан жана саякатчылардан кɵз каранды. Себеби, биздин товарды чет элдиктер кɵп сатып алса, сомдун курсу менен эсептейт. Ошондуктан ɵлкɵнʏн экономикасын, туризм тармагын ɵнʏктʏрʏʏнʏ жакшы колго алуу керек.

Айжылдыз Тойчиева