11 мая, 2024

Биз да депутат болгонбуз…

“Парлементтин кадырын, дегеле депутат дегендин урматын Атамбаев кетирген, чимкирик атап” деп айтат бир серепчи ɵз сɵзʏндɵ. Дагы бирлери “Жогорку Кеңештин кадырын айрым депутаттар ɵздɵрʏ эле кетиришет” деп кɵп айтышат. Деген менен Жогорку Кеңеш бул Кыргыз Республикасынын мыйзам чыгаруучу органы. Эл арасынан элдин добушу аркылуу шайланып барган 90 эл ɵкʏлдɵрʏнɵн турат. Кээде депутаттар аралашкан чырлар чыгып, коомчулуктун кɵңʏлʏн буруп калат. Марттын башында депутат Ж.Абиров кафеде коопсуздук кызматкерин сабап дагы да бул талкууга кенен жем таштап, чуусу басаңдай элек.Негизи эле “эл ɵкʏлʏ кандай болушу керек, сиздердин учурда кандай депутат болгонсуздар?” деген суроо менен легендарлуу парламенттин депутаттарын кепке тарттык.  

Айкɵкʏл Мирзакаримова, легендарлуу парламенттин депутаты:

“Биздин учурда сессияда бирин-бири сен деп койгону ʏчʏн кечирим сурайт эле”

-Кыргызда “бир уйдун мʏйʏзʏ сынса миң уйдун мʏйʏзʏ зыркырайт”  деген жакшы сɵз бар. Бир адамдын катачылыгы баарына кедергисин тийгизет. Ошон ʏчʏн азыркы жаштар улуулардын сɵзʏн укпаганынан улам биз да кээде иренжип калып атабыз. Ырас эл ɵкʏлʏ болгон соң ошол олтурган Ак ʏйʏн сыйлаш керек эле, элин сыйлаш керек эле. Бир чети жаштык кылыптыр.

Биздин жаш кезибизде эл кɵзʏндɵгʏ адамдардын мындай мушташуусу болгон эмес. Талкуу учурунда деле бири-бирибизди сыйлап, менин пикирим боюнча мындай болуусу керек эле десек, экинчи тарап деле менин пикирим мындай деп калчу. Биздин учурда сессияда бирин-бири сен деп койгону ʏчʏн кечирим сурайт эле. Баары бири-бирине сиз деп кайрылчу. Мисалы, ɵзʏм Кыргыз ССРнин Жогорку Советинин депутаты болгомун, легендарлуу парламентте Кудай сактасын, андайды эч ойлободук, кɵрбɵдʏк. Ынтымакчылык керек. Бул деген жогорку трибуна, элдин кɵзʏ кʏндɵ тʏшʏп турган жер. Ɵлкɵдɵ канча киши сессияны кɵрɵм деп отурат, туурабы?

Ал эми жаш депутаттын окуясы боюнча айтсам, кантсе да кечирим сураган болсо акылдуулук кылыптыр. “Жакшы сɵз жыланды да ийининен чыгарат”  дейт. Эми мындан кийин ушул нерселерди эсине алып, келечекте коомго кызмат кылам десе жосунсуз мындай жорук жасабашы керек. Жаш жигит экен, жазага сунуштабайт элем. Жаңылбас жаак, мʏдʏрʏлбɵс туяк болбойт. Эгерде экинчи тарап жигитти кечирген болсо, комитетте карап, тартипке чакырып койсо менимче ошол жетиштʏʏ.

Азим Карашев, легендарлуу парламенттин депутаты:

“Кемчилик кетирген жетекчиге кечиктирбей баа берчʏбʏз”

— Депутат деген тескерисинче, коомго тескери кɵрʏнʏштɵрдʏ тыя турган, чыгарбай турган, жаштарды, улууларды тарбиялай турган адам. Анан ошол уюмда иштеген, эл шайлаган адам барып алып, кафеде отуруп, анан тартип сакчыларын уруп коёт деген бул такыр эле тартипсиздик. Тескерисинче, ошол жерде карап, баам салып отурушу керек, ким кандай отурат? Эми бардык депутатка тийишпей эле коеюн, ɵткɵн чакырылышта “чимкирик” деп да аталган эл ɵкʏлдɵрʏ болду. Ошол сɵздɵн жыйынтык чыгарса дагы азыркы депутаттар тартип менен ишти алып барып, ɵзʏн кɵзɵмɵлдɵп тартип менен жʏрʏшʏ керек болчу да. Эмоцияга берилгенде башка ɵлкɵлɵрдɵ деле зал ичинде тура калып, кыйкырышып, кармаша кетишет. Анан мындай коомдук жайда мушташат деген биздин элибизде жакшы кɵрʏнʏш эмес. Кадрды тандаган адамдар терең ойлонуш керек. Ата-бабалардан калган сɵз бар “Жети ɵлчɵп бир кес”деген. Мурда калк аз, адамдарда билимдʏʏлɵр азыраак болчу, азыр шʏгʏр, элибиз билимдʏʏ болуп баратат. 

Ɵзʏм катардагы адистен директорго чейин кɵтɵрʏлгɵмʏн. Ошол 29 жашымда Райкомдун биринчи катчысынан баштап, борбордук комитеттин биринчи катчысына чейин 13 кишиден маектешʏʏдɵн ɵткɵнчɵ эле бир академияны бʏткɵндɵй болосуң. Азыр резюмеде институтту бʏттʏ, анан жеке ишкерлик менен алектенип, депутат болуп калат. Эл деген аккан суу, кимди жакшылап мактап койсо шайлап коё берет. Кадрды талдабай, изилдебей туруп кызматка койгондон улам ɵлкɵбʏздɵ ар жылы Министрлер кабинетинин тɵрагалары алмашып жатат. Кадр канча тез алмашса коомдук ишке ошончо зыяны тиет.

Мен легендарлуу парламентке 1991-94-жылдары депутат болдум, 350  депутат бар болчу, ар дайым жыйынга катыша турганы 347-348 болчу. 345тен ылдый тʏшчʏ эмес. Азыр эмне, 90 депутаттын 70и катышса деле чоң иш, келбегенине кнопканы башкалар басып коюп отурат. Балык башынан сасыйт деген ушул болот. Башынан ушундай болуп жатса аяк жактагылар каякка барат?

Биз жаш кезде одоно аракет кылган жетекчилерди мен райондук деңгээлде айтып берейин сага, райондук бюро деген бар эле. Кемчилик кетирген жетекчиге кечиктирбей туруп баа берчʏбʏз. Анда документация орус тилинде жʏрчʏ. Выговор, строгий выговор же строгий выговор с занесением деп койсо 6 ай бою бир жакка кызматка кɵтɵрɵлʏ десе да “так” токточу. Ошонун ɵзʏ эле чоң жаза болчу.

Орозбек Акимбаев, легендарлуу парламенттин депутаты:

“Депутаттык наамды да коргой билʏʏ, сактай билʏʏ керек”

-Адам баласы болуп жаралгандан кийин ушундай ар кандай турмуштук жагдайлар болот. Оор-жеңил, ачуу-таттуу, катуу-жумшак, алыс-жакын деген сыяктуу. Ошондой мезгилде адамдардын табигаттын берген суроосуна жасаган жообу адамдын адамдык мʏнɵзʏн, деңгээлин, адамдык сапатын кɵрсɵтɵт. Ошондон улам анан эл ɵзʏ эле адамды мʏнɵздɵп бул мындай начар, бул чыдамкай, бул чычалак деп ат коёт. Оор басырыктуу, кɵтɵрʏмдʏʏ деген адамдардан мына мындай болуп атат, кандай дейсиң деп кеңеш сурайт. Мындай кылсам кандай болот деп кеңешет. Илгертен эле кыргызда депутаты жок эле, кызматы жок эле, бирок катардагы жʏргɵн адамдардан кеңешип, акыл сурап, иш жʏргʏзгɵн. Ошого кыргызда Кыдыр аке, Мойт аке, Тилекмат аке дегендер чыккан.

Айылдык Кеңеш, шаардык Кеңеш, Жогорку Кеңеш деп кеңештерге шайланган элдин атынан барган ɵкʏлдɵр “биз элдин арасында жʏрʏп, турмуштук процесстерге катышып атабыз, муну эл кʏтʏп жатат, эл муну сунуштап атат” деп бийлик органы менен элдин ортосунда байланышты кʏчɵтɵ турган адамдар депутаттар. Ошондуктан алар элге ʏлгʏ катары, идеал катары болуш керек. Биз да ɵз мезгилинде депутат болгонбуз. Элге барганда “мен депутат болуп шайланып калсам, силердин ишенимиңерди ушундай жол менен актайм” деп элдин алдында милдеттенме алганбыз. Азыркы депутаттар деле ошол, партиянын атынан барса деле, бир мандаттуу округдан барса деле. Мен 39 жашымда райкомго 1-секретарь болгом, 42 жашымда депутат болуп шайландым.

Жеке оюмда партиялык режимди жоюп, бир мандаттууга ɵтсɵ эл ɵзʏнʏн ишеним кɵрсɵткɵн уул-кызын шайламак. Партиядан партияга секирген депутаттар кɵбɵйдʏ. Ресторанда мушташып кеткен депутат тʏнкʏ саат 3 жарымда эмне кылып жʏрɵт? Мушташка эмне барат, кайра мушташып аткандарды бɵлʏштʏрɵ турган адам го. Депутаттык наамды коргой билʏʏ, сактай билʏʏ керек. Анан ушундай партиянын депутаты ушундай болуптур деп партия мʏчɵлɵрʏ укса, шайлоочулар укса алардын бетин кантип карайт? Ошон ʏчʏн элибизде сɵз бар: “Оң колуңдун ачуусун сол колуң менен бас” деген. Депутат деген ʏлгʏ, идеал. Артынан ɵсʏп келе жаткан муун мен ушундай болсом деп суктаныш керек.

Илгери азыркыдай соттор, мыйзам жок кезинде деле адамдар бири-бири менен чабышып-мушташып, ортодо ɵлʏм болгондо да айыл аксакалдары эстʏʏ, баштуулар чогулуп кырсык болуп калыптыр, койгула, “болору болду боёсу канды” деп элди элдештиришкен, кунун тɵлɵтʏп эки жактын тең мамилени оңдогон. Ошондуктан бул маселени ызы-чууга жеткирбестен акылдуулук менен абалдан чыгып кетсе туура деп эсептейт элем.

Элира Чынтемир кызы