24 апреля, 2024

ГЕНЕРАЛДАР КЕП САЛЫШАТ

“Ыкчам издɵɵ ишмердʏʏлʏгʏ боюнча мыйзамдарга сɵзсʏз тʏрдɵ реформа керек” дешет генералдар. Анткени акыркы кездеги бул мыйзамдагы ɵзгɵртʏʏлɵр ыкчам иш алып баруучу кызматкерлердин кылмышты алдын алуудагы мʏмкʏнчʏлʏктɵрʏн азайткан. Негизи эле бʏгʏнкʏ кʏндɵ тармак кандай колдоого, ɵзгɵртʏʏгɵ муктаж жана жетишкендиктер тууралуу ИИМдин Генералдар кеңешинин мʏчɵлɵрʏ кеп салышат.

“БИЗДИН УЧУР МЕНЕН АЗЫРКЫ УЧУРДУ САЛЫШТЫРЫП БОЛБОЙТ”

Ɵлкɵдɵгʏ генералдардын башын бириктирген Генералдар кеңеши бар. Алар укук коргоо органдарындагы кызматкерлерге акыл-насааттарын айтып, жол кɵргɵзʏп, ɵз тажрыйбалары менен бɵлʏшʏп, тармактын ишин жакшыртууга салымдарын кошуп келишет. Кеңештин тɵрагасы, милициянын отставкадагы генерал-майору Садырбек Дубанаев.  Ал азыркы кезде ИИМде жакшы шарттар тʏзʏлгɵнʏн айтат:

-Генералдар кеңеши 2010-жылы ИИМдин алдындагы коомдук уюм болуп тʏзʏлгɵн. Кеңештин мʏчɵлɵрʏ жаштарды тарбиялоодо ɵз салымдарын кошуп, жаш кызматкерлерге тажрыйбабызды бɵлʏшʏп, акыл-насааттарыбызды айтып келʏʏдɵбʏз. Быйыл “Кызматыбыз эл ʏчʏн” деген ураан менен иш баштадык. Буюрса, элди санариптештирʏʏгɵ ыкчам жардам берʏʏ, ошол эле кылмыштуулуктун бетин ачуу, ɵз убагында коомдук тартипти сактоо, элдин милицияга деген ишеничин арттыруу максатында иштер алып барылат. Акыркы кезде милиция кызматкерлеринин эмгек акылары кɵтɵрʏлʏп, мамлекет жакшы шарттарды тʏзʏп берʏʏдɵ. Биздин учур менен азыркы учурду салыштырып болбойт деп жолуккан жерде кызматкерлерге айтып турам. Анткени бʏгʏн тармакта материалдык-техникалык база абдан жакшы. Айтсак, бир эле жылда укук коргоо органдарына материалдык базаны чыңдоо ʏчʏн 53 млрд. сом каралды. Бул абдан жакшы колдоо. Андыктан кызматкерлер дагы ɵз ишин жакшы алып баруусу керек. Биз да ар бир облуска барып айтып, кеп-кеңештерибизди берип келдик, дагы да уланта беребиз.

“ЫКЧАМ ИЗДƟƟ КЫЗМАТКЕРЛЕРИ КƟП МYМКYНЧYЛYКТƟРYНƟН АЖЫРАП КАЛЫШКАН”

Ал эми Генералдар кеңешинин мʏчɵсʏ, милициянын отставкадагы генерал-майору Расулберди Раимбердиев уюшкан кылмыштуулукту алдын алууда айрым мыйзамдарга ɵзгɵртʏʏ киргизилʏʏсʏ керектигин айтып, тɵмɵнкʏлɵргɵ токтолду:

-ИИМде мыйзамдарга сɵзсʏз тʏрдɵ реформа жʏргʏзʏлʏʏсʏ керек. Буга чейин биздин ардагерлер кээ бир мыйзамдар боюнча ɵз ойлорун айтып, сунуштарын берип келишʏʏдɵ. Мисалы, “Изин суутпай издɵɵ иши жɵнʏндɵ” мыйзам бар. Ал 1998-жылы кабыл алынган бойдон турат. Мен бул мыйзамды “Ыкчам издɵɵ ишмердʏʏлʏгʏ жɵнʏндɵ” деп ɵзгɵртʏʏ тууралуу сунушумду берип келем. Себеби уюшулган кылмыштуулукка каршы кʏрɵшʏʏдɵ аталган мыйзам ɵтɵ керектʏʏ. Бирок, кийин мыйзамды ɵзгɵртʏшʏп, ыкчам издɵɵ кызматкерлери толук кандуу иш алып бара алышпай, кɵп мʏмкʏнчʏлʏктɵрʏнɵн ажырап калышты. Мисалы, ыкчам издɵɵ ишмердʏʏлʏгʏ боюнча иштеген кызматкерлер уюшулган топтор боюнча ар тʏрдʏʏ ыкчам иш чараларды жʏргʏзʏшɵт эле. Анда аталган бɵлʏмдʏн жетекчисинин уруксаты менен гана иш жʏргʏзʏп, териштиришчʏ. Кийинки мезгилдерде адам укугун коргоо деп ыкчам издɵɵ ишмердʏʏлʏгʏндɵгʏ ыкчам иш чаралардын баарын алып, 11 ыкчам иш чараны атайын тергɵɵ амалдары деп тергɵɵгɵ ɵткɵрʏп коюшту. Анткен менен ыкчам издɵɵ ишмердʏʏлʏгʏ деле адам укугун коргойт да. Мында кылмыш иши болгондон кийин ыкчам иш чаралар алып барылышы керек. Мурда кылмыш боло электе эле ыкчам иш чаралар жʏргʏзʏлʏп, алдын ала кармаса болот болчу, азыр ага мʏмкʏн эмес.

Бʏгʏнкʏ кʏндɵ мыйзам бузуу боюнча тергɵɵчʏ ишти козгоп, токтом чыгарып, соттун чечимин алып барганга чейин маселе чечилип калууда. Мындайча айтканда, кылмышкерлерди издɵɵ кызматкерлери байланып калды. Бул себептʏʏ кылмышкерлердин аракети биздин кызматкерлерден да ыкчамыраак болуп, артынан жетишʏʏ кыйын болууда. Учурда “ыкчам издɵɵ ишмердʏʏлʏгʏ жɵнʏндɵ” мыйзам Жогорку Кеңеште турат экен, эки жолу комитетте каралып, артка кайтарылыптыр. Ошентсе да оңдоп-толуктоолор менен кайрадан комитетке киргизʏʏгɵ  аракет кылып жатышат. Жогору жактагы жетекчилер бул маселеге кɵңʏл буруп, ɵзгɵртʏп беришсе жакшы болмок.

Аталган мыйзамды кабыл алууда адамдардын укугу бузулат деген жʏйɵɵнʏ келтиришет. Анткен менен прокуратура кызматкерлери бар да. Адамдын укугун бузган кызматкерге алар чара кɵрʏшɵт. Бирок, негизинен уюшкан кылмыштуулукка каршы кʏрɵштʏ ыкчам иш чаралар менен уюштурбаса башка мʏмкʏнчʏлʏк жок. Биз иштеген мезгилде ыкчам иш чаралар алып барылчу. Эгерде кызматкер адамдын укугун бузган болсо, мыйзам алдында жооп берчʏ. Азыр эми адамдын укугун коргойбуз деген менен кɵбʏнчɵ кылмышкерлерге жакшы шарт жаратып коюудабыз. Укук бузбаган адамды бул маселе ойлондурбайт деле, бирок кылмышкерлерге жакшы болууда. Кезинде керектʏʏ иш чараны кызматкерлер жʏргʏзɵ албай калууда. Андыктан, ɵзгɵрʏʏлɵр болуусу керек. Мен ушул багытта кɵп иштегендиктен, кɵйгɵйлɵрдʏ жакшы билем.

“КООПСУЗДУК YЧYН АЛДЫН АЛА ЫКЧАМ ИШ ЧАРАЛАР ЖYРГYЗYЛYYСY КЕРЕК”

-Кандайдыр бир кыйынчылык болгон мезгилде элдин баары милицияга кайрылат, туурабы? Мисалы, биз Ошто жашайбыз. Ошто улут аралык жаңжал эки ирет кайталанды. Ошондой учурларда милиция кызматкерлеринин ролу чоң. Милиция кызматкерлерине материалдык, моралдык жактан колдоо кɵрсɵтʏп,  аброюн жогорулатмайынча коомдук тартипти сактоо барган сайын кыйын болуп барат. Анан анархия болот. Атайын “адамдардын укугун коргоо” деген атты жамынып алып, башка кʏчтɵр деле биздин мамлекетти алсыздандырууга аракет кылышат. Мунун баарын алдын алууга ыкчам иш чаралар сɵзсʏз алып барылуусу керек. Маселен, тʏштʏктɵ улут аралык жаңжалдар, диний экстремизм, чек ара жана наркотикага каршы кʏрɵш маселелери турат. Аталган тɵрт багытты эле алып карай турган болсок, ошол ыкчам иш чаралар менен иш алып барыла турган маселелер. Кызматкерлер наркобизнесте иштегендерди кармоо ʏчʏн жогоруда айткандай бир канча этаптан кийин уруксат алышат, ал ортодо маалыматтар чыгып кетет да, кылмышкерлер кызматкерлерден мурда алдын ала чараларды кɵрʏп коюшууда. Ошондуктан, бул багытта реформаларды ɵтɵ тез жʏргʏзʏʏ зарыл. Мамлекет башчысы, Жогорку Кеңеш, ɵкмɵт да туура кабыл алып, кылмыштуулукка каршы кʏрɵшʏʏгɵ шарттарды тʏзʏп берʏʏсʏ кажет. Айталы, кылмышкерлерди издɵɵ, наркобизнеске каршы кʏрɵшʏʏ, онунчу бɵлʏм деген бɵлʏмдɵр бар. Алардын баары тынч отурган жок. Мисалы, мамлекетте кандайдыр бир жаңжал, кɵтɵрʏлʏш орун алган мезгилдерде “уктап жаткан” топтор дароо баш кɵтɵрʏшʏп, ɵз максаттарына жетʏʏгɵ аракет кылышат. Аларды аныктоо ʏчʏн да алдын ала ыкчам иш чаралар жʏргʏзʏлʏʏсʏ керек.

“КЫЗМАТКЕРДИН БИЛИМ, АДЕП-АХЛАКТЫК, МОРАЛДЫК ЖАКТАН ДЕҢГЭЭЛИ ЖОГОРУ БОЛУШУ КАЖЕТ”

-Жаш кызматкерлер, адистер менен тез-тез жолугуп турам. Ɵзʏм да юридикалык факультетте сабак берем. Кызматкерлерге дайыма окуунун, изилдɵɵнʏн ʏстʏндɵ болгула деп айтып келем. Мыйзамдар тез-тез ɵзгɵрʏʏдɵ. Ошол эле Кылмыш-жаза кодекси, Кылмыш жаза процессуалдык кодекси акыркы 4-5 жылда эки жолу ɵзгɵрдʏ. Учурда жаңы мыйзам менен иштеп жатабыз. Андыктан кызматкерлер жаңы мыйзамдарды ɵздɵштʏрʏп, ɵзʏнʏн жʏрʏм-туруму, адеп-ахлактык, моралдык жактан деңгээли жогору болушу керек. Кайталап окуп турбаса, албетте, эстен чыгып калат. Азыр блогерлер кɵп, кээ бир жерде камерага тартып, “Кайсы мыйзамдын негизинде мени кармап жатасың?” деген суроону коюшууда. Мындан улам ар бир кызматкер ɵзʏнʏн ишин так билген, ишине байланыштуу суроолорго так жооп бере ала турган кесипкɵй кызматкер болууга аракет кылышы керек. 

Жумагʏл Кочкорбай кызы