16 апреля, 2024

ОШ: “БОРБОРДУК КƟРYСТƟН БИР ЖЫЛГА ЖЕТПЕЙ ТОЛОТ”

Ош шаарында кɵрʏстɵндɵр толуп, жер таштыгынан мурун туугандары коюлган орунга кɵзʏ ɵткɵн жакындарынын сɵɵгʏ коюла баштаганын жергиликтʏʏ тургун билдирген болчу. Маалым болгондой, учурда шаардагы сегиз кɵрʏстɵн толуп, борбордук кɵрʏстɵндɵ жʏздɵй гана сɵɵк коюуга ылайыктуу жер бар. Шаардык жарандарды тейлɵɵ бюросу дагы кошумча жер бɵлʏп берʏʏ маселеси менен мэрияга кайрылган. Бʏгʏнкʏ кʏндɵ маселе ачык бойдон турат.

Барчын Таныров, Ош шаардык жарандарды тейлɵɵ бюросунун башкы адиси:

“50 гектар мʏрзɵдɵ азыр болжолдуу жʏз адамдык эле орун калды”

-Жарандарды тейлɵɵ бюросуна Ош шаарындагы 13 кɵрʏстɵн карайт. Учурда анын сегизи толуп калган, бешɵɵ иштеп жатат. Ал эми жакынкы кʏндɵрʏ коомчулукка чыккан жагдайлар боюнча айтсак, анда борбордук мусулман жана христиан кɵрʏстɵнʏндɵ болгон. Бул эң чоң кɵрʏстɵн, анын 25 гектары мусулман, 25 гектары христиан кɵрʏстɵнʏ. Ошол 50 га мʏрзɵдɵ азыр болжолдуу жʏз адамдык эле орун калды. Бул бир жылга гана жетет. Мурун адамдардын кɵзʏ ɵткɵндɵ айылдарга, туулуп-ɵскɵн жерлерине алып барып коюшчу. Азыр эми шаарда жашагандар шаарга эле коюлуп, андай болбой калды.

“Эски кɵрʏстɵндɵрдʏ кайра колдонгондо деле жер таңкыстыгы жарала берет”

-Ал эми 30-40 жыл мурун адамдын сɵɵгʏ коюлган жерлерге кайра коюу боюнча бизге официалдуу уруксат кагазы бериле элек. Эгерде бизге шаардык казыяттан же шаардык Кеңеш, мэриядан эски кɵрʏстɵндɵргɵ жаңыдан коюуга официалдуу уруксаттама берилсе, ошондо гана бул иш жанданат. Бирок, мунун да ɵзʏнʏн тартиби бар. Мисалы, 30 жыл мурун коюлган туш келген кɵрʏстɵнгɵ башка адамдардын сɵɵгʏ коюла бербейт. Себеби бирɵɵнʏн чоң атасы жаткан жерге башка бирɵɵнʏн сɵɵгʏ коюлса, тополоң чыгуусу мʏмкʏн. Мындай жагдайларга жол бербɵɵ ʏчʏн эски кɵрʏстɵндɵргɵ кайра коюу иши жанданса дагы каза болгон адамдын туугандарынын, жакындарынын ордуна гана коюу маселеси сɵзсʏз каралат. Эки тараптын макулдашуусу менен гана ишке ашат. Эски кɵрʏстɵндɵрдʏ кайра колдонууга бергенде деле баары бир кɵрʏстɵндɵрдʏн таңкыстыгы жарала берет. Анткени мурун шаардагы кɵрʏстɵндɵргɵ жакындары коюлбаган адамдардын сɵɵгʏ келген болсо, сɵзсʏз жаңы жерге жайгаштырууга туура келет. Ошол себептʏʏ борбордук христиан жана мусулман кɵрʏстɵнʏнʏн жогорку жагынан кошумча 50 га жер ажыратуу боюнча тийиштʏʏ жактарга маалымкат бергенбиз.

Эски кɵрʏстɵндɵргɵ уруксат берилген чакта деле мусулман кɵрʏстɵнʏнʏн ʏстʏнɵ гана кайра коюубуз мʏмкʏн деп ойлоодобуз. Себеби христиан кɵрʏстɵнʏндɵ сɵɵк коюлган жерди айлантып тосуп, гʏлдɵрдʏ эгип, арчаларды отургузушкан, тез-тез келип карап, эскерип турушат.

Кɵрʏстɵнгɵ жер бɵлʏп берʏʏ маселеси качан чечилери тууралуу мэриянын шаар куруу жана муниципалдык менчик бɵлʏмʏнʏн башчысы  Алтынбек Пирматовго кайрылганыбызда: “Азыркы учура тиешелʏʏ тараптарга кɵрʏстɵндʏн жерин кеңейтʏʏ маселесин карап чыгуу боюнча тапшырмалар берилди. Жакынкы аралыкта жыйынтыгы белгилʏʏ болот”, — деген жообун узатты.

Ал эми Ош шаарынын казысы Мирланбек Токтомушев сɵɵктʏ жакындарынын ордуна коюуга шарият жол берерин билдирип, буларга токтолду:

“Кɵрʏстɵндʏн жерин башка багытта да иштетʏʏгɵ уруксат берилет”

-Негизинен кабырстан, кɵрʏстɵндɵр бир китептерде 40 жыл, 70 жыл деп айтылат. Бул убакыттан кийин жерди кайра иштетсе болот. Кайра иштетʏʏдɵ бир гана кɵрʏстɵн кылып эмес, башка багытта иштетʏʏгɵ да шарият боюнча уруксат берилет. Ал ʏчʏн кɵрʏстɵндɵрдʏн ʏстʏ таза болушу керек. Азыр кɵрʏп жатабыз, бир кабырдын ʏстʏндɵ арча эгилсе, бири темир менен айлантып тосуп, дагы бири бийик дубал куруп, ʏй сыңары жасап коюшкан. Аларды 40, 70 жылда дагы буза албайсың. Ошондой эле 40 жыл ɵткɵндɵн кийин жерди кайра пайдаланууга уруксат бербей жаткандар дагы бар, бул ɵтɵ кылдат маселе. Эгерде жай толуп, атасынын же апасынын ордуна коюу маселеси жаралса, шарият ага жол берет. Болгону так, ачык болгонун билʏʏ кажет. Казылган жерден чыккан сɵɵктʏ чекесине жер казып коюп, анын ордуна жакынынын сɵɵгʏн койсо болот.

“Кɵрʏстɵндɵгʏ бийик тосмолор адамдын аброюнан кабар берет деген туура эмес тʏшʏнʏк”

-Азыр эми шаарда адамдар кɵбɵйʏп жер тартыштыгы башталды. Айылдарда болсо жер кеңири маркумдарды жаңы жерлерге кое беришет. Бирок, шарияттын ɵкʏмʏн колдонуп, белгиленген мезгилден кийин кабырстандарды кайрадан ишке киргизсек жакшы болмок. Ал эми эл ичинде кɵрʏстɵндʏн айланасын тосуп, бийик дубалдарды куруп койсок, каза болгон адамдын абдан абройлуу экенинен кабар берет деген тʏшʏнʏк мурунтан калыптанып калган. Чынында адамдын аброю кандай экенин бир жараткан ɵзʏ билет. Балким, биз кɵчɵдɵ басып жʏргɵнʏбʏз менен эмес, кылган амалдарыбыз менен аркы дʏйнɵдɵ ɵлчɵнɵбʏз. Ошондуктан, шарият кɵрсɵткɵндɵй иш жасоого ɵзʏбʏз далалат кылышыбыз керек. Биз мындан ары бул боюнча калк арасында тʏшʏндʏрʏʏ иштерин жʏргʏзʏшʏбʏз зарыл. Буга чейинки курулуп калгандарды бузуп, кабырстанды кайра иштетʏʏгɵ берʏʏ мʏмкʏн эмес го дейм.

Бакыт, шаар тургуну:

“Кɵрʏстɵндɵ орун жок дегенди угуп таң калдым”

-Шаарда кɵрʏстɵнгɵ сɵɵк коёрго жай жок дешсе анча маани бербеген элем.  Мындан эки ай мурун  досумдун жакын тууганы кайтыш болду, ата тараптан тууганы болот. Досум шаарда тɵрɵлʏп, ушул жерде атасы, чоң атасы да жашаган. Бирок кичи мекени алыскы райондогу айыл экен. Ал жакта туугандары деле жок окшойт, катышпайт деле болчу. “Абамдын тажиясы шаарда ɵттʏ, мʏрзɵ тартыш экен, элестеткиле,  91-жылы ошол абамын атасы коюлган экен, ошонун кабырын ачып, сɵɵгʏн бир жерине жылдырып баласын коюшту” деп айтканын угуп таң калдым. Рекультивация болчу мʏрзɵлɵрдʏ тездетпесе болбойт окшойт деп калдым.

Жумагʏл Кочкорбай кызы