18 апреля, 2024

Айлардын султаны Рамазан айы кут болсун!

Дагы бир жылды карытып, дʏйнɵдɵгʏ мусулман эли кʏткɵн орозо айы кирип келди. Орозо 30 кʏн бою тамактан эле баш тартуу, ɵзʏн тыюу эмес, жаман сɵздɵн, ушак айтуудан оолак болуп, Кудайга жакын болуу деп тʏшʏндʏрʏлɵт. Орозо тууралуу  айрым талаштуу суроолорго Ош облусунун казысы Сайдамир ажы Жейналиев жооп берди.

-Сайдамир ажы саламатсызбы, кирип келген орозо айы кут болсун. Орозо кармоонун эрежелери тууралуу пикириңизди айтсаңыз.

-Ассалому алейкум момун мусулман бир туугандар! Кирип келген орозо айы жергебизге кут, береке, ар бир ʏйгɵ бакубатчылык алып келсин. Орозону кимдеркармай алат же кимдерге милдет? Оболу ушул суроого жооп берейин. Ар бир акыл-эси жайында болгон, балакат жашына жеткен мусулман адамга орозо кармоо милдет болуп саналат. Быйылкы орозо 23-мартка туш келип, ооз бекиттик.

-Орозо кандай мезгилде бузулат?

-Орозо кармаган адам жесе, ичсе, жыныстык мамиледе болсо ооз ачылат. Орозо экендиги эсинде бар болуп туруп, мисалы дааратта оозуна суу алып атып, тамагын чайкаганда суу ичине кирип кетсе, же бир бирɵɵ мажбурлап оозун ачтырса, суу же дарынын арт жагынан кириши (клизма), же мурдуна дарыны тамчылатса, кулагына дары тамчылатса ооз ачылат, эгерде кулакка сууну тамчылатса ооз ачылбайт. Ошондой эле кичинекей темир же ташты жутуп алса, же атайылап ɵзʏн кустурса, ошондо оозу толо кусса орозосу бузулат. Оозу толо эмес болсо ооз ачылбайт. Же эрте менен таң атып кеткенден кийин таң ата элек деген ой менен жеп-ичип, эшикке чыкса таң атып, жер жарып кетсе да ооз ачык болуп эсептелет. Тескерисинче, кечинде кʏн батты, ооз ачар мезгил болду деп оозун эрте ачып алды, кийин караса кʏн али бата элек экендиги билинсе ушундай учурда да ооз ачылып калат.

Ал эми билбестик менен бир нерсе жеп алганда кайра оозундагыны алып салып, орозосун уланта берсе болот. Анткени ал адам орозо экенин эсинен чыгарып койгон, атайылап кылган жок.

-Бала эмизген аял орозо кармаса болобу же бала эмизип аткан кезде ооз ачылабы?

— Негизи бала эмизген аял, боюнда бар аял, жаңы тɵрɵгɵн аял ушуларга ɵзʏ шариятта эгер ɵзʏнʏн ден соолугунан же баласына зыян жетет деп чочуласа орозо кармабаса уруксат. Эгер чочулоо болбосо кармаса боло берет. Ал эми бала эмизген мезгилде орозо бузулбайт. Орозо сырттан кирген нерседен улам бузулат, чыккан нерседен бузулбайт.

-Сапарга чыкканда оозду ачкан туура дейт, бирок орозону уланта берсе болобу же сɵзсʏз ооз ачуу кажетпи?

-Сапарга чыкканда оозу бек адамга оорчулук жаратпаса тескерисинче, орозо кармаганы жакшыраак, китептерде ошондой делет. Сɵзсʏз ачуу керек деген нерсе жок. Негизи шариятта сапардагы адамга орозо тутпаганга уруксат берет. Бирок, кармаган адамга оорчулук келбесе орозону уланта берсе болот.

-Кадыр тʏн тууралуу да эмне айта аласыз? Коомдо дайыма талаш пикирлер жаралып келет. “Жамаат болуп тосуу керек” десе, кээ бири “ар ким ʏйʏндɵ тоскон жакшы” дешет,

-Кадыр тʏндʏ тосуу ар кимдин ɵз ыктыярында. Ɵзʏ жалгыз отуруп тособу, же кɵпчʏлʏк жамаат менен отуруп тособу ал ɵзʏнʏн эрки. Бизде акыркы мезгилдерде башкача ɵңʏткɵ айланып кеткен учурлар, тилекке каршы, болуп атат. Эл  таң аткыча эле жеп, ичип, дасторкондон турбай, ар нерсени сʏйлɵп, эптеп таңды атырууну кɵздɵп калды. Кадыр тʏн болушунча таза жерде кɵпчʏлʏк менен эмес, даарат менен, куран окуп, зикир кылып, тасбих тартып, намаз окуп, Кудайдан тилеп, кылган кʏнɵɵлɵрʏ ʏчʏн кечирим сурап, Кудайга астейдил жалынып таңды атыра турган тʏн. Анан кечке чейин бака-шака кылып, эркек-аял болуп отуруп алып, кадыр тʏн тосуу ал таптакыр туура эмес.

-Социалдык тармактарда белгилʏʏ адамдардын кармаган орозосун коомчулукка жарыя кылуусу туурабы?

-Орозо эле эмес, динде ибадаттын бардык тʏрʏн элге жарыя кылуу туура эмес. Алла Таала аны ансыз да кɵрʏп-билип турат. Алла билсе болду, аны элге жарыя кылып эмне кереги бар? Бирок элге эскертʏʏ, ʏлгʏ болуу ʏчʏн бирɵɵлɵргɵ тарбия жагынан айтса болот. Анан мен кармадым, эл мени орозо кармаптыр деп айтсын дегени туура эмес.

-Ооз ачыруу маданияты тууралуу да токтоло кетсеңиз, орозо киргенде ооз ачыргандар кɵбɵйɵт, ушуга сиздин пикириңиз.

-Рамазан айында орозо адамдарга ооз ачыруу бул ɵтɵ чоң сооп иш, чоң ибадат болуп эсептелет. Алла Таалага жакын болуунун бир ыңгайлуу мʏмкʏнчʏлʏгʏ. Анын маданияты ошол ооз ачырам деген адамдын шарты болсо кафеде эмес, ʏйʏндɵ ооз ачырганы жакшы, болушунча ʏйдɵ ооз ачырган максатка ылайык болот. Эркек- аял болуп, аралаш отуруп ооз ачарда отурганы туура болбойт. Ооз ачырам деген адам эң оболу Алланын ыраазычылыгы ʏчʏн деш керек, анан бул дʏйнɵдɵн кɵзʏ ɵткɵндɵргɵ сообу тийсин, калган тирʏʏлɵргɵ, бала-бакырага орозо кармагандардын  бата-дубалары, тилектери тийсин, сооп алайын деген жакшы ниет менен ооз ачыруу керек. Анан ооз ачырган жерде катмы куран окутуп, таравих намаздарды окулса бул ɵтɵ максатка ылайык болот. Албетте, ысырапка жол бербеш керек. Ɵзʏнʏн шарты болбосо карызга батып, кыйналып, балдарынын ырыскысына зыянын тийгизип ооз ачыруу болбойт. Мактануу ʏчʏн, эл кɵрсʏн ʏчʏн ниет кылбоо керек. Калыс Алланын ыраазычылыгы ʏчʏн деп ниет кылып берʏʏ абзел.

Орозо календары -2023

(Ош облусу боюнча)

РамазанАйдын кʏнʏАпта кʏнʏОоз бекитʏʏ убактысы   Ооз ачуу убактысы
123- мартБейшемби5:3419:29
224-мартЖума5:3219:30
325-мартИшемби5:3019:31
426-мартЖекшемби5:2819:32
527-мартДʏйшɵмбʏ5:2619:33
628-мартШейшемби5:2519:34
729-мартШаршемби5:2319:35
830-мартБейшемби5:2119:36
931-мартЖума5:1919:37
101-апрельИшемби5:1719:38
112-апрельЖекшемби5:1519:39
123-апрельДʏйшɵмбʏ5:1319:40
134-апрельШейшемби5:1219:41
145-апрельШаршемби5:1019:42
156-апрельБейшемби5:0819:43
167-апрельЖума5:0619:44
178-апрельИшемби5:0419:45
189-апрельЖекшемби5:0219:46
1910-апрельДʏйшɵмбʏ5:0019:47
2011-апрельШейшемби4:5819:48
2112-апрельШаршемби4:5619:49
2213-апрельБейшемби4:5519:51
2314-апрельЖума4:5319:52
2415-апрельИшемби4:5119:53
2516-апрельЖекшемби4:4919:54
2617-апрельДʏйшɵмбʏ4:4719:55
2718-апрельШейшемби4:4519:56
2819-апрельШаршемби4:4319:57
2920-апрельБейшемби4:4119:58
3021-апрельЖума4:4019:59

Кадыр тʏн кечеси орозо айынын 26сынан 27сине караган тʏнʏнɵ туура келет.

Ооз бекитyy дубасы:

Навайту ан асуума савма шахри рамазаана минал фажри илал магриби, халисан лиллаахи таъаала.

Мааниси: Алла Тааланын ыразычылыгы ʏчʏн таң аткандан кʏн батканга чейин Рамазан айынын орозосун кармоого ниет кылдым.

Ооз ачуу дубасы:

Аллоохумма лака сумту, ва бика ааманту, ва ъалайка таваккалту, ва ъалаа рызкика афтарту, факфирлии маа коддамту ва маа аххарту.

Мааниси: Алла таалам, Ɵзʏңɵ чындап ишендим, Ɵзʏңɵ таяндым, Ɵзʏң берген ырыскы менен ооз ачуудамын. Баштан аяк кетирген ката, кʏнɵɵлɵрʏмдʏ кечир.

Элира Чынтемир кызы