29 марта, 2024

Урматтуу Ош шаарынын  тургундары!

Сиздерди катуу калдыктар үчүн полигон куруу долбоорунун айлана-чɵйрɵгɵ тийгизген таасирин баалоо боюнча коомдук угууларга чакырабыз.

2023-жылдын 27-апрели, саат 11:00

№52 «Кыргыз-Түрк-Достугу» атындагы мектеп-лицейинин имаратында

Дареги: Ак-Тилек кичи району, кɵч. Бекмамата Осмонова, 15а

Долбоордун демилгечиси: «Ош-Тазалык» муниципалдык ишканасы (байланышуу учун: директордун орун басары Каимов Умрбек Каныбекович, телефон: +996554123451, e-mail: tazalyk-osh@mail.ru)

Ош шаарындагы иштеп жаткан калдыктар таштоочу жайда таштандылар кɵбɵйүп баратат, ошондуктан жаңы заманбап калдыктарды кɵмүүчү жайларды куруу зарылчылыгы келип чыгууда.Жаңы полигонду куруу үчүн азыркы полигондун түштүк чек арасына жакын жер тандалып алынган. Долбоордун иштɵɵ мɵɵнɵтү 20 жыл, 2024-жылдан 2044-жылга чейин.

Долбоор катуу калдыктарды башкаруу боюнча кызмат кɵрсɵтүүлɵрдүн деңгээлин жогорулатууга жана шаар менен муниципалитеттердин экологиялык абалын жакшыртууга мүмкүндүк берет. Долбоор Европа реконструкциялоо жана ɵнүктүрүү банкы (ЕРƟБ), Европа инвестициялык банкы (ЕИБ) жана ЕСтин Борбордук Азия үчүн инвестициялык программасы (IFCA) тарабынан каржыланат.

Коомдук угууларда ишке ашырылып жаткан Долбоор боюнча документтердин топтому кɵрсɵтүлɵт, атап айтканда:

  • Техникалык эмес резюме
  • Кызыкдар тараптарды тартуу планы
  • Чарба каражаттарын калыбына келтирүүнүн алкактык схемасы

Мындан тышкары, АЧТТБ отчетунун айлана-чɵйрɵнү коргоо бɵлүмү талкууланат.

Бул документтер менен Ош шаардык мэриясынын сайтынан таанышса болот.

 Суроолорду жана сунуштарды электрондук почта же тɵмɵндɵ кɵрсɵтүлгɵн телефондор аркылуу жɵнɵтсɵ болот:

МИ “Ош Тазалык”:

Телефону: +996554123451

E-mail: tazalyk-osh@mail.ru

Жооптуу адам: Каимов Умрбек Каныбекович, «Ош-Тазалык» МИ директорунун орун басары

Ош шаарынын мэриясы:

Телефону: +996556558060

E-Mail: mr.ed_@mail.ru; ekarmyshakov@gmail.com

Жооптуу адам: Кармышаков Эшмамбет Талантбекович, Ош шаарынын мэриясынын шаардык чарба жана транспорт бɵлүмүнүн башчысы