19 апреля, 2024

Белгилʏʏ унаалар кантип жаралган?

Диззи Вайпер аттуу италиялык 3D-сʏрɵтчʏ социалдык тармактар аркылуу таң каларлык сʏрɵттɵрдʏ жарыялаган. Сʏрɵттɵрдɵ дʏйнɵнʏн эң таанымал ʏлгʏдɵгʏ унааларынын чаң басып, кароосуз калганын кɵрʏʏгɵ болот. Ал мындай эмгеги аркылуу кʏйʏʏчʏ май менен жʏрʏʏчʏ унаалардын доору бʏтʏп, электромобилдердин доору башталганын айткысы келген. Деген менен дʏйнɵ эли жапырт электромобилге ɵтɵ элек. Ошондуктан алгачкы чыккан бренд автоунаалар азырга чейин ɵз актуалдуулугун жоготпой келʏʏдɵ. Жоготмок тургай заман талабына ылайык жаңыча ʏлгʏлɵрʏн иштеп чыгууну токтотпой келе жатышат. Сʏйгɵн унааларыңыздын тарыхы менен таанышып алыңыз.

Кичинекей кыздын атын алган Мерседес

Немис инженери Карл Бенц 1886-жылы алгачкылардан болуп бензин менен жʏрʏʏчʏ унааны жасап чыккан. Ага карабай инженер-куруучу Готлиб Даймлер да кʏйʏʏчʏ май менен жʏрʏʏчʏ арабаны чогулткан. Жаңы технологиянын мындай тʏрʏн жасоодо Готлибге инженер Вильгельм Майбах жардам берет. Карл Бенц ɵзʏнʏн “Benz&Cie” деп аталган жеке фирмасын тʏзɵт. Экинчи инженер Готлиб Даймлер болсо 1890-жылы ɵзʏнʏн DMG (Daimler-Motoren-Gesellschaft) аттуу фирмасын ачат. Кɵп ɵтпɵй Готлиб Даймлер каза таап, фирманын ишин анын уулу Пол менен инженер Вильгельм Майбах уланта баштайт. Бул учурда австриялык бизнесмен Елиннек Эмиль келишим тʏзʏʏ максатын билдирип, Майбах жана анын командасы Мерседес аталышындагы спорттук унааны жасап берсе, ири суммага унаалардын сатылышы мʏмкʏн деп эсептеген. Ошол кезде бʏткʏл дʏйнɵнʏн кɵңʏлʏн Европага бурдуруу ʏчʏн автоунаа жарыштарын уюштурууну негизги ыкма деп эсептешет жана гонкага ылайыктуу унаа жасап чыгууну ойлоно башташат. Долбоор ийгиликтʏʏ аяктады, жаңы партияда ɵндʏрʏлгɵн унаалар Елиннектин 9 жаштагы кызы Мерседестин ысымы менен чыкты. Кыздын чыныгы аты Адриана болгон. ʏйдɵ аны эркелетип Мерседес деп аташчу. Мерседес сɵзʏ испан тилинен “мээримдʏʏ, ырайымдуу”, латынчадан “белек” деген маанини тʏшʏндʏрɵт. Натыйжада мерседес 35PS деген биринчи спорттук унаалар пайда болду. Ошентип Елиннек DMGнын башкаруу кеңешине мʏчɵ болуп, мерседести кɵптɵгɵн ɵлкɵлɵргɵ сатууну мыкты алып барган.  Кийинчерээк ишкердин атына кызынын жана унаалардын атын кошуп, Эмиль Елиннек Мерседес деп атай башташкан.

ʏч жылдыздын мааниси

Мерседестин ʏч жылдыздуу маркасы кургактагы, суудагы жана абадагы ийгиликтин символун чагылдырат. Анткени DMG фирмасы унаалардан тышкары сууда жʏрʏʏчʏ кемелердин, учактардын кыймылдаткычтарын да жасаган. Мындан сырткары мерседес терең маанилʏʏ сɵз болгон ʏчʏн айдоочуга, жʏргʏнчʏгɵ жана механикке ийгиликтʏʏ болсун деп ʏч жылдызды байланыштырып аташкан.

Брендке “Benz” сɵзʏ кошуп айтылат

1926-жылы Карл Бенц жана Готлиб Даймлер негиздеп кеткен эки компания биригиши менен унаалар мерседес-бенц деп эки адамдын атынан чыга баштайт. Бенц аталышы да Карл Бенцтин жубайы Берта Бенцке тыгыз байланыштуу деген маалыматтар айтылып келет. 

Токуу станокторун чыгаруудан башталган Тойота

Башка компаниялардан айырмаланып Тойота адегенде унаа чыгаруучу эмес, токуу станокторун чыгарган ишкана катары тʏзʏлгɵн. Аны 1890-жылы Сакичи Тойода негиздеген. 1930-жылы Сакичи Тойода каза болуп, бизнеси анын уулу Киичирого мураска калган, ал ишкананын багытын ɵзгɵртʏп, унааларды чыгарууну чечкен. Алгачкы унаалар кɵп деле суроо-талапка ээ болбой, рынокто башка унаалардай эле сатылып жʏрдʏ. 1953-жылы ɵндʏрʏштɵ чоң ɵзгɵрʏʏ болуп, TPS (Toyota Production System) ыкмасы жолго коюлган. Бул заводдогу ар бир кызматкердин жоопкерчилигин жогорулатып, унаанын сапатын жакшырткан автоматташтырылган система болчу. Ошондон тарта Тойота унаалары ишенимдʏʏ жана бышык болуп чыга баштады. Ал ички рынокто эле эмес, чет жакка да бат эле тарап кетет.

Дʏйнɵлʏк рекорддун ээси

1966-жылы “Corolla”модели чыга баштаганда келечеги жакшы болушуна кɵп адам ишенген эмес. Азыр 12-муун чыгарылып, жалпы тиражы 50 миллионго жакындап баратат. Ошентип, Toyota Corolla Гиннестин рекорддор китебине кирген планетадагы эң популярдуу унаа болуп саналат. Тойотанын баасы да жеткиликтʏʏ болгондуктан дʏйнɵнʏн булуң бурчуна сатылып келет. Компания жыл санап унаалардын жаңы моделдерин биринин артынан бирин чыгарып келет. Кʏйʏʏчʏ майдан сырткары газ, гибрид, электромобилдердин баарын камтыган.

“Эмнеге Гонконгдо Роллс-Ройс кɵп?”

Роллс-ройс (Rolls-Royс) унаасы ɵзʏн эч качан телевизордон реклама кылбаган. Анткени мындай кымбат унааны байлар гана алышат, а байлар болсо телевизор кɵрʏп отурушпайт деп эл арасында айтылып калат. Алгач бул компания машинанын кыймылдаткычтары жана шассилерди (унаанын жʏрʏшʏ ʏчʏн тʏзʏлгɵн негизги элемент) чыгарган.

Буга чейин ɵндʏрʏлгɵн бардык Роллс-Ройс унаалары элге тарап кете элек. Анын 65%га жакыны дагы деле ɵндʏрʏштɵ куралып жатат. Анткени бул унаа ɵтɵ кылдаттык менен кɵпчʏлʏк бɵлʏгʏ колдо жасалат.

1842-жылдан 1997-жылга чейин Гонконг Улуу Британиянын колониясы болгон. Ошондуктан бардык чиновниктер жана бай адамдар Роллс-Ройс унаасына ашыкча эле артыкчылык берип, колдоно башташкан. Бул бара-бара салтка айланып, азыр Роллс-Ройс Гонконгдо эң кɵп кездешет. Ошондой эле аталган унаанын кɵптɵгɵн парктарын кезиктирʏʏгɵ болот.